Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 10-мартындагы № 136 токтомуна ылайык
күчүн жоготту деп табылган
2000-жылдын 17-январы № 23
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын
28-январындагы "Эл аралык гуманитардык укукту
имплементациялоо боюнча Ведомстволор аралык
комиссияны түзүү жөнүндө" № 51 токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-январындагы
"Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча Ве-
домстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө" № 51 токтомунун
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда жазылсын:
"1. Эл аралык укукту имплементациялоо боюнча Ведомство
лор аралык комиссия түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Ведомстволор ара-
лык комиссиянын курамын түзсүн.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министр А ппаратынын, Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер
министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрли-
гинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана граж-
дандык коргонуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, ил-
им жана маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ай-
лана-чөйрөнү коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
Социалдык фондунун жана Улуттук Жарым ай коомунун өкүлдөрү
кирээри белгиленсин."
Премьер-министр А.Муралиев