Сравнение редакций…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 14-январындагы N 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
1999-жылдын 6-январы N 1
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык
социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Төрайымы Р.М.Үчкемпирова аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында каралып жатканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр Ж.Ибраимов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу
жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралу
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-жыл, N 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 9, 12, 22, 22-1, 28-статьялар менен толукталсын:
"9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон курак жана камсыздандыруу
стажы
1. Эркектер 27 жылдык камсыздандыруу стажысы болгондо, аялдар 22 жылдык камсыздандыруу стажысы болгондо төмөнкү мезгилдерде курагы боюнча пенсия алууга укуктуу:
эркектер аялдар
1999-жылдын 1-январынан
1999-жылдын 31-декабрына чейин 60 жаш 4 ай 55 жаш 4 ай
2000-жылдын 1-январынан
2000-жылдын 31-декабрына чейин 60 жаш 8 ай 55 жаш 8 ай
2001-жылдын 1-январынан
2001-жылдын 31-декабрына чейин 61 жаш 56 жаш
2002-жылдын 1-январынан
2002-жылдын 31-декабрына чейин 61 жаш 4 ай 56 жаш 4 ай
2003-жылдын 1-январынан
2003-жылдын 31-декабрына чейин 61 жаш 8 ай 56 жаш 8 ай
2004-жылдын 1-январынан
2004-жылдын 31-декабрына чейин 62 жаш 57 жаш
2005-жылдын 1-январынан
2005-жылдын 31-декабрына чейин 62 жаш 4 ай 57 жаш 4 ай
2006-жылдын 1-январынан
2006-жылдын 31-декабрына чейин 62 жаш 8 ай 57 жаш 8 ай
2007-жылдын 1-январынан тартып 63 жаш 58 жаш
2. Соңку иштеген жерине карабастан курагы боюнча жеңилдик шарты менен пенсия алууга төмөнкү кызматкерлер укуктуу:
а) жер алдындагы иштерде, өзгөчө зыяндуу иштерде жана эмгек шарты өзгөчө оор жерде толук жумуш күн иштегендер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн - N 1 Тизме боюнча (мындан ары N 1 тизме):
эркектер - жалпы камсыздандыруу иш стажысы кеминде 22 жыл болуп, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажысынын кеминде жарымын аталган иштерде иштөө менен 50 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
аялдар - жалпы камсыздандыруу иш стажысы кеминде 17 жыл болуп, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажысынын кеминде жарымын аталган иштерде иштөө менен 45 жаш 4 айлык куракка жеткенде.
N 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү тарабынан социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт;
б) башка зыяндуу жана эмгек шарты оор жерлерде толук жумушчу күн иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин, кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн - N 2 Тизмеси боюнча:
эркектер - жалпы камсыздандыруу иш стажысы кеминде 27 жыл болуп, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажысынын кеминде жарымын аталган иштерде иштөө менен 55 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
аялдар - жалпы камсыздандыруу иш стажысы кеминде 22 жыл болуп, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажысынын кеминде жарымын аталган иштерде иштөө менен 50 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өндүрүштүн жана кесиптин тизмеси боюнча станоктордо жана машиналарда иштеген текстиль өндүрүшүнүн кызматчы аялдары аталган иштеги стажысы кеминде 22 жыл болуп 50 жаш 4 айлык куракка чыкканда.
N 2 Тизме жана текстиль өндүрүшү боюнча пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү жеңилдетилген стаждын көпчүлүк бөлүгү иштелген жер боюнча иш берүүчү тарабынан жана кызматкер пенсиялык куракка жеткенге чейин ушул статьянын 1-пунктуна ылайык эмгек акыга арналган каражаттардын эсебинен төлөнөт.
Ишкана жоюлган, кайра уюшулган учурда N 2 Тизме боюнча зарыл иш стажысын толтурган адамдарга пенсия төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан ал пенсияны төлөп берүүгө арналган каражаттар капиталдаштырылып жана өткөрүп берилген шартта жүргүзүлөт.
3. Чернобыль АЭСиндеги авариянын залалдарын жоюу боюнча корукка алынган зонанын чегиндеги иштерге катышкан (анын ичинде убактылуу жиберилген же командировкага барган) жана ошол мезгилде Чернобыль АЭСин эксплуатациялоодо же башка иштерде иштеген адамдар, ошондой эле ошол мезгилде жайгашкан жери жана аткарган ишине карабастан аталган авариянын залалдарын жоюу менен байланышкан ишти аткарууга атайын жыйналган же тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле Корукка алынган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын начальник жана катардагы курамынын адамдары курагы боюнча пенсия алууга укуктуу:
а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар:
эркектер - камсыздандыруу стажысы 22 жыл болуп, корукка алынган зонадагы ишинин узактыгына карабастан 50 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
аялдар - камсыздандыруу стажысы 17 жыл болуп, корукка алынган зонадагы ишинин узактыгына карабастан 45 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар:
эркектер - камсыздандыруу стажысы 27 жыл болуп, корукка алынган зонадагы ишинин узактыгына карабастан 55 жаш 4 айлык куракка жеткенде;
аялдар - камсыздандыруу стажысы 22 жыл болуп, корукка алынган зонадагы ишинин узактыгына карабастан 50 жаш 4 айлык куракка жеткенде.
4. Гипофизардык нанизм менен ооруган (эргежээлдер) жана диспропорционалдык кодо адамдарга курагы боюнча төмөнкүдөй пенсия белгиленет:
эркектерге - 20 жылдык камсыздандыруу стажысы болуп, 45 жашка чыкканда;
аялдарга - 15 жылдык камсыздандыруу стажысы болуп, 40 жашка чыкканда.
5. Бийик тоолуу шартта иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилген бийик тоолуу шартта жайгашкан калкттуу конуштардын Тизмесине ылайык) курагы боюнча төмөнкүдөй пенсия белгиленет:
а) эркектерге - 55 жаш 4 айлык куркка жеткенде, аялдарга - 50 жаш 4 айлык куракка жеткенде, эгерде алар кеминде 15 календардык жыл бийик тоонун шартында иштеп жана жалпы камсыздандыруу стажысы тийиштүү түрдө кеминде 27 жана 22 жыл болсо;
б) үч жана андан ашык бала төрөп жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялган аялдарга - 45 жаш 4 айлык куракка жекенде жана 17 жылдык камсыздандыруу стажысы болуп, эгер алар кеминде 12 календарлык жыл бийик тоолуу шартта иштеген болсо.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына байланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен финансыланат.
6. Беш жана андан ашык бала төрөп жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялган аялдар - 50 жаш 4 айлык куракка жеткендиги жана 17 жылдык камсыздандыруу стажысы болсо, курагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
Бала кезинен берки майып балдарды 8 жашка чейин тарбиялаган энелер 50 жаш 4 айлык куракка жеткендиги жана 22 жылдык камсыздандыруу стажы болгондо курагы боюнча пенсия алууга укуктуу.
7. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга, жоюуга, кызмат орундарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды аткарууга байланыштуу бошогон кызматкерлер пенсия алууга укуктуу:
эркектер - бошогон күнү 58 жаш 4 айлык куракка жетип, 27 жылдык камсыздандыруу стажысы болгондо;
аялдар - бошогон күнү 53 жаш 4 айлык куракка жетип, 22 жылдык камсыздандыруу стажысы болгондо.
Мындай пенсияларды дайындоо иш берүүчү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин пенсия төлөп берүү каражаттарын которгон шартта жүргүзүлөт.
8. 2000-жылдын 1-январынан тартып 2003-жылдын 1-январына чейин ушул статьянын 1, 2, 3, 5, 6, 7-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга зарыл болгон камсыздандыруу стажысы жыл сайын бир жылга жогорулайт.
9. 2000-жылдын 1-январынан тартып 2007-жылдын 1-январына чейин ушул статьянын 2-пунктундагы "а" жана "б" пунктчаларда, 3-пунктундагы "а" жана "б" пунктчаларда, 5-пунктундагы "а" жана "б" пунктчаларда, 6жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуу курагы жыл сайын 4 айга көбөйөт";
"12-статья. Эмгектин өзгөчө шарты үчүн пенсиялар жана
компенсациялар
1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияга чыгууга төмөнкүлөр укуктуу:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кызматтардын тизмесине жана белгилүү мөөнөт кызмат өтөгөндүгүн аныктоо тартибине ылайык учуучу жана учуу-сыноо курамында ушул кызматта белгилүү мөөнөт кызмат өтөгөн анын кызматкерлери: кеминде 25 жыл иштеген эркектер, кеминде 20 жыл иштеген аялдар;
б) аба кыймылын башкарган, диспетчердин күбөлүгү бар төмөнкүдөй кызматкерлер:
55 жаш 4 ай куракка жеткен жана жалпы иш стажы кеминде 27 жыл, анын жарымынан көбү аба кемелеринин учуусун түздөн-түз башкаруу боюнча талап кылынган камсыздандыруу стажы болгон эркектер;
50 жаш 4 ай куракка жеткен жана жалпы иш стажы кеминде 22 жыл, анын жарымынан көбү аба кемелеринин учуусун түздөн-түз башкаруу боюнча талап кылынган камсыздандыруу стажы болгон аялдар;
в) граждандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен кызматтардын жана иштердин Тизмеси боюнча:
55 жаш 4 ай куракка жеткен жана жалпы иш стажы кеминде 27 жыл, анын жарымынан көп учурунда көрсөтүлгөн кызматтарда болгон эркектер;
50 жаш 4 ай куракка жеткен жана жалпы иш стажы кеминде 22 жыл, анын жарымынан көп учурунда көрсөтүлгөн кызматтарда болгон аялдар;
г) театрлардын жана башка театр - оюн-зоок ишканаларынын жана жамааттарынын артисттери 20 жылдык чыгармачылык иш стажы болгондо, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмеге ылайык пенсия алууга укук берет.
2. Бул статьянын 1-пунктунда саналган кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөө эмгек акы төлөөгө арналган каражаттардын эсебинен иш берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
3. Бул статьянын 1-пунктунда саналган кызматкерлерге пенсия дайындоодон кандайдыр-бир себептерден (ишкананын өзгөртүп түзүлүшүнөн, жоюлушунан) улам баш тартылган учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен пенсиялык куракка жеткенге чейинки акчалай компенсацияны төлөйт.
Жылдык акчалай компенсация төлөм учуруна карата белгиленген 12 базалык пенсиянын өлчөмүндө, бирок бир жылда бир гана жолу төлөнөт. Компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жана шарттарда төлөнөт. Компенсация толук төлөнгөндөн кийин бардык жеңилдик берүүчү укуктар токтотулат.
4. 2000-жылдын 1-январынан тартып 2007-жылдын 1-январына чейин ушул статьянын 1-пунктундагы "б" жана "в" пунктчаларда көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуу курагы жыл сайын 4 айга көбөйөт";
"22-статья. Пенсиянын өлчөмүн эсептөө
1. Жалпы пенсия (ЖП) бардык учурларда пенсиянын базалык (Б) жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн суммасы катары эсептелет, ал камсыздандырылгандардын жекече эсеби киргизилгенге чейинки стажын (КЖ1) жана эмгек акысын жана жекече эсеп киргизилгенден кийин взностордун жекече эсебинде топтолгон сумманы (КЖ2) төмөнкүдөй формула боюнча эсепке алат:
ЖП = Б + КЖ1 + КЖ2
мында: ЖП - бир айлык жалпы пенсия
Б - пенсиянын базалык бөлүгү
КЖ1 - жекече эсеп киргизилгенге чейинки камсыздандыруу
бөлүгүнүн бир айлык өлчөмү
КЖ2 - жекече эсеп киргизилгенден кийинки камсыздандыруу
бөлүгүнүн бир айлык өлчөмү
2. Пенсиянын базалык бөлүгү (Б) жекече эсепке толук өткөнгө чейин эсептелет.
Курагы боюнча пенсияга чыгууга укук берүүчү жекече эсеп учурунда толук камсыздандыруу стажына жеткенде пенсиянын базалык бөлүгү кошуп эсептелбейт, ал эми жалпы пенсия төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ЖП = КЖ2.
3. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү төмөнкүдөй эки формула боюнча эсептелет:
а) жекече эсеп киргизилгенге чейин:
КЖ1 = К х Э
мында: К - камсыздандыруу стажы, ал жекече эсеп киргизилгенге че-
йин ар бир толук жыл үчүн 1 процент өлчөмүндө эсепте-
лет;
Э - жекече эсепке чейинки катары менен ар кандай 60 ай үчүн
орточо айлык эмгек акы (киреше);
б) жекече эсеп киргизилгенден жана жекече эсептерге взностордун кеминде толук бир жылдагы камсыздандырылган суммасы топтолгондон кийин:
КЖ2 = В х К
мында: В - ар айдагы төлөмгө эсептегенде (В: 12 ай) камсыздандыруу
эсептерине топтолгон взностордун суммасы;
К - эсептешүү коэффициенти, ал пенсионердин өмүрүнүн орточо
узактыгын, пенсиялык фонддун бюджетинин рента-
белдүүлүгүн жана анын өнүгүшүнүн болжолун эске алуу ме-
нен пенсияга чыккандан кийин ар жылдагы пенсиялык
төлөмдөрдүн процентин аныктайт
Эсептешүү коэффициенти (К) жыл сайын борбордоштуруп эсептелет, мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоо жүргүзүүчү кеңеште каралат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Жеке камсыздандыруу эсетериндеги взностордун суммасы отчеттук жылы иш жүзүндө түзүлгөн эмгек акынын өсүшүнүн 75 проценттик чегинде жыл сайын индексацияланат.
Дайындалган пенсиянын өлчөмү Пенсиялык фонддун бюджетинин экономикалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинде жыл сайын индексацияланат.
Жаңыдан дайындалган пенсиялар үчүн анын базалык бөлүгүнүн өлчөмү республикалык бюджеттен мамлекеттик субвенциялардын өзгөрүшүнө пропорциялуу түрдө жыл сайын кайра каралат.
"22-1-статья. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө
Жекече эсепте турган пенсионерлерге пенсия дайындалгандан кийин камсыздандыруу взносторунун жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү ушул Мыйзамдын 22-статьясындагы 3-пункттун "б" пунктчасына ылайык кайра эсептелет.".
"28-статья. Иштеп жаткан пенсионерлерге пенсия төлөө
"Иштеп жаткан пенсионерлерге пенсия анын алган эмгек акысын эске албастан толук өлчөмдө төлөнөт".
2. 28-1-статья алып салынсын.
2-статья.
Бул Мыйзам 1999-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти