Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 28-январындагы № 51
токтому менен бекитилген
Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча
Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
Ж0Б0
1. Эл аралык гуманитардык укукту ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия
(мындан ары - комиссия) Кыргыз Республикасынын Эл аралык гуманитардык укук (мындан ары
- ЗАГУ) жагындагы эл аралык укуктук милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маселелерди
кароо максатында түзүлдү.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетек-
чиликке алат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасы мүчө болгон ЭАГУ жагын-
дагы конвенциялар менен келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгө жараандашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ЭАГУНУН нормаларына ылайык келүүсүн илик-
төө жана баалоо;
Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык келишимдеринин, мыйзам актылары-
нын долбоору боюнча консультативдик корутундуларды кароо жана даярдоо;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ЭАГУнун
нормаларын аткарууга багытталган иш-аракетин координациялоо;
- ЭАГУ жөнүндө билимдерди жайылтууга жана ЭАГУну өнүктүрүү жөнүндө маалымат жый-
ноого көмөктөшүү;
- комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө;
- эл аралык кызыл крест Комитети (мындан ары - ЭАККК), ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн
башка эл аралык уюмдар менен өз ара байланышты, маалымат алмашууну уюштуруу.
4. Комисииянын укуктары:
- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы эл аралык укуктарын ишке ашыруунун
негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды аныкталган тар-
типте киргизүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарына алардын компетенцияларына ЭАГУнун нормаларын
колдонуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоону тапшыруу;
- өзүнүн заседаниелеринде министрликтердин жана мамлекеттик башкаруунун башка
республикалык органдарынын кызмат адамдарын ЭАГУ нормаларын Кыргыз Республикасынын
мыйзамларында ишке ашыруу маселеси боюнча угуу;
- Комиссиянын ишине башка кызыкдар органдардын кызматкерлерин аныкталган тартипте
тартуу;
- Кыргыз Республикасынын ЭАГУ жагындагы мыйзамдарынын жана башка нормативдик
укуктук актыларынын долбоорлорун экспертизалоо жана даярдоо үчүн жумушчу топторду,
эксперттик комиссияларды түзүү;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан комиссиянын компетенциясына кирген маселелер
боинча материалдарды алуу;
- Комиссиянын алдындагы максаттарга жетишүүгө зарыл башка иштерди жүргүзүү.
5. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт.
Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын заседаниелерин башкарат;
- Комиссиянын заседаниесинин күн тартибин белгилейт;
- башка мамлекеттердин ЭАГУ жагында иш жүргүзгөн тийиштүү органдары жана эл
аралык уюмдар менен болгон мамилелерде комиссиянын атынан чыгат;
- комиссиянын ишин жетектөө боюнча башка милдеттерди аткарат.
6. Комиссия өз ишин өзү бекиткен регламентке жана жыллык пландарга жараша жүр-
гүзөт. Комиссиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем
эмес бүткөрүлөт.
7. Комиссия чечимди заседаниеге комиссия мүчвлөрүнүн үчтөн зкисинен кем эмеси ка-
тышканда кабыл алууга укуктуу.
Комиссиянын чечими катышып жаткан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көп-
чүлүгү менен кабыл алынат.
Комиссиянын чечимдери тийиштүү органдарга комиссиянын заседаниесинин протоколунун
көчүрмөсү түрүндө жиберилет.
8. Комиссияиын ишине кызыкдар органдардын, ЭАКККнмм жанз ЭАГУ жагында иш жүр-
гүзгөн башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кеңешүү добушу менен катыша алышат.
9. комиссиянын ишине зарыл болгон уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоо-
ну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт.