Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
1999-жылдын 17-февралы N 87
Жарандык авиациянын объекттеринде авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО) сунуштаган жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин XI главасындагы жоболорго ылайык Кыргыз Республикасынын аба транспортунун ишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыздоо чараларын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жана авиациялык ишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын программасы;
- Кыргыз Республикасынын азропортторунда авиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча ченемдер, эрежелер жана жол-жоболор;
- Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объектилик режимдерин уюштуруу жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында аба кемелерин жана жарандык авиациянын өзгөчө маанилүү объектилерин кайтаруу жөнүндө Жобо;
Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы жана авиаишканаларындагы авиациялык коопсуздук кызматы жөнүндө Жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом менен бекитилген документтер массалык маалымат каражаттарында баяндама түрүндө жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Ибраимов |