Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 17-февралындагы N 87
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиациялык
коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормалар, эрежелер
жана процедуралар
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормалар, эрежелер жана процедуралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-статьясына жана 17-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Аба Кодексинин X главасына, Кыргыз Республикасы тарабынан 1992-жылдын 18-декабрында ратификациялаган Эл аралык граждандык авиация уюму (ИКАО) жөнүндө Чикаго Конвенциясынын N 17 Тиркемесинде баяндалган стандарттарга жана сунуштарга ылайык иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормалар, зрежелер жана процедуралар жүктөрдү, багажды, почтаны, борттук запастарды текшерүүнү, жүргүнчүлөрдү, анын ичинде өзгөчө укуктук статусу бар жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүгүн, багажды жеке текшерүүнүн, аба кемелерин жана экипажды учуунун астында текшерүүнү жүзөгө ашыруунун, ошондой эле эл аралык стандарттар боюнча авиациялык коопсуздуктун башкы чараларын аткаруунун тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча нормалар, эрежелер жана процедуралар менен твмөндөгүлөр белгиленет:
1. Экипаждын мүчөлөрүн, тейлөөчү персоналды, кол жүгүн, багажды, почтаны, жүктөрдү жана борт запастарын текшерүү мыйзамсыз кийлигишүү актысын жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралды, ок дарыларды, жарылуучу, ууландыруучу, жеңил өрттөнө турган жана башка заттарды бортко санкциясыз алып өтүүгө жол бербөө үчүн жүзөгө ашырылат. Жүргүнчү текшерүүдөн баш тартканда ташуучу аба аркылуу ташуунун келишимин бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.
Авиациялык коопсуздуктун шарттары боюнча аба транспорт каражаты менен ташууга тыюу салынган буюмдардын жана заттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Эл аралык граждандык авиация уюму (ИКАО) Чикаго Конвенциясынын N 18 Тиркемесине ылайык белгиленет.
2. Аэропорттордогу авиабилеттерди сатуу үчүн бөлүнгөн жерлер, кассалык залдар, расмий делегациялардын залдары атайын тизмеде көрсөтүлгөн коркунучтуу заттар жана буюмдарды граждандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынгандыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары жөнүндө официалдуу маалыматтар болууга тийиш.
3. Кол жүгүн текшерүү жана жүргүнчүлөрдү жеке текшерүү каттоодон жана текшерүүнүн бардык башка түрлөрүнөн (бажылык, чек аралык, карантиндик жана башка) кийин жүргүзүлөт.
4. Кол жүгүн, багажды текшерүү жана жүргүнчүлөрдү жеке текшерүү жүргүнчүгө учуунун коопсуздугун сактоо максатында граждандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган коркунучтуу заттардын жана буюмдардын өзүндө болгонун көрсөтүүгө сунуш кылгандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Жүргүнчүнүн жанындагы кол жүгүн, багажды текшерүү анын көзүнчө жүргүзүлөт. Инвалид жүргүнчүлөр (балдакчан, инвалиддик креслодогу, носилкадагы д.у.с.) карап эле текшерилүүгө тийиш, ал эми аларды коштоп жүргөн адамдар жалпы негиздерде текшерилет.
Жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүгүн жана багажын шаардык аэровокзалдардын имараттарында, бул максат үчүн атайын жабдылган жайларда текшерүүнү жүргүзүүгө жол берилет. Мындай учурда жүргүнчүлөрдү шаардык аэровокзалдан самолетко чейин жеткирүүдө коопсуздук чаралары камсыз кылынууга тийиш.
Мыйзамсыз кийлигишүүнү жасоо коркунучу жөнүндө маалымат келип түшкөндө авиациялык коопсуздук кызматы текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрөт.
Жүргүнчүлөрдө ташууга тыюу салынган заттар жана буюмдар табылган учурда, ошондой эле авиаишканаларынын жана эксплуатанттардын өтүнүчү боюнча багажды кошумча текшерүү жүргүзүлөт. Жүргүнчү отурууга келбей калганда анын багажы милдеттүү түрдө текшерилүүгө тийиш.
5. Жүргүнчү жокто багажды ачып көрүүнүн зарылчылыгына байланыштуу аны контролдоо жана текшерүү аэропорттордун башчыларынын авиациялык коопсуздук боюнча алардын орунбасарларынын, аэропорттордун (аэровокзалдардын) кызмат башчыларынын сменалык орунбасарларынын, ал эми чек аралык жана бажылык контроль жүзөгө ашырыла турган аэропорттордун зоналарында - чек ара аскерлеринин жана бажыкананын (бажылык посттордун) контролдук-өткөрүү пункттарынын башчыларынын жүйөлүү чечими (кат жүзүндө баяндалган) боюнча жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар жок болуп калганда текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим алардын белгиленген тартипта алмаштыруучу адамдар тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Ушул пунктта каралган учурларда багажды текшерүү эки күбөнүн катышуусунда текшерүү актысын түзүү менен жүргүзүлөт. Жүргүнчүлөрдүн багажында, кол жүгүндө же жүргүнчүнүн өзүндө граждандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган заттар, жүктөр же буюмдар табылгандыгынын фактысы, ошондой эле багажды ачып көрүүнүн зарылчылыгына байланыштуу жүргүнчү жокто багажын текшерүүдө акты түзүлөт жана атайын журналга катталат.
6. Жүргүнчүлөрдү жеке текшерүү граждандык аба кемелеринде ташууга тыюу салынган заттарды, жүктөрдү жана буюмдарды табуу үчүн зарыл чектерде атайын контролдун техникалык каражаттарынын сигналы боюнча, ошондой эле авиациялык коопсуздук кызматынын жана укук коргоо органдарынын кыэмат адамдарынын жүйөлүү чечими боюнча жүргүзүлөт. Текшерүүнүн натыйжасында акты түзүлүп, ага текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечим алган адам, текшерүүнү жүргүзгөн адам жана жүргүнчү кол коет. Жүргүнчү актыга кол коюудан баш тарткан учурда мындай баш тартуу кеминде эки күбөнүн койгон колдору менен күбөлөндүрүлөт.
7. Жүргүнчүлөрдү жеке текшерүүгө жана багажды ачып көрүүнүн зарылчылыгына байланыштуу жүргүнчү жокто аны текшерүүгө ушул Эрежелердин б-пункунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары укуктуу.
8. Жүргүнчүнүн көзүнчө кол жүгүн жана багажын текшерүү аэропорттордун авиациялык коопсуздук кызматынын атайын бөлүнгөн кызматкерлери (агенттери) тарабынан жүргүзүлөт.
9. Кол жүктү жана багажды текшерүүгө аба кемелеринин авиациялык коопсуздугунун коркунучу бар экендиги жөнүндө маалымат алганда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катыша алат.
10. Жеке текшерүүдөн өтүп жаткан жүргүнчү менен бир жыныстагы адамдар тарабынан аэропорттордо санитариянын жана гигиенанын талаптарына жооп бергидей атайын бөлүнгөн жайларда гана жүргүзүлөт.
Бир жайда бир эле убакта бир канча жүргүнчүнү жеке текшерүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат.
11. Учуп бараткан граждандык аба кемесинде жүргүнчүлөрдүн кол жүгүн, багажын текшерүү жана жеке текшерүү экипаждын тутумуна кирген адам тарабынан ошол кеменин командиринин чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Жүргүнчүлөрдүн кол жүгүн, багажын текшерүү жана жеке текшерүү зарыл болгон учурда жүргүнчүлөрдүн макулдугуна карабастан жүргүзүлүшү мүмкүн, анын натыйжасында акты түзүлөт.
12. Жүргүнчүнү жеке текшергенде же анын кол жүгүн жана багажын текшерүүдө жүргүнчү мыйзамсыз алып бараткан коркунучтуу заттар, жүктөр жана буюмдар табылган учурда жүргүнчү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жооп тартат.
13. Эгерде жүргүнчүнүн кол жүгүн, багажын текшерүүдө жана жеке текшерүүдө граждандык аба кемелеринде ташууга тыюу салынган заттар, жүктөр жана буюмдар табылбаган учурда авиаишкананын кызмат адамдары, ошондой эле текшерүүнү жүргүзгөн башка адамдар жүргүнчүнү билет бар рейс менен же болбосо кезектеги рейс менен жөнөтүүнү камсыз кылгыдай зарыл чараларды көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ага келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
14. Жүргүнчүнү текшерүү жүргүзүүдө ташуу документтеринин тууралыгын жана алардын ээсинин ким экендигине ылайык экендигин текшерүү жүргүзүлөт. Аэровокзалдарда текшерүүдөн өткөн жүргүнчүлөр үчүн, мындай текшерүүдөн өтө элек адамдар менен, ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөөгө тийиши болбогон граждандык авиациянын кызматкерлери менен катнашына жол бербөө үчүн атайын күтүү залдары болууга тийиш. Ушундай эле чаралар жүргүнчүлөр аба кемесине отуруу үчүн перрондо баратканда көрүлүүгө тийиш.
Ар бир аэропортто экипаждын мүчөлөрүн, тейлөөчү персоналды, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, багажды, почтаны, жүктү жана борттук запастарды текшерүү үчүн атайын жайлары жана техникалык каражаттары болууга тийиш.
15. Өзгөчө укуктук статусу бар жүргүнчүлөрдү жана депутаттарды учуу алдында текшерүү жана атайын контролдоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-статьясында бекемделген Мыйзам алдында граждандардын бирдейлигин сактоо менен Граждандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарты боюнча эл аралык эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Депутаттар жана мамлекет берген дипломатиялык иммунитети бар жүргүнчүлөр Вена Конвенциясына ылайык аба кемесинин бортуна түшөөрдүн алдында адаттагыдай текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Бирок, алардын колундагы мөөр басылган дипломатиялык вализдер кол менен текшерүүгө дуушар кылынууга тийиш эмес. Кол жүгүнүн бардык башка түрлөрү адаттагы текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
16. Учуу алдындагы текшерүүдөн жана контролдон өтүүдөн төмөндөгүлөр бошотулат:
- Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президент менен бирге бараткан анын үй бүлө мүчөлөрү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри;
- Кыргыз Республикасынын Пррзидентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чакыруусу боюнча алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына келген мамлекет башчылары жана ардактуу меймандар.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдарды учуу алдында текшерүү атайын рейстерде жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, анткени жеке коопсуздук жана учуунун коопсуздугу мамлекеттик Күзөт Башкармасы жана Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан камсыз кылынат.
17. Куралдарды жана ок дарыларды, ок чыгаруучу, спорттук, мергенчилик, согуш куралын жана анын ок дарыларын, ошондой эле атылбас куралдарды ташууда жүргүнчүдө тийиштүү уруксат болгондо таңгакталган, оксуз түрдө, жүргүнчүлөрдөн бөлүнгөн аба кемесинин бөлүмдөрүндө ташылат.
Айрым учурларда куралдын жалгыз-жарым экземплярлары аба кемесинин экипажынын кайтаруусу астында ташылат. Мындай ташууну документтештирүү текшерүүдө жүргүзүлөт. Аба кемесинин учуу коопсуздугуна потенциалдуу коркунучтуу болтурбоо үчүн жанында куралы жана ок-дарысы бар адамдардын учуусуна тыюу салынат.
18. Аба кемеси авиациялык коопсуздук кызматынын туруктуу күзөтү астында болууга тийиш. Самолетту учууга даярдоодо мыйзамсыз кийлигишүү актыларын жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралды, жарылуучу заттарды жана башка буюмдарды, ошондой эле жат адамдарды табуу үчүн авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан аба кемесин учурардын алдында текшерүү жүргүзүлөт.
Мыйзамсыз кийлигишүү актысынын коркунучу жөнүндө маалымат алынган учурда аба кемеси атайын бөлүнгөн жайда кошумча текшерилүүгө тийиш.
Эгер текшерүү натыйжасыз болуп чыгып, ал эми жаңжалдын коркунучу дагы эле болуп жатса, анда аба кемеси жогоруда көрсөтүлгөн жайга аба кемеси айтылган пунктка чейин пландаштырылган рейсти аткаруунун убагына дал келгидей мөөнөткө калтырылат.
Авиаишканалардын жана аба транспортунун эксплуатанттарынын өтүнүчү боюнча суралып жаткан аэропорттун администрациясы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча иш чараларын: аба кемелерин текшерүүнү жана күзөтүүнү, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, багажды, почтаны, жүктү жана ошол авиаишанкаларга жана эксплуатанттарга таандык болгон борттук запастарды кошумча текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган аба кемелеринде төмөндөгүлөр болууга тийиш:
а) учкучтун кабинасын жүргүнчүлөр салонунан бөлүп турган бекем жабылуучу ок өтпөс каалгалар жана тосмолор;
б) экипаж менен борт проводниктердин ортосундагы байланыш үчүн атайын сигнализациялык жана сүйлөшүү аппараты;
в) учуп бараткан аба кемесинин бортунда табылган жарылуучу нерселерди жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн жана белгиленген орду;
г) жүргүнчүлөр салонунун эки жана андан ашуун ордуна атайын топтун капысынан бир эле убакта киришин камсыз кылгыдай жашыруун өткөөлдөр (тешиктер);
д) аба кемесинин санкция берилбеген от алдырышына, бурулушуна жана учушуна жол бербагидей айдап кетүүгө каршы аппарат;
е) учуунун убагында жүргүнчүлөрдөн тартып алынган буюмдарды жана заттарды сактоо үчүн жабылуучу жайлар (багажниктер);
ж) аба кемесин басып алган же айдап кеткен учурда экипаждын аракетинин тартиби, учуп бараткан аба кемесин экипаждын атайын текшериши жөнүндө, аба кемесинин бортунда жарылуучу заттар табылган учурда ага кандай аракет кылуунун тартиби жөнүндө инструкциялык документтер.
Аба кемесинин салонунда ташууга уруксат берилген, бирок кол салуу куралы катары же коркунучтуу заттарды жана буюмдарды жашыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон боюмдар жана заттар учуп бараткан убакта аба кемесинин бортундагы атайын, жабыла турган жайларга, металл шкафтарга (ящиктерге) жайгаштырууга тийиш.
19. Жүргүнчүлөрдү, экипаждын мүчөлөрүн, тейлөөчү персоналды, кол жүгүн, почтаны, жүктөрдү жана борттук запастарды текшерүү үчүн аэропорттун мыйзамсыз кийлигишүү актысын жасоо, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн, экипаждын мүчөлөрүнүн ден соолугуна жана аба кемесинин учушунун коопсуздугуна зыян келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралдарды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды жана башка буюмдар менен заттарды табууну камсыз кылгыдай атайын техникалык каражаттары болууга тийиш.
Текшерүүнүн техникалык каражаттарынын туруктуу ишке жарамдуулугун колдоо үчүн аларды эксплуатациялоо авиациялык коопсуздук кызматынын атайын даярдалган кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми техникалык жактан тейлөө аэропорттун тийиштүү квалификациясы бар адистери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аэропортто текшерүүнүн төмөндөгүдөй техникалык каражаттары колдонулат.
а) телемонитордун экранында ичиндеги буюмдардын көлөкө сүрөтү боюнча кол жүгүн, багажды, почтаны жана жүктү контролдоо үчүн ренгендик-телевизиондук стационардык интроскоптор жана аба кемесинин бортунда жана контролдук зонада изилденүүчү объекти ачпастан же жылдырбастан туруп белгисиз объекттерди идентификациялоо үчүн телевизиондук же катуу нерседен приемниги бар көчмө интроскоптор;
б) жүргүнчүдөн (персоналдан, экипаждын мүчөсүнөн) металл буюмдарды айкындоо үчүн стационардык металл издөөчүлөр;
в) стационардык металл издөөчү көрсөткөн металл буюмдардын турган жерин бир кыйла тагыраак табуу максатында кайталап текшерүү үчүн портативдик (кол) металл издөөчүлөр;
г) ичинде металлы жок багаждан (оролгон килем, жемиш салынган себеттер ж.б.) курал издөө үчүн көчмө металл издөөчүлөр;
д) жарылуучу заттарды (ВВ) табуу үчүн аппаратура ВВнын буу детекторлорун жана нейтрондук активдештирүү ыкмасы менен ВВны табуунун стационардык установкасын өзүнө камтыйт.
е) аба кемесинин салондорундагы абалга байкоо жүргүзүү максатында борттук телевидение;
ж) чукул жагдайдын келип чыгышынын коркунучу жөнүндө телефон аркылуу кабар түшкөн телефондун абоненттик номерин белгилөөчү аппаратура.
20. Аэропорттордун администрациясы мыйзамсыз кийлигишүүнүн объекти болуп калган аба кемесин кабыл алууну камсыз кылууга милдеттүү.
21. Мыйзамсыз кийлигишүү актыларына натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы авиациялык коопсуздук боюнча Ведомстволор аралык комиссия, авиациялык коопсуздук боюнча аэропорттук комиссиялар аракеттердин макулдашылган пландарын иштеп чыгышат жана кабыл алышат.
Жогоруда көрсөтүлгөн пландар төмөндөгүдөй учурдагы түзүлгөн кырдаалды эске алууга тийиш:
жерде аба кемесин басып алуу;
учуп бараткан аба кемесин басып алуу;
аба кемелерине же аэропорттун маанилүү объектерине карата террористтик актылардын коркунучу;
анонимдүү коркутуулар;
аэропорттогу жаңжалдар;
аэропорттун чек арасынын чектеринде куралдуу кол салуу;
аэропорттун чегинен тышкары жерде аба кемесине, курулушка жана жабдууга куралдуу кол салуу;
аэропортто диверсия жасоо же башка коркунучтун потенциалдык булактары үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон шектүү түзүлүштөрдү изилдөө.
Оперативдүү штабдардын ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Рвспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, авиаишканаларынын жана аэропорттордун администрациялары тарабынан атайын жайлар-байланыштын зарыл каражаттары менен жабдылган командалык пункттар бөлүнүп берилет.
Аба кемесинин бортунда авиациялык коопсуздук боюнча чараларды жүргүзүү үчүн аба кемесинин командири чукул жагдайларда экипаждын аракеттеринин тартиби жөнүндө инструкциялык документтерди жетекчиликке алат.
Чет мамлекеттердин аймагында аба кемесинин командири чечим кабыл алып, аны мүмкүн болушунча авиациялык коопсуздук боюнча жергиликтүү полномочиелүү органдар жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү менен макулдашат.
22. Аэропорттордун, авиаишканалардын жетекчилери авиациялык коопсуздуктун коркунучунун бардык учурлары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Авиациялык коопсуздук боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тизмеси менен аныкталган бардык инстанцияларга дароо маалымат берүүнү камсыз кылышат.
23. Жүргүнчүлөрдү атайын текшерүүнү уюштургандык, ошондой эле авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган иш чаралар үчүн жоопкерчилик аэропорттордун, авиаишканалардын жетекчилерине жана аба кемелеринин эксплуатанттарына жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 17-майындагы N 275 токтомунун
редакциясына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-майындагы N 275 токтомунун