Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 17-февралындагы N 87
токтому менен бекитилген
Аэропорттун, авиаишкананын авиациялык
коопсуздук кызматы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Авиациялык коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын Аба Кодексине, Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 18-декабрында ратификациялаган Эл аралык граждандык авиация уюму (ИКАО) жөнүндө Чикаго Конвенциясынын N 17 Тиркемесинде системаланган нормаларга, эрежелерге жана процедураларга ылайык түзүлөт жана аракеттенет.
2. Авиациялык коопсуздук кызматы аэропорттун, авиаишканынын, авиакомпаниянын өз алдынча структуралык бөлүмү болуп саналат. Ал аэропортто өзүнүн иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан граждандык авиациянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш чаралардын комплексин жүзөгө ашырат, ошондой эле аба транспортуна коркунуч күчөгөн мезгилде же чукул жагдайларда коопсуздуктун чараларын (кошумча) күчөтөт.
3. Авиациялык коопсуздук кызматы өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Аба жана Административдик Кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген авиациялык коопсуздук боюнча нормаларды, эрежелерди жана процедураларды, ИКАОнун стандарттарын жана сунуштарын жаиа авиациялык коопсуздук маселелери боюнча башка нормативдик документтерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Авиациялык коопсуздук кызматы аэропорттун башка структуркалык бөлүмдөрү, аэропортто жайгашкан же анын кызматынан пайдаланган аба кемелеринин уюмдары жана эксплуатанттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары УКМ, ИИМ) аймактык органдары жана аткаруу бийликтери менен өзүнүн компетенциясына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ара аракеттенет.
5. Авиациялык коопсуздук кызматы аэропорттун, авиаишканасынын авиациялык коопсуздук Программасын жетекчиликке алып, авиациялык коопсуздук боюнча нормалардын, эрежелердин жана процедуралардын талаптарын аткарууну камсыз кылат жана аэропорттун, авиаишканасынын администрациясынын түздөн-түз жетекчисине баш ийет.
6. Авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери граждандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн актыларын болтурбоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болгон учурда авиациялык коопсуздуктун нормаларын, эрежелерин жана процедурасын бузган адамдарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы административдик мыйзамдарында белгиленген тартипте кармоого милдеттүү.
7. Уюштуруу, авиациялык ишканадагы, аэропорттогу авиациялык коопсуздуктун абалы, авиациялык коопсуздук кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылгыдай иш чараларды жүзөгө ашыргандык үчүн жоопкерчиликти авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчиси тартат. Авиациялык ишкананын, аэропорттун администрациясы материалдык-техникалык камсыз кылууну жана авиациялык коопсуздук боюнча иш чараларды финансылоону жүзөгө ашырат.
8. Аэропорттун, авиаишкансынын, авиакомпаниянын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин белгиленген үлгүдөгү айырмачылык белгилери болушуна милдеттүү. Кийимдин үлгүлөрү, айырмачылык белгилери белгилүү стандарт боюнча иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу Департаменти тарабынан бекитилет.
2. Аэропорттун авиациялык коопсуздук
кызматынын милдеттери жана иштери
9. Аэропорттун, авиаишкананын, авиакомпаниянын авиациялык коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасында кабыл алынган авиациялык коопсуздук боюнча нормаларга, эрежелерге жана процедураларга ылайык, мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан граждандык авиациянын иш аракетин коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Мында кызматтын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- аба кемесин басып алууга жана айдап кетүүгө аракеттерге жол бербөө жана токтотуу (УКМ жана ИИМ органдары менен бирдикте);
- аба кемесинин ишине мыйзамсыз кийлигишүү актысын жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралдардын, ок дарылардын, жарылуучу буюмдардын, жарылуучу, ууландыруучу, оңой күйүп кетүүчү жана башка заттардын киргизилишине жол бербөө максатында белгиленген тартипте жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүгүн, багажды, почтаны, борттук запастарды, экипаждын мүчөлөрүн, тейлөөчү персоналдык текшерүүнү жүзөгө ашыруу;
- авиациялык техниканы, жумушчу секторлор зонасын, курстук жана глиссалдык радиомаяктарды, аба кыймылын башкаруу объектерин, радио жана жарык техника жабдууларын, күйүүчү-майлоочу материалдар кампаларын, коммерциялык кампаларды жана материалдык техникалык камсыз кылуу жайларын, башка өзгөчө маанилүү объектерди кошуп алганда аэропорттун аймагындагы жана анда жайгашкан объектерди күзөтүүнү камсыз кылуу;
- аэропорттун аймагына, өзгөчө контролдук зонага тейлөөчү персоналды жана өндүрүштүк зарылчылык боюнча башка адамдарды өткөрүү режимин жана өткөрүүнү уюштуруу;
- аэропорттун аймагында жайгашкан аба кемелеринин эксплуатанттарынын башка уюмдарынын жана бөлүмдөрүнүн аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрүн авиациялык коопсуздук камсыз кылуу боюнча чараларга үйрөтүүнун программасын иштеп чыгуу жана уюштуруу;
- аэропорттун аймагында жайгашкан жана анын кызматтарынан пайдаланган уюмдардын жана аба кемелеринин эксплуатанттарынын авиациялык коопсуздук боюнча нормаларды, эрежерлерди жана процедураларды сакташына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- келишимдик шарттарда аба кемелеринин (ВС) эксплуатанттарына авиациялык коопсуздук боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (ВСны күзөтүү, ВСны кошумча текшерүү ж.б.) берүү;
- аба кемелеринин жана аэропорттордун аймагындагы объекттердин өрт жагынан коопсуздугун камсыз кылуу.
10. Авиациялык коопсуздук кызматы өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- күзөтүлүп турган аймактан сырткары алардын мыйзамсыз которулушуна жол бербөө жолу менен аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, кол жүгүнүн, багаждын, почтанын, жүктөрдүн жана борттогу тамактардын, башка материалдык байлыктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- аба кемелерине жана аэропорттун объекттерине карата мыйзамсыз кийлигишүү актыларына каршы атайын чараларды жүзөгө ашырат. Оперативдүү чараларды көрүү максатында аэропортто өзүнүн кызматкерлеринин туруктуу сменалык дежурлугун уюштурат;
- мыйзамсыз кийлигишүү актысын жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралды, жарылуучу нерселерди, жарылуучу жана башка заттар менен буюмдарды табуу максатында аба кемесин учаардын алдында текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- коркунуч күчөгөндө же чукул жагдайларда аэропортто авиациялык коопсуздуктун кошумча чараларын көрөт;
- укук коргоо органдары менен бирдикте аэропорттун жана аба кемелеринин эксплуатанттарынын дарегине көмүскө коркуткан адамдарды аныктоо боюнча иш чараларга катышат;
- аба транспорту үчүн коркунуч туудурган адамдарды табуу жана кармоо максатында, ошондой эле аэропорттун аймагында мыйзамсыз кийлигишүү актыларын жасоого пайдаланылышы мүмкүн болгон куралды, ок дарыны, жарылуучу нерселерди, жарылуучу заттар менен буюмдарды тапкан учурда аэропорттун аймагында (аэровокзалда, перрондордо, аэродромдо) иш чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен экипаждын мүчөлөрүн, тейлөөчү персоналды, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, багажды, жүктөрдү, почтаны жана борттогу тамакты текшерүүнү жүргүзүүнүн технологиясын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- аэропорттун аймагында жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүктөрүн, багажды текшерүүнүн процессинде табылган же аба транспорту менен ташууга тыюу салынган жана куралды, ок дарыларды, жарылуучу нерселерди, жарылуучу, ууландыруучу, оңой күйүп кетүүчү заттарды жана башка буюмдарды эсепке алат;
- жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүктөрүн, багажды, почтаны жүктөрдү жана борттогу тамакты, ошондой эле авиациялык техниканы жана аэропорттун өзгөчө маанилүү объектерин (ИТСО) күзөтүүнүн инженердик-техникалык каражаттарын текшерүүнүн техникалык каражаттарын (ТСД) киргизүүнү жана иш жүзүндө пайдаланууну уюштурат;
- тартип бузуучуларды табуу жана кармоо менен аэропорттун контролдук зонасында өткөрүү режимин жүзөгө ашырат бул адамдарга карата административдик таасир чараларын көрөт же аларды укук коргоо органдарына өткөрүп берет.
- аэропорттун авиациялык коопсуздугун камсыз кылуунун абалын талдайт жана авиациялык коопсуздук кызматынын ишин уюштуруунун оптималдуу чараларын иштеп чыгат.
11. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн авиациялык коопсуздук кызматы ок атуучу курал менен куралданат. Куралды алуунун, сактоонун, эсепке алуунун жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Куралды контролдоо милдетин Кыргыз Республикасынын ИИМи камсыз кылат.
12. Аэропорттун, авиаишканасынын, авиакомпаниясынын авиациялык коопсуздук кызматы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- аэропорттун структуралык бөлүмдөрүнөн, аба кемелеринин эксплуатантынан жана аэропорттун аймагында жайгашкан же анын кызматынан пайдаланган башка уюмдардан авиациялык коопсуздук боюнча нормалардын, эрежелердин жана процедуралардын аткарылышын талап кылуу;
- авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга терс таасирин тийгизген себептерди жана шарттарды сөзсүз четтетүү жөнүндө аэропорттун структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине көрсөтмө берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарынын жана полномочиелеринин чектеринде административдик санкцияларды кабыл алуу үчүн авиаишкананын, аэропорттун башчысына сунуш жана административдик материалдарды киргизүү, ал эми зарыл болгон учурда аэропортто жайгашкан же анын кызматынан пайдаланган аба кемелеринин эксплуатанттары үчүн учууларды жасоого лицензияларды токтотуу же кайра чакырып алуу жөнүндө сунуш киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында каралган учурларынан башка убакта дипломатиялык статусу бар жана дипломатиялык полномочиеге ээ болгон, депутаттык иммунитети бар жүргүнчүлөрдү, расмий корреспонденцияны коштоп бараткан фельдъегерлерди белгиленген тартипте текшерүүнү жүргүзүү.
- учуу алдында текшерүүдөн баш тарткан бардык категориядагы жүргүнчүлөрдүн учушуна жол бербөө;
- авиациялык коопсуздук чараларын бузуучуларды кууп жетүүдө жана кармоодо зарыл болгон учурда ар кандай аэродромдук транспорттук каражаттарды айдоочусу менен бирге пайдалануу максатында азропорттун бардык объектерине жана жайларына бөгөтсүз кирүү;
- граждандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнүн актысын жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон куралды, ок дарыны, жарылуучу, оңой күйүүчү жана башка коркунучтуу заттарды жана буюмдарды белгиленген тартипте акты түзүү менен алып коюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте андан ары чараларды көрүү.
13. Авиациялык коопсуздук кызматынын полномочиелүү кызматкерлерине экипаждын тутумунун текшерүү жана жүргүнчүлөр салондорун, учкучтардын кабинасын, жүк, турмуш-тиричилик, техникалык бөлүмдөрдү жана ошол рейстин документтерин текшерүүнү кошуп алганда аба кемесине жүк жүктөөнү контролдоого укук берилет.
14. Аба кемелерин жана аэропорттун өзгөчө маанилүү объектерин күзөтүүдө турган авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамда көрсөтүлгөн кырдаалдар келип чыкканда куралын колдонууга укуктуу.
III. Авиациялык коопсуздук кызматынын
структурасы жана тутуму
15. Аэропорттун, авиаишканасынын, авиакомпаниясынын авиациялык коопсуздук кызматынын структурасы жана кызмат орундарынын тизмеси авиаишкананын, аэропорттун администрациясынын жетекчиси тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
16. Авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин кызматтык инструкцияларын авациялык коопсуздук кызматынын башчысы бекитет.
17. Авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин саны аткарылуучу милдеттердин көлөмдөрүнөн жана мүнөзүнөн келип чыгып, аэропорттун класстуулугун, текшерүү пунктунун санын, авиациялык техниканы жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча постторду, алардын дислокациясын эске алуу менен авиаишкананын, аэропорттун жетекчиси тарабынан аныкталат.
18. Кароолчулук күзөт авиациялык коопсуздук кызматынын штатына кирбейт, бирок посттордун жалпы дислокациясында эске алынат жана авиациялык коопсуздук кызматынын башчысынын оперативдик баш ийүүсүндө болот.
19. Авиациялык коопсуздук кызматын жеке тутум менен комплектөө тараптардын макулдашуусуна ылайык мөөнөткө эмгектик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын граждандарынын, көбүнчө эркектеринин ичинен, Куралдуу күчтөрдө, УКМ, ИИМ, КМ же Чек ара аскерлерде кызмат өтөгөн, ден соолугунун абалы боюнча авиациялык коопсуздук кызматында ишке жарактуу адамдар менен жүргүзүлөт. Жумушка алынгандар алардын кесиптик жактан жарактуу экендигин текшерүү максатында үч айга чейинки сыноо мөөнөтүнөн өтүшөт.
20. Авиациялык коопсуздук кызматына жумушка алууда бардык адамдар кызматтык милдеттерин аткарууга жарактуулугун аныктоо үчүн белгиленген тартипте медициналык текшерүүдөн өтүшөт, ал эми ок атуучу куралды колдонууга байланыштуу жумушка алына тургандар мындан тышкары ички иштер органдарынан текшерүүдөн өтүшөт.
21. Авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери окуу пландары жана программалар боюнча милдеттүү түрдө атайын даярдыктан өтүшөт.
22. Ишке алуу, эмгек милдеттерин аткаруу, иш режимин белгилөө жана авиаишканасынын, аэропорттун администрациясынын башка эмгектик мамилелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Эмгектик милдеттемелерин аткарууга байланыштуу майыптыкка, кесиптик ооруга, же ден соолугуна башка бир зыян келгенде авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Граждандык Кодекстери менен жөнгө салынат.
V. Аэропорттун авиациялык коопсуздук
кызматына жетекчилик кылуу
24. Авиациялык коопсуздук кызматына авиациялык коопсуздук кызматынын начальниги жетекчилик кылат, ал түздөн авиаишкананын, аэропорттун жетекчисине баш ийет.
25. Авиациялык коопсуздук кызматынын начальниги авиаишканасынын, аэропорттун жетекчисинин буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматынан бошотулат.
26. Авиациялык коопсуздук кызматынын начальниги аэропорттун авиациялык коопсуздугунун абалы жана милдеттерин жана авиациялык коопсуздук кызматынын иш чараларынын ушул Жобонун толук көлөмдө аткарылышы үчүн жеке жооп тартат.
27. Авиациялык коопсуздук кызматынын жетекчилиги жеке башчылыктын принциптерине негизделет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык жүзөгө ашырылат.
VI. Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматын
материалдык-техникалык жана финансылык
камсыздоо
28. Авиаишкананын, аэропорттун администрациясы авиациялык коопсуздук кызматына аэропорттун авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле эмгекти коргоону камсыз кылууга милдеттүү. Ушул максатта төмөндөгүлөр алдын ала каралууга тийиш:
- аэропорттун (аэровокзалдын) имараттарында контролдон өткөн адамдардын конкреттүү рейсти тейлөөгө тийиши болбогондор менен катнашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай кылып жүргүнчүлөрдү, алардын кол жүгүн, багажды текшерүү үчүн техникалык каражаттар менен жабдылган контролдун атайын зоналарынын болушу;
- жүктөрдү, почтаны жана борттогу тамак-ашты акырына чейин текшерүү үчүн жүк кампаларында жана терминалдарда жабдылган зоналардын болушу;
- чукул жагдайларда аба кемелерин атайын текшерүү үчүн жабдылган токтоо жайларынын аэропорттун аймагында болушу;
- аэропорттун тосмосунун периметри боюнча атайын автотранспорттун патрулу үчүн ыңтайлуу жолдордун болушу;
- аэродромдун периметрлерин жана объектерин, контролдук-өткөрүү пункттарын күзөтүүнүн тосмолорунун жана инженердик-техникалык каражаттарынын болушу;
- уурдалып жана жоголуп кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргыдай кылып курал менен ок дарыны ишенимдүү сактоо үчүн шарттардын болушу;
- аэропорттун, авиаишкананын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлерин, учкучтардын тутумун жана авиациялык коопсуздук маселелери боюнча башка кызматтардын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл материалдык жана техникалык базанын болушу.
29. Авиаишкананын, аэропорттун администрациясы аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматын материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Авиациялык коопсуздук кызматы төмөндөгүлөр менен камсыз болууга тийиш:
- кызматтык жана кампалык жайлар, алар үчү эмерек жана жабдуулар менен;
- кызматтын иш аракетин камсыз кылуу үчүн автотранспорт менен;
- радио жана телефон байланыш каражаттары менен;
- иш өндүрүшүн жүргүзүү, ошондой эле оперативдик-справкалык жана атайын маалыматты системалаштыруу үчүн көбөйтүүчү аппаратура жана компьютердик техника менен;
- текшерүүчү техникалык, күзөтүүнүн инженердик-техникалык каражаты менен;
- формалык жана атайын кийимдер, башка материалдык каражаттар менен.
30. Аэропорттун, авиаишкананын авиациялык коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук нормаларына жана Граждандык авиациянын Эл аралык уюмунун (ИКАО) сунуш кылынган стандарттарына ылайык келиши жагынан Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу Департаменти тарабынан текшерилүүгө тийиш.