Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-февралындагы N 87 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-майындагы N 275, 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жарандык авиациянын Эл аралык Уюму (ИКАО) системалаштырган ченемдерге, эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жарандык авиациядагы авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында режимдик чектөөлөрдү белгилөө мамлекеттин жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын болтурбоого багытталган атайын чараларды көрүү жолу менен жарандык авиациянын коопсуздугу үчүн өкмөттүн эл аралык милдеттемелери жана жоопкерчилиги менен аныкталат.
3. Ушул Жобо менен режимдик чектөөлөрдү белгилөө боюнча аэропорттор жана авиаишканалар үчүн стандарттар, ошондой эле эл аралык деген статусу бар аэропорттордо бажылык, чек аралык жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун режимдик чараларын сактоо үчүн жоопкерчилик аэропорттордун жана авиаишканалардын башчыларына, ал эми аларды практикалык жактан ишке ашыруу Авиациялык коопсуздуктун кызматы деп аталган атайын структуралык уюмга жүктөлөт.
5. Авиациялык коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктарынын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Аба Кодекси, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын Программасы, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларындагы авиациялык коопсуздук кызматы жөнүндө ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик-укуктук документтери, биргелешип практикалык колдонуу үчүн бажылык, чек аралык жана башка струкуралар менен өз ара аракеттенүү боюнча аэропорттордо жана авиаишканаларда иштелип чыккан жана кабыл алынган ведомстволор аралык нускамалар жана технологиялар менен аныкталат.
6. Ушул Жобо менен белгиленген режимдик чаралардын стандарттарын аткарбоого же бошоңдотууга болбойт.
II. Аэропорттун, авиаишкананын контролдук зонасы жана анын милдеттик өзгөчөлүктөрү
7. Азропорттун, авиаишканынын контролдук зонасы жеке адамдарды унааны уруксатсыз киргизүүгө жол бербеген коргоо коруктары бар аймак болуп саналат.
8. Граждандардын эркин кириши үчүн ачык болгон жүргүнчүлөр аэровокзалдарын, автомобиль коюучу жайларды турмуш-тиричилик максатындагы объектерди кошуп алганда аэропорттордун, авиаишканалардын аймактары контролдонбоочу зонага таандык. Контролдук зоналар үчүн каралган коопсуздуктун атайын чаралары жана эрежелери жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнүн актысынын чыныгы коркунучу болушуна түздөн-түз байланыштуу белгиленет.
9. Контролдук зоналардын коргоо коруктары аларга башка адамдардын киришине тоскоол кылуучу техникалык курулуш катары жасалат.
10. Коргоо коруктары төмөндөгүдөй белгилүү техникалык талаптарга ылайык аткарылат:
- коруктун конструкциясы анын үстүнөн жана астынан өтүп кетүүгө чыныгы кыйынчылык туудургандай жетиштүү бийиктикте жана бекемдикте болууга тийиш;
- коруктун конструкциясын бойлото бийик өскөн өсүмдүктөр, күзөттүн инженердик-техникалык каражаттарын (ИТСО) колдонууга коруктун көрүнүшүнө кыйынчылык келтирген буюмдар, курулуштар алып салынууга тийиш;
- коруктун ичин бойлото авиациялык коопсуздуктун автопатрулдук тобу жүргүдөй жол салынууга тийиш;
- авиациялык коопсуздук кызматы контролдобогон техникалык дарбазалар, эшиктер, терезелер, люктар, табигый тосмо катары пайдаланылуучу имараттар жана курулуштар бекем жабылууга тийиш жана мүмкүн болушунча ИТСО менен жабдылууга тийиш;
- коргоо коруктары түн мезгилинде жетиштүү жарык болууга тийиш.
III. Өткөрүү режими
11. Өткөрүү режими - аэропорттун, авиаишкананын же жарандык авиациянын объектинин контролдук зонасына жеке адамдардын жана унааны өткөрүүнүн чараларынын эрежелеринин жана процедураларынын жыйындысы.
12. Өткөрүү режиминин максаты:
- контролдук зонага чоочун адамдардын, унаанын уруксатсыз киришинин же ал жакка малдын кирип кетишинин мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө;
- авиаишкананын кызматкерлерин жана транспортун, башка мамлекеттик ведомстволордун (бажыкананын, чек ара кызматынын, милициянын) алар өздөрүнүн милдеттерин аткаруу ордуна, анын ичинде алардын ишинин сменалуулугун эске алуу менен, ошондой эле башка уюмдардын адамдарынын жана транспортунун аба кемелерине жана өзгөчө маанилүү объекттерге өтүшүнүн тартибин белгилөө;
- текшерүүдөн өткөн жүргүнчүлөрдүн мындай текшерүүдөн өтпөгөн адамдар менен катнашына жол бербөө боюнча чараларды эске алуу менен жүргүнчүлөрдү перронго жана аба кемесине отургузуучу жайларга өткөрүүнүн тартибин белгилөө;
- контролдук зонадан материалдык байлыктарды, жүктү жана багажды алып чыгуунун жана ташып чыгуунун тартибин белгилөө;
- өзгөчө статусу бар адамдарды (литердик иш чараларда, атайын жүктү, атайын почтаны, диппочтаны д.у с. жөнөтүүдө) контролдук зонага өткөрүүнүн тартибин белгилөө.
13. Контролдук аймакка өткөрүү контролдук милдеттерди аткаруу үчүн конструкциялык жактан атайын ылайыкташтырылган контролдук өткөрүү пункттарынын (КПП) чектелүү саны аркылуу жүзөгө ашырылат.
14. Контролдук-өткөрүү пункттары өзүнүн конструкциялык өзгөчөлүктөрү боюнча төмөндөгүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- механикалык же автоматтык түрдө (транспорт интенсивдүү кыймылдагы жерлерде автоматтык шлагбаумдар орнотулушу мүмкүн) ишенимдүү жабыла жана бекиле турган дарбазалар болуш керек;
- контролдук зонада келгендердин текшерүүсүз өтүп кетишине мүмкүнчүлүк бербегидей механикалык же автоматтык түрдөгү турниктер болууга тийиш;
- унааны текшерүү жана келгендерди жеке текшерүү үчүн техникалык жабдуулар (издөө техникасы, тепкичтер, күзгүлөр, электр фонарлары) болууга тийиш;
- КППны оперативдүү башкарууну жана авиациялык коопсуздук кызматын же милициянын наряддарын, бажыкананы, зарыл болгон учурда чек ара аскерлерин, күчөтүү топторун шашылыш чакырууну камсыз кылгыдай байланыш каражаттары болууга тийиш;
- тутумдаш аймакты жакшылап кароо үчүн шарт, жарык, эскертүүчү жана маалыматтык аншлагдар жана белгилер болууга тийиш.
15. Контролдук аймакка өзүнүн иш милдеттерин туруктуу аткарган аэропорттун жана авиаишканалардын, Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин, бажыкананын, чек ара аскерлеринин кызматкерлерин жана контролдук аймакта өз иш милдеттерин такай аткарган башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин өткөрүү ошол конкреттүү аэропортто, авиаишканада белгиленген күбөлүктөр, ысмы жазылган тархеткалар жана идентификациялык карта-тархеткалар боюнча жүзөгө ашырылат.
16. Аэропортто, авиаишканасында иштебегендерди контролдук аймакка өткөрүү ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө убактылуу же бир жолу берилүүчү өткөрмө боюнча жүзөгө ашырылат.
17. Ким экендигин күбөлөндүргөн документ паспорт, паспорттун ордуна ички иштер органдары берген справка, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун расмий органдары берген жасалмалоолордон коргоочу реквизиттери бар күбөлүктөр болуп саналат.
18. Авиациялык ташууну тейлөөчү чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрү, аба кемелеринин эксплуатанттары, туристтик фирмалардын кызматкерлери, алардын расмий арыздары боюнча туруктуу же убактылуу өткөрмөлөр менен камсыз кылынат жана милдеттүү түрдө атайын контролдон өтүү менен өз рейстеринде гана аба кемелерин жана жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн контролдук аймакка өткөрүлөт.
19. Чет өлкөлүк авиакомпаниялардын аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү контролдук аймакка рейстин башкы декларациясы болгондо экипаждын мүчөсүнүн улуттук паспорту же жеке күбөлүгү боюнча өткөрүлөт.
20. Өрттөрдү, аварияларды жана башка бөөдө кырсыктарды жоюу үчүн өрт жана авариялык сактап калуу командаларынын жоокерлери бөөдө кырсык болгондо медициналык тез жардам кызматкерлери укукка жат иштерди тез токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери контролдук зонага бөгөтсүз өткөрүлөт. Өрт авариялык - сактап калуу командаларынын, медицина кызматкерлеринин же укук коргоо органдарынын чакырылгандыгы жөнүндө КППнын контролерлору мурдатан эскертилет.
21. Атайын статусу бар адамдарды жана унааны контролдоочу аймакка өткөрүү төмөндөгүдөй эрежелер боюнча жүргүзүлөт:
- мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент башчыларынын деңгээлиндеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана уруксат берилет;
- бөлөк деңгээлдеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана, өз ара жактыруучулук принцибин эске алуу менен уруксат берилет;
- мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жооптуу кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин полномочиелүү өкүлдөрү (эгер режимдик аймакта болуу жүргүнчү катары учуп жаткандыгына байланыштуу болбосо) - аэропорттун, авиаишканынын жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча жана алардын өзүнүн коштоосу менен өтөт же режимдик аймакта алардын жеке коопсуздугу үчүн жооптуу администрациянын атайын дайындалган өкүлдөрү тарабынан коштолот;
- ушул пункттун төртүнчү абзацында айтылган жүргүнчү катары бараткан адамдарды аймакка жана адеттеги жүргүнчүлөр рейсин аткарып жаткан аба кемелерине өткөрүү авиациялык коопсуздукту кылуу максатында каралган бардык зрежелерди жана сактоо менен расмий өкүлчүлүктөр залы аркылуу жүзөгө ашырылат;
- атайын почтаны ташуучу кызматкерлер атайын тизмеде көрсөтүлгөн багажды ачпастан туруп авиациялык коопсуздукгу камсыз кылуу максатында техникалык каражаттар менен текшерүүнүн милдеттүү процедурасынан кийин учууга документтери даярдалат;
- авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында каралган нормалардан, эрежелерден, процедуралардан өткөндөн кийин оорулууну коштоп жүргөндөр, камакка алынгандар, этап боюнча алып бараткандар. Аларды аба кемесине отургузуу башка жүргүнчүлөрдү отургузганга чейин 10-15 минута мурда авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин контролдугу астында жүргүзүлөт;
- чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде катталган элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык чабармандары техникалык каражаттарды кошкондо жүргүнчүлөрдү текшерүү жол-жобосунан кийин, бирок дипломатиялык почтаны толук текшерүүсүз, атайын реестрде көрсөтүлүү менен учууга кое берилет.
(КР 2000-жылдын 17-майындагы N 275, 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Ички объект режимин уюштуруу
22. Аэропортто, авиаишканада белгиленген чаралардын жана эрежелердин жыйындысы болгон ички объектик режим ички эмгек тартибин камсыз кылууга, мамлекеттик жана коммерциялык жашыруун сыры бар атайын жана кызматтык документтердин сакталышына, авиациялык техниканын, аэронавигациялык жабдуулардын, материалдык байлыктардын сакталышына, өрт коопсуздугун жана эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга арналган.
23. Ички объект режими айрым объекттердин аймактарына, өндүрүштүк участкаларга, цехтерге, кампаларга, авиациялык техника турган жерлерге д.у.с. өндүрүштүк зарылчылык менен байланыштуу болбогон адамдардын киришин чектөө үчүн белгиленет. Ички объект режими белгиленген аймак чектүү киргизүү зонасы болуп саналат.
24. Ички объект режимин уюштуруу үчүн жоопкерчилик аэропорттун, авиаишканынын кызматтарынын, цехтеринин, участкаларынын жетекчилерине жүктөлөт, алар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өндүрүштүк зарылдык боюнча кызматтык милдеттерин түздөн-түз аткарууга байланыштуу болбогон адамдарды чектелүү өткөрүү зонасына өткөрүүнүн тартибин белгилөө;
- документтерди, материалдык байлыктарды, жабдууларды жана чыгымдык материалды чектелүү өткөрүү зонасынан алып чыгуунун - ташып чыгуунун тартибин аныктоо;
- чектелүү өткөрүү зоналарында өрткө жана жеке коопсуздукка каршы чараларды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын контролдоо;
- чектелүү өткөрүү зоналарында турган материалдык жана башка баалуулуктардын сакталуу абалында болушун контролдоо жана күзөткө өткөрүп берүүнүн тартибин сактоо;
- күзөтүү-өрт сигнализациясынын каражаттары менен кызматтык жана кампалык жайларды жабдуу боюнча чараларды көрүү;
- чектелүү өткөрүү зонасына жат адамдарды өткөрүүнүн, материалдык байлыктарды алып чыгуунун эсебин жүргүзүүнүн, документтерди, ачкычтарды, мөөрлөрдү сактоонун тартибин белгилөө.
V. Чектелүү өткөрүүнүн чек аралык зонасы
25. Эл аралык статусу бар аэропорттордо (Бишкек-Ош), өткөрүүнүн өзгөчө режими бар чектелүү өткөрүүнүн чек аралык зонасы белгиленет.
26. Чектелүү өткөрүүнүн чек аралык зонасына конкреттүү ишти аткаруу үчүн авиациялык коопсуздук кызматынын жана жүк ташуу бөлүмүнүн дежур сменасынын адамдары чек аралык наряд тарабынан өткөрүлөт, ал авиациялык коопсуздук максатында жүргүзүлөт жана Эл аралык рейстерде жүргүнчүлөрдү тейлөө технологиясы жана Жүргүнчүлөрдү атайын контролдоонун технологиясы менен аныкталган.
27. Аэропорттун, авиаишканынын, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун башка кызмат адамдарынын чектелүү киргизүүнүн чек аралык зонасына кириши чек аралык бийликтер менен макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат.
28. Республиканын эл аралык аэропортторунда милдеттерин аткарып жаткан чек аралык наряддар авиациялык коопсуздук кызматы тарабынан конкреттүү рейстин жүргүнчүлөрүн тейлөөдө чек аралык наряддын жана авиациялык коопсуздук кызматынын нарядынын катышуусун белгилөө үчүн аты жазылган өткөрмөлөр (тархеткалар) менен камсыз кылынат, мунун өзү эл аралык стандарттарга жана чек аралык контролго ылайык авиациялык коопсуздук боюнча бардык нормалардын, зрежелердин жана процедуралардын сакталышы үчүн алардын биргелешкен жоопкерчилигин белгилейт.
29. Чек аралык наряддар жана авиациялык коопсуздук кызматы чектелүү өткөрүүнүн чек аралык зонасында аткара турган режимдик чаралар бир-бирине карама-каршы келүүгө тийиш эмес жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таламдарын коргоо боюнча натыйжага жетишүү максатын көздөөгө тийиш.
VI. Аэропорттун контролдук зоналарында адамдардын жана унаанын болушуна укуксат бере турган документтерге коюла турган талаптар
30. Аэропорттун, авиаишкананын, Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин жетекчи тутумунун жеке күбөлүктөрү төмөндөгүдөй маалыматты камтууга тийиш: жогорудагы түзүмдөргө тийиштүүлүгү жөнүндө, ээси жөнүндө (аты жөнү ээлеген кызматы), ээсинин фотосүрөтү, катар номери, жарактуулук мөөнөтү жана жасалмалоо болбогудай жетиштүү татаалдыктагы коргоо даражасы (коргоо сеткасы, жетекчинин колу, гербдүү мөөр, өткөрүү бюросунун штампы) болууга тийиш.
31. Аэропорттун, авиаишкананын кызматкерлеринин өткөрмөсү төмөндөгүдөй маалыматты камтууга тийиш, ээси жөнүндө (аты жөнү, ээлеген кызматы же адистиги), фотосүрөтү, эсептик номери жасалмалоодон коргоолуу даражасы, анын ичинде аэропорттун, авиаишкананын жетекчисинин колу, өткөрүү бюросунун мөөрү, термикалык иштетүүдөн кийин өткөрмөнү алууну жокко чыгарган коргоо пленкасы болууга тийиш. Өткөрмөдө ошондой эле эгер бул анын кызматтык милдеттерине байланыштуу болсо, өзгөчө контролдоочу зонага ээсинин өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
Өткөрмөдө конкреттүү кызматкер төмөндөгүдөй өзгөчө контролдонуучу зоналарда перрондо, аба кемеси токтогон жерде аба кемесинде же чектөөсүз бардык жерде болууга укугу бар экендиги так аныкталууга тийииш.
Авиациялык коопсуздук кызматы менен макулдашууга ылайык өткөрмөгө башка маалыматтарды же чектөөлөрдү киргизүүгө жол берилет. Өткөрмөнүн атайын төөнөгүчтөрү болууга тийиш жана ал жумуш мезгилинде сырт кийимине илинет. Бул эрежени аэропорттун, авиаишканын бардык кызматкерлеринин аткарышы милдеттүү.
Аба кемелерин тейлөө боюнча оперативдик сменалардын авиатехниктери үчүн гана башкача белгилениши мүмкүн. Өткөрмөнүн ордуна алар "авиациялык техникалык базанын оперативдик сменасы (АТБ)" деген эмблемасы жана жазуусу бар жумшак материалдан атайын байламтаны алып жүрө алышат.
32. Убактылуу өткөрмө ким экендигин күбөлөндүргөн документ менен бирге көрсөтүлөт жана келген киши жөнүндө маалыматты (аты жөнү), берүү үчүн негизди (жеке же юридикалык жактын каты, арызы), жарактуулук мөөнөтүн камтууга тийиш.
33. Келүүчүгө бир жолку өткөрмө аэропорттун, авиаишкананын башчысы белгилеген так аныкталган адамдардын кууш чөйрөсүнүн арыздары боюнча жазылып берилет. Өткөрмө ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө жарактуу жана анын аракет мөөнөтү бир жолу келүү менен чектелген. Келген кишинин режимдик чектөөлөрдү сакташы бир жолку өткөрмөнү заказ бррген адамдын жоопкерчилигине кирет.
34. Шашылыш унаалык өткөрмөлөр аба кемелерин, перронду, аэродромду тейлөө боюнча атайын транспортко таандык болгон аэропорттун, авиаишкананын автоунаасына жазылып берилет, өткөрмө жазып берүү үчүн негиз катары аэропорттун, авиаишкананын автоунаа кызматынын башчысынын негиздүү арызы кызмат кылат.
35. Чектелүү өткөрүү зонасына кирүү үчүн бир жолку унаалык өткөрмөлөр аэропорттун, авиаишкананын башчысы же ага полномочие берилген адам кол койгон каттын, арыздын негизинде жазылып берилет. Бир жолку унаалык өткөрмөлөрдү жазып берүүнүн милдеттүү шарттарынын бири аэропорттун, авиаишкананын кызматкерлеринин ичинен конкреттүү бирөөнү чектелүү өткөрүү зоналарында конкреттүү унаалык каражаттын авиациялык коопсуздугунун чаралары үчүн жооптуулукка аныктоо болуп саналат.
36. Материалдык байлыктарды аэропорттун, авиаишкананын чегинен тышкары ташып чыгууга өткөрмөлөр аэропорттун, авиаишкананын бухгалтериясында эсепке алынат жана күнү, штампы көрсөтүлүп, материалдык жактан жооптуу адамдын колу болгондо жарактуу деп эсептелинет.
37. Аба кемелери менен ташууга кабыл алынган коммерциялык жүктөрдү ташып келүү, ташып чыгаруу коммерциялык жүк ташуулардын сменасынын башчысынын арызы боюнча жүзөгө ашырылат, алар авиациялык коопсуздук кызматынын дежур сменасынын атайын журналында эске алынат.
38. Башка уюмдарга, жеке адамдарга жана авиаишкананын кызматкерлерине режимдик аймакка кирүү үчүн унаалык өткөрмөлөрдү берүүгө тыюу салынат.
VII. Бланктарды, күбөлүктөрдү, өткөрмөлөрдү, мөөрлөрдү, штамптарды эсепке алуу
39. Күбөлүктөрдүн, өткөрмөлөрдүн, мөөрлөрдүн жана штамптардын бланктары катуу отчеттук атайын буюмдарга таандык, алардын үлгүлөрү жана оттискалары даярдоонун алдында бекитилет жана андан кийин аэропорттун, авиаишкананын же авиациялык коопсуздук кызматынын секретариатында сакталат.
40. Күбөлүктөрдү, өткөрмөлөрдү, мөөрлөрдү жана штамптарды жасоо белгилүү катуу эсептеги санда, сериялык түрдө, полиграфиялык ыкма менен жүзөгө ашырылат.
41. Даярдоочудан алынган күбөлүктөр, өткөрмөлөр, мөөрлөр жана штамптар саны жана иреттик номери боюнча азропорттун, авиаишкананын материалдык бөлүмүндө эсепке алынат жана кызматтык жетекчисинин арызы боюнча авиациялык коопсуздук кызматынын материалдык жооптуу адамына гана бершип, андан кийин өткөрүү бюросуна берилет.
42. Авиациялык коопсуздук кызматынын материалдык жооптуу адамында күбөлүктөрдүн, өткөрмөлөрдүн, мөөрлөрдүн жана штамптардын бар зкендиги өткөрүү бюросунда атайын дайындалган комиссия тарабынан жарым жылда бир жолу текшерилип, атайын бөлөк акты түзүү жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутунду чыгарылат. Текшерүү документтери аэропорттун, авиаишкананын башчысы тарабынан бекитилет.
43. Материалдык эсептин документтерин жасоого арыздын көчүрмөлөрү, сериялык түрдө жасалган күбөлүктөрдүн, өткөрмөлөрдүн, мөөрлөрдүн жана штамптардын жылышын жана чыгымдалышын ырастаган журналдар жана өткөрмөлөрдүн карточкалары бирдиктүү архивдик блокко топтолот. Аларды сактоонун мөөнөтү чарба субъекти тарабынан белгиленет.
44. Арыздарды, күбөлүктөрдүн, өткөрмөлөрдүн, мөөрлөрдүн жана штамптардын материалдык эсебинин документтерин жок кылууга актылар жана ревизиянын актылары чарба субъекти тарабынан бухгалтердик эсептин документтери менен белгиленген мөөнөткө сакталат.
45. Авиациялык коопсуздук кызматынын бардык кызматкерлери кесиптик-каттоо документтерин сакташы үчүн жоопкерчилик бул кызматтык башчысына жүктөлөт, ага аэропортто, авиаишканада авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иште пайдаланылуучу атайын документтердин башка түрлөрүнө ушул Жобо менен бекитилген тартипти орнотууга укук берилет.
7.8. Эсептик-каттоо тартибин бошоңдотуу жагына өзгөртүүгө жол берилбейт.