Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 12-февралындагы N 87
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аэропортторунда,
авиаишканаларында аба кемелерин жана граждандык
авиациянын өзгөчө маанилүү объектерин күзөтүү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Аба кемелерин жана граждандык авиациянын өзгөчө маанилүү объектерин күзөтүү боюнча Жобо (мындан ары - Жобо) 1992-жылдын 18-декабрынан баштап Кыргыз Республикасы мүчөсү болгон Граждандык авиациянын Эл аралык уюмунун (ИКАО) сунуштарына жана стандарттарына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобонун негизги нормативдик-укуктук базасы Кыргыз Республикасынын Аба кодекси, Граждандык авиациянын ишин мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоону камсыздоонун Программасы, Авиациялык коопсуздук боюнча нормалар, эрежелер жана процедуралар, Авиациялык коопсуздук жөнүндө Жобо болуп эсептелет.
3. Ушул "Аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча Жободо" граждандык авиациянын ишин жөнгө салуучу көрсөтмө берген жана инструкциялык төмөндөгү документтер эске алынган: "Граждандык авиацияда учууларды жүргүзүү боюнча насаат" (НПП -85); "Граждандык авиацияда авиация техникасын техникалык эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча насаат" (НТЭРАТ -93).
4. Бул Жобонун нормативдик-укуктук базасы 1970-жылы Монреалда болуп өткөн А-17-10 Ассамблеясынын жана ИКАОнун Конвенциясынын N 17 Тиркемесинде көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык келет.
II. Аныктамалар, терминдер жана шарттуу белгилер
1. ИКАО - граждандык авиациянын эл аралык уюму.
2. САБ - авиациялык коопсуздук кызматы.
3. ВОХР - аскерлештирилген күзөт.
4. ОПО - өрт күзөт отряды.
5. ИТСО - күзөттүн инженердик-техникалык каражаттары.
6. АТБ - авиациялык техникалык база.
7. КПП - контролдук-өткөрүү пункту.
8. ПДО - диспетчердик тейлөө пункту.
9. КДП - командалык-диспетчердик пункт.
Постовой - аба кемесин ЖР аэропорттун, авиаишкананын аймагында өзгөчө маанилүү объекти күзөтүү жана коргоо боюнча күжүрмөн милдетти аткаруучу САБдын куралдуу кызматкери.
Пост - постовойго күзөтүү жана коргоо үчүн тапшырылгандын баары, ошондой эле постовой өзүнүн милдеттерин аткара турган жер же жер участкасы.
Өзүнчө пост - белгилүү өз алдынча милдеттери бар бир же бир канча постовой тутумунда болгон кызматтык наряд.
Күзөтчүлүк топ - күзөтүлүп жаткан объектерди кыдыруу (айланып чыгуу) жолу менен күзөттү жүзөгө ашыруучу САбдын куралдуу кызматкерлеринин наряды.
САБдын дежур сменасы (кароол) - аба кемелерин өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча күжүрмөн милдетти аткаруу ички объектик жана өткөрүү режимин, Кыргыз Республикасынын Аба Кодексине, ушул Жобого, граждандык авиациянын Эл аралык уюмунун сунуштарына жана стандарттарына ылайык атайын максаттагы аткарууга көрсөтмө берилген башка режимдик чаралар боюнча күжүрмөн милдетти аткаруу үчүн даярдалган куралдуу бөлүк.
III. Жалпы жоболор
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин граждандык авиациясынын авиаишканаларындагы, мекемелериндеги жана аэропортторундагы аэродромдорду, аба кемелерин жана объектерди күзөтүү аэропорттун классына же мекеменин, объектин максатына жараша аскерлештирилген же кароол күзөтүнүн авиациялык коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн күчтөрү жана каражаттары менен жүзүгө ашырылат.
6. Граждандык авиациянын авиаишканаларында, аэропортторунда жана объектеринде системалык күзөтчө жетекчиликке алардын жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат. Алар жалпы жана өрт күзөтүнүн абалы, жеке тутумдун камсыздалышы, авиациялык коопсуздук кызматынын (САБ), аскерлештирилген өрт күзөтүнүн (ВОХР) жана кароолчулук күзөтүүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон кызматтык турмуш-тиричилик жайларынын камсыз болушу үчүн, өрт өчүрүүчү каражаттардын запастарынын болушу, техниканын жана материалдык-техникалык жактан камсыз болушу үчүн толук жооп тартат.
7. Граждандык авиациянын аэропортторунда, ишканаларда күзөттү уюштуруу аба кемелеринин токтой турган жайларынын, күзөтүүгө тийиштүү объектердин чыныгы санын, алардын техникалык жактан корголушун жана күзөтүлө турган аймактын аянтын эске алуу менен САБда иштелип чыккан күзөт Постторунун Табелине ылайык жүзөгө ашырылат. Күзөт постторунун табели негизги документ болуп эсептелет жана аны авиаишканалардын, аэропорттун башчылары бекитет.
8. Аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүүнү күчөтүү, ошондой эле анын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында авиаишканалардын жана аэропорттордун жетекчилери төмөндөгүлөр боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү:
- аэродромдорду жана аэронавигация объектерин курчап тосуу, аларды эл аралык стандарттарга ылайык күзөтүүнүн, байланыштын техникалык каражаттары менен жабдуу;
- эскертүүчү жана тыюу салуучу белгилерди, аншлагдарды кеңири пайдалануу;
- авиациялык техниканын жана материалдык байлыктардын сакталышын камсыз кылгыдай шарттарды жана эрежелерди сактоо боюнча авиаишканалардын жана аэропорттордун инженердик-техникалык тутумунун уюмдашуусунун жана жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
- аба кемелеринин, объектердин күзөтүлүүчү токтоочу жайларын санкциясыз ачууга, ички объектик жана өткөрүү режимин бузууга жол бербей турган, уурдоолордун алдын алуучу, өрткө каршы коопсуздуктун профилактикалык чараларын көрүү;
- күзөттүн абалына, САБдын дежур сменаларынын, ВОХРдун кароолчуларынын жана күзөтчүлөрдүн кызмат өтөшүнүн сапатына туруктуу контролду уюштуруу.
9. Күзөтүү постторунун Табелине ылайык алардын жайгашуусунун схемалары жана зарыл болгон учурда чукул чараларды көрүү үчүн патрулдук күчөтүлгөн топтордун эң кыска маршруттары жана оперативдик иш жүргүзүү иштелип чыгат.
10. Аба кемелерин жана объектерди күзөтүүнү күчөтүүнүн зарылчылыгы, ошондой эле САБдын дежур сменаларынын, ВОХРдун кароолчуларынын өзгөчө шарттардагы аракетинин тартиби ар бир конкреттүү учурда жеке тутумга түздөн-түз оперативдүү жетекчиликти жүзөгө ашырып жаткан башчы (жетекчи) тарабынан ЖР авиаишкананын, аэропорттун жетекчиси бекиткен план жана инструкциялар боюнча аныкталат.
11. Аба кемелерин жана башка маанилүү объектерди, ошондой эле ички объектик режим киргизилген аэродромдордун аймагында күзөт боюнча кызмат өтөө күжүрмөн милдетти аткаргандык болуп саналат жана САБдын, ВОХРдун бүткүл жеке тутумунан ушул Жобонун талаптарын так аткарууну, өтө кыраакылыкты, кызмат милдеттерии аткарууга аң сезимдүү мамиле кылууну, куралды жана башка техникалык каражаттарды жакшы колдоно билүүнү, юридикалык жактар жана жеке адамдар менен САБдын, ВОХРдун кызматкерлеринин укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзамга ылайык актыларын сактоону талап кылат.
12. Посттук кызматты өтөө, режимдик жана өрткө каршы иш чараларды аткаруу үчүн САБдын, ВОХРдун тутумунан дежур сменалар (кароолдор) жабдылып, иш режими так аныкталат.
13. Постторго окутуудан өтпөгөн, алгачкы даярдык программасын өздөштүрбөгөн, куралды, атайын техниканы колдонуу эрежелерине, эмгекти коргоо эрежелерин сактоого үйрөтүлбөгөн, ушуга тийиши бар нормативдик-укуктук базаны билбеген жана оорулуу адамдарды дайындоого тыюу салынат.
14. Граждандык авиациянын ишканалары турган жерден алыс бөтөнчөлөнгөн аймагы бар өзгөчө маанилүү объектерде (радионавигациялык объект ж б.) посттук кызмат өтөө үчүн өзүнчө посттор коюлат.
Өзүнчө посттор (наряддар) атайын жүктөрдү, атайын почтаны, акча каражаттарын транспорт менен ташууда күзөтүү үчүн дайындалышы мүмкүн.
15. Аэропорттордун, авиаишканалардын объектеринде постордун санына, алардын өз ара жайгашуусуна жана жайгашуу ордуна жараша бир же бир канча САБдын дежур сменасы (ВОХрдун кароолдору) уюштурулат. САБдын дежур сменасы (ВОХРдун кароолдору), адетте, суткага жабдылат, бирок аларды 8,12,16 саатка жабдууга жол берилет.
16. САБдын дежур сменалары (ВОХРдун кароолдору) алар аткарып жаткан милдеттерге жараша кызмат өтөөнүн белгилүү багытына адистешкен жеке тутум менен комплектелет, бирок жетиштүү жекече, кесиптик даярдыгы болгондорду өз ара алмаштырууга жол берилет.
17. САБдын (ВОХРдун) дежур сменалары түздөн-түз аэропорттун, авиаишкананын башчысына жана САБдын (ВОХРдун) башчысына баш ийет, жана ушулардын тутумунан жабдылат. Өрт кароолдору мындан тышкары өрт күзөтүү отрядынын (ОПО) башчысына баш ийет.
18. Аэропорттун, авиаишканынын башчысынын, САБдын башчысынын көрсөтмөлөрү, буйруктары эгер алар кат жүзүндө баяндалса жана кызмат өтөөнү уюштурууну жөнгө салуучу нормативдик-укуктук документтеги карама-каршы келбесе аткарылууга милдеттүү.
19. САБдын дежур сменалары КППнын контролерлорунун, күзөт аткычтарынын, САБдын инспекторлорунун, САБдын инструкторлорунун жана старший инспекторлорунун штатынан, текшерүү боюнча агенттерден жана старший агенттерден, атайын жана патрулдук автомашиналардын айдоочуларынан комплектелет.
20. САБдын дежур сменасына жетекчиликти сменанын башчысы жүзөгө ашырат. Анын оперативдүү баш ийүүсүндө өрт жана аткыч-өрт кароолдору (ОПО жана ВОХР), ошондой эле өткөрүү бюросунун кызматкерлери болот.
21. Аэродромдорду, аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектилерди түздөн-түз күзөтүүгө кызмат өтөөнүн убагы жана орду посттун табели боюнча конкреттештирилген САБдын дежур сменасынын бүткүл жеке тутуму пайдаланылат.
22. САБдын (ОПО, ВОХР) дежур сменасынын тутумуна кирген адамдарга кызмат өтөөнүн убагында жасаган күнөөлөрү үчүн тартип жазасы дежур сменага, бүткөндөн кийин же аларды башка адамдар алмаштыргандан кийин берилет. Эгерде күнөөсүнүн мүнөзү боюнча САБдын, сменасынын кызматкери кызматты андан ары өтөөгө жиберилбегендей болсо, дежур сменанын башчысы аны кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Чечим посттук ведомостко киргизилет жана кошумча түрдө башка кызматтык документтер (рапорт, акт) менен негизделет.
23. САБдын дежур сменасынын жеке тутуму атайын милдеттери жана полномочиелери жөнүндө шек туудурбагыдай айырмачылык белгилери бар формалык кийимчен, бузугу жок жана, объектин жана өткөрүү режиминии ичинде баш ийбеген же кармоо убагында каршылык көрсөткөн тартип бузуучуну (душманды) токтотууга жарактуу сайлуу жана жеке коргонууга арналган куралчан болууга тийиш.
24. САБдын (ВОХРдун) дежур сменаларын курал жана ок дары менен, ошондой эле жекече коргонуунун атайын каражаттары менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасында белгиленген тартипке жана эрежелерге ылайык, Ички иштер министрлигинин контролдугу астында жүзөгө ашырылат.
25. САБдын дежур сменасынын ар бир кызмат бөлмөсүндө кокусунан атылып кеткенде коопсуздуктун талаптарына жооп бергидей (ок кармагычы бар) куралды октоо жана огун чыгаруу учүн атайын жай болуш керек.
26. Куралды октоо жана огун чыгаруу атайын жабдылган жерде, САБдын, ВОХРдун инспекторунун же старший инспекторунун контролу астында гана жүргүзүлөт, мында куралдын оозу 45-60 градус бурчтукта жогору карай жана ок кармагычты карай багытталууга тийиш.
27. Куралды октоо жана огун чыгаруу мылтык атуу иши боюнча насааттарда баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Курал магазиндин толук сыйымдуулугунда октолот жана бекиткичке коюлат. Патрон патронникке жиберилбейт. Посттордо куралды бир постовойдон экинчи постовойго берүүгө тыюу салынат.
28. САБдын дежур сменасынын кызматтык жайы аткарыла турган милдеттеринин бөтөнчөлүгунө максималдуу ыңтайлаштырылган болууга тийиш жана анда башка адамдардын болушун толугу менен жок кылгыдай иштин автономдук режямин камсыз кылууга тийиш (текшерүүчүлөр аэропорттун, авиаишкананын башчысы же САБдын башчысы кол койгон көрсөтмөлөр боюнча гана киргизилет).
1V. Нарядка кирген САБдын дежур сменасын
даярдоо жана инструкциялоо
29. САБдын дежур сменасы САБдын башчысы күн тартибине ылайык бекиткен сменалык графикке ылайык инструкция өткөрө турган жерге келет.
30. Жалпы кабыл алынган иш режиминде сменанын графиги жумушчу убактысынын айлык нормасына ылайык белгиленет жана нарядка киришүү үч суткадан эрте болушу мүмкүн эмес, бирок зарылчылык болуп калган учурда штаттык тутум эки сутка өткөндөн кийин деле нарядка дайындалышы мүмкүн.
31. Жеке тутумду инструкциялоо САБдын башчысы, анын орунбасары же ишке кирише турган сменанын башчысы тарабынан мурункуну алмаштырганга чейин 30 минута мурда жүргүзүлөт. Инструкциялоо болуп өткөн өзгөрүштөрдү, анын ичинде расмий келип түшкөн буйруктарды, көрсөтмөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.
32. Инструкция жүргүзүүчү адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- жеке тутумдун сменага өз убагында келишин текшерүү;
- анын кызмат өтөөгө даярдыгы, сырткы келбети, ден соолугунун абалы, өз милдеттерин билиши, куралынын жана экипировканын техникалык каражаттарынын оң экендиги;
- кызмат өтөө жерлеринде кызматтык инструкциялардын жана бөтөнчө милдеттемелердин аткарылышына, ошондой эле куралды колдонуу эрежелерин билишине жана чукул жагдайларда өз ара аракеттенүүнүн эржелерин билишине жеке тутумдун көңүлүн буруу;
- өткөн сутканын ичинде кызмат өтөөнүн тыянагын кыскача чыгаруу жана нарядка киришип жаткан сменага милдеттерди коюу.
33. Инструкциялоонун натыйжалары, сын-пикирлрр, өзгөчөлүктөр жана милдеттер сменанын башчысы тарабынан посттук ведомоско киргизилет, ошол эле тарабынан посттор жана сменалар боюнча жеке тутумду бөлүштүрүү жарыяланат.
34. Форма боюнча кийинбей кызмат өтөө үчүн келген жеке тутумга кызмат өтөөгө уруксат берилбейт. Мындай көрсөтмөнүн катуулугу жаңжал кырдаалдарга жол бербөөнүн зарылчылыгынан келип чыккан, мындай учурда САБдын кызматкерлерине дене жагынан зыян келтирилиши же жаңжалдашып жаткан тараптардын укуктарынын жана полномочиелеринин белгисиз болгон кырдаалдарында куралдын колдонулушу мүмкүн мунун өзу эң олуттуу юридикалык крсрпеттерге алып келиши мүмкүн.
V. САБдын (ВОХР, ОПО) дежур сменасына
адамдарынын укуктары жана милдеттери
Сменанын башчысы
35. САБдын сменасынын башчысы САБдын башчысына жана анын орунбасарына баш ийет. Ал сменанын бүткүл тутуму үчүн түздөн-түз башчы болуп саналат жана төмөндөгүлөр үчүн жооп берет:
- аба кемелерин өзгөчө маанилүү объектерди, аэродромдун, аэропорттун аймагын күзөтүү жана коргоо;
- өткөрүү режимин уюштуруу, айрым аймактарда жана объектерде ички объект режимин сактоо, авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча стандарттык чараларды, эрежелерди жана процедураларды уюштуруу жана аткаруу;
- жеке тутумдун күжүрмөн даярдыгы жаяа алардын кызматты сапаттуу өтөшү;
- куралдын, кароол жайларындагы жана посттордогу байланыш каражаттарынын техникалык мүлктүн жана шаймандын жакшы сакталышы жана оң болушу;
- жүргүнчүлөрдүн атайын контролдоо зоналарында ИТСОнун жана издөө техникасынын оң болушу;
- жеке тутумдун коопсуздук жана эмгекти коргоо эрежелерин сакташы.
36. Сменанын башчысы төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Ррспубликасынын аэропортторунда жана авиаишканаларында ички объектилик өткөрүү режимин бузууну токтотууга;
- кайтарыла турган объекттер, постовойго же кароолдук жайга ачык кол салган учурда өзү эскертүүсүз куралды колдонушу же жеке тутумга куралды колдонууга буйрук бррүү;
- аэродромдордун, аэропорттордун аймагында же айрым корголуп турган объектерде белгиленген ички объект жана өткөрүү режимин бузган адамдарды күч менен кармоого чараларды колдонууга, авиациялык коопсуздуктун стандарттык чараларын көрүү, кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартуу үчүн документтерди юридикалык жактан түзүү;
- эгерде мындай буйруктар, көрсөтмөлөр кызмат өтөөнүн таламдарына карама-каршы келсе жана аэропорттун, авиаишканасынын кылмыштык кол салуудан корголушун бошоңдотсо түздөн-түз башчы болуп саналбаган адамдардын көрсөтмөлөрүн, буйруктарын четке кагуу жана аткарбоо;
- эгерде андан ары кызматта пайдалануу каалабагандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо өзүнө баш ийген САБДын кызматкерлерин же оперативдик баш ийүүдө турган кызматкерлерди кызмат өтөөдөн четтетүү.
37. САБдын (ВОХР) сменасынын башчысы төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- авиациялык коопсуздук кызматынын ишин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук документтерди жана инструкцияларды, ошондой эле сменанын бүткүл штабдык тутумунун кызматтык инструкцияларын билүү жана тийиштүү кесиптик деңгээлде алардын аткарылышын камсыз кылуу:
- өзгөчө маанилүү иш участкасында жеке тутумдун маневрларын жана кайра топтолушун өз убагында жүзөгө ашырып, аэропорттун өндүрүштүк ишиндеги түзүлгөн оперативдик кырдаалды эске алуу менен сменанын ишин уюштуруу;
- режимдик аймакта тартип бузуулар жөнүндө кабарлар келип түшкөн же ИТСО каражаттары иштеген учурда тревога боюнча оперативдик топтун өз убагында чыгышын камсыз кылуу;
- бүткүл оперативдик маалыматтын келип түшүшүнүн жана ага карата көрүлгөн чаралардын так хронометрдик убактын жүргүзүү, ошондой эле белгиленген реестрге ылайык сменанын башчысынын документтерине маалыматтык-статистикалык жана башка кызматтык жазууларды киргизүү;
- чукул жагдайлар, окуялар жөнүндө маалыматты бекитилген схемага ылайык берүүнүн өз убагында болушун, толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу;
- посттордун, маршруттардын өзгөчөлүктөрүн, атайын милдеттерин, техникалык мүлктүн оң экендигин, документтерди, куралды жана байланыш каражаттарын билгендигин текшерүү менен кызмат өтөгөн жерлерде ага баш ийген жеке тутумдун кызматтык милдеттемелерин аткарышынын сапатын дежурлук суткада кеминде 2 жолу жеке контролдоо;
- посттук ведомоско ылайык посттордун, патрулдук топтордун, дежур сменалардын алмашуусунун графигин катуу сактоо;
- куралдардын, ок дарылардын, байланыш жана сигнализация каражаттарынын, коргонуунун атайын каражаттарынын, анын ичинде өрткө каршы каражаттардын бар экендигин жана пайдаланылышын көзөмөлдөө;
- үстүдөгү айга бекитилген пландык, күжүрмөн жана кызматтык даярдых программалары боюнча жеке тутумду үйрөтүү;
- кызмат жайларында белгиленген тартипти жана ички иш режимин сактоо;
- аэропорттордо авиаишканаларда кылмыштуу кол салуудан коргонуунун анын ичинде коомго же авиациялык коопсуздук коркунучу болгондо иштелип чыккан жана бекитилген системаны билүү жана алар боюнча жеке тутумдун пландык машыгууларын жүргүзүү.
18. САБдын (ВОХРдун) смена башчысы резервдик жана эс алып жаткан сменанын бир бөлүгү ошондой эле куралдар жана ок дарылар жайгашкан ички кызмат жайларына жана пюстторго кызмат өтөөнү текшерүү үчүн келген жана аэропорттун, авиаишкананын башчысы же САБдын башчысы кол койгон көрсөтмөлөрү бар адамдарды гана киргизет.
39. Сменанын башчысына төмөндөгүлөр тыюу салынат.
- өзүнө күзөтүүгө ишенилип берилген аэропорттун, авиаишкананын аймагынан чыгып кетүүгө, аэропорттун авнаишканасынын башчысынын же САБдын башчысынын, ошондой эле аларды алмаштырган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу болбосо өзүнүн полномочиелерин башка адамдарга өткөрүп бррүүгө;
- чукул кырдаалдардан башка учурда посттордун бекитилген дислокациясын өз бетинче өзгөртүүгө, мында аэропорттун, авиаишкананын бир кыйла олуттуу таламдары көңүлгө алынган өзгөчө кырдаалдардан башка учурларда посттордун бекитилген дислокациясын өз бетинче өзгөртүүгө;
- эгерде аэропорттун авиаишкананын башчысынын кат жүзүндөгү түздөн-түз көрсөтмөсү болбосо кимдин да болбосун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Граждандык авиациянын Эл аралык уюмунун сунуштарынын негизинде же аларды аткаруу иретинде иштелип чыккан жана бекитилген Жоболор жана Инструкциялар аныктаган мүлктүк коомдук же авиациялык коопсуздуктуи стандарттык чараларын бошоңдотуучу буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткарууга.
САБдын (ВОХР) старший инспектору
40. САБдын старший инспектору сменанын башчысына баш ийет жана кызматы боюнча анын орунбасары болуп саналат, ал төмөндөгүлөр үчүн жооп берет:
- посттордо, маршруттарда жана сменанын башка жумушчу орундарында жеке тутумдун кызмат өтөөсүн уюштуруу;
- кызмат жайларындагы жабдуулардын транспорттук каражаттардын турмуш-тиричилик техникасынын бар экендиги жана оң болушу;
- сменанын зарыл документтер, бланктар журналдар менен камсыз болушу;
- жайларда жана тутумдаш аймакта санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо;
- дежур сменанын ички иш тартибин сактоо;
- аэропорттун, авиаишкананын күзөтүлүүчү аймагында режимдик чектөөлөрдү колдоо боюнча инспекторлордун, КПП контролерлорунун, текшерүү кызматкерлеринин, аткычтардын ишинин жекече көрсөткүчтөрүн эсепке алуу;
- САБдын документтеринин абалы жана өзүнө түздөн-түз баш ийген инспекторлордун ишинин уюштурулушу.
41. Старший инспектор төмөндөгүлөргө укуктуу:
- режимдик чектөөлөрдү бузууларды, кызмат өтөөнүн белгиленген эрежелеринин четтөөлөрдү жана бузуктуктарды жоюу боюнча кечиктирилгис өз алдынча чечимдерди кабыл алуу;
- сменанын башчысынын ордун алмаштырууда анын бүткүл бийликтик полномочиелерин толук пайдалануу.
42. Старший инспектор төмөндөгүлөргө милдетүү:
- дежур сменанын бүткүл тутумунун кызматтык инструкциясын билүү жана кызмат өтөө мезгилинже плардын аткарылышын контролдоо.
- административдик мыйзамдардын нормаларын билүү жана аны тартип бузуучуларды кармоодо белгиленген режимдик чектөөлөрдү бузууларды документтештирүүдө Кыргыз Республикасынын Аба Кодексинин X главасына ылайык пайдалана билүү;
- ички объекттик жана өткөрүү режимин, авиациялык коопсуздук эрежелерин бузган адамдарды, аэропорттун, авиаишкананын аймагында материалдык байлыктарды уурдоочуларды табуу жана кармоо боюнча натыйжалуу иштин ыкмаларына жана методдоруна жеке тутумду үйрөтүү;
- кызмат жайларында жана посттордо жабдуулардын, шаймандын жана байланыштын оң болушуна, режимдик аймактын жарык болушунун абалына көз салуу, бузуктуктарды жана кемчиликтерди өз убагында четтетүү боюнча чараларды көрүү;
- эсеп журналына киргизиле турган атайын маалыматтын тактыгын, айкындыгын, тууралыгын жана калыстыгын камсыз кылуу менен контролдук-өткөрүү пункттарында (КПП) документтердин абалына көз салуу.
43. САБдын (ВОХР) дежур сменасынын старший инспекторуна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- өзүнүн түздөн-түз башчысы болуп саналбаган адамдардын көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын эгерде мындай көрсөтмөлөр, буйруктар авиациялык коопсуздуктун таламдарына карама-каршы келсе аткарууга;
- аэропорттун башчысынын, САБдын башчысынын кат жүзүндөгү буйругу боюнча аэропортто, авиаишканасында белгиленген аваициялык, коомдук жана мүлктүк коопсуздуктун стандарттык чараларын өзгөртүүгө жол берүүгө.
САБДын инструктору
44. САБдын инструктору сменанын башчысынын баш ийүүсүндө болот жана куралдын, ок дарынын, жеке коргонуунун атайын каражатынын, атайын кийимдин жана алардын сапаттык абалы жеке тутумдун ок атуучу куралдын түзүлүшүн билиши, алар менен коопсуз кайрылуунун чараларын бөтөнчө учурларда куралды колдонуунун аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объекттерди күзөтүүгө кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн белгиленген тартибин аткарууну камсыз кылуу жана аларды атайын уруксаты бар адамдар тарабынан күзөттөн ачынышы үчүн жооп берет.
45. Инструктор төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызмат абалына карабастан бардык кызмат адамдарынын куралды алууга жана пайдаланууга расмий документтерди көрсөтүшүн талап кылууга;
- эмгекти коргоонун жана куралды колдонуунун иштелип чыккан жана бекитилген эрежелерине ылайык атайын окукуудан чыкканн адамдарга куралды, ок дарыны бербөөгө.
46. САБдын инструктору төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- белгиленген эрежелерге ылайык куралды, ок дарыны атайын жана техникалык экипировканы өзүнүн жоопкерчилигине алууга;
- бүт дежур сменанын ичинде куралдын, ок дарылардын жана башка атайын каражаттардын шалакылык менен пайдаланылышына жол бербөө менен алардын оң болушун контролдоого;
- жеке тутумдун куралды пайдалана билишине, анын түзүлүшүн билүүгө, колдонуу эрежелерине жана техникалык мазмунуна үйрөтүүгө;
- бир айлык графикке ылайык куралды текшерүүнү, тазалоону жана майлоону уюштурууга жана бул жөнүндө куралды техникалык жактан көз салуу карточкасына белги жасоого;
- күзөт объектерин ачууга укугу бар адамдарды киргизүүнүн контролдук үлгүлөрүнө ээ болууга жана конкреттүү адамдар көрсөткөн кирүү кагаздарынын тууралыгын текшерип салыштырууга;
- күзөтүүгө кабыл алынган аба кемелеринин жана объектердин санын, ичине кирүүгө мүмкүндүк бербеген кулпулардын, пломбалардын бөгөт түзүлүштөрдүн санын көрсөтүү менен объективдүү туура журналдык эсебин жүргүзүүгө, күзөтүлүп жаткан аба кемелеринин жана объектердин кабыл алуу-өткөрүү ким тарабынан, качан жүргүзүлгөндүгүнүн убагын көрсөтүлгөн документтердин номерин жазып турууга;
- посттордо жана патрулдоонун маршруттарында жеке тутумдун кызмат өтөшүнүн сапатын дежур суткада кеминде 2 жолу текшерип, текшерүүнүн натыйжасын посттук ведомоско жазууга.
47. Инспекторго тыюу салынат:
- күзөтүлүүчү объектерди кабыл алуунун, өткөрүүнүн белгиленген тартибинен четтөөгө;
- бузуктугуна жана ылайык келбегендигине алдын ала акт түзүлүп, аэропорттун башчысынын, САБДын башчысынын кат жүзүндөгү буйругу болгондон башка убакта бузугу бар же белгиленген стандарттарга ылайык келбеген аба кемесин жана объектерди күзөтүүгө алууга.
САБдын (ВОХР) инспектору
48. САБдын (ВОХР) инспектору САБдын смена башчысынын баш ийүүсүндө болот жана төмөндөгүлөр үчүн жооп берет: аэропорттун, авиаишканасынын бардык кызматкерлеринин жана аба кемелеринин экипаждарынын постун аймагынын, өзү кызмат өтөп жаткан маршруттун чектеринде белгиленген стандарттык, режимдик чараларды, эрежелерди жана процедураларды сакташы үчүн; эгерде өзүнүн күзөтүү астында болсо аба кемелеринин жана объктердин сакталышын камсыз кылуу үчүн.
49. САБдын (ВОХР) инспектору төмөнкүлөргө укуктуу:
- коомдук, авиациялык жана мүлктүк коопсуздукту камсыз кылуу максатында аэропортто, авиаишканасында белгиленген стандарттык чараларды, эрежелерди жана процедураны бузган адамдарды кармоого, ким экендигин аныктоого, акты түзүүгө жана САБдын дежур сменасынын кызмат жайына жеткирүүгө;
- ушул Жобонун атайын бөлүмүндө белгиленген тартипте жана учурларда куралды жана атайын каражаттарды колдонууга.
50. САБдын (ВОХР) испектору төмөндөгүлөр үчүн жооп берет:
- өзү кызмат кылган аймактын чегинде аэропорттун (авиаишкананын) жана аба кемелеринин эксплуатанттарынын бардыгы белгиленген стандарттык режимдик чараларын, эрежрлерин жана процедураларын сакташына;
- бийликтик полномочиелерин колдонуунун объективдүүлүгү, негиздүүлүгү, принципиалдуулугу жана мыйзамдуулугуна;
- өзгөчө учурларда куралды жана атайын каражаттарды колдонуунун укук ченемдүүлүгүнө;
- өзү күзөткө алган аба крмрлерин жана объектерди күзөтүүнүн ишенимдүүлүгүнө;
- авиациялык-техникалык базанын инженердик техникалык кызматкерлеринин (АТБ) ЖР аба кемелеринин экипаждарынын оперативдик тейлөөсүндө турган аба кемелерине киргизүүнүн белгиленген эрежелерин сактоого.
51. САБдын (ВОХР) инспекторуна САБдын башчысынын макулдугу болмоюнча өзү кызмат өтөп жаткан аймактын чек арасында аэропорттун, авиаишкананын өндүрүштүк технологиясында каралбаган жана коомдук, мүлктүк же авиациялык коопсуздукка зыян келтирүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон ар кандай көрсөтмөнү аткарууга кабыл алууга жана аткарууга уруксат берүүгө тыюу салынат.
Постовой
52. Постовой чектелүү аймакта жайгашкан аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү үчүн коюлат. Ал САБдын (ВОХР) смена башчысына баш ийет, күзөткө алынган аба кемелеринин, объекттердин бүтүндүгү, сакталышы үчүн жооп берет. Ким гана болбосун посттун чек арасында күзөтүлүп жаткан аймакка сменанын башчысынын, старший инструкторду же посттук ведомостко ылайык постовойлорду алмаштыруу боюнча милдеттерди аткарып жаткан инспектордун коштоосу болмоюнча киргизилишине жол бербейт.
53. Постовой аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча коюлган күжүрмөн милдетке ылайык ушул Жобонун VII бөлүмүндө белгиленген тартипте жана учурларда курал колдонууга укуктуу.
54. Постовой төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- сыртынан бузулгандыгын, бузуктугун, мөөрлөрдүн, пломбалардын, кулпулардын бүтүндүгүнүн бузулгандыгын айкындоо максатында аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди карап чыгууга;
- күзөтүлүп жаткан аба кемелеринин, объекттердин күзөтүүгө кабыл алууга даярдыгын жана алардын техникалык каражаттар менен корголгондугун, анын ичинде өрткө каршы коопсуздук боюнча корголгондугун текшерүүгө.
- посттун чек арасын билүүгө, ким гана болбосун, анын ичинде өтө татаал учурларда коргонуу каражаты катары куралды колдонуу менен күзөтүлүп жаткан аймакка кирип келүүгө ар кандай аракеттерди токтотуу менен посттук кызматты кыракылык менен өтөөгө;
- күзөтүлүп жаткан аймакта кандайдыр бир бузуктук же тартип бузуулар айкындалганда САБДын (ВОХР) сменасынын башчысын чакырууга.
55. САБДын (ВОХР) постовоюна төмөндөгүлөр тыюу салынат:
- кызмат өтөөдөн алагды болууга, дааратканага барууга;
- күзөтүлүп жаткан аймакты калтырып кетүүгө, уктоого, чылым чегүүгө, башка кишилер менен катнаш түзүүгө;
- курал менен ойноого;
- күзөтүп жаткан аймак чектелүү көрүнгон посттук будкада 3-5 минутадан ашуун болууга.
56. Посттордо кызмат өтөөнү уюштуруунун өзгөчө шарты сменалык постовойдун кызматтык шарттарга ылайык кийим менен камсыз болушу болуп саналат. Ушул шарт аткарылганда постовойдун посттук буткада болушу аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүүнүн тартибин жана эрежелерин одоно бузгандык болуп саналат.
САБдын (ВОХР) күзөтчүлүк наряды
57. САБдын (ВОХР) күзөтчүлүк наряды белгилүү, бектилген маршрутта аба кемелерин жана өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча күжүрмөн милдетти аткарат жана алардын корголушун күчөтүүнүн негизги же кошумча чарасы болуп саналат. Күзөтчүлүк наряд жөө же моторлоштурулган болот.
58. Жөө, ошондой эле моторлоштурулган күзөтүүнүн маршрутунун узундугу күзөтүлүп жаткан аймак боюнча жол жүрүүдөн 30 минутадан ашпоого тийиш.
59. Маршрутта күзөт обьектерин карап чыгуу кийин натыйжаларын посту кабыл алуу - өткөрүп берүү журналына жазуу менен күзөтчүлүк нарядды алмаштырууда жүзөгө ашырылат.
60. Адетте, күзөтчүлүк наряд САБдын (ВОХР) кеминде эки кызматкеринен турат. САБДын (ВОХР) бир кызматкеринин күзөтүүсүнө бөтөнчө учурларда гана жол берилет. Күзөттүк наряд темөндөгүлөргө милдеттү:
- ИТСОнун иштешине оперативдүү мамиле кылууга, күзөтүлүп жаткан объектердин мүмкүн болгон бузулушу жөнүндө ар кандай маалыматты текшерүүнү камсыз кылууга;
- аба кемелерин жана күзөтүлүп жаткан объектерди текшерүүнү жүргүзүүгө, мында кирүүчү эшиктер, жүктөөчү, авариялык люктары, зкипаждардын кабиналарынын форточкалары жана башка техникалык тешиктер жабык болушуна көңүл бурууга;
- экипаждардын, авиатехникалык базанын (АТБ) жана башка кызматтардын жоопкерчилиги астында турган аба кемелеринин күзөтүлүшүнүн абалын контролдоого;
- кийин териштирүү жана административдик жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүү жана ички объект режимин бузууларды кармоого;
- күзөтүү зонасында адамдардын жана транспорттук каражаттардын болушунун укукка ылайыктуулугун, алардын кимге таандыгын, режимдик аймакта иш аткарууга уруксат берген белгиленген формадагы уруксат кагаздардын бар экендигин текшерүүгө;
61. Авто күзөтүүдө пайдаланылуучу транспорттук каражаттар минутасына 75+15 жарк эте турган кеминде 40 кандел сары түстөгү, сутканын мезгилине карабастан иштетилүүчү жаркылдак оттор менен, радио байланыш каражаттары, анын ичинде учуунун жетекчиси менен байланыш үчүн ишке киргизилүүчү байланыш каражаттары менен, издөөчү пара, ошондой эле эмблемасы жана "Авиациялык коопсуздугу кызматы" деген жазуусу бар трафарет менен жабдылууга тийиш.
САБДын КПП контролеру
62. САБдын КПП контролеру САБДын смена башчысынын баш ийүүсүндө болот жана аэропорттун (авиаишкананын) контролдук аймагына жеке адамдарды жана транспортту өткөрүүнүн негиздүүлүгү үчүн, аларды текшерүүнүн сапаты, аймакка өткөрүлгөн адамдар жана транспорт жөнүндө болгон маалыматтын тууралыгы үчүн жооп берет.
63. КПП контролерунун милдетине төмөндөгүлөр кирет:
- конкреттүү жумуш ордуна өткөрүү режимин уюштуруу жөнүндө кызматтык инструкцияны;
- иш документтерин жана аны жүргүзүүнүн тартибин, өткөрүү бланктарын, күбөлүктөрдү, транспорттук накладнойлорду, материалдык жооптуу адамдын койгон колунун үлгүлөрү бар бир жолу берилүүчү материалдык пропускаларды билүү;
- контролдук аймакка өтө турган адамдын ким экендигин күбөлөндүргөн документтерди кунт коюп изиддөө, мөөнөтү өтүп кеткен, жасалма же оңдолгон документтер менен, ошондой эле кол жүгүн, жүктү, транспорт каражаттарын тыкандык менен текшерүүсүз өтүп кетишинин мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
- авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде мааниси болгон бардык маалыматтарды толук эсепке алууну камсыз кылгыдай белгиленген тартипте аларды текшерүүсүз, каттоосуз башка ведомстволордун, уюмдардын, башкаруу органдарынын пропускун же күбөлүгүн көрсөткөн адамдардын контролдук аймакка өтүп кетишине жол бербөө;
- транспортту текшерүү, санын, аттарын салыштыруу жана ташылып чыгарылган нерсенин - КППда көрсөтүлгөн материалдык пропускка туура келерин текшерүү жолу менен күзөтүлүп жаткан режимдик аймактан материалдык байлыктардын ташылып (алып) чыгарылышын контролдоо.
64. КПП контролерлоруна тыюу салынат:
- кызматтык инструкциянын талаптарына ылайык КПП документтеринде катталган САБДын смена башчысынын расмий ырастоосу жок кызматтык жана башка адамдардын ар кандай көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- Кыргыз Республикасында белгиленген авиациялык коопсуздуктун стандарттарында каралган режимдик чектөөлөрдү өзгөртүүгө, жөнөкөйлөтүүгө же бошоңдотууга багытталган чечимдерди кабыл алууга.
65. Кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары.
- бир эле убакта келгендерди жана транспорттук каражаттарды өткөрүү жүзөгө ашырыла тургаи интенсивдүү өткөрүү режиминин жерлеринде КППДагы иш кеминде 2 адамдан турган атайын наряд менен камсыз кылынат, алардын бири штаттык табелдик атуучу курал менен жабдылууга тийиш;
- куралды колдонууга ушул Жобонун атайын VII бөлүмүндө белгиленген тартипте жана учурда жол берилет.
- КПП Кыргыз Республикасынын Өкмөгү бекиткен "Авиациялык коопсуздуктун нормаларында жана эрежелеринде жана процедураларында" көрсөтүлгөн негиздер болгондо адамдарды жана транспортту атайын контролдоону камсыз кылуу үчүн текшерүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылууга жана камсыздалууга тийиш.
САБ кызматынын дежур сменасынын башка кызмат
адамдарынын кызмат өтөөсүн уюштуруунун тартиби
66. Жүргүнчүлөрдү, адардын кол жүгүн жана багажын, экипаждын мүчөлөрүн, жүктөрдү, почтаны жана борттук запастарды текшерүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткаруучу САБдын агенттери өз ишинде жергиликтүү шарттарды эске алуу менен конкреттүү аэропорт үчүн иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын аэропортторунда "Авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун нормаларын, эрежелерин жана процедураларын жана "Атайын контролду жүргүзүүнүн технологиясын" жетекчиликке алышат.
67. Күзөттүн инженердик-техникалык каражаттарынын (ИТСО) диспетчердик тутуму САБдын смена башчысына баш ийет жана өрттөн коргоо сигнализациясы иштеген учурда же колдо болгон байланыш каражаттары менен келип түшүп, күзөтчүлүк нарядка жана өрт кароолуна берилчү маалыматтын тууралыгы, өз убагында болгондугу, жаңылышсыздыгы үчүн жооп берет.
Диспетчердик тутумдун милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
- күзөттөө үчүн объекттерди кабыл алууга уруксаты блр адамдардын жеке маалыматтарын, күзөттөө үчүн объекти кабыл алуунун убагын, күзөттөн объектти чыгаруунун аракеттерин жазып белгилөө менен обьекттерди күзөтүүгө кабыл алуунун тартибин сактоо;
- ИТСО каражаттары иштегенде же байланыштын каналдары боюнча келип түшкөн башка маалыматты текшерүү үчүн өз убагында тревога жарыялоо, так жана кыска маршрут менен күзөттөө тобун, өрт өчүргүчтөрдү жөнөтүү;
- келип түшкөн маалыматты, ага кызмат адамдарынын мамилесин, реалдуу аракеттррди аткаруунун жүрүшүндө окуялардын өнүгүшүн хронометрлөө;
- "Тревога" сигналы боюнча иш чараларга тартылган жеке тутум менен оперативдүү байланышты түзүп, алардын аракетиндеги башкаруучулукту, маневрдүүлүктү жана макулдашкандыкты камсыз кылуу.
VI. САБдын дежур сменасын уюштуруунун ички
тартиби
68. САБдын кезектеги дежур сменасы САБдын башчысы 1 айга түзгөн сменалуулуктун графигине ылайык дежурлукка чыгат. Сменасынын саны иштин көлөмү, жумуш убагынын нормасы менен аныкталат жана аэропорттун, авиаишкананын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
69. Дежур сменанын жеке тутуму САБДын кызмат жайларында жана посттук ведомост боюнча убакыттын расписаниесине ылайык жумуш орундарында, посттордо, маршруттарда болот.
70. Жумуш орундарында, посттордо жана маршруттарда кызмат өтөөдө болбогон (эс алып жаткан смена) жеке тутуму кызмат жайларын, бекитилип берилген аймакты, куралды иретка келтирүү боюнча окууларга, чарбалык жумуштарга катышат. Посттордо кызмат өтөөдөн бош жеке тутумду белгилүү участкаларды, маршруттарды, күзөтчүлүк топторду күчөтүү, авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка атайын жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланууга жол берилет.
71. Иштин суткалык режиминде сменадан бош жеке тутумга чечинбестен жатып кыска мөөнөттүү эс алууга уруксат берилет, эс алуунун жалпы узактыгы 4 сааттан ашпоого тийиш, тамак ичүү кызматтык имаратта уюштурулат, анда санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык ашканалык жай, зарыл идиш аяк жана коммуналдык ыңтайлуулук болууга тийиш.
72. Жайларда ички тартипти кармоо график боюнча эс алып жаткан сменанын жеке тутумунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Ошолор эле келүүчүлөрдү өткөрүү режимин контролдошот.
VII. Куралды колдонуунун тартиби жана
эрежелери
73. САБдын дежур сменасынын кызмат адамдары аба кемелерин өзгөчө маанилүү объектерди күзөтүү боюнча кызмат өтөөнүн режимдик аймакты күзөтүүнүн жана өткөрүү режимин камсыз кылуунун мезгилинде ошондой эле авиациялык коопсуздукту камсыз кылууга таасирин тийгизүүчү өзгөчө жагдайлардын мезгилинде табелдик курал менен куралданышат.
74. Куралды колдонуу боюнча милдет төмөндөгүдөй учурда келип чыгат:
- күзөтүлүп жаткан объектке ачык кол салганда башка чаралар таасирлүү таасирлүү болбой калганда;
- режимдик аймакта каршылык көрсөткөн адамдарды кармоодо;
- башка мүмкүнчүлүктөр пайдаланылышы мүмкүн болбой калган учурда
- граждандардын же САБдын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ачыктан-ачык коркунучту токтотуунун зарылчылыгы болгондо.
75. Атуу үчүн куралды колдонуунун алдында "Токто, артка бас!"," Токто, оңго (солго) бас!", " Токто азыр атам!" деп катуу эскертүү болууга тийиш. Эскертүүлөрдү аткарбаганда асманга карай эскертип ок чыгарылат, ошондон кийин курал эыянсыздандырууга колдонулат.
Башкача ыкма менен токтотуу мүмкүн болбой калган учурда күтпөгөн жерден кол салган учурда гана эскертүүсү курал колдонулат.
76. Өмүргө жана ден соолукка зыян келтирбестен куралды колдонуунун ар бир учурунда САБдын кызматынын башчысы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, объективдүү тыянак чыгарылат, буга ылайык Кыргыз Республикасынын КЗОТунда каралган сыйлоонун же жазалоонун тийиштүү чаралары колдонулат.
77. Жарадар болгондо же өлтүрүлгөндө ИИМдин жана прокуратуранын өкүлдөрү чакырылат. Алар келгенге чейин окуя болгон жер алгачкы тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн мааниси болгон фактылык окуяларды калыбына келтирүү үчүн эч өзгөртүүсүз сакталууга тийиш.
78. Төмөндөгүдөй учурда куралды колдонууга тыюу салынат:
- кош бойлуу аялдарга жана жанында балдары бал адамдарга каршы;
- балдарга, өспүрүмдөргө кары-картаңдарга каршы;
- граждандар топтолгон жерлерде жана алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондо;
- куралды колдонуу менен токтотулган зыянга караганда ок чыгаруу көбүрөөк оор зыян алып келиши мүмкүи болгон учурда.
79. Жеке тутумдун куралды колдонуунун тартибин жана эрежелерин билиши контролдук сурап билүү жана натыйжаларын ведомосттордо көрсөтүп зачетторду алуу жолу аркылуу САБдын башчысы тарабынан жеке контролго алынат.
80. Зачет бере албаган адамдардын курал менен кызмат өтөшүнө жол берилбейт.
VIII. Аба кемелерии жана өзгөчө маанилүу
объектерди күзөтүүнү камсыз кылуу боюнча
аэропорттун, авиаишкананын кызмат адамдарынын
милдеттери
81. Аба кемелери техникалык тейлөөнүн авиациялык коопсуздукту жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуучу атайын режими бар өзгөчө татаал, кымбатка турган техника катары төмөнкүлөрдүн туруктуу күзөтүндө болууга тийиш, алар:
- аэропорттун, авиаишкананын авиаициялык техникалык базасы (АТБ);
- аваициялык коопсуздук кызматы (САБ, ВОХР);
- аба кемелеринин экипаждары;
- аба кемелеринин эксплуатанттарынын өкүлдөрү.
82. Аба кемелерин күзөткө алган кызмат адамдары аларды белгиленген тартипте башка кызмат адамдарына өткөрүп бергенге чейин алар үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
83. Аба кемесин бир кызмат адамынан экинчи кызмат адамына өткөрүп берүүнүн тартиби:
- эгерде самолет АТБнын жоопкерчилиги астында болсо цехтин, диспетчердик тейлөө пунктунун (ПДО) ачкычтарын кабыл алуунун жана берүүнүн журналындагы жана борт журналындагы так ачык жазылган жазуунун болушун карайт.
Аба кемесин экипаждан экипажка жана техникалык тейлөөгө АТБга өткөрүп берүү ушул сыяктуу жол менен жүзөгө ашырылат;
- бир дежурныйдан АТБнын турган жери боюнча экинчи дежурныйга өткөрүп берүү токтоп турган жай боюнча дежурныйдын журналындагы жазуусуна ылайык жүзөгө ашырылат:
- АТБнын турган жайы боюнча дежурныйдан же түздөн-түз экипаждан САБдын жоопкерчилигине өткөрүп берүү САБ журналы боюнча жүзөгө ашырылат.
84. Журналдар катуу отчеттуулукта болууга, барактарынын саны боюнча номерленүүгө, мөөрү жана каттоо номери болууга, кабыл алууда текшерилүүгө тийиш болгон аба кемесинин абалынын параметрлеринин максималдуу мүмкүн болгон тизмесин камтууга тийиш.
85. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда кабыл алынууга жана чыгарылууга тийиш болгон ар бир аба кемеси Эл аралык Граждандык авиациянын (ИКАО) нормаларына, эрежелерине жана стандарттарына ылайык авиациялык коопсуздук боюнча тейлөө менен камсыз кылынат, мына ушуга байланыштуу төмөндөгүдөй эрежелер белгиленет:
а) учуудан кийин мүмкүн болгон зыяндарын аныктоо жана экипаждар, эксплуатанттар тарабынан аэропорттун, авиаишкананын авиациялык коопсуздугу жагынан дооматтардын болушуна жол бербөө үчүн турган жеринде аба кемесин тышынан карап чыгуу;
б) турган жайында аба кемелерин күзөттөө үчүн САбдын жана АТБнын дежур сменасынын биргелешкен жоопкерчилиги, мында САБдын наряддары токтоо жайынын алдындагы контролдук зонанын чек араларын бузууну өз убагында токтотуу үчүн, АТБнын дежур сменасынын инженердик-техникалык тутуму - токтоочу жайлардын өзүндөгү режимдик талаптардын сакталышы үчүн жооп берет.
в) экипаждар кабыл алынган жана АТБнын же САБдын (ВОХР) инженердик-техинкалык тутумуна өткөрүлүп берилбеген аба кемелери экипиждын толук жоопкерчилигинин астында болот.
г) өзүнчө бөлүнгөн токтоочу жайларда жайгаштырылган аба кемелери коопсуздуктун жогорулатылган деңгээли менен камсыздалып, атайын коюлган постовойлор тарабынан күзөтүлөт. Мындай токтоочу жайга эч кимди, анын ичинде АТБнын иштеп жаткан сменасынын инженердик-техникалык тутумун да аба кемесинин токтоочу жайынан күзөттү алып салганга чейин киргизүүгө болбойт. Өзүнчө бөлүнгөн токтоочу жайлардын көчмө тосмолору жана эскертүүчү аншлагдары болууга тийиш.
86. Аба кемесин күзөтүп турган бардык адамдардын милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
- аба кемесине башка адамдардын келишине тоскоолдук кылуу;
- аба кемесинен башка адамдардын траптарды, тепкичтерди, жабдууларды жана механизмдерди алып салуу;
- тышкы эшиктерин кулпулоо.
Аба кемесинин ал жерде турганда ачык кармоо зарыл болгон кирүү точкалары (шассинин тешиктери, кыймылдаткычка кирүүчү панелдер, аба толтургучтар д.у.с.) чехолдордун брезенттин д.у.с. жардамы менен корголуп, мүмкүн болушунча печатталууга тийиш.
87. Аба кемеси үчүн жооптуу адамдар милдеттүү түрдө тышынан карап чыгуунун мезгилинде алмашканда ачык кирүү точкалары, мөөрлөрдүн бар экендиги самолет учууга даярданып же даярданбай жаткандыгына карабастан текшерилүүгө тийиш.
88. Аба кемесин күзөтүү үчүн жооптуунун адистигине жараша текшерүү (экипаж, авиатехниктер, САБ) авиациялык коопсуздукту же учуунун коопсуздугун камсыз кылгыдай аракеттердин атайын контролдук тизмеси боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
89. Аба кемелерин күзөтүүнүн белгиленген эрежелеринин сакталышы үчүн контроль ушул Жобого жана Граждандык авиацияда авиациялык техниканы техникалык жактан эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча Насаатка (НТЭРАТ ГА) ылайык АТБнын дежур сменасынын жетекчи тутуму менен бирдикте САБдын жетекчи тутуму тарабынан, ошондой эле аэропорттун, авиаишкананын жетекчи тутумунун инспекциялык текшерүүлөрү менен камсыз кылынат.
90. Өзгөчө маанилүү объектердин аймактарындагы (радиолокация, ГСМ, КДП, ж.б.) режимдик чектөөлөр САБ менен макулдашкандан кийин аэропорттун, авиаишканасынын тийиштүү кызматтарынын жетекчилери тарабынан белгиленет. Белгиленген чектөөлөрдүн сакталышы үчүн жоопкерчилик ушул объектердин жетекчилерине жана САБдын администрациясына жүктөлө