Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 7-февралындагы N 86 токтомуна ылайык
колдонулушу токтотулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 24-мартындагы N 166
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аба транспортунун
эксплуанттарын сертификаттоо жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин нормаларына, Кыргыз Республикасынын аба транспортунун иштерин жөнгө салуучу башка нормативдик актыларына, Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 18-декабрынан бери мүчө болуп келаткан Граждандык авиациянын эл аралык уюмунун эрежелери менен процедураларына ылайык иштелип чыкты.
2. Авиаишканаларды жана жеке эксплуанттарды сертификаттоо аба кемелерин чыгаруу, алардын учууларын камсыздоо жана тейлөө, авиациялык жумуштарды жана ташууларды аткаруу, граждандык авиациянын авиациялык кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча иштердин бардык түрүн мамлекеттик көзөмөлдөө системасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналат.
3. Граждандык авиацияда иш жүргүзгөн авиаишканаларды жана жеке эксплуатанттарды сертификациялоону граждандык авиацияны мамлекеттик башкаруу органы алардын ишкердиктеринин Кыргыз Республикасынын Аба кодексинде каралган талаптарга жана анын негизинде чыгарылган нормативдик актыларга жана техникалык документтерге ылайык келээрин текшерүү максатында жүргүзөт.
4. Авиаишканаларды жана аба транспортунун жеке эксплуатанттарын сертификаттоонун тартиби ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги иштеп чыгып жана колдонууга кир-
гизүүчү Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуанттарын сертификациялоо жана инспекциялоо процедуралары боюнча Нускама менен 5 Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жана инспекциялоо процедуралары боюнча Нускама авиаишканалардын, аба транспортунун эксплуатанттарынын, авиация кызматкерлеринин, граждандык авиация тармагындагы иштердин бардык түрүн материалдык-техникалык камсыздоонун стандарттары менен нормаларын аныктоочу негизги техникалык документ болуп эсептелет.
6. Авиаишкананын жана жеке эксплуатанттын сертификаттык ылайыктыгыи күбөлөндүрүүчү документ граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы берүүчү, эксплуатанттын аныкталган үлгүдөгү күбөлүгү болот (N 1-тиркеме).
II. Граждандык авиацияны мамлекеттик башкаруу
органынын милдеттери жана укуктары
7. Граждандык авиацияны мамлекеттик башкаруу органынын милдеттери төмөнкүлөр:
- авиаишканаларды жана жеке эксплуатанттарды аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо деңгээлине ылайыктыгын аныктоо максатында инспекциялык текшерүү жана эксплуатанттын күбөлүгүн берүү. Эксплуатанттын күбөлүгү берилерден мурда граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы аныктаган тизмедеги күбөлөндүрүү документтери менен бирге эксплуатантты сертификаттоо жөнүндө арыз кабыл алынат (N 2-тиркеме);
- авиаишканалардын жана аба транспортунун эксплуатанттарынын граждандык авиацияда иштерди жана кызматтарды аткаруусунун процессинде Кырпыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жана инспекциялоо процедуралары боюнча Нускамада каралган нормалардын чегинде жана ошол нормаларга ылайык көзөмөлдөө системасын орнотуу.
8. Эксплуатанттын эксплуатациялык мүмкүндүктөрүн баалоо жердеги каражаттарды, авиациялык кызматкерлерди жана ишкердиктин сертификациялоого тийиш болгон бардык түрлөрү боюнча технологиялык процесстерди уюштуруунун ылайыктуулугун текшерүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
9. Кабыл алынган арыз боюнча эксплуатантты инспекциялык текшерүү жүргүзгөн граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөр тууралуу акты түзүүгө жана корутунду чыгарууга укуктуу:
- эксплуатанттын белгиленген нормативге жана стандартка ылайык келиши же ылайык келбей тургандыгы жөнүндө;
- эксплуатанттын атайын укуктарынын бөлүшүү же белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө.
10. Граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы арыз боюнча кабыл алынган чечим тууралу эксплуатантка маалымдоого милдеттүү.
11. Эксплуатанттын күбөлүгү бар эксплуатантка контролдук коммерциялык жана авиациялык иштердин коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органынын инспектору тарабынан Инспекциялык контролдун программасына ылайык жүргүзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанттарынын сертификациялоо жана инспекциялоо процедурасы боюнча Жетекчиликтин составдык бөлүгү болуп саналат.
12. Инспекторлук орган граждандык авиациянын башкаруу органынын ыйгарым укугу бөлүп берилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаменти болуп саналат.
13. Күбөлүгү бар эксплуатантты пландуу программалык текшерүү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин инспектордук курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
- өндүрүштүк процессти токтотуп коюуга, аба кемесин же экипажды учуудан четтетүүгө, перронду, аба кемелери токтоочу жайды, аба кыймылын башкаруу пункттарын, аэродромду жана башкаларды жаап коюуга, учууларга тыюу салууга;
- эксплуатанттын күбөлүгүндө же ага толуктоолордо (эксплуатациялоо боюнча атайын жоболор) баяндалган шарттар бузулса эксплуатанттын күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп коюуга;
- Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемелерин мамлекеттик каттоо эрежелери бузулганда же учуулардын коопсуздугу камсыз кылынбаганда аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана граждандык аба кемесин учууга жарактуулугу жөнүндө күбөлүктүн колдонушун токтотуп коюуга;
- Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын иш-аракеттеринин жөнгө салуучу башка нормативдик актыларга ылайык бөлөк чараларды көрүүгө.
III. Эксплуатанттын укуктары жана милдеттери
14. Аба кемелерин эксплуатациялоо же граждандык авиация тармагында иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү менен иш жүргүзгөн эксплуатант граждандык авиация тармагында иш-аракеттин белгилүү бир түрүн ишке ашырууга сертификациялоо процедурасынан өтүү үчүн зарыл документтер менен ырасталган арыз берүүгө укуктуу.
15. Күбөлүгү бар эксплуатантты пландуу программалык текшерүү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин иши Кыргыз Республикасынын нормативдик жана техникалык документтеринде каралбаган талаптарды коюуда же арыздарды кароодо же башка бир олуттуу себептер болгондо эксплуатант тарабынан жогоруда турган мамлекеттик же соттук инстанцияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана эрежелердин чегинде даттанылышы мүмкүн.
16. Эксплуатанттын милдетине граждандык авиациянын мамлекеттик жөнгө салуу органына төмөнкүлөрдү берүү кирет:
- граждандык авиация тармагында иштөө жана кызмат көрсөтүү үчүн анын укуктук жөндөмдүүлүгү жана техникалык жактан дал келишин ырастаган документтерди (документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Аба транспортунун эксплуатанттарын сертификациялоо жана инспекциялоо процедурасы боюнча жетекчилик тарабынан белгиленет);
- эксплуатанттын сертификациялык нормаларга: эрежелерге жана стандартка ылайык келишин аныктоо предметине ар тараптан жана толук инспекциялоо мүмкүндүгү;
- инспекциялык контролдоо программасына ылайык граждандык авиация тармагында иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн документалдык жана техникалык жактан ылайык келишин мезгилдүү текшерүү мүмкүндүгү (контролдун бул түрү эксплуатанттын күбөлүгү бар юридикалык жактарга жана жеке адамдарга гана жайылтылат);
- инспекциялык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди өз учурунда жана сөзсүз четтетүү боюнча маалыматты.
17. Граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан берилген уруксат берүүчү же мөөнөтү узартылган документсиз (эксплуатанттын күбөлүгү) эксплуатант тарабынан иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга тыюу салынат.
IV. Сертификациялоо процедураларын жөнгө салуу
18. Сертификация алууга эксплуатант берген арыз бир айга чейинки мөөнөттө граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан каралат.
19. Эксплуатанттын граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан берилген күбөлүгү эки жылга чейин жарактуу болуп эсептелет.
20. Граждандык авиациядагы юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иш-аракетин жөнгө салуучу граждандык авиациянын мамлекеттик башкаруу органынын чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 129-статьясына ылайык ишке ашырылат жана эксплуатант тарабынан "Транспорт жана жол комплексинин иш-аракеттери менен кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 13-ноябрындагы N 659 токтому менен бекитилген Аба транспортунун ишин жана кызмат көрсөтүүлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого тиркемеде белгиленген аба транспортуна лицензия берүү үчүн акынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу тартипте жана чектерде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аба
транспортунун эксплуатанттарын
сертификациялоо жөнүндө Жобого
N 1 тиркеме
Эксплуатанттын Күбөлүгү N____________________
Бул күбөлүк ______________________________________________________
(эксплуатанттын аталышы)
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жана бул күбөлүктү берүүгө карата граждандык авиациянын иш-аракетин жөнгө салуучу ага ылайык чыгарылган нормативдик актылардын талаптарын канааттандырууну ырастайт жана _______________________________________________________________________
(иш-аракеттин түрлөрү, эл аралык учуулар, авиациялык иштерди ж.б.)
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, мыйзамдарга жана нормативдик актыларга ылайык ушул күбөлүктүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган эксплуатациялоо боюнча атайын жоболордо камтылган чектөөлөр менен ишке ашырууга жөндөмдүү.
Бул күбөлүк башка бирөөгө берилүүгө тийиш эмес жана ______ чейин жарактуу.
Анын колдонулушу белгиленген тартипте токтотулушу жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
Бул күбөлүк боюнча учуулар атайын уруксат (лицензия) болгондо гана ишке ашырылат.
Гербдүү мөөрдүн Аба транспорту жана аба
орду мейкиндигин пайдалануу
департаментинин директору
Күчүнө кирген дата
"__" _________ ____ Бишкек шаарында берилген
Кыргыз Республикасынын аба
транспортунун эксплуатанттарын
сертификациялоо жөнүндө Жобого
N 2 тиркеме
Арыздын формасы жана анын мааниси
Эксплуатанттын күбөлүгү-ишкананын аталышы
Кыргыз Республикасынын Транспорт
жана коммуникациялар министрлигине
караштуу Аба транспорту жана аба
мейкиндигин башкаруу жана башкаруу
департаменти
Эксплуатанттын күбөлүгүн алууга
АРЫЗ
(эксплуатанттын бланкасында учуулардын түрлөрү - эл аралык,
мамлекеттик ички, авиациялык иштерди аткаруу боюнча
учуулар көрсөтүлөт).
Арыз берүүчү______________________________________________________
(эксплуатанттын аталышы, анын реквизиттери, анын статусу жөнүндө документтер - устав, арыз берүү үчүн юридикалык негиздер - келишимдер, макулдашуулар ж.б., эксплуатанттын иш-аракетин жөнгө салуучу документтер ).
(колу, мөөрү)
1. Аба кемеси ___________________________________________________ (аба кемелеринин тиби, алардын саны, жабдылышы, учууларды аткаруунун минимуму боюнча жол берүүлөр, катталган жери, ТОиРди уюштуруу, ресурстар, чектөөлөр, кеме документациясы көрсөтүлөт).
(колу, мөөрү)
2. Экипаждар______________________________________________________ (адистиги боюнча учууларды аткаруу үчүн даярдалган экипаждардын саны, эл аралык учуулар үчүн даярдык программасы, учуу стажировкасы, кесиптик даярдыгынын деңгээли, учууларды даярдоо жана аткаруу үчүн экипаждарга зарыл документациялардын бар экендиги, кесиптик даярдыгын сактоо үчүн базалардын бар экендиги).
(колу, мөөрү)
3. Аэродромдор, аэропорттор_______________________________________ (учуу, жайгашуу, максаты, запастык аралык (аэродромдордун категориясы).
(колу, мөөрү)
4. Учуулардын маршруттары_________________________________________
(региондор)
(колу, мөөрү)
5. Учуулардын мүнөзү______________________________________________ (эл аралык, мамлекет аралык, чартердик, заказдык, күндүзгү, түнкү ж.б.)
(колу, мөөрү)
6. Учуу өндүрүшү боюнча жетекчилик _______________________________
(өзгөчөлүгү, чектөөлөр көрсөтүлөт)
(колу, мөөрү)
7. Аба кыймылын тейлөө____________________________________________
(ким тарабынан ишке ашырылат, кызматтар, жабдылышы)
(колу, мөөрү)
8. Ташууларды уюштуруу____________________________________________ (өздүк кызматтар, структурасы, комплектүүлүгү, жайлар, техникалык каражаттар менен камсыз болушу).
(колу, мөөрү)
9. Бажы, паспорттук жана санитардык режими (эл аралык учуулар үчүн)__________________________________________________________________
(болушу, талаптарга дал келиши)
(колу, мөөрү)
10. Авариялык-сактоо жагынан камсыз болушу________________________
(ким тарабынан, кандайча ишке ашырыла тургандыгы)
(колу, мөөрү)
11. Мыйзамсыз кийлигишүү актыларын болтурбоо чаралары_____________
(ким тарабынан, кандайча ишке ашырыла тургандыгы)
(колу, мөөрү)
12. Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча текшерүү
_______________________________________________________________________
(текшерүү ким тарабынан жүргүзүлө тургандыгы көрсөтүлөт)
(колу, мөөрү)
13. Учуулардын башталышынын пландаштырылган датасы (маршрут, регион)____________________________________________________________________
(колу, мөөрү)
14. Арыз ээси кошумча билдирүүнү каалаган башка маалыматтар_______ _______________________________________________________________________
(колу, мөөрү)
15. Арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттенет:
- эксплуатанттын күбөлүгүнө толуктоо алууга алдын-ала арыз жиберүүсүз жана аны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин жактыруусуз эксплуатанттын күбөлүгүндө жана ага тиркелүүчү эксплуатациялоо боюнча атайын жоболордо көрсөтүлбөгөн иштин түрлөрүн жүргүзбөөгө;
- учууларды уюштурууну, камсыз кылууну жана аткарууну, аба кемелерин эксплуатациялоо талаптарын, эрежелерин жана нормаларын сактоону контролдоо үчүн аба кемесин каттаган өлкөнүн жана эксплуатантты каттаган өлкөнүн инспектордук органына укук берүүгө жана шарт түзүүгө;
- сертификациялоо, инспекциялоо, авиациялык окуяларды жана инциденттерди тергөө, ошондой эле акыркысынын талабы боюнча аба кемесинин аталган тибин эксплуатациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин инспекторлорун даярдоо боюнча иш-аракетти каржылоого.
Эксплуатанттын жетекчиси (колу, мөөрү)