Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1999-жылдын 26-марты N 174
Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү чаралары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын аймагында дүкөндөрдө, дарыканаларда жана сатып алуучуларды тейлөөгө байланышкан башка тейлөө чөйрөлөрүндө товарлардын жана кызматтардын баасы негизинен шарттуу бирдиктер менен белгиленгендигине жана мунун өзү калктын негизги бөлүгүнүн нааразылыгын пайда кылгандыгына, ошондой эле улуттук валютанын баркын кетиргендигине, баа түзүү системасында жана тартибинде туруксуздукка алып келгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Соода, жумуштар жана тейлөө чөйрөсүндө, анын ичинде кыймылсыз мүлк агенттиктеринин кызматтары, автоунаа дилерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет-провайдерлеринин, авиакомпаниялардын, имараттарды ижарага берүүнүн, мамлекеттик кызматтардын бааларында, тарифтеринде жана прейскуранттарында акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен ченелери белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Чарбакер субъекттер менчигинин түрүнө карабастан ушул токтомдун 1-пунктунун жобосун кыйшаюусуз аткарсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссия менен бирге бааларда, тарифтерде жана прейскуранттарда маалыматтын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен билдирилишин камсыз кылууну көзөмөлдөсүн.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Вице-премьер-министри | Б.Силаев |