Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

1999-жылдын 9-апрели № 206

Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү

жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506, 2014-жылдын 17-мартындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо фонду жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп эсептелишсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо Фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" № 230 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" № 230 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" № 611 токтому.

 

Вице-премьер-министр

Б. Силаев