Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 11-майындагы N 249
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө
кемелердин сүзүүсүнүн
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I бөлүм
Жалпы жоболор
1. Бул эрежелер кемелердин коопсуз сүзүүсүн камсыздоо, адамдарды кырсыктан алдын ала сактоо боюнча негизги талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын көлдөрүндөгү сүзүүчү каражаттардын (алардын кимге таанлык экенине карабастан) бардык түрлөрүнө жээктердеги гидротехникалык түзүлүштөргө, портторго жана пристанларга карата колдонулат.
Кыргыз Республикасынын кеме жүрүүчү суу бассейндеринин баары суу жолдоруна кирет.
Ысык-Көлдө сүзүүнүн деңиздик шарттарын эске алуу менен бул Эрежелерге "Деңизде кемелердин кагылуушусунун алдын алуунун эрежелеринин" негизги жоболору, "Россиянын кеме жүрүүчү ички жолдорунда сүзүүнүн эрежелеринин" айрым жоболору, ошондой эле Ысык-Көлдө кемелердин жүрүүсүнүн көп жылдык практикасында жаралган шарттар киргизилди.
2. Бул эрежелер сүзүүчү курамдын жана кемелердин пайдаланылышына жана жүрүүсүнө тиешеси бар жээктеги бардык кызматкерлердин алардын менчигинин жана баш ийүүсүнүн түрүнө карабастан бирдей иш-аракеттерин жаратууга арналган.
- Эрежелер сунуш иретинде эмес, аткарууга милдеттүү.
- Эрежелерге ылайык жасалган ар бир иш өз учурунда болушу жана деңиз практикасына туура келиши керек.
- Ачык мейкиндикте сүзүп жүргөндө жана шарты бар жерлерде кемелерди зарылдыгы болбосо Эрежелерди колдонуусуз жакындатууга тыюу салынат. Кагылышуу тобокелин болтурбоо максатында кеме айдоочулардан зарыл чараларды көрүү талап кылынат.
- Сүзүү учурунда кеменин тайыздыкка маталып калышы же корпусунун жерге тийиши, эгер кемени кыйроодон сактоо максатында же кемени жээкке токтотуу боюнча кадимки операция катары жасалбаса, өзгөчө кырдаал деп эсептелет.
- Буга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
3. Кемелердин Жыргалаң булуңу боюнча сүзүүсү "Ысык-Көлдүн Жыргалаң булуңу боюнча сүзүү үчүн көрсөтмөлөргө" ылайык жөнгө салынат.
4. Юридикалык жана жеке жактарга таандык чакан кемелерди пайдалануу жана алардын сүзүүсү менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө чакан кемелердин сүзүүсүнүн эрежелерине жана ушул Эрежелерге ылайык жөнгө салынат.
5. Кыргыз Республикасынын Регистринин инспекциясынын техникалык көзөмөлүнө алынуучу бардык кемелер кимге таандык экенине карабастан өзүлөрүнүн жабдуулары, техникалык абалы жана экипаж менен комплектилениши боюнча дарыя транспортун техникалык пайдалануунун эрежелеринин, Регистрдин зрежелеринин жана ушул эрежелердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө сүзүп жүргөн, Регистрдин инспекциясы техникалык көзөмөлгө алуучу бардык өзү жүрүүчү кемелерге жана деңиз түбүнөн топурак сузуучу снаряддарда жана жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннадан ашык өзү жүрбөөчү кемелерде суу транспортунун сүзүү боюнча инспекциясы берүүчү кемелик күбөлүктөрү болууга тийиш.
Регистрдин инспекциясынын көзөмөлүндөгү кемелерде сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүктөрү же кемелик китеби жана Регистрдин инспекциясы берүүчү башка документтери, штаттык расписаниеси, кеменин экипажындагы адамдардын тизмеси (кемедеги роль), кемени кароонун китеби, вахталык журнал, кеме боюнча жалпы тревогалардын расписаниеси (өрт боюнча. суу боюнча, "сууда адам жүрөт"), ал эми радиостанциялуу кемелерде радиожурналы болууга тийиш.
Бардык кемелердин тумшук бөлүгүнүн эки тарабына реестр боюнча берилген литерлүү номери, ошондой эле кемеге берилген ат же анын ордуна номери жазылат.
6. Кемелердин командалык курасы кимге таандык экенине карабастан жана катерлерди жана моторлуу кайыктарды башкарууга уруксат берилген айрым граждандарда өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди, катерлерди жана моторлуу кайыктарды жана алардын механизмдерин башкарууга атайын белгиленген тартипте берилчү дипломдору, же күбөлүктөрү болууга тийиш.
7. Кемелерди жана башка калкыма каражаттарды пайдалануу, сүзүүнүн барлык талаптарынын аткарылышы жана коопсуздугунун сакталышы үчүн кемелердин ээлери, ошондой эле капитандар, шкиперлер, катерлер менен моторлуу кайыктардын старшина-мотористтери жана сүзүүчү менчик каражаттардын ээлери жооп беришет.
8. Мамлекеттик мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга. ошондой эле коомдук уюмдарга жана юридикалык, жеке жактарга таандык бардык кемелер күн чыккандан батканга чейин Кыргыз Республикасынын туусун тагып жүрүүгө тийиш.
9. Кыргыз Республикасынын көлдөрүндөгү кемелердин сүзүүсүнүн коопсуздугун Кыргыз Республикасынын Суу траспорту боюнча мамлекеттик инспекциясынын Суу транспортунун кемелер боюнча инспекциясы көзөмөлдөйт.
II бөлүм
Оттор жана белгилер
Белгилөөлөр жана аныктамалар
10. а) Отторго тиешелүү эрежелер күн чыккандан батканга чейин аба ырайына карабастан сакталууга тийиш жана бул Убакыттын аралыгында алардын көрүнүшүнө жана өзгөчөлөнүү белгилерине тоскоол кылуучу атайын белгиленген оттор катары жаңылыш кабыл алынуучу жана тийиштүү байкоо жүргүзүүгө тоскоол болуучу эч кандай башка от чыгарууга болбойт.
б) "Кеме" деген сөз сууда жүрүүдөгү каражат катары пайдаланылчу же пайдаланылышы мүмкүн болчу сүзүү каражаттардын бардык түрүн билдирет.
в) "Механикалык кыймылдаткычтуу кеме" деген сөз механикалык түзүлүш менен жүрүүчү кемелердин барлыгын билдирет.
г) эгер кеме якордо турбаса, жэзкке байланып коюлбаса же тайыз жерге отуруп калбаса, анда ал "жүрүп турат" деп эсептелет.
д) карата "көрүнөө" деген сөз түнкү ачык аба ырайындагы көрүнгөнүн билдирет.
е) Сигналдык оттор кемелердин: жүрүп тургандагы, башкарылбай калгандагы, башка кемелерге жол бере албагандагы, якордо тургандагы, тайызга отуруп калгандагы абалдарын билдирет.
ж) Узундугу 50 метрден ашык эмес кемелердеги сигналдык оттор үстүңкү палубадан 5 метрден кем эмес же палубадагы жүктөрдөн 4 метрден кем эмес бийиктикке көтөрүлөт. Узундугу 50 метрден кем кемелерде сигналдык оттор палубадагы курулуштардан же жүктөрдөн 2 м кем эмес көтөрүлөт.
з) Эгер мачтада бир нече от биринин үстүнөн бири көтөрүлсө, анда алардын ортосундагы аралык 1,83 метрден кем эмес болууга тийиш (чакан кемелер үчүн - 1 м кем эмес).
Сигналдык оттордун бийиктиги жогорку оттон баштап эсептелет.
и) Кемелердеги топтук оттор бардык учурларда борттук айырмалоочу оттордон бийигирэзк болууга тийиш.
к) кемелердеги сигналдык оттордун түзүлүшү жана орнотулушу Регистрдин эрежелерине жана ушул Эрежелерге ылайык келүүгө тиииш.
л) узундугу 19,8 метрге жетпеген кемелер чакан кеме деп эсептелет.
м) "Балык кармоодо" деген термин балыкты активдүү кармап жаткандыкты, б.а. кеме жүрүп баратып торлор же трал менен балык кармап жатканын билдирет.
Чакан кемелердеги оттор жана белгилер
11. Механикалык кыймылдаткычтуу жалгыз кеменин жүрүп бараткандагы оттору:
а) Фокмачтага көтөрүлүүчү, жарыктандыруу сектору тумшук боюнча 225 болгон ак топтук от (диаметрдик тегиздикти эсептегенде ар бир борттон 112:5);
б) жарыктандыруу сектору 112,5 (тумшук боюнча диаметрдик тегиздиктен тийиштүү борттун траверзинин 22.5 артына чейин, оң бортто жашыл жана сол бортто кызыл, 4 км кем эмес аралыка көрүнгөн (2миль) борттук айырмалоочу оттор.
Диаметрдик тегиздикке жакыныраак тараптагы борттук оттор оттон 1 м алдыга чыгып. ал отторду башка борттон көрүнбөгүдөй кылып өсүп туруучу калканч менен жабдылууга тийиш.
Узундугу 50 метрге чейинки кемелер үчүн калканчтын узундугу 0,5 метрге чейин кыскартылышы мүмкүн.
в) ак габокорт от, ал кеменин диаметрдик тегиздигинин түтүгүнүн же надстройкасынын артына орнотулат, жарыктандыруу сектору 135 жана узундугу 4 км (2миль) кем эмес;
12. Бир же бир нече кемени сүйрөп жүргөн кеме борттук гана габокорттук отторго кошумча эки ак топтук от жандырып жүрүүгө тийиш, ал эми буксирдин сүйрөлүп жүргөн кеменин кормасынан баштап эсептелген узундугу 183 м ашканда вертикалдуу жайгашкан үч ак топтук от жандырып жүрүүгө тийиш.
13. кемелерди түртүү ыкмасы менен айдоого алдыга түртүлүп бараткан кемелердин баарында тең отторду бир кемедегидей кылып жайгаштыруу шарты сакталууга тийиш.
14. Бир же бир нече кемени кильватер ыкмасы менен буксирлөөгө, ошондой эле маневрлердин учурунда сүйрөп бараткан кеме прожекторду сүйрөөдөгү кемелерге каратып тез-тез жаркылдатып аларды жакындан өтүп бараткан башка кемелерге көрсөтүүгө тийиш.
15. Башкарылбай калган кеме (кыймылдаткычы бузулган, винти жоголгон, трос винтке оролуп калганда, руль сынганда же кабышып калганда ж.б.) топтук оттордун ордуна вертикалдуу багытта жайгашкан бүткүл горизонтто 4 км (2миль) кем эмес аралыктан көрүнгүдөй кылып эки кызыл от жандырууга тийиш.
Эгер башкарылбай калган кеме сууга карата кыймылсыз болсо анда борттук дакормалык габокорттук от да жандырбашы керек, бирок эгер сууга карата кыймылда болсо ал отторду жандырууга тийиш. Башка кемелер көрсөтүлгөн отторду аны көрсөткөн кеме башкарылбай калган, жана ошондуктан жолду бошото албайт деп түшүнүүгө тийиш.
16. Суу астына кабель жаткырып жаткан же кабелди көтөрүп жаткан, навигациялык белгини орнотуп же алып жаткан, же гидрографиялык же суу астындагы иштерди жүргүзүп жаткан, же буксирдик тросторду түрүп жаткан кемё аткарып жаткан ишине байланыштуу башка кемелерге жол бошото албаса, ушул эрежелердин 11-пунктунда айтылган топтук оттордун ордуна вертикалдуу линия боюнча жайгашкан бүткүл горизонтко 4 км (2миль) кем эмес аралыкка көрүнүүчү үч - кызыл, ак жана кызыл от жандырууга тийиш.
Күндүз мындай кеме жакшы көрүнөө жеринде диаметри 0,6 м кем эмес, вертикаль боюнча бири биринен 1,83 м кем эмес аралыктагы үч белги тагууга тийиш, мында ал белгилердин үстүнкүсү жана ылдыйкысы кызыл түстөгү шар формасында, ал эми ортоңкусц ак түстөгү ромб Формасында болууга тийиш.
17. Узундугу 50 м жана андан узун кеме корпустун үстүндө Форштевнге чукул 6 м кем эмес биииктикте бир ак от, ал эми кормада же кормага жакын жерде тумшуктагы оттон 4 м кем эмес төмөндө ошондой зле түстөгү башка от жандырууга тийиш. Бул эки жарык тең бүткүл горизонтто 4 км (2миль) кем энес аралыктан мүмкүн болушунча көрүнүүгө тийиш.
Ар бир кеме якордо турганда күн чыккандан батканга чейин эң көрүнөө жеринде диаметри 0,6 м кем змес бир кара шар илүүгө тийиш.
18. Жол бошото албачу кеме якордо турганда өзүнө тийиштүү отторду, андан тышкары якордук отторду жандырууга жана белгилерди илүүгө тийиш.
19. Тайыздыкта турган кеме узундугуна ылайык келүүчү якордук отторду жана бүткүл горизонтко көрүнгөн вертикалдуу жайгашкан эки кызыл от жандырууга тийиш. Күндүз ал эң көрүнөө жеринде диаметрлери 0.6 м кем эмес, вертикаль боюнча бири биринен 1,83 м кем эмес аралыкта жайгашкан үч кара шар илүүгө тийиш.
20. Парустуу жана парус-моторлуу кемелер парус менен гана жүрүп баратканда ылдыйкы шкаторинанын астына жайгаштырылган борттук айырмалоочу отторду жана ак габокорттук отту жандырууга тийиш. Парус-моторлуу кеме парус жана иштетилген кыймылдаткычтар менен (же кыймылдаткычтар менен гана) жүрүа баратканда ушул эрежелердин пунктунда механикалык кыймылдаткычтуу кемелер үчүн аныкталган сигналдык отторду жандырат.
Кубаттуулугу 25 ат күчүнө барабар жана андан ашык асма жана стационар моторлуу катерлер, шлюпкалар жана кайыктар өзү жүрүп баратканда ушул эрежелердин 11-пунктуна, ал эми сүйрөтүүдө баратканда 12-пунктуна ылайык отторду жандырышат.
Кубаттулугу 25 ат күчүнө чейинки асма жана стационар моторлуу катерлер, шлюпкалар жана кайыктар, калактуу кайыктар жана шлюпкалар түн ичинде сүзүүдө бүткүл горизонтко көрүнүүчү ак от жандырышат.
21. Тор менен жана тральдап балык кармап жаткан балык кармоочу кемелер жана кайыктар мачтасында жарыктандыруу сектору 225 болгон үч түстүү (бүткүл горизонтко көрүнбөгөн, оңдон - 90 жашыл, солдон - 9О кызыл жана ортодо 45 ак жана жарыктандыруу сектору 135 ак габокорттук от) тралдык фонарь жандырууга тийиш.
Күндүз мачтасына диаметри 0,5 м жана бийиктиги 0,75 м болгон кара цилиндр көтөрүлөт.
Балык кармоочу кемелер балык кармабай турганда ошондой узундуктагы ошондой кемелерге тийиштүү отторду жана белгилерди көрсөтүүгө тийиш.
Өзү жүрбөөчү кемелердеги оттор
22. Өзү жүрбөөчү кеме сүйрөтүлүп баратканда, ошондой эле якордо же тайыздыкта турганда мачтасында бүткүл горизонтко 4 км (2миль) кем эмес аралыктан көрүнүүчү ак от жандырууга тийиш.
Деңиз түбүн тереңдетүүчү снаряддагы оттор
23. Түп тереңдетүүчү снаряд түнкү иштин учурунда мачтасында бүткүл горизонтко көрүнүүчү бир жашыл жарык, андан тышкары топуракты кеменин (деңизден эсептегенде) оң жак четине таштоочу рефулердик снарядда, турбопроводдорду (понтондорду) узата бир метрден кем эмес бийиктикте ар бир 50 м сайын бирден ак от жандырат, рефулердик снаряд сол жак капталда иштегенде - ошол эле жерлерге кызыл оттор жандырылат.
Кеме жүрүүчү жердин чегинен тышта токтоп, иштебей турган учурда, ошондой зле сүйрөтүү учурунда топурак казуучу кербендеги ар бир кеме өзү жүрбөөчү кемедегидей ак от, ал эми трубопроводдо (понтондордо) ар 50 м сайын ак оттор жандырылат.
Суу астындагы иштердин учурундагы оттор жана белгилер
24. Суу астындагы жумуштардын учурунда кеме вертикалдуу жайгашкан, горизонтто 4 км (2 миль) кем эмес аралыктан көрүнүүчү эки жашыл от жандырууга тийиш.
Күндүз мачтага: вертикалдуу жайгашкан, 1 чарчы метрден зки жашыл желек же Аскер Деңиз күчтөрүнүн сигналдар жыйнагы боюнча "Нөл" деген желек илинүүгө тийиш.
Жанынан өтүп бараткан кемелер ылдамдыгын мурдатан азайтып жана болушунча алысыраактан өтүүгө тийиш.
III. Маневрдин эрежелери
85. Механикалык кыймылдаткычтуу эки кеме бири бирин көздөй түз же дээрлик түз баратышып, кагылышуу коркунучу пайда болсо, алардын ар бири өз багыттарын оңго бурушуп, бири биринен сол капталдары менен өтүп кеткидей болууга тийиш.
Бул зреже кагылышуу коркунучу болгон, б.а. күндүз ар бир кеме экинчисинин мачтасын өз мачтасынын артынан удаалаш көрүп турган, же дээрлик удаалаш көрүп турган учурда, ал эми түнкүсүн ар бир кеме экинчисинин борттук отторунун экөөн тең көрүп турган учурларда гана өзгөртүлөт.
Бул эреже өз жолдорун улантып бара бергенде экинчисинин жанынан кенен өтүп кете алчу учурларда, б.а. күндүз бир кеме алдынан жолду кесип өтүп бараткан экинчи кемени, же түнкүсүн бир кеменин кызыл оту экинчисинин кызыл отуна караган, же биринин жашыл оту экинчисиинин жашыл отуна багытталган, же алдынан бир жашыл от кызыл отсуз көрүнгөн же бир кызыл от жашыл отсуз көрүнгөн, же алдыдан чыккан кеменин кызыл жана жашыл оттору экөө тең алдыдан утурлай эмес, каптал жактан көрүнгөн учурларда колдонулбайт.
26. Механикалык кыймылдаткычтуу эки кеме жолу кесилишүүчү багытта баратышканда кагышуу коркунучу пайда болсо, экинчисин өзүнүн оң капталынан көргөн кеме беркиге жол бошотууга тийиш.
Кагылышуу коркунучун, эгер шарт мүмкүндүк берсе жакындап келаткан кеменин пеленгин жакшылап байкоо менен билүүгө болот. Эгер пеленг байкаларлык өзгөрбөсө, анда кагылышуу коркунучу бар экени шексиз.
27. Эгер кемелердин бири экинчисине жол бошотуп берсе, анда ал зкинчи кеме мурдагы багыты жана ылдамдыгы менен кете берүүгө тийиш, Эгер ал экинчи кеме кандайдыр себеп менен өтө жакын болуп, кагылышуудан жол бошоткон бир кеменин аракети менен кутулууга болбосо. анда экинчи кеме да кагылышуудан качууга болушунча шарт түзгүдөй чара көрүүгө тийиш.
28. Башкасына жол бошотууга тийиш болгон ар бир кеме экинчи кеме жакындаганда ылдамлыгын азайтууга, машинаны токтотууга, артка берүүгө же багытын зкинчи кеменин кормасы жакка бурууга тийиш.
29. Бир кемени кууп өтүп бараткан зкинчи кеме биринчи кемеге жол бошотууга тийиш. Башка кемеге траверзинин артынан 22,5 (2 румб) багыты менен жакындап келе жаткан, б.а. түнкүсүн борттук отторунун бирин да көрүү мүмкүн эмес болгон кеме кууп өтүп бараткан кеме деп эсептелүүгө тийиш: ушул эрежелердин шарты боюнча бул зки кеменин салыштырма абалдарындагы кийинки болгон эч бир өзгөрүү кууп өтүп бараткан кемени жолду кесип бараткан кеме деп эсептөөгө жол бере албайт, же ал артка калтырып өтүп бараткан кемеден толук өтүп кеткенге же артка калтырганга чейин анын жолунан четте болуу милдетинен бошотпойт.
Эгер кууп өтүп бараткан кеме берки кемеге карата жогоруда көрсөтүлгөн багыттан алдыда же артта баратканын так аныктай албаса, анда ал өзүн - кууп өтүп бараткан кеменин деп эсептеши керек жана беркисине жол бошотууга тийиш.
30. Кууш өткөөлдө өткөөлдү бойлой бараткан ар бир кеме фарватердин же өткөөлдүн кеменин оң борту жагы менен жүрүүгө тийиш.
31. Балык кармап жүрбөгөн, башкарылбай калган кемеден башка кемелерлин бардыгы балык кармап жүргөн кемелерге жол бошотууга тийиш.
Бул эреже балык кармап жаткан кемелердин эч бирине балык кармоочу кемелерден башка дагы кемелер пайдаланчу фарватерди тосууга укук бербейт.
32. Бул эрежелерди чечмелөөдө жана колдонууда сүзүүдөгү ар кандай опурталдуулуктарга жана кагылышууларга жана барлык өзгөчө шарттарга, анын ичинде сүзүүчү каражаттын кемчиликтерине тийиштүү көңүл буруу керек да, булар жогоруда аталган коркунучтардан түздөн-түз качуу үчүн эрежелерден четтөө зарылдыгын пайда кылаарын эске алуу керек.
33. Бул Эрежелердеги эч нерсе кеменин ээсин да, капитанды да, экипажды да адаттагы деңиз практикасында же учурдун азгөчө шарттарында талап кылынган отту жандыруудагы же сигнал берүүдөгү, же байкоону чала жүргүзүүдөн, же коопсуздуктун кайсы бир чарасын этибарга албоодон пайда болуучу кесепеттер үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
IV бөлүм
Бирин-бири көрүп турган кемелер
үчүн үн сигналдары
Белгилөөлөр жана аныктамалар
34. а) кемелер бири-бирин көз менен көрө алган учурлар гана бирин-бири көрүп турган учурлар деп эсептелет.
б) Бул эрежелерде айтылган бардык сигналдарды өзү жүрүүчү кемелер - ышкырык, тифон жана сирена менен, өзү жүрбөөчү кемелер - коңгуроо менен берүүгө тиииш.
в) "Ышкырык" деген сөз кыска жана узун үн чыгара турган бардык түзүлүштөрдү билдирет.
г) "Кыска үн" деген сөз узактыгы 1 секундга жакын үндү билдирет.
д) "узун үн" деген термин узактыгы 4 төн б секундга чейинки үндү билдирет.
е) Бул Эрежелерде каралбаган үн сигналдарын берүүгө тыюу салынат.
Өз кемесинин багытын өзгөртүү жөнүндөгү сигналдар
35. Кемелер бири-бирине жакын болушса, анда механикалык кыймылдаткычтуу жүрүп бараткан кеме ушул эрежелерде жол берилчү же талап кылынган кандайдыр бир багытка бурулуп, багытты өзгөрткөнүн төмөнкүдөй сигналдар менен билдирүүгө тийиш:
бир кыска үн - "багытымды оңго бурдум";
эки кыска үн - "багытымды солго бурдум";
үч кыска үн - "артка бердим".
36. Утурлай чыккан кемелерди мурдатан көрүүгө мүмкүн болбогон участкаларда, бурулуштарда же тар жерлерде механикалык кыймылдаткычтуу ар бир кеме бурулушка 1 км (1/2 миль) жакын келгенде мыйдай сигнал бериш керек:
Ышкырык менен бир узун үн, бурулуштун артындагы үн жеткидей аралыкта жакындап келе жаткан ар бир кеме ошондой эле сигнал менен жооп бериш керек.
Бурулуштун нар жагынан келе жаткан кеме сигналды укканына карабастан мындай бурулуштан абайлап жана кылдат өтүүсү керек.
Жер казуучу снаряддардан өтүүдөгү сигналдар
37. жер казып жаткан снарядга 1 км дан (1/2 миль) чукул жакындап келген кеме бир узун ышкырык менен белги берет.
Жер казуучу снаряд кемени өткөрүп жиберүүгө чара көрөт жана эгер өткөөл бош болсо бир узун үн ненен белги берет жана кетип бараткан кеме өтүүчү борт тараптан жаңсоо билдирет.
Сутканын караңгы учурунда жер казуучу снаряддын жаңсоосу борттук отту тенттин бийиктигинде бүлбүлдөтүү менен: эгер снаряд кеме жолунун оң капталына жылса деңизден баштап) - ак, эгер сол жагына жылса кызыл оттор менен белги берет.
Күндүз жер казуучу снаряддын жаңсоосу кеме жолу тараптан ак желек менен берилет. Жер казуучу снаряддын жанынан өтүүгө уруксат сигналын алганда кеме жооптук жаңсоо билдирет (үн сигналысыз).
Эгер деңиз түбүн тереңдетүүдө иштеп жаткан снаряддын жанынан өтүүчү жол бош эмес болсо, анда ал келе жаткан кеме 1 км (1/2 миль) ашык жакындай электе бештен кем эмес кыска үн менен "ЭСКӨРТҮҮ" сигналын берет, мындай сигнал алганда кеме токтоого тийиш. Андан ары жүрүүгө жер казуучу снаряд өтүүгө уруксат сигналын бергенден кийин болот.
"ЭСКЕРТҮҮ" сигналы
38. Өз багытын жана ылдамдыгын карманып келе жаткан кеме башка кемеге көрүнгүдөй абалда болсо жана берки кеме кагылышууну болтурбоо үчүн жетишерлик чара көргөнүнөн шектенсе, анысын бештен кем энес кыска жана тез-тез үн сигналы менен билдирет.
Мындай сигнал берүү кемени бул эрежелердин 32, 33-пункттарынын талаптарын аткаруудан, же башка бардык эрежелердин талаптарын аткаруудан, же өз аракетин ушул эрежелердин 35-пунктунда айтылган үн сигналдарын берип билдирүү милдетинен бошотпойт. Мындай сигналды башка кемеге коркунучту эскерткиси келген, жана андан кыймылды токтотуу талап кылынаарын билдиргиси кеме да берет.
Өзү жүрбөөчү кемелер коңгуроону тез-тез кагуу менен белги беришет.
"Якорго туруп жатам" сигналы
39. Кеме якорго тураарда ал жөнүндө башка кемелерди төрт кыска үн менен эскертет.
"Ылдамдыкты азайтууну талап кылам" сигналы
40. Башка кемеден ылдамдыгын азайтууцу талап кылган кеме төрт узун үн чыгарат. Өзү жүрбөөчү кемелер бул жөнүндө коңгуроону тез-тез кагып белги беришет.
"Ылдамдыкты көбөйтүүнү талап кылам" сигналы
41. Башка кемеден ылдамдыкты көбөйтүүнү талап кылган кеме бир узун жана бир кыска үн чыгарат.
"Көңүл бургула" сигналы
42. Кеме өзүнө көнүл бурдуруш үчүн үч узун, үч кыска жана бир узун үн чыгарат.
"Шлюпка берүүнү же менин бортума келүүнү сурайм" сигналы
43. Жэзктен, башка кемеден, токтоочу посттон шлюпка (кайык чакыруу үчүн, ошондой эле башка кемеден өзүнүн бортуна жакын келүүнү өтүнүүдө бир узун, бир кыска жана бир узун үн чыгарылат.
"Мен сизди түшүндүм" сигналы
44. Кеме башка кеменин сигналын түшүнгөнүн эки кыска жана бир узун үн менен билдирет.
"Радио байланышка чыгууну сурайм" сигналы
45. Кемени радио байланышка чакыруу үчүн бир кыска, бир узун жана бир кыска үн чыгарылат.
"Деңизде адам жүрөт" сигналы
46. Адам борттон кулап кеткенде жана чөгүп бараткан адамды сактоодо кемеде ички сигнал байланышы боюнча үч кыска үн менен тревога жарыяланат.
Борттон кулап кеткен адамды сактоо менен алек болгон кеме жакын арадагы башка кемелерди үч узун жана бир кыска үн менен кабарландырат.
"Пристанга кирүүдөгү жана чыгуудагы сигналдар"
Пристанга кирүүдө кемелер бир узун үн чыгарышат.
Пристандан рейске чыгууда бир узун жана үч кыска үн чыгарылат.
VI бөлүм
Көрүү шарты начар учурлардагы үн сигналдары жана
кемени башкаруу
48. Туманда, мунарыкта, кар, нөшөр жаап жатканда жана күндүз же түнүчүндө көрүүнү начарлаткан ыңгайсыз учурларда төмөнкүдөй үн сигналдары берилүүгө тийиш:
а) механикалык кыймылдаткычтуу, сууга карата кыймылдагы кеме эки мүнөттөн ашык эмес аралыкта бир узун үн чыгарып турууга тийиш;
б) механикалык кыймылдаткычы иштеп жаткан, бирок токтоп жана сууга карата кыймылы жок болгон кеме эки мүнөттөн ашык эмес аралыкта зки узун үндү ортосунда бир секундга чукул тыным менен чыгарууга тийиш;
в) буксири бар кеме, ошондой эле башкарылбагандыктан же маневр жасай албагандыктан жакындап келаткан кемеге жол бере албаган шарттагы жүрүп бараткан кеме (а) жана (б) пункттарында айтылган сигналдардын ордуна бир мүнөттөн ашык эмес аралыкта үч удаа үн, атап айтканда: бир узун жана андан кийин зки кыска үн чыгарууга тийиш;
г) буксирдеги кеме, ал эми эгер буксирдеги кемелер бирден ашык болсо алардын арткысы, эгер анда командасы болсо бир мүнөттөн ашык эмес аралыкта 5 секундга чукул убакыт бою коңгуроону тез-тез каккылоого тийиш. Бул сигнал сүйрөп бараткан кеменин сигналынан кийин мүмкүн болушунча дароо берилиши керек;
д) якордо турган кеме 1 мин ашык эмес аралыкта 5 сек чукул убакыт бою коңгуроону каккылап белги берет. Андан тышкары, жакындап кеме келатканы билинсе ага өзү жана мүмкүн болчу кагылышуу жөнүндө үч удаа үн чыгаруу, атап айтканда: бир кыска, бир узун жана бир кыска үн ненен эскертүү билдирет;
е) тайыздыкта турган кеме якордо турган кеме милдеттүү түрдө берчү ылдам кагылган коңгуроодон мурда жана кийин коңгуроону үч жолу өз-өзүнчө жана даана кагат;
ж) узундугу 18 м кыска кеме жана шлюпкалар (кайыктар) жогоруда айтылган сигналдарды берүүгө милдетүү эмес, бирок эгер андай сигнал беришпесе, анда 1 мин ашык эмес аралыкта башка ылайыктуу сигнал берүүгө тийиш.
49. Көрүү начар шарттагы ар бир кеме болгон жагдайды жана сүзүүнүн шарттарын жакшылап абайлап, акырын жүрүүгө тийиш.
Акырын жүрүү деген - кеме алдындагы көрүнөө мейкиндиктин жарым аралыгында толук тактоого мүмкүндүгү болгон ылдамлыкты билдирет.
Ар бир кеме өзүнүн траверзинин алдынан көрүнгөн, абалы белгисиз башкы кеменин туман сигналын укканда шарт мүмкүндүк бергенине жараша машиналарын токтотуп жана кагылышуу коркунучун артта калганына чейин абайлап жүрүүгө тийиш.
Өзүнүн траверзинин алдыда башка кеме бар экенин ал кеменин туман сигналы угула электе билген же көргөн кеме опурталдуу жакындашууну болтурбоо үчүн чечкиндүү аракет жасай алат. Бирок андай жакындашуудан качууга мүмкүн болбосо, анда кагылышууну болтурбоо үчүн машиналарды керектүү мезгилде токтотуп жана андан ары кагылышуу коркунучунан өтүп кеткенге чейин абайлап жүрүүгө тийиш.
VI. Кырсык жөнүндө сигналдар
50. Кырсыкка кабылган жана башка кемелерден же жэзктен жардам сураган кеме төмөнкү сигналдарды чогуусу менен, же бөлөк-бөлөк берет, атап айтканда алар:
а) туман сигналын берүүгө арналган кайсы гана болбосун аппараттын тынымсыз үнү;
б) аз убакыт өткөрүп кызыл ракеталарды атуу;
в) коңгуроону тез-тез каккылоо жана ошол эле мезгилде бүткүл горизонтко көрүнүүчү ак отту бүлбүлдөтүү;
г) Морзенин тамгасы боюнча_______белгилеринен турган радиосигналдарды жиберүү;
д) шардын жана шар сыяктуу нерсенин астына же үстүнө илинген желектен турган сигнал;
е) кемедеги жалын (мисалы: чайыр же мазут куюлган челектен, ж.у с. чыккан от);
ж) зки жакка сунулган колдорду жана көтөрүп жана түшүрүп кайталап кыймылдатуу.
VII бөлүм
Кеме жүрүүчү жолдорду жана
кеме жүрүүчү шарттарды тейлөө
51. Ысык-Көлдө кеме жолдорун жана кеме жүрүүчү шарттарды тейлөө "Ысык-көл кемечилиги" АКга тапшырылат, ал флотту "Дарыя транспортун техникалык тейлөөнүн эрежелерине", "Деңиздердеги, көлдөрдөгү жана суу сактагычтардагы навигациялык жабдууга", ж.б. ылайык коопсуз жана үзгүлтүксүз жүрүшүнө шарт түзүү үчүн керектүү жол жумуштарын жасайт, ошондой эле кемелердин жүрүүсүнүн жагдайындагы өзгөрүүлөр жана кеме жүрүүчү жолдордун абалы жөнүндө маалымат менен камсыздайт ("Ысык-көл кемечилиги" АКга таандык эмес кемелерге маалымат алардын суроосу боюнча берилет).
52. Ысык-Көлдө гидротехникалык курулуштары бар ишканалар менен мекемелер аларды оң абалда кармоого жана кеме жолдорунун шарттарын белгилер менен белгилеп тосууга, кемелердин өздөрүнүн тиешелүү акваториянын чегинен коопсуз өтүшү үчүн тийиштүү тереңдикти камсыздоого милдеттүү.
53. "Ысык-көл кемечилиги" АК Ысык-Көлдөгү түптү тереңдетүүчү зарыл жумуштарды порттордун, аялдамалардын жана башка гидротехникалык курулуштардын ээлеринин, ошондой эле порттун, пристандын акваториясынын булганышына күнөлүү адамдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзөт.
54. Кеме жүрүүчү шарттардын (көрүнүү аралыгы, жарыктардын мезгили, түсү жана сектору) жээктеги жана калкына белгилеринин жарыктарынын мүнөздөмөсү "Деңиздердеги, көлдөрдөгү жана суу сактагычтардагы жарыктардын жана белгилердин сүрөттөлүшүнө" ылайык аныкталат.
55. Ысык-Көлгө причалдар, порттор, пристандар жана башка гидротехникалык курулуштар суу транспортунун мамлекеттик инспекциясы менен макулдашылып, атайын адистешкен долбоорлоо мекемелери түзгөн долбоорлор боюнча гана курулат.
VIII. Кемелерди пайдалануу
56. Карамагында Флот жана башкы механизмдеринин кубаттуулугу 150 ат күчү жана андан ашык болгон калкыма каражаттар бар юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык кемелерди жана калкыма каражаттарды техникалык абалын текшерүү жана кемелердин сүзүүдө жарактуулугун аныктоо үчүн Регистрдин техникалык инспекциясына көрсөтүүгө жана аларды кемелер боюнча инспекцияда каттатууга милдеттүү.
Башкы механизминин кубаты 150 ат күчүнө чейинки жүргүнчүлүк жана жүргүнчүлүк-жүк ташуучу, кызматтык-кыдыруучу чакан сүзүүчү каражаттарды (моторлуу кайыктарды жана асма моторлуу калактуу кайыктарды, катерлерди, парустуу-спорттук кемелерди ж.б.) каттоону жана сүзүүгө жарактуулугун аныктоону чакан кемелер боюнча инспекция жүргүзөт.
57. Кемедеги жүктөр чайпалууда ордунан жылып кетпегидей жана кеменин токтомдуулугу камсыз болгудай жайгаштырылып жана бекитилиш керек. Жүктүк трюмдар люк капкактар менен жана тилке-тилке тилинген брезент менен жабылууга тийиш. Люктар, иллюминаторлор жана башка көзөнөктөр суу өткөрбөстүгү толук камсыздалып жасалууга тийиш.
Люктарга, траптарга, өрттөн сактоо жана сууну төгүү системаларына, ошондой эле сактоочу жана өрт өчүрүүчү инвентарга барчу жол ачык болуш керек.
Палубага коюлган жүктөр рульдук середен караганда көргөзбөй тосуп калбагыдай же кеменин жүрүштөгү жана якорлук жарыктарынын жарытуу секторун жаап калбагыдай болууга тийиш.
58.Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
а) палубага аныкталган нормадан ашык жүк алууга;
б) кемени борттордо көрсөтүлгөн белгилерден ашык басырылганга чейин же жүк көтөрүү Реестринде аныкталгандан ашык жүктөөгө;
в) оор жүктөрдү адамдарды кырсыктан жана кемени сынып бүлүнүүдөн сактоонун зарыл чараларын көрбөстөн жүктөөгө жана түшүрүүгө;
г) бортко күбөлүктө же сүзүүгө жарактуулуктун Регистринин кемелик документтеринде айтылгандан ашык жүргүнчү салууга;
д) корпустан суу өтмө болгондо ал жүктүн бузулушуна алып келиши же жүргүнчүлөр жана команда үчүн антисанитариялык абал түзүшү мүмкүн болсо жүктөөгө.
59. Ысык-Көлдө кемелерди буксирлөө кильватер же түртүү ыкмасы менен болот. Кильватер менен буксирлөөдө сүйрөөчү жана сүйрөлүүчү кемелердик ортосундагы буксирлик аркандардын узундугу аба ырайына жараша 150 дөн 300 метрге чейин болот.
60. Борттору бири бирине жанаша токтотулуп швартовкаланган өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди маневрдик иштен башка учурда буксирлөөгө болбойт.
61. Кемелерде нефти продуктуларын, уу химикаттарды жана башка опурталдуу жүктөрдү ташууга болбойт.
62. Сүзүүчү крандарды аба ырайы тынч жана алдыдагы суткада тынч аба ырайы болжолдонгон учурда гана стрелкасын тирөөчтөргө түшүрүп жана эки кишиден кем эмес команда менен гана буксирлөөгө жол берилет.
63. Кемелерди шамалдын күчү кемелик документтерде көрсөтүлгөн чектерден ашык болгон татаал аба ырайында, жана ошондой эле кеменин капитанына жана шкиперине аба ырайынын жалпы жана рейстик божомолун бербестен рейске чыгарууга болбоит.
Кеменин капитанынын жолдон аба ырайы жөнүндө шашылыш билдирүү алгандагы милдети:
а) ошол учурдагы жагдайга жараша кемени жакынкы оңтойлуу ыктоого чейин коркунучсуз жеткирүүнү камсыздоочу чечим кабыл алуу жана диспетчерге жүргөн орду жана кабыл алган чечими жөнүндө билдирүү;
б) радио байланыштын режимин белгилөө;
в) ыктоодо турганда кемени кырсыкка кабылган адамдарды жана кемелерди сактоого даяр абалда кармоо.
64. Диспетчер кемелерди рейске жөнөтөрдөн мурда алардын коопсуз сүзүүгө жарактуулугун, өзү жүрбөөчү кемелерде командасы бар экендигин жана кеменин туура жүктөлгөнүн текшерүүгө милдеттүү.
Өзү жүрбөөчү кемелер рейске командасы эки кишиден кем змес болгондо гана жиберилет.
Өзү жүрбөөчү кеменин экипажына жолдо палубага эки кишиден кем эмес чыгууга жана кеменин жумуштарын аткарууга уруксат берилет.
Бул кемелердин капитандары жана шкиперлери мындай учурларда диспетчерге кеменин сүзүүгө жарактуулугун күбөлөнлүргөн документтерин көрсөтүшөт.
Жөнөөгө берилген буйрукта диспетчер кемени сүзүүгө жиберүүгө уруксат берүүчү негизги шарттарды белгилейт, атап айтканда:
- сүзүүнүн аба ырайына карата чектөөлөрүн, суу үстүндөгү борттун аныкталган бийиктигин белгилейт жана аба ырайынын жалпы жана рейстик божомолун берет.
Кемелердин составы аба ырайы боюнча чектөөлөрү ар түрдүү кемелерден түзүлсө, состав үчүн жалпы чектөө чектөөсү эң көп кеменики боюнча берилет.
65. Ар бир кеме рейске чыгаарда ар кандай татаал аба ырайыиа туруштук бергидей жүрүштүк абалга даярданууга тийиш, ал үчүн:
а) рульдук жана якордук түзүлүштөрү текшерилет;
б) стрелалары, шлюпкалар, палубадагы жүктөр ж.б. бекемделет. Рейсте, айрыкча штормдуу ыраиында найтовыйларды жана корпуска суу келишин баикоо керек.
66. Портко кирип жаткан жалгыз же буксирлүү курамдагы кеме порттон чыгып жаткан кемелерге жол берет.
67. Пайдалануудагы ар бир өзү жүрүүчү кеме Регистрде аныкталган нормаларга ылайык навигациялык штурмандык мүлк менен камсыздалат.
68. Туура иштеген компасы жана Ысык-көлдүн оңдолгон картасы жок кемелерди сүзүүгө чыгарууга тыюу салынат.
Магниттүү компастардын девиациясын жок кылуу адис-девиаторлор тарабынан такай, жылына 1 жолудан кем эмес, металлынын магниттик массасын жылыштырууга байланышкан ремонттон чыкканда жүргүзүлүп турат.
Эскертүү: кемелик компастардын оң иштөөсү үчүн жоопкерчилик капитандын улук жардамчысына (1-штурманга) тапшырылат.
69. Ар бир кемеде вахталык журнал болуп, ага вахтанын начальнигинин уруксаты менен гана жол берилүүчү багытты өзгөртүү жөнүндө, ылдамлыкты өзгөртүү жөнүндө, кеменин деңиздеги координаттары, аба ырайынын абалы (булуттуулук, шамалдын багыты жана күчү) жөнүнлө маалыматтар, ошондой эле кеменин жүрүшүнө, иштешине жана экипаждын турмушуна байланышкан окуялар жазылып турат, вахталык журналдагы жазуулар кемелик саат боюнча:
- өзү жүрүүчү кемеде 5 миң чейинки тактыкта;
- өзү жөрбөөчү кемеде 10 миң чейин тактыкта жазылат.
Авариялык кырдаалда жазуу 1 мин чейинки тактыкта жазылат.
70. Вахталарды кеме опурталдуу жерден өтүп баратканда, башка кемелердин жанынан өтүп баратканда жана причалга же башка кемеге жакындап баратканда алмаштырууга болбойт.
Өзгөчө учурларда үн сигналдарына жооп бербеген кемелердин көңүлүн
буруу үчүн ракеталар пайдаланылып:
- күндүз жашыл түстөгү;
- түнкүсүн же күндүз көрүү начар шартта - ак түстөгү ракета атылат.
71. Чакан кемелер, моторлуу кайыктар, катерлер, спорттук жана калактуу кайыктар кемелерге тоскоол кылбоого жана алардын жолунан чыга берүүгө милдеттүү.
Бул айтылган сүзүүчү каражаттардын транспорттук кемелерге жакындоосуна жана жолун кесип өтүүсүнө катуу тыюу салынат.
Жакын аралыкта жүрүп бараткан кемелердин алдында шилеме калактуу кайык менен жүрүүгө тыюу салынат.
72. Балык кармоочу кемелер менен кайыктарга торлорду кеме жүрүүчү жолдун удаалаш же калкыма белгилери менен белгиленген огунан 1 км аз аралыкта жоюга, ошондой эле ал торлор менен бухтага кирүүчү жолдорду тосуп салууга тыюу салынат.
Торлор сунуш кылынган багыт боюнча же бухтанын аймагынан өтүп бараткан кеменин шилөөчү барасына оролуп калган учурда кеме торлордун бузулганы үчүн жооп бербейт жана балык кармоочу каражаттан бошонуу үчүн токтоп туруудан тарткан чыгымын төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.
Жайылган торлор кеме жолу тараптан төмөнкүчө белгиленүүгө тийиш:
- күндүз - ак желекчелер менен;
- түнкүсүн - суу үстүнөн бир метрден кем эмес орнотулган ак жарыктар менен.
Бул эреженин аткарылышына жоопкерчилик балык кармоочу кемелердин капитандарына жана балык кармоо өндүрүшүнүн жетекчилерине жүктөлөт.
73. Көрүү начар шартта (туман, кар, нөшөр) сүзүүгө ар бир кеме жай жүрүүгө жана үн сигналдарын берүүгө тийиш.
Мындан тышкары кемеге алды жакты байкоочу коюлат: алды жакты байкоочунун Фамилиясы жана байкоонун башталышы менен аяктоосунун убагы вахталык журналга жазылат.
Көрүү начар шартта булуңда баратканда жана бараткан орду жөнүндө так ишеним болбосо вахтанын начальниги кемени якорго токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.
74. Музда иштөө үчүн Регистрдин уруксаты жок кемелерге муздуу шарттарда сүзүүгө тыюу салынат.
75. Кемелердин рейддеги якорго туруусунун орду башка кемелердин жүрүшүнө тоскоол кылбагыдай кылып тандалат.
76. Жарылгыч, уулуу жана тез күйүүчү жүк жүктөлгө кемелер порттордо атайын жабдылган аялдамага, ал эми рейдде - кеме жолунан же якордо турган кемелерден 500 метрден алыс токтотулат.
Башка кемелер жарылгыч, уулуу жана тез күйүүчү жүк жүктөлгөн кемеге 500 метрден жакын келбөөгө тийиш (бул эреже жогоруда аталган жүктөрдү ташууга өкмөт же Транспорт жана коммуникациялар министрлиги уруксат берген учурларда колдонулат).
77. Шторм аба ырайында кеме башкарылбай калып жана анын жэзкке чыгып калуу коркунучу пайда болгон бардык учурларда ал кеменин командасы эртелеп якорь таштоого жана якордун чынжырын 50-70 метрге жандырууга милдеттүү.
78. Ар бир якордо салмагы жана кимге таандык экендиги жазылууга тийиш. Кемеден түшүрүлгөн бардык якорлордо кызыл жана ак тилкелерге боелгон буйлар болушу керек. Буйрептин узундугу буек якорду түшүргөндөн кийин суунун үстүндө, буйрептин ашыкча запасысыз чыгып тургудай болушу керек.
Бул айтылган якорлорду буйрепсиз түшүрүүгө тыюу салынат.
79. Буксирлөөчү кеме сүйрөтүүдөгү кемени швартовкалоодо же якорго токтотууда алар кеме жолун бошотмоюнча жана буксирлөөчү кеменин капитаны алардын швартовкага же якорго коюлганына ынанмайынча аларды таштап кетүүгө укугу жок.
80. Кеме айдоочулар жана кемелердин шкиперлери кеме жүрүү шартынын белгилеринин бузулганы, ошондой зле кеме жолунда якорь же башка зат жоголуп, натыйжада башка кемелердин коопсуздугуна коркунуч туулган бардык учурлар жөнүндө кеме жүрүү шартынын постторуна жана башка кемелерге билдирүүгө, ошонлой эле чөгүп кеткен нерселерди токтоосуз алып чыгуу же эскертүүчү белгилер менен тосуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
81. Кемелердеги өрткө каршы чаралар "Дарыя транспортундагы арт коопсуздугунун эрежелерине" ылайык жүргүзүлөт.
Кеменин экипажынын ар бир мүчөсү өрт чыккан учурдагы жана суудагы тревога же "сууда адам жүрөт" тревогасы боюнча өзүнүн милдеттерин билүүгө жана так аткарууга тийиш.
82. Калкыма крандарды жана командасыз баржаларды кошкондо бардык кемелер аман калуу үчүн күрөшүүнүн авариялык каражаттары: шынаалар, салмоорлор, жаздыктар, цемент ж.б. менен камсыздалууга тийиш.
Командасы бар өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелер кырсчык жөнүндө сигнал берүүнүн каражаттары менен жана сактоо каражаттары менен камсыздоонун нормаларына ылайык жабдылууга тийиш.
84. Эгер кеме чөгүп кетүү коркунучуна кабылса ал кеменин капитаны же шкипери, же аны сүйрөп жүргөн кеме Фарватерди бошотуу жана аварияга учураган кемени жээкке же тайыз жерге алып чыгуу боюнча барлык чараларды көрүүгө тийиш.
Жардамга муктаж кемеге жакын бардык кемелер өзүн жана өзүндөгү адамдар менен жүктөрдү коркунучка кабылтпастан, болгон бардык каражаттары менен жардам көрсөтүүлөрү керек.
Эгер кемени сактап калууга мүнкүн болбосо, анда капитан жүргүнчүлөрдү сактоо боюнча бардык чаралар көрүлгөндөн кийин экипажга кемени таштап кетүүгө уруксат берет. Капитан өзү кемеден эң акырында кетет.
85. Суудагы кырсыктан адамдардын өмүрү кырсыкка кабылган учурда жакын арадагы бардык кемелер жардам көрсөтүүгө токтоосуз келүүгө тийиш.
86. Кеменин капитаны авария жөнүндө схемалык чиймелүү акт түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Суу транспортунун кемелер боюнча инспекциясына берет. Акт N 5 тиркемеде көрсөтүлгөндөй формада түзүлөт.
87. Бул эрежелерде айтылбай калган бардык учурларда кеме айдоочу бул эрежелер аны керектүү чараларды көрбөгөндүктүн кесепети үчүн жоопкерчиликтен бошотпостугун эске алуу менен кеме айдоонун практикасы же өзгөчө кырдаалдар талап кылган, авариясыз сүзүүнү камсыздоочу бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
N 1-тиркеме
Буксирленүүчү кемелер менен сүйлөшүүнүн
үн сигналдары
Буксирди бошот - бир кыска жана эки узун сигнал;
Буксирди тарт - үч кыска жана бир узун;
Буксирди бекемде - бир кыска жана бир узун;
Буксирди чыгар - эки узун жана бир кыска;
Якорду чыгар - бир узун, эки кыска жана бир узун;
Якорду көтөр - үч кыска;
Рулда тур, кильватерди карма (көңүл бур) - бир узун, үч кыска жана бир узун
Эскертүү: Буксирленүүчү кеме буксирлөөчү кеменин сигналын укканын жана аткарууга кабыл алганын: күндүз - ак желекти горизонталдуу кыймылдатып, түнкүсүн - клотик жарыгын өчүрүп-күйгүзүү менен билдирет. Көрсөтүлгөн команда аткарылгандан кийин, буксирленүүчү кеме жооп сигналды кайталайт.
2-тиркеме
Шамалдын күчүнүн жана ылдамдыгынын таблицасы
3-тиркеме
Деңиздердеги, көлдөрдөгү жана чоң суу сактагычтардагы
толкундардын бирдей бааланышы
4 -тиркеме
Горизонталдуу көрүүнү баалоонун балл менен шкаласы
5-тиркеме
АКТ
199____жылдын __________айы_______күнү
Биз төмөндө кол койгондор_________________________________________ кызматы, фамилиясы, аты, ал эми четтен тартылган күбөлөрдүн ар биринин
жашаган жери
_______________________________________________________________________ төмөнкүлөр жөнүндө акт түздүк
теплоход чоңойот_________кубаттуулугу________________ат күчү___________ басырылуусу_______м.
__________________таандык: бараткан жолу_______________________________ _____________________ бош (же__________________________________________ кемелерден турган составда).
Составдын узундугу_____ м
составды буксирлөө ыкмасы (сүрөттөлөт)_________________________________ Кемеде вахтада тургандар: палубалык команда боюнча_____________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
кызматы, фамилиясы, аты-жөнү
машиналык команда боюнча_______________________________________________ _______________________________________________________________________ Аба-ырайы, шамалдын багыты жана күчү көрсөтүлөт.
Авария төмөнкүдөй шартта болгон: (авария орду жана убагы, бардык маневрлордун ирети, аварияга чейинки жаиа авария учурундагы ылдамдыгы жана буксирлөөчү кеменин начальниги шкиперге аварияга чейин жана анын учурунда берген бардык буйруктары толук баяндалат).
Аварияны тез жок кылуу боюнча чаралар көрсөтүлөт. Эгер кемелер кагылышса, кагышкан кемелер тиешелүү үн жана көрүү сигналдары менен жабдылганбы жана алар туура колдонулганбы - көрсөтүлөт.
Эгер авария кеме токтоп турганда болсо, авария болгон шарттар жана кырдаал толук баяндалат.
Кемедеги механизмдер же алардын тетиктери, кыймылга келтиргичтер жана башка түзүлүштөр сынса же бузулса, эмнеси бузулганы, алар аварияга чейин туура иштегенби, бузулган тетик аварияга чейин ремонтто болгон болбогону баяндалат.
Актынын аягында көрсөтүлөт:
а) адамдар кырсыкка учураганбы? Эгер учурашса, кырсыкты болтурбоо жана адамдарди сактоо үчүн кандай чара көрүлгөнү.
Өлгөн же жарадар болгондордун фамилиялары, аты-жөндөрү жана жашаган жерлери көрсөтүлөт;
б) Жүк жоголгонбу, бузулганбы, эгер жоголсо же бузулса-кандай жүк жана канча көлөмдө;
в) башка кемелердин аварияны жоюуга жардам көрсөтүүгө жумшаган токтоо убактысы (саат менен).
Акт түзгөндөрдүн жана аварияны көргөндөрдүн колдору.
Актыга авария болгон жердин: кемелердин аварияга чейинки, авария учурундагы жана андан кийинки абалдары, кеме жүрүү жолдорундагы белгилердин жайгашуусу көрсөтүлгөн схемалык чиймеси тиркелет.