Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 11-майындагы N 249
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында чакан кемелерди жана
алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
Жалпы жоболор
1. Бул эреже Кыргыз Республикасынын дарыяларында, суу сактагычтарында, көлдөрүндө жана башка көлмөлөрүндө чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануунун тартибин белгилейт жана ал менчикте турган же юридикалык жактар менен жеке адамдардын пайдалануусундагы (анын ичинде чет өлкөлүктөр) бардык чакан кемелерге жана алар токтоочу базаларга жайылтылат.
Бул эрежелердеги чакан кемелер деп өзү жүрүүчү (башкы кыймылдаткычынын кубаттуулугу 150 ат күчүнөн кем болгон (110,3 КВт) же өзү жүрбөй турган (баллдык сыйымдуулугу 80 регистр тоннадан төмөн) сүзүүчү түзүлүш (каражат) түшүнүлөт жана ал төмөнкүлөргө колдонулат:
а) жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү (12 адамдан ашпаган) суудагы балык жана башка өнөр жай үчүн багаждарды жана почталарды ташуу учүн;
б) атайын кызматтарды (өнөр жайдык, патрулдук, күзөтүү ж.б.) өтөө үчүн;
в) окуу, маданий-ден-соолук чыңдоочу жана коммерциялык максаттар үчүн;
г) спорт жана туризм үчүн;
д) башка максаттар үчүн.
Чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануунун өзгөчөлүгүнө тиешелүү инструкциялар жана башка нормативдик актылар ушул Эрежелердин талабына ылайык келүүгө тийиш.
2. Чакан кемеси бар бардык уюмдар бул кемелердин жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) эксплуатациялоодо жоопкерчиликти бөлүшөт.
3. Ушул Эрежелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар жана чакан кемелердин айдоочулары чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануунун эрежелерин, ички кеме жүрүүчү жолдор боюнча сүзүү эрежесин аткарууга жана чакан кемелердин кырсыксыз сүзүшүн камсыз кылууга, сууда сузүп бара жатканда бөөдө кырсыктардын алдын алуута жана айлана чөйрөнүн булганышына жол бербөөгө тийиш.
4. Ушул Эрежелердин жана чакан кемелердин сүзүү коопсуздугу боюнча башка нормативдик докуметтердин аткарылышына Чакан кемелер боюнча инспекция көзөмөлдүк жүргүзөт, анын талаптары чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануу үчүн жооптуу барлык кеме айдоочулар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Чакан кемелер боюнча инспекция иш-аракети Кыргыз Республикасынын сууларында укук тартибин камсыз кылууга жана айлана чөйрөнү коргоого байланыштуу болгон бпшка контролдоочу органдар жана коомдук уюмдар менен өз ара тыгыз байланышта ушул эрежелерди аткарууга көзөмөлдүк кылуу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди чечет.
5. Сууда чакан кемелердин регаттарынын мелдештерингмайрамдарын өткөрүүгө Чайан кемелер боюнча инспекция менен макулдашуу боюнча ага атайын бөлүнгөн жерлерде, ал эми кеме жүрүштөрүиө Кеме инспекциясы менен макулдашуу боюнча уруксат берилет.
6. Чакан кемелерде экскурсияларды, коллективдүү жүрүштөрдү жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүдө аларды уюштуруучулар суудагы коопсуздукту, коомдук тартипти жаиа айлана чөйрөну коргоону ишке ашыруута жооптуу адамдарды бөлүүгө милдеттүү.
Кеме айдоочулардын жалпы милдеттери.
7. Чакан кемелерди айдоочулар төмөнкүлөрдү ала жүрүүгө милдеттүү:
- белгиленген райондо тиешелүү кубаттуулуктагы кыймылдаткычтарды жана парустардын аянтынын аталган категориясындагы чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүгүн;
- кеменин сүзүүгө жарактуулугун жыл сайын техникалык жактан күбөлөндүргөн белгиси менен кеме билетин;
- рейске план-тапшырмасын, жол баракчасын (маршруттук баракча), ташып бараткан жүккө документтерди (жеке адамдарга таандык кемелерден башка);
- граждандарга тиешелүү кемелерге, кеменин ээси жок болсо - белгиленген тартипте чакан кемени пайдалануу укугуна ишеним катты жана кемени башкаруу укугунун кубөлүгүн.
8. Кеме айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз кемесинин навигациялык сапатын жана маневрдук элементтерин, ар кандай гидрометеорологиялык шарттарда аны башкаруу өзгөчөлүктөрүн, сүзүүнүн белгиленген разрядын, өз кемесин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн чектерин, сүзүү районунун лоциясын, ошондой эле сүзүү коопсуздугун жөнгө салуучу документтерди билүүгө:
- сүзүүгө чыгаар алдында кеменин оң абалын жана комплектүүлүгүн текшерип, сүзүү учурунда анын абалын көзөмөлдөөгө;
- сууда кырсыкка учурагандарга жардам жана медициналык алгачкы жардам көрсөтүп, жапа чеккендерди дарылоочу мекемелерге жеткирүүгө;
- жаратылышты коргоо талаптарын сактоого;
- кеме инспекциясынын кызмат адамдары кеменин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис тапшырмаларды аткарууга байланыштуу учурларда, оорулуу адамды жакынкы жарылоо мекемесине жеткирүү же анын өмүрүнө коркунуч келген учурларда медициналык персоналдын чакан кемесинин өтүп кетишине жол берүүгө;
- кемеге белгиленген нормадаи ашыкча жүктөшүнө жол бербөөгө;
- сүзүү коопсуздугун контролдоочу мамлекеттик органдардын кызматкерлери текшерген учурларда аларга токтоп жана кемени башкаруу укугуна күбөлүгүн, жол баракчасын, ташып бара жаткан жүккө кеме документтерин көрсөтүүгө. Кеме башкалар сүзүп өтпөгөн коопсуз жерге токтоого тийиш.
Кызмат адамы кемени айдоочуга өзүнүн кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө 1 милдеттүү.
9. Чакан кемени башкаруучу адамга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- чакан кемени мас же банги затын пайдаланып алып айдоого,
- чакан кемени мас адамдын башкаруусуна берүүгө;
- мас абалындагы адамдарды ташууга;
- чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүгү жок адамдарга берүүгө;
- айланадагы суу акваториясын байкабай туруп калтырууга;
- жүк көтөрүү, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулук нормаларын жана белгиленген ылдамдыкты бузууга;
- кемеде жогорку кубаттуулуктан ашкан моторду пайдаланууга атайын жабдылган отуруучу орундуктары жок кемелерде жүргүнчүлөрдү ташууга;
- өрт коопсуздугунун талаптарын жана айлана чөйрөнү коргоо талаптарын бузууга.
10. Адамдардын жапа чегишине алып келген чакан кемелердин кырсыкка учурашына себепкер болгон кеме айдоочулар жапа чеккен адамдарга зарыл медициналык жардам көрсөтүү, аларды дарылоо мекемелерине жеткирүү жана болгон кырсык тууралу Чакан кемелер боюнча инспекцияга билдирүүгө, кырсыкты көргөн адамдардын аты жөнүн жана адресин жазууга милдетгүү.
11. Чакан кеменин айдоочусу кемедеги жүргүнчүлөрдүн жүрүш-туруш эрежелерин сактоого көзөмөлдүк кылууга милдеттүү.
Чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) пайдалануу.
12. Юридикалык жактарда жана жеке адамдарда турган бардык чакан кемелер райондоруна карабастан Чакан кемелер боюнча инспекцияда учетто турууга жана катталууга (кайра катталууга тийиш).
13. Ар бир чакан кеме аны туура пайдаланууну жана сүзүү району жээктен алыстоо, кеме сүзө ала тургандай толкундун бийиктиги суу үстүндөгү бортко кыймылдаткычтардын жогорку кубаттуулугуна жана санына, жол берилүүчү парус аянтына, жүк көтөрүмдүүлүгүнө, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугуна, кеменин сактоочу жана өрткө каршы каражаттары менен жабдылышына жана башка жабдууларга Чакан кеме боюнча инспекция тарабынан ал кемеге белгиленген сүзүү коопсуздугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды, нормаларды жана талаптарды сактоо менеи техникалык жактан оң абалында пайдаланылууга тийиш.
14. Ремонтто турган сүзүүчү каражаттардын ээлерине сууну коргоо жана өрткө каршы талаптарды сактоо менен ал кемени жээкте сактоого уруксат берилет. Бул кемелерди сактоону жана күтүүнү уюштуруу, акы башка адамдардын колдонушуна жол бербөөгө тийиш. Техникалык абалы сүзүү коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, ремонтго турган кемелерден башка чакан кемелер алардын ээлрри тарабынан суу акваториясынан жана жээктерден алынып кетүүгө тийиш.
15. Кеме айдоочулар жана чакан кемедеги ар бир жүргүнчүлөр үчүн жекече сактоо каражаты болууга тийиш.
16. Чакан кемелерди төмөнкүдөй учурларда эксплуатациялоого тыюу салынат:
- корпустан суу кирген жана суу өтүүчү жабылмалар оңдолбогон;
- кыймылдаткычы, валдык өткөргүчү, винти, якордук жана бурулуу түзүлүшү, кеменин эксплуатациялоо жана сүзүү коопсуздугун аныктоочу түзүлүштөрү жана системалары бузук болгондо да;
- жабдуунун типтүү табели боюнча жабдуу предметтерин пайдаланууга жараксыз жана ал жок болгон учурда;
- кеме документтери жок же мөөнөтү өтүп кеткен учурда.
17. Чакан моторлуу жана парустуу кемелерди башкарууга 18 жашка чыккан, чакан кемени башкаруу укугуна Чакан кеме боюнча инспекция тарабынан белгиленген тартипте бекитилген окуу программасы боюича экзамен тапшырган жана 3 жылда бир жолу билимин текшерип турган адамдарга жол берилет.
18. Чакан кемелер токтоочу базаларды (курулуштарды) эксплуатациялоо жээктеги аймактар, түзүлүштөр күйүүчү отун сактоочу жайлар, акваториялар, сактоочу посттор жана башка объекттер менен толук комплексинде гана алар пайдаланууга жарактуулугу тууралу техникалык күбөлөндүрүүдөн жана каттоодон өткөндөн кийин гана уруксат берилет.
Чакан кемелер токтогон жерлерде өрт чыгып кетүү коркунучун, кемелердин чөгүп кетүү жана айлана чөйрөнү булгоо коркунучун болтурбоочу чаралар көрүлүүгө тийиш.
Жыл сайын навигация башталаар алдында токтоочу базаларды тазалап терендиктин акваториясын водолаздык кароо жана өлчөө ошол базалардын ээлеринин эсебинен жүргүэүлүүгө тийиш.
19. Чакан кемелер токтоочу базалардын ээлери сүзүүчү каражаттардын ал жерде токтошун жана жээктерде сакталып турушун Чакан кемелер боюнча инспекция белгилеген нормаларга ылайык причалдардын, курулуштар менен кемелердин толук оң абалда турушун камсыз кылат.
20. Чакан кемелер токтоочу базалары (курулуштары) бар бүткүл уюмдар кеме айдоочуларга гидрометеорологиялык шарттар жана аба ырайы тууралу өз учурунда кабарлоого, чакан кемелердин коопсуздугун камсыз кылуу режимин белгалөөгө жана алар үчүн жекече жоопкер адамдарды дайындоого милдеттүү.
21. Кеме токтоочу жайдан сүзүүгө ар бир чыгышы, анын максаты сүзүү пландаштырылган район жана маршрут, станцияга жана базага кайтып келүүнүн болжолдуу убактысы жана анын иш жүзүндө кайтып келгендиги кеме токтогон жердеги атайын журналды белгиленүүгө тийиш. Кеме белгиленген мөөнөттө кайтып келбесе аны издөө боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
Чакан кемелердин сүзүү тартиби.
22. Чакан кемелердин сүзүү кыймылы чектин жээгинде жана кеменин сүзүү чегинен сырткары гана жол берилет.
Калктуу конуштардын, порттордун, пристандардын, чакан кемелер токтоочу жайлардын жана кайыкты прокатка берүүчү станциялардын чектериндеги акваторияларында чакан кемелердин сүзүшү саатына 40 километрден ашпаган, ал эми пляждар менен адамдар сууга түшүүчү жерлерге жакындаганда саатына 15 километр ылдамдыкта гана жол берилет.
Чакан кеме боюнча инспекциянын жана сактоо кызматтарынын сүзүү каражаттары сүзүү эрежелери бузууларга бөгөт коюу же сууда кырсыкка учурагандарга жардам көрсөтүү учурларында этияттык чараларын сактоо менен жогорулатылган ылдамдыктарда сүзүшү мүмкүн.
23. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- каттоодон өтпөгөн жана техникалык көзөмөл жүргүзүлбөгөн, ошондой эле борт номерлери жок чакан кемелерде сүзүүгө;
- чакан кемелерди башкаруу укугуна күбөлүгү жок кеме айдоочулардын моторлуу же парустуу кемелерде сүзүшүүгө;
- сүзүү коопсуздугун камсыз кылуучу белгиленген шарттар, нормалар жана техникалык талаптар сакталбаган учурларда чакан кемелерди пайдаланууга;
- чакан кемелер туманда же башка метрологиялык ынгайсыз шарттарда, багыт алууга мүмкүндүк болбогон учурларда;
- чакан кемелердин муз капталган шарттарда сүзүшүнө;
- башка кемелердин сүзүшү үчүн жолтоо болгондо;
- кеме билетинде тиешелүү жазуусу жок шилөөчү кайыктарга парус орнотууга;
- Чакан кемелер инспекциясынын жана сактоочу кызматтардын кемелеринен тышкары чакан кемелердин адамдар жуунуучу жана пляждар үчүн бөлүнгөн акваторияга киришине;
- чакан кемелердин кеме жүрүүчү кырдаалындагы сүзүү белгилерине келип токтошуна;
- түн ичинде белги берүүчү от жагылбаган жерлерде чакан кемелер менен рейске чыгууга;
- жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн причалдарына, деваркадерлерге чакан кемелердин келишине жана токтошуна, транспорттук, техникалык, көмөкчү кемелерди сүйрөөгө, аларга жакын аралыкта багытына же бара жаткан жолуна бөгөт коюуга;
- кемеден сууга тамак аш калдыктарын жана нефтепродуктуларын таштоого, көлмөлөрдү, базалардын жана жээктердин акваториясын булгоого;
- прокатка берилген чакан кемелерде уруксат берилбеген акваторияларда сүзүүгө жана сүзүү маршруттарын бузуута;
- жөнгө салынбаган кыймылдаткычты пайдаланууга;
- кеменин жүрүүчү жерлерде члкли кемени токтотууга;
- шилегич кеме катары катталган кемелерге кыймылдаткыч орнотууга;
- чакан кемелерде киринүүгө, адамдарды кеме жүрүп бара жатканда экинчисине которууга, кемени чайпалтууга;
- кемелерди калак, сузгуч, причалдын аягынын жана сактоочу буюмдардын комплектисиз прокатка берүүгө;
- чакан кемелердин көпүрөлөрдун жана алардын астындагы зонага токтошуна;
- Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычынын жээгинин шилегич кайыктарында миң метрден ашуун, моторлуу кайыктар, суу мотоциклдери, скутерлер, катерлер жана яхталар үчүн 2 миң метрдрн алыс кетүүгө (чакан кемелер инспекциясынын жана сактоочу кызмат кемелеринен башкалар);
- 3 баллдан ашкан шамалдын учурунда чакан кемелердин сүзүүгө чыгышына;
- чакан кемелердин Чакан кемелер инспекциясы тарабынан берилүүчү уруксатсыз сүзүүгө тыюу салынган акваториялар менен райондорго сүэүшүнө;
- жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар жүктөрдү ага атайын дайындалбаган кемелерде ташууга;
- сүзүп бара жатканда токтоого, токтоочу базаларда жана жээктердеги каттоодон өтпөгөн участкаларда чакан кемелерди коюуга, ошондой эле аларды белгиленбеген жерлерге токтотууга;
- каттоодон өтпөгөн жана техникалык жактан көзөмөлгө алынбаган чакан кемелерди сууга чыгарууга жана сүйрөөгө.
24. Чакан кемелер инспекциясы айрым акваториялар, райондор боюнча чакан кемелердин сүзүү режимин чектөө боюнча кошумча талаптарды, эксплуатациялоо мөөнөтүн, убактысын, алардын ылдамдыгын жана кемелердин тибине жана сүзүүнүн жергалнктүу шарттарына ылайык башка чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
Эрежелерди бузууга жоопкерчилик.
25. Бул Эрежени бузган адамдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Эрежелерди бузгандарга карата төмөнкүдөй санкциялар колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде белгиленген өлчөмдө айып;
- чакан кемени анын ээсинин эсебинен токтоочу жайга суткалык төлөтүү менен айып аянтчасына коюу;
- кеме айдоочуну 2 жылга чейинки мөөнөткө аны башкаруу укугуна күбөлүгүнөн ажыратуу;
- кылмыш жоопкерчилигине тартуу.
26. Чакан кемелердин айдоочулары жана анын эксплуатацияланышына, бул сүзүү каражаттарын туура пайдаланууда авариялык коркунучту пайда кылуучу абал түзгөн, адамдардын өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге себепкер адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. Чакан кемени башкарууга укугу жок адамдарга аны ишенип берип коюунун натыйжасында келип чыккан кырсыктар үчүн чакан кеменин ээси жоопкерчилик тартат.
27. Чакан кемени башкарууга укугу жок адамдарга аны ишенип берип коюнун натыйжасында келип чыккан кырсыктар үчүн чакан кеменин ээси жоопкерчилик тартат.
28. Чакан кемелердин сүзүү коопсуздугун жөнгө салуучу белгиленген шарттарды, нормаларды жана талаптарды бузган, адамдарга жана айлана чөйрөгө коркунуч келтирген кеме айдоочулар анын айдоо укугунан ажыратылып, административдик башка жаза колдонуу чараларына дуушар кылынышы мүмкүн.
29. Ушул Эрежеде каралган бардык учурларда кеменин айдоочулары кырсыксыз сүзүүну камсыз кылуучу өзгөчө кырдаалдар же кеме башкаруу практикасы талап кылган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү, бул эреже мындай чараларды көрбөгөндүктөн келип чыккан кесепеттерге аларды жоопкерчиликтен бошотпой тургандыгын эске алыш керек.