Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 11-майындагы N 249
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын аймагында чакан кемелерди жана
алар токтоочу базаларды (курулуштарды) каттоонун,
эсепке алуунун жана техникалык жактан көзөмөлдөөнүн,
бул кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды
аттестациялоонун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
I-Бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Эреже Кыргыз Республикасынын бардык аймагы үчүн чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) каттоонун, эсепке алуунун жана техникалык жактан көзөмөлдөөнүн, аларга борт номерлерин ыйгаруунун, бул кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоонун тартибин белгилейт.
Чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды (курулуштарды) каттоого, эсепке алууга жана техникалык жактан көзөмөлдөөгө, аларга борт номерлерин ыйгарууга, бул кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоого тиешелүү инструкциялар жана башка нормативдик актылар ушул Эрежелердин талаптарына негизделүүгө тийиш.
2. Кемелердин бардык категориясы, башкы кыймылдаткычынын кубаттуулугу 150 ат күчүнөн төмөн болгон өзү жүрүүчү жана валдык сыйымдуулугу 80 регистр тоннадан төмөн болгон өзү жүрбөөчү сүзүүчү түзүлүштөр (мындан ары - кеме), анын ичинде юридикалык жактар менен жеке адамдарга таандык үйлөмө, ажыроочу жана башка сүзүү каражаттары Чакан кеме боюнча инспекцияда катталууга, эсепке алууга жана техникалык жактан көзөмөлдөнүүгө тийиш.
3. Кемелерди каттоо жана техникалык жактан күбөлөндүрүү, кеме айдоочулардын билимин текшерүү жана башка иштер үчүн акы Чакан кеме инспекциясы тарабынан аткарылуучу кызматтарга баалардын прейскурантына ылайык алынат.
4. Бул Эрежени бузган адамдар колдонуудагы мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.
Кемелерди каттоо.
5. Юридикалык жактар жана жеке адамдар өзүлөрүнө таандык кемелерди техникалык абалына, жылдын кайсы мезгилине жана кеме токтоочу ордуна карабастан аны сатып алган (алган), курган же Чакан кеме инспекциясын аймактык инспектордук участкаларда аларды кайра каттоо үчүн себеп болгон учурдан тартып 10 сутканын ичинде каттоодон өткөрүүгө (кайра каттоо) милдеттүү.
6. Эки же андан ашуун адамдардын менчигинде турган кеме алардын каалоосу боюнча бирөөнө гана катталат.
7. Уюмдарга тиешелүү кеме алардын туруктуу орду же токтогон орду боюнча, ал эми граждандардын жеке менчигиндеги кеме ээсинин туруктуу каттоодо турган жеринде гана катталат.
8. Кемени каттоодо жана эсепке коюуда анын ээси же ага ишеним каты бар адам паспортун же башка ким экендигин аныктоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
9. Кемелерди каттоо Чакан кемелер инспекциясына төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен (анын структуралык подразделениесине) жүргүзүлөт:
- кеменин ээсинин жазуу жүзүндөгү арызын, анда ал кеменин техникалык негизги маалыматтары, анын токтоо жайы, уюмдун аталышы жана дареги, анын ведомстволук таандуулугу же жеке ээсинин аты-жөнү, туулган жылы, туруктуу жашаган жери жана иштеген орду;
- кемелерди алуунун же сатып алуунун мыйзамдуулугун ырастаган документтер, эгерде кемени өзүлөрү курса (дүкөндөрдүн товардык чеги, эсеби, материалдарга справкалар, сатып алуу - сатуу келишимдери, белек кылуу актысы, мурастоо күбөлүгү, соттун чечими жана башкалар;
- кеменин алгачкы техникалык күбөлөнүшүнө жана аны каттоого акы төлөө квитанциясы, ошондой эле анын ээлеринин туруктуу жашаган жери боюнча мамлекеттик белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү тууралу дүмүрчөк:
- кеменин заводдо курулгандыгына техникалык паспорт жана сатуучу буюмдун аны саткандыгы тууралу белгиси менен кыймылдаткычтын техникалык паспорту, ошондой эле жекече курулган же кайра жабдылган кемелер үчүн деталдарды, материалдарды сатып алгандыгын ырастоочу документтер жана Чакан кеме инспекциясынын талаптарынын нормативдерине жаеа техникалык талаптарына ылайык кеменин курулгандыгына техникалык документациялар.
Эгерде бир кемеде бир канча кыймылдаткыч бар экендиги же алмаштырылган кыймылдаткычтар аныкталса кеме билетине бардык кыймылдаткычтардын типтери, кубаттуулугу жана номери жазылат.
10. Жеке адамдардын курулган же сатып алынган, бирок өз учурунда каттоодон өтпөгөн, ал боюнча аларды сатып алуунун мыйзамдуулугун далилдеген алгачкы документтер сакталбаган кемелерди каттоо үчүн кеменин аларга таандуулугун далилдеген айыл өкмөтүнөн же башка тиешелүү органдардан справка же кеминде эки күбөнүн көрсөтүүсү менен анын иштеген орду боюнча жазуу жүзүндөгү ишеним кат көрсөтүлөт.
11. Жеке менчик ээлеринин өзү жүрүүчү кемелери төмөнкүдөй учурларда каттоого кабыл алынбайт:
- ушул Эрежерлердин 9-пунктунда каралган документтери жок болсо;
- капиталдык ремонтсуз андан аркы пайдаланууга жараксыздыктан улам керектөөдөн чыгарып салынгандан кийин уюмдар менен чарбалардан сатып алынган жана мындай ремонт жаңы ээсинин эсебинен атайын мастерскойлордо жүргүзүлгөндүгү тууралу ырастоочу документтери жок моторлор менен;
- эскиргендигинен жарактан чыгарылган моторлор менен;
- номерлери көрсөтүлбөстөн автомобилдерден жана алардын мурдагы ээлеринен керектен чыгарылып салынган моторлор менен.
Моторго тийиштүү документтери жок болсо ал алмаштырылууга же кеменин ээсинин каалоосу боюнча андан моторду алып салгандан кийин өзү жүрбөөчү катары катталышы мүмкүн.
12. Ушул Эрежелердин 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин ордуна уюмдарга тиешелүү кемелерди каттоодо ал кеменин уюмдун менчиги болуп санала тургандыгын ырастаган жетекчинин жана башкы бухгалтердин коддору коюлган справка мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керск.
13. Кеме билетин толтуруу үчүн талап кылынуучу бардык зарыл документтер жана техникалык маалыматтар болгондо документтер катоого кабыл алынып ээсине кеме билетин алууга убакыт белгиленет.
14. Кеме ээсинде документтерди каттоо үчүн бардык зарыл болгон документтер болгондо чарбалык ыкма менен курулган кемелерди каттоо аны алгачкы текшерүү болгондон кийин жүргүэүлат, мында кеме билетин толтуруу үчүн зарыл болгон анын техникалык маалыматтары аныкталат. Бардык учурларда алгачкы текшерүү каттоодон өткөнгө чейин жана андан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Бардык учурларда сериялык эмес жана стандартсыз кемелерди каттоого сунуш кылуу алдын ала сүзүүгө текшеруү болмоюн, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу жана сүзүү району аныкталбаса каттоо алардын бардыгы жүргүзүлгөнгө чейин кармалат.
16. Өзү жүрүүчү кемени каттоодо ага борт номери ыйгарылып, кеме ээсине кемелик билет тапшырылат. Ыйгарылган борт номери орус алфавитинин үч тамгасынан (литер) жана төрт цифрадан турат. Биринчи тамга республиканы (Кыргыз Республикасы үчүн - К), экинчи жана үчүнчүсү (Чакан кеме инспекциясы тарабьшан аныкталган тартипте белгиленип, ал областты районду жана катталган пунктту билдирет, сандар кеме китепчесиндеги катталган иреттик номерге жана кеме билетинин номерине дал келет.
Прокатка берилген, шилөөчү жана парустуу кайыктарга корпусунун өңүндөй түс аныкталып, бир тамгадан литер жана иреттик номер белгиленет. Кемеиин аталышы анын ээсинин каалоосу боюнча ыйгарылат, бул тууралу каттоо номерлеринде жана кеме билеттеринде жазылат.
Шилөөчү жана парустуу кайыктардын прокаты бир тамгадан жана иреттик номерден турган литер аркылуу белгиленст. Кайыктын бортунун ички тарабында белгиленген жүргүнчү сыйымдуулугу - (резинадан жасалган үйлөмө кайыктардан башка) жазылат.
17. Өзү жүрбөөчү кемелерге борт номерлерин ыйгаруунун тартиби Чакан кемелер инспекциясы тарабынан аныкталат.
18. Борт номери өчпөй турган контрасттык боек менен кеменин эки тарабына ар бир саптын аралыгындагы 4/1 корпусунун узундугунда жазылат. Тамгалар менен сандардын бийиктиги кеминде 100-150 мм, туурасы кеминде 15-20 мм болууга тийиш.
Кеменин аталышы борттук номеринин артына карай кеткен тилкеге жазылат. Сактоочу кызматтардын сүзүү каражаттарында борттун эки тарабында борт номеринин артты көздөй кеменин иш багыты жөнүндө жазылат. Борттун сырткы тарабына башкаларды жазууга тыюу салынат.
19. Кемелерди каттоо мурас боюнча өткөн кемелерди кошпогондо 18 жашка толгон адамдар тарабынан жүргүзүлөт. 18 жашка толо элек мурасчы кемени каттаткан учурунда каттоо карточкасында атасынын, камкордук көрүлгөн адамдын же багуучунун аты-жөнү көрсөтүлүп, алардын макулдугусуз кемени эсептен чыгарууга болбой тургандыгы жөнүндө жазылат.
Кемелерди кайра каттоо.
20. Кемелер төмөнкүдөй учурларда кайра каттоодон өтөт:
- кеме ээлеринин туруктуу жашаган жери өзгөргөндө (уюм башка жерге жайгашканда);
- кеменин дайыма токтоочу орду өзгөргөндө;
- таандуулугу (ээсинин) өзгөргөндө;
- кемени кайра жабдуудан улам кеме билетинде жазылган маалыматтар өзгөргөндө.
21. Кемелерди кайра каттоо анын ээсинин жазуу жүзүндөгү арызынын кеме билетинин, паспортунун жана аны алмаштыруучу башка документтин негизинде жүргүзүлөт.
22. Кемени кайра каттоо анын сүзүүгө жарактуулугун техникалык жактан күбөлөндүрүүнүн жана каттоо наркынын төлөнгөндүгү тууралу квитанцияны көрсөтүү боюнча жүргүзүлөт.
23. Кемени кайра каттаган учурда анын ээсине кемеге жаңы борт номерин ыйгаруу менан жаңы кеме билети берилет.
24. Кеменин ээси ал билетти жоготуп, бузуп алган учурларда кеменин жарактуулугун кезектеги техникалык күбөлөндүрүүдөн жана белгиленген жыйымды төлөгөндөн кийин анын арызынын негизинде кеме билетинин дубликаты берилет.
25. Кемени белгиленген мөөнөттө кайра каттатууга алып келген учурларда ал Чакан кемелер инспекциясынын эсебинен чыгарылат.
Кемелерди эсепке алуу.
26. Кемелерди каттоодо жана кайра каттоодо ал тууралу бардык зарыл маалыматтар кеме китебине (реестр) жазылат.
27. Кеме китептери (реестрлери) моторду жана шилөөчу кемелерге өз -өзүнчө жүргүзүлөт. Кемелердеги кеме китепчерлери (реестрлер) өндүрүштүк максаттар үчүн белгиленген формада жүргүзүлөт.
28. Кеме ар бир катталган сайын каттоо карточкасы жазылат.
29. Республика, областка убактылуу келген кеме кеме китепчесине (реестрге) жазылбайт.
Кемелерди эсептен чыгаруу.
30. Кемелерди эсептен чыгаруу анын ээсинин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- кеме ээси алмашканда (баланстан баланска өткөндө, сатканда, белеке, мураска берилгенде) - анын ээси туруктуу жашоо үчүн башка жакка көчүп кеткенде;
- кеме толугу менен жарактан чыкканда;
- акты же башка документтер менен бекемделип кеменин жок болуп кетиши.
31. Башка туруктуу жашоого көчүп кеткендигине байланыштуу кемени эсептен чыгарууда анын ээси кеме билетинде эсептен чыккандыгы тууралу белги койдурат жана кеме китепчесинде жазылуу менен борт номери жоюлат. "Төлөндү" деген штамп менен кеме билети анын ээсине кайтарылат.
32. Кеменин ээси алмашкандыгына байланыштуу аны эсептен чыгарууда "Төлөндү" деген штамп коюулуу менен кеме билети туруктуу жайгашкан орду боюнча кемени каттоодон өткөрүү үчүн анын жаңы ээсине өткөрүлүп берилет.
33. Техникалык жактан толук жарактан чыккандыгына байланыштуу кемени эсептен чыгарууда атайын техникалык текшерүүнүн актысы боюнча, ал эми ал жок болуп кеткендигине байланышгуу эсептен чыгарууда жана каттоо карточкасында тиешелүү белги коюлат. Кеме билети мындай учурларда жок кылынып жана инспекцияда сакталат.
34. Учеттон алынган кеменин борт номери башка эч бир сүзүүчү каражатка 5 жылдын ичинде ыйгарылбайт.
35. Уюмдардын жана жеке адамдардын менчигиндеги туруктуу катталган жерин өзгөртпөстөн убактылуу башка республикага, областка кеткен же арендага берилген кемелер эсептен чыгарылбайт.
Кемелерге техникалык көзөмөл.
36. Кемелерге техникалык көзөмөл жана аларды классификациялоо. Чакан кемелер инспекциясынын колдонуудагы стандарттарына, нормативдери менен талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
37. Кемелердин сүзүүгө жарактуулугун техникалык жактан күбөлөндүргөн учурда сүзүү району боюнча коопсуз эксплуатациялоонун шарттары жана нормалары, кеме сүзүшү мүмкүн болгон толкундун бийиктиги кыймылдаткычтардын кубаттуулугунун жеткн чеги жана саны жол берилүүчү парус аянттары, жүк көтөрүмдүүлүгү, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу белгиленет. Кеменин сактоочу жака өрткө каршы каражаттар, белги берүүчү оттор, навигациялык жана башка жабдуулар менен жабдылышы нормага салынат.
Кеменин сүзүүгө жарактуулугун жыл сайын техникалык жактан күбөлөндүрүүдө кеменин негизги элементтеринин өзгөрбөгөндүгү анын техникалык абалы, белгиленген нормага ылайык жабдууларынын бар экендиги текшерилет, эксплуатациялоо шарты такталып жана кеме билетине белги коюлат же акты түзүлүп, анда кеменин сүзүүгө жарактуулугун аныктоочу шарттар менен нормаларды аткарууга милдеттер жазылат. Мында кеме ээлери кеме билетин, кемени башкаруу укугуна күбөлүгүн, техникалык күбөлөндүрүү үчүн жана туруктуу жашаган жери боюнча чакан кемелердин жеке ээлеринин белгиленген мамлекеттик жыйынын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциясын көрсөтөт.
38. Кемелердин кезектен тышкаркы техникалык кароолору авария болгон, жаңыдан курган, кайра жабдыган, оңдогон, корпусунун сүзүү бөлүгүнүн техникалык абалын тактаган жана башка учурларда жүргүзүлөт. Кемени кайра жабдуу деп анын негизги элементтерин тип категория (сүзүү шарты боюнча), башкы өлчөмдөрүн, сууда сүзүү жона маневрдук сапаттарын өзгөртүү иштери түшүнүлөт. Кезектен тышкаркы техникалык кароодо оңдоонун, кайра жабдуунун же аварияга учуроонун натыйжасында өзгөртүлгөн кеменин элементтери текшерилет. Корпустүн сүзүү бөлүгүнүн техникалык абалын тактоодо навигация аралык мезгилде 1 жылда бир жолу жээктерде жүргүзүлөт; кеменин пайдаланылышына ылайык сүзүү коопсуздугун камсыз кылууга багытталган талаптардын натыйжасында ал кезектеги күбөлөндүрүү деп эсептелет.
39. Кеменин сүзүүгө жарактуулугун баштапкы же ар жылдык техникалык кароо жана кезектен тышкаркы кароо аны менчиктеген уюмдун жайгашкан жери же анын жеке ээсинин туруктуу жашаган жери боюнча чакан кеме инспекциясы аныктаган мөөнөтөрдө жүргүзүлөт.
40. Айрым учурларда кеменин сүзүүгө жарактуулугун кезектеги ар жылдык техникалык кароого чейин кеминде 4 ай мурда Чакан кеме инспекциясынын кеме каттоодон өткөн аймактык органы тарабынан кеме убактылуу эксплуатацияланган жана жайгашкан орду боюнча сүзүүгө жарактуулугуна техникалык кароодон өткөрүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
Кемелер токтоочу базаларды (курулуштарды)
техникалык күбөлөндүрүү.
41. Кемелер токтоочу базаларды (курулуштарды) техникалык күбөлөндүрүү жыл сайын Чакан кемелер инспекциясынын колдонуудагы стандарттарына, нормалары менен талаптарына ылайык коопсуз эксплуатациялоо жана айлана-чөйрөнү коргоо шарттарын жана нормаларын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
42. Базаларды (курулуштарды) техникалык күбөлөндүрүүдө аларды түзүүнүн мыйзамдуулугу, техникалык документациясы, жээктеги жана сүзүүчү түзүлүштөрдүн техникалык абалы, жээк аймактары күйүүчү-отун сактоочу жай, акватория, сактоочу посттор жана кое берүү режимин уюштуруу, өрткө каршы, суу сактоочу жабдуулар жана тиешелүү түзүлүштөр менен камсыз болгондугу текшерилет.
Базаларды (курулушту) техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжасында тиешелүү акты толтурулат.
Чакан кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоо жана алардын билимин текшерүү.
43. Чакан моторлуу жана парустук кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоо экзамен аркылуу алардын туруктуу жашаган (катталган) жери боюнча гана жүргүзүлөт. Экзамендин жыйынтыгына экзамендик комиссиянын протоколу толтурулат.
44. Кемени өз алдынча башкаруу укугуна, экзамен тапшырууга 18 жашка толгон, бул кемелерди башкарууга Кыргыз Республикасынын Салматтыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте ден-соолугу жарактуу деп табылган, атайын теоретикалык даярдыгы жана чакан кемелердин айдоочуларын даярдоо боюнча атайын окуу программаларынын талаптарына ылайык кемелерди башкаруу боюнча жетиштүү практикалык тажрыйбасы бар адамдар катыша алат.
45. Чакан кемелерди башкаруу укугуна экзамен тапшырууга катышуу үчүн төмөнкудөй документтер көрсөтүлөт:
- кеме айдоочунун белгиленген үлгүдөгү жеке арызы (карточкасы);
- экзамен тапшыруучунун чакан кемени башкарууга ден-соолугунун жарактуулугу тууралу медициналык справка;
- кемени башкаруу практикасы жана теориялык даярдыгы тууралу документтер;
- баалардын колдонуудагы прейскурантына ылайык экзамен тапшыруу үчун акы төлөнгөндүгү үчүн квитанция;
- 3 х 4 см өлчөмүндөгү 3 сүрөт.
46. Экзамендик комиссиянын курамына Чакан кемелер инспекциясынын кызматкерлери жана суу транспорту адистиги, анын ичинде дарыя лоциясынын кеме жүрүүчү ички жолдору боюнча сүзүү эрежелери, дарыяларда, көлдөрдө жана суу сактагычтарда чакан кемелерди техникалык эксплуатациялоо жана башкаруу боюнча жогорку же атайын техникалык орто билими бар адистер, "Дарыяда кеме башкаруу" адистиги боюнча кеме айдоочулардын инженер-техниктери, айрым учурларда экзамендик комиссиянын курамына кеме айдоодо практикалык тажрыйбасы бар жана Чакан кемелер инспекциясынын аймактык органдарында билими белгиленген текшерүүдөн өткөн кеме айдоочулар да кириши мүмкүн.
47. Экзамендик комиссиянын мүчөлөрүнүн жылдык курамы 3 адамдан кем болбоого тийиш.
48. Экзамендер төмөнкү сабактар боюнча тапшырылат:
- лоция кеме башкаруу, навигация, гидрометеорология;
- кеме практикасы (навигациялык сапат жана чакан башкаруу), кеме жүрүүчү ички жолдор боюнча сүзүү эрежеси, чакан кемелерди жана алар токтоочу базаларды пайдалануу эрежрси;
- адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин кошо алганда кеменин жана анын кыймылдаткычынын түзүлүшү жана аны техникалык эксплуатациялоо.
49. Ар бир сабак боюнча экзамендер кеменин категориясына, кыймылдаткычтардын кубаттуулугуна, парустардын аянтына жана сүзүү районуна карата Чакан кеме инспекциясы тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чакан кемелерди айдоочуларды даярдоо боюнча атайын окуу программасынын көлөмүндөгү маселелер комплексин камтууга тийиш.
50. Сабактардын биринен "эсепке алынбады" делген адам башкы сабактар боюнча экзамен тапшыра алышпайт. Кайталап экзамен тапшырууга баалардын колдонуудагы прейскурантына ылйык экзаменге кирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанция көрсөткөндөн 7 күндөн кийин гана уруксат берилет.
51. Экзамендик комиссиянын корутундусунун негизинде экзамен тапшырган адамга кеменин категориясын, кыймылдаткычтын кубаттуулугун, парус аянттарын жана сүзүү райондорун көрсөтүү менен чакан крмени башкаруу укугуна күбөлүк берилет.
Эскертүү. Чакан кемени башкарууда практикалык стажы жок адамдарга кубаттуулугу 25 ат күчүнө чейинки кемелерди башкаруу укугуна күбөлүк берилет.
Башка категориядагы кыйла кубаттуу кыймылдаткычтуу парустардын аянты чоң же башка райондо сүзүү категориясындагы чакан кемелерди башкарууга укук берүү билимин кошумча текшерүүдөн кийин жана сүзүү цензи болгондо берилет.
52. Күбөлүктө сүзүү району атайын сабактын программалары боюнча экзамендерди тапшыруунун натыйжасында төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
- эгерде экзамен тапшыруучу кеме жүрүүчү ички жолдор боюнча сүзүү эрежеси колдонулган Ички суу жолдорунда чакан кемени башкаруу үчүн сабактардан экзамен тапшырса анда мындай учурда күбөлүккө "ВВП" деген белги коюлат;
- эгерде экзамен тапшыруучу кемелер жүрүүчү ички жолдордун тизмесине кирбеген ички сууларда кеме башкарууга экзамен тапшырса, күбөлүктө географиялык чекти көрсөтүү менен сүзүү районунун чектелгендиги жөнүндө жана анда колдонулуучу сүзүүнүн дарыя участоктору үчүн "ВВПР" жана көлдөр үчүн - "ВВПО" эрежелери жөнүндө белги коюлат.
53. Кеме айдоо адистигинин инженерлери менен техниктери, ошондой эле кеме айдоо кызматтарында иштөө укугуна жарактуу жумуш дипломдорун (күбөлүгүн) көрсөткөн жан алардын көчүрмөлөрүн тапшырган кеме айдоо кесибин айкалыштыруучу механиктрр ангемелешүүдөн кийин чакан кеме ашкаруу укугуна күбөлүк алышат. Мында күбөлүктүн бланкынын наркы гана төлөнүлөт. Кеме айдоочу моряктын каалоосу боюнча ички суу жолдорунда программанын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча аны менен аңгемелешкенден кийин чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүк берилип, уруксат берилген сүзүү району жөнүндө ага тиешелүү белги коюлат.
54. Кеме айдоочулардын билимин текшерүү (мезгилдүү жана кезектен тышкаркы) чакан кемени башкарууда анын коопсуздугун камсыз кылуучу теориялык билими жана практикалык тажрыйбасы боюнча жүргүзүлөт.
55. Билимиң мезгилдүү текшерүү чакан кемеии башкаруу укугуна кеме айдоочулардын укугун бекемдөө максатында 3 жылда бир жолу жүргүзүлөт.
56. Билимин кезектен тышкаркы текшерүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- чакан кеыелерди башкаруу эрежелерин одоно түрдө бузса;
- чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүгүн жоготсо;
- сүзүү районун жана кемеде орнотулган кыймылдаткычтын кубаттуулугун өзгөрткөн учурда;
- дисквалификациялоонун мөөнөтү бүткөндө.
57. Билимин кезектен тышкаркы текшерүү билимин мезгилдик текшерүүнү алмаштыра албайт.
Кеме билеттерин (Чакан кемелерди башкаруу
укугуна күбөлүктөрдү) калыбына келтирүүнүн тартиби.
58. Жоголуп кеткен, чөгүп кеткен, күйгөн, ошондой эле жарым-жартылай бузулган, кеменин ээсин, жана кеме жөнүндө маалыматты аныктоого мүмкүн болбогон кеме билеттерин (башкаруу укугуна күбөлүктөрдүн) ордуна дубликат берилет.
59. Кеме билетин калыбына келтирүү үчүн анын ээси Чакан кеме инспекциясынын аймактык органынын дарегине билетинин жоголгон фактысы тууралу жаңы кеме билети үчүи жана кеменин техникалык кароосу үчүн бузулган кеме билети (эгер ал бар болсо) акы төлөө жөнүндө квитанцияны көрсөтүп, жазуу жүзүндө дубликат берүү өтүнүчү менен айрылышы керек.
Эгерде кеменин катталгандыгы жөнүндө маалыматтар документалдык жактан ырасталса кеме ээсине регистрациялык каттоо номери менен кеме билетинин дубликаты берилет, ал реестр китепчесинде (кеме китебинде) белгиленет. Жаңы кеме билетинин биринчи бетине "Дубликат" деген штамп коюлуп, реестр китебинде (кеме китеби) "Дубликат берилди" деп жазылат жана берген дата көрсөтүлөт. Анын ээси дубликат алгандыгы тууралу кол коет.
60. Чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүктү калыбына келтирүү үчүн документтин жоголгон же бузулган кырдаалы менен убактысын көрсөтүү менен документ берген Чакан кеме инспекциясынын аймактык органынын дарегане жазуу жүзүндө арыз берүү зарыл. Арызга күбөлүктү жоготкондугу же аны алмашкандыгына жана билимин кезектеги текшерүүгө жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитаиция тиркелет. Чакан кемени башкаруу укугуна күбөлүктүн дубликаты жаны номер менен берилет. Мындай документтерге "Дубликат" деген белги коюлат.