Загрузка документа…
Бишкек шаары
2000-жылдын 18-январы № 27
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жалал-Абад областындагы Токтогул жана Үч-Терек райондорунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул жана Үч-Терек райондорунун аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, N 3, 84-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Токтогул жана Үч-Терек райондору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Токтогул району" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 6-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Компенсацияны каржылоо булактары
Зыянды компенсациялоону каржылоонун булагы болуп Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлигинин алдындагы Атайын фондго Токтогул ГЭСи иштеп чыгаруучу электр энергиясынын өздүк наркына бул сумманы чегерүү менен инфляцияга аны индекстештирүүнү эске алуу менен 16,8 млн. сом өлчөмүндө Токтогул ГЭСинин чыгымдарынын эсебинен "Кыргызэнерго" АКсынын ар жылдык чегерүүлөрү эсептелсин, мунун өзү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Электр энергиясы боюнча мамлекеттик агентствосу тарабынан тарифтердин түзүмүндө жыл сайын каралат.
"Кыргызэнерго" АКсынын жылдык үргүлжү кирешесинен чыгарып салынуучу компенсациянын суммаларын атайын фонддун эсебине чегерүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
1999-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган