Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 23-июлу N 370
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык
(булгоочу заттарды чыгаргандык, калдыктарды
сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы
жөнүндө" Мыйзамынын долбоору
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу
заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын став-
касы жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу
заттарды чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын став-
касы жөнүндө" Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар минист-
ринин биринчи орун басары Т.И.Кыштобаев аталган мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды
чыгаргандык, калдыктарды сактоого койгондук)
үчүн акынын ставкасы жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамынын
15-статьясына ылайык айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чы-
гаргандык, калдыктарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы булгоо-
чу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 1,2 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2-статья.
Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандык, калдык-
тарды сактоого койгондук) үчүн акынын ставкасы айлана-чөйрөнү булгаган-
дык үчүн акыларды эсептөөдө колдонулсун.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
бир айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти