КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 25-июлу № 373 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүүтууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап жана КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун колдонуп Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо кир-гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген ко-рутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы А.Э.Эркебаевге "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ж.Эшенкулов демилге кылган"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү туура-луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, анын кабылалынышына төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бербейт. "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 10-статьясына ыла-йык суу пайдаланууга төлөмдөрдүн базалык ставкаларын, ошондой эле суупайдаланууга төлөмдөрдү алуу боюнча жењилдиктерди белгилөө Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин компетенциясына тиешелүү. "1999-жылга сугат сууларын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө та-рифтерди белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-стать-ясына ылайык суу пайдалануунун мамлекеттик суу чарба системаларынан сууберүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жыл сайын Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининМыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан белгиленет. Бул
Мыйзамдын 6-статьясына ылайык суу берүү боюнча кызматкөрсөтүүлөргө төлөөнүн эсебинен алынган каражат республикалык бюджеттинкиреше жана чыгаша бөлүктөрүндө эске алынат жана суу чарба системаларынсактоо жана өнүктүрүү муктаждыктары үчүн гана пайдаланылат. Көрсөтүлгөнкаражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө милдети Кыргыз Республи-касынын Финансы министрлигине тапшырылат. Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 58-статьясына ылайык рес-публикалык бюджетти бекитүү жана анын аткарылышынын отчету Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин ыйгарым укуктарына тиешелүү. Ошентип, жергиликтүү кењештер республикалык бюджеттин аткарылышыменен байланышкан чечимдерди кабыл ала алышпайт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында "Суу жөнүндө"
Мыйзамдын41-статьясынын 2 жана 3-абзацтарында каралган суу пайдаланууга төлөмдөрбоюнча жењилдиктерди белгилөөчү жана жөнгө салуучу нормативдик-укуктукактылар жок, бул болсо Жогорку Кењештин ушул багытта таламдаш минист-рликтерди жана ведомстволорду тартуу менен белгилүү иш жүргүзүшүн талапкылат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000 жана 2001-жыл-дарга сугат сууларын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бел-гилөө жөнүндө мыйзам долбоорлорун киргизген, бирок алар Кыргыз Респуб-ликасынын Жогорку Кењеши тарабынан каралган эмес. Жогоруда айтылгандарды көњүлгө алуу менен Мыйзам долбооруна негиз-демеде келтирилген далилдер "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйза-мына толуктоо киргизүү үчүн негиз боло албайт деп эсептейбиз. Премьер-министр К.Бакиев