Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 30-июлу N 394
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү
булактарын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик
саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Энергиянын көндүм болбогон калыбына
келтирилчү булактарын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карап чыгып жана Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке
алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү булактарын пай-
далануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйынына
"Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү булактарын
пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2000-жылдын 27-январында ка-
был алынган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө корутунду берүү үчүн
жиберилген "Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү булактарын
пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамын карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт:
Азыркы убакта энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү бу-
лактарын иш жүзүндө пайдалануу анча көп эмес, ал республиканын энерго-
балансында бар болгону 0,15%ти түзөт, анын үстүнө күн коллекторлорунун
белгиленген кубаттуулугу 1300 кВт-ны, шамал агрегаттарыныкы - 25 кВт,
чакан ГЭСтериники - 1000 кВт-ны түзөт. 2005-жылга карата энергиянын
көндүм болбогон калыбына келтирилчү булактарынын республикадагы
отун-энергетика ресурстарынын (ОЭР) өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салы-
мы анча эмес жана ал 5,7%ти түзөт, ал эми республика боюнча ОЭРди ке-
ректөөдөгү үлүшү 2,9%.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча энергиянын көндүм болбогон калыбына
келтирилчү булактарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө
ашыруу үчүн 300 млн.сом каражат издеп табуу талап кылынат, бул бюджет-
тин чыгаша бөлүгүнө терс таасир тийгизет. Мында салык жеңилдиктерин
берүү, бажы пошлиналарынан жана пайдага салыктан бошотуу республиканын
бюджетинин киреше бөлүгүнө түшүүлөрдү азайтат.
Мыйзамды бул редакцияда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кабыл алынган,
2000-2002-жылдарга жакырчылык деңгээлин азайтуу жана экономикалык
өсүшкө көмөктөшүү программасына каршы келет, ага ылайык Өкмөт
төмөнкүлөрдөн кармала тургандыгы каралат:
- жаңы салыктык жеңилдиктерди берүүдөн (дискреционалдык, ошондой
эле Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү иретинде);
- бюджеттен айыл чарба жана айыл чарбалык эмес ишканаларга заем-
дорду берүүдөн;
- жеңилдетилбеген шарттарда тышкы заемдорду алуудан (акысыз эле-
мент 45%тен аз), булар тууралуу макулдашуу Өкмөт тарабынан түзүлөт же
ал боюнча Өкмөт гарантия берет.
Мыйзамда каралган 14-статьяга карата төмөнкүлөрдү белгилөө керек -
мамлекеттик сектордо инвестициялык саясатты аныктоо жана жалпы респуб-
ликаны, анын айрым региондорун экономикалык жактан өнүктүрүүнү колдоо
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынган негизги ар-
тыкчылыктардын негизинде жыл сайын мамлекеттик инвестициялардын прог-
раммасы (МИП) түзүлөт. Мында МИПтин ресурстук рамкасынын чектелүү экен-
дигин эске алуу менен концепциялардын биринин өнүгүшүнүн орто жана узак
мөөнөттүү мезгилинде электроэнергетика жана отун-энергетика инфраструк-
турасы сыяктуу коммерциялык жактан жашап кетүүгө жөндөмдүү тармактарда
бюджеттик каражаттарды (чет өлкөлүк инвестициялар жана республиканын
бюджетинен ички каржылоо) пайдаланууну кыскартуу пландаштырылат (мындан
ары - толук баш тартууга чейин). Ушуга байланыштуу энергиянын көндүм
болбогон калыбына келтирилчү булактарын өнүктүрүү да коммерциялык жак-
тан жашоого жөндөмдүү долбоор болуп саналат жана МИП программасына кир-
гизилүүгө тийиш эмес.
Каралган мыйзам долбоорлорундагы чагылдырылган бардык маселелер
"Инновациялык иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын
26-ноябрында кабыл алынган Мыйзамын ишке ашыруунун чектеринде чечилиши
мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек, ал инновациялык иш-аракетти мам-
лекеттик жөнгө салуунун максаттары менен принциптерин, жаңы товарларды
(кызмат көрсөтүүлөрдү) же жаңы сапаттагы товарларды (кызмат
көрсөтүүлөрдү) алуу максатында өндүрүштөрдү уюштуруу илимдери, техноло-
гиялар, жабдуулар жана ыкмалар түрүндө топтолгон жана өздөштүрүлгөн
илимий-техникалык жетишпкендиктерди өндүрүшкө натыйжалуу өткөрүп
берүүгө багытталган, инновациялык иш-аракеттин укуктук, экономикалык
жана социалдык шарттарын бекемдейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Энергиянын көндүм болбогон калыбына келтирилчү булактарын пайдалануу
чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мын кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт жана Кыргыз Республика-
сынын жогоруда аталган тиешелүү мыйзамдарына мүмкүн болуучу
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу маселени чечүүнү су-
нуш кылат.
Премьер-министр К.Бакиев