Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1999-жылдын 26-июлу № 407
Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N 388, 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 163-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N 388 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө Жобо бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N 388 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражатларына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А. Муралиев |