Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2000-жылдын 19-январы № 29
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 8, 392-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
9-статьянын 6-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына толгонго чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышына байланыштуу чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам республикалык бюджеттен ушул Мыйзамдын 1 - статьясынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн чыгымдар каржылана баштаган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А. Акаев
1999-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл
алынган