КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 576 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1999-жылдын 21-сентябры № 513
Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө Инструкцияны бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алууну, сатууну, сактоону, каттоону жана ташууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында күчтүү уу заттарды сатып алуунун, сатуунун, сактоонун, каттоонун жана ташуунун тартиби жөнүндө тиркелген Инструкция бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору колдонуудагы нормативдик актыларды ушул токтом менен бекитилген Инструкциянын талаптарына ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Муралиев |