Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1999-жылдын 30-сентябрындагы
№ 531 токтому менен
бекитилген
Кыргыз айыл чарба финансы
корпорациясынын Директорлор
кењешинин 1998-жылдын
18-майындагы чечими менен
бекитилген
Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясынын
УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-сентябрындагы № 385 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы (мындан ары - Корпора-
ция деп аталат) Өкмөттүн 1996-жылдын 2-июнундагы № 303 Токтому менен
түзүлгөн жана негизги максаты айылдык чарбаларды кайра өзгөртүү процес-
сине колдоо көрсөтүү, агро өнөр жай ишканаларын менчиктештирүү жана
айыл чарбасындагы жеке секторду өнүктүрүү болгон универсалдуу коммерци-
ялык кредиттик-финансылык уюм болуп эсептелет.
Корпорациянын расмий толук аталышы:
орус тилинде: Кыргызская сельскохозяйственная финансовая корпора-
ция;
кыргыз тилинде: Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы;
англис тилинде: The Kyrgyz Agricultural Finance Corporation
Корпорациянын кыскартылган аталышы:
орус тилинде: КСФК;
кыргыз тилинде: КАФК;
англис тилинде: KAFC.
1.2. Корпорация жабык типтеги акционердик коом түрүндө түзүлгөн
жана өз алдынча чарбалык-экономикалык иш жүргүзүүгө, мүлктөрдү сатып
алууга, ээлөөгө, өзүнө таандык мүлктү сатууга же башкача тескөөгө укук-
туу юридикалык жак болуп эсептелет. Корпорация өзүнүн милдеттенмелери
боюнча өзүнүн бүткүл мүлкү менен жооп берет, өз атынан мүлктүк жана
мүлктүк эмес укуктарды ала жана жүргүзө алат, милдеттенме алууга, сотто
доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
Корпорация мыйзамда аныкталган тартипте каттоого турган учурдан
баштап юридикалык жактын укуктарына ээ болот.
1.3. Адегенде Корпорациянын бирден-бир акционери (уюштуруучусу)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болот, кийин Өкмөт юридикалык жана жеке
жактарга анын акцияларын сатып алууга мүмкүндүк берет. Корпорация мам-
лекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, мамлекет Корпорациянын
милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Корпорация чечим кабыл алууда мам-
лекеттик бийликтин жана башкаруунун органдарынан көз каранды эмес.
1.4. Корпорация иштөө мөөнөтү чектелбестен түзүлөт жана ишкердигин
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде жүр-
гүзөт. Корпорация Улуттук банктын уруксаты боюнча же ага мурдатан ка-
барлоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышта
өзүнүн филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн ача алат жана аларга Корпорациянын
уставдык жоболорунун чегинде укуктарды бере алат. Корпорация Кыргыз
Республикасынын жана тиешелүү чет мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына
ылайык өз алдынча же башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте
Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышта коммерциялык жа-
на коммерциялык эмес операцияларга катышууга укуктуу.
1.5. Корпорация өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Граждандык
Кодексине, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк ишкердиги жөнүн-
дө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Чарбалык шерик-
тештиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жа-
на башка мыйзамдык актыларына, Улуттук банктын нормативдик актыларына,
ушул Уставга таянат.
1.6. Корпорациянын дареги: Кыргыз Республикасы 720033, Бишкек ш.
Пушкин көчөсү, 50
II. Ишкердиктин түрлөрү
2.1. Корпорациянын ишинин негизги түрү - Корпорациянын саясатына
ылайык айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана агробизнес ишканаларын тейлөө
болуп эсептелет. Корпорация дыйканчылыкта жана мал чарбачылыкта иштеген
жеке фермерлерге айыл чарбалык өндүрүштүк ресурстарды сатып алуу, эмгек
акы төлөө жана башка айыл чарбалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн коммерциялык
негизде кредиттерди берет; ошондой эле чарбанын аймагындагы курулуштар-
ды курууга, имараттарды жана сугат системаларын оњдоого, айыл чарба
техникасын жана жабдууларды сатып алууга, мал чарбачылыгын жана эконо-
микалык ишкердиктин башка түрлөрүн өнүктүрүүгө капиталдык салымдар үчүн
орто жана узак мөөнөттүү кредиттерди берет. Корпорация ошондой эле аг-
робизнестин айыл чарба товарларын кайра иштетүүчү жана сактоочу айыл
чарба кооперативдерине, айыл чарба техникасын ижаралоо боюнча ишкана-
ларга жана айыл чарба продукциясын сатып алуу боюнча иштеген соода ме-
кемелерине жүгүртүү үчүн кредиттерди жана инвестициялык кредиттерди бе-
рет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы №
385 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Корпорация лицензиясында атайын көрсөтүү менен банктык опера-
циялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзө алат:
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө (фермердик, дыйкан чарбаларга),
айыл чарба кооперативдерге жана башка агробизнес ишканаларына өз кара-
жаттарынан, коммерциялык займдардан же донорлор тарабынан берилүүчү
кредиттик линиялардан кыска мөөнөттүү, кайтарып берүү жана төлөө шар-
тында кредиттерди берет;
- карыз алуучу кардарлардын тапшыруусу боюнча кредит берүүгө бай-
ланышкан эсептөөлөрдү жүргүзөт, аларды кассалык тейлөөнү камсыз кылат;
- өз каражаттарынын эсебинен жана өз атынан Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн баалуу кагаздарын сатып алат жана сатат;
- Корпорациянын иштерине байланыштуу консультациялык жана маалымат
берүү кызматтарын көрсөтөт.
- Корпорация өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка дагы
граждандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-сентябрындагы №
385 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Корпорациянын өздүк каражаттары
3.1. Корпорациянын өздүк каражаттары Уставдык капиталдан (Корпора-
циянын акциялары), аныкталган тартипте түзүлүүчү резервдик фонддордон,
ишкердиктин натыйжасында алынган кирешеден жана Корпорациянын Уставына
жана ички нормативдик документтерге ылайык түзүлүүчү фонддордон турат.
3.2. Корпорациянын Уставдык капиталы (акциялары)
3.2.1. Корпорациянын Уставдык капиталы түзүүчүнүн каражаттарынан
турган, номиналдык наркы 10000 сом болгон, 15000 даана жөнөкөй акциялар
түрүндөгү жүз элүү миллион сом өлчөмүндө жарыяланган.
3.2.2. Корпорациянын Уставдык капиталынын өлчөмү колдонуудагы мый-
замдарда каралган тартипте жана учурларда Акционерлердин жалпы чогулу-
шунун чечими боюнча көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн.
3.3. Корпорация кирешелери, резервдери жана фонддору
3.3.1. Корпорация өз милдеттенмелерин камсыздоо жана операциялар
боюнча мүмкүн болуучу чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы аныктагандан төмөн эмес дењгээлде жана тартипте милдеттүү
резервдик фонддорду түзөт.
3.3.2. Акционерлердин жалпы чогулушу дивиденддерди төлөө же кире-
шени башкача пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин, таза киреше-
нин бир бөлүгү төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлүүгө тийиш:
20 проценти Корпорациянын ишкердигинде мүмкүн болуучу чыгымдарды
жабуу үчүн түзүлүүчү фондго жиберилет;
60 проценти Корпорациянын техникалык жабдуу; байланыш каражаттарын
жана коммуникацияларды өркүндөтүү ж.у.с. өндүрүштүк, социалдык
өнүктүрүү ишкердигине реинвестицияланат (Корпорациянын келечектеги иш-
кердиги үчүн резервдерге).
3.3.3. Таза кирешенин калган бөлүгү финансылык жылдын жыйынтыгында
өткөрүлүүчү Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча, Директорлор
кењешинин сунуштарынын негизинде пайдаланылат. Ал Корпорациянын резерв-
дик же башка фондуна которулушу же болбосо акциялар боюнча дивиденддер-
ди төлөөгө жумшалышы мүмкүн.
3.4. Дивиденддер
3.4.1. Жылдык дивиденддерди төлөө, дивиденддин өлчөмү, аны төлөө-
нүн датасы жана формасы жөнүњдө чечим Корпорациянын Аткаруучу директо-
рунун сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат. Ди-
виденддер улуттук валютада жана акчалай эмес түрдө (акционердин расчет-
тук эсебине которуу менен) төлөнөт.
3.4.2. Акционерлердин жалпы чогулушу акциялар боюнча дивиденддерди
төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз, ошондой эле Корпорациянын ту-
руктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын таламдары-
на финансылык коркунуч бар учурларда:
- бүткүл уставдык капиталды толук төлөп бүткөнгө чейин;
- эгер дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында уставдык капиталдын өл-
чөмү азайып калгыдай болсо, ошондой эле "Банктар жана банк ишкердиги
жөнүндө" Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын норма-
тивдик актыларында караган учурларда дивиденддерди толук эмес өлчөмдө
төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз.
IV. Корпорациянын акционерлери
4.1. Корпорациянын акционеринин укуктары жана милдеттери төмөнкү-
дөй:
- Корпорациянын ишкердигинен түшкөн кирешенин бөлүгүн (дивиденд-
дерди) алуу;
- жоюлган учурда мүлктүн бөлүгүн алуу;
- уставдык капитал Корпорациянын каражаттарынын эсебинен көбөйтүл-
гөн учурда акцияларды акысыз алуу;
- акционер Корпорацияга акцияларын сатып алуу жөнүндө жазуу жүзүн-
дө сунуш кылгандан кийин бир айдын ичинде Корпорация аларды сатып алуу-
дан баш тартса, акцияларын же алардын бөлүгүн сатуу же башка граждан-
дардын же юридикалык жактардын менчигине башка жол менен өткөрүп берүү;
- акционерлердин чогулушуна добуш берүү укугу менен катышуу;
- Корпорация кабыл алган чечимдер боюнча соттук тартипте талаш
жүргүзүү;
- Корпорациянын ишкердиги жөнүндө маалымат алуу, анын ичинде бух-
галтердик эсептин жана отчеттун маалыматтары жана башка документтер ме-
нен таанышуу;
- уюштуруу документтеринде жана ушул Уставда каралган тартипте,
өлчөмдө жана жолдор менен акцияларга акы төлөө.
V. Башкаруу
5.1. Корпорацияда:
- башкаруунун жогорку органы - Акционерлердин жалпы чогулушу;
- байкоочу орган -Директорлор кењеши;
- аткаруучу орган - Аткаруучу директор;
- текшерүүчү орган - Текшерүү комиссиясы иштейт.
5.2. Акционерлердин жалпы чогулушу
5.2.1. Акционерлердин жалпы чогулушунун жекече компетенциясына
кирген маселелер төмөнкүлөр:
1. Уставды бекитүү жана/же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
2. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү (көбөйтүү, азайтуу) жөнүн-
дө;
3. Мурда чыгарылган акцияларды консолидациялоо жана бөлүштүрүү,
кошумча акцияларды чыгаруу жөнүндө;
4. Облигациялык заемдорду чыгаруу жөнүндө;
5. Директорлор кењешинин, Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн же
коомдун тышкы аудиторун шайлоо жөнүндө, ошондой эле алардын укуктарын
мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
6. Корпорациянын ишинин жылдык отчетторун, бухгалтердик баланстар-
ды, кирешелердин жана чыгашалардын эсебин, кирешени бөлүштүрүүнүн жана
чыгымдарды жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;
7. Корпорациянын ички регламентин кабыл алуу, ага өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
8. коомду жоюу жана кайра өзгөртүү, жоюу комиссиясын дайындоо, жо-
юу балансын бекитүү жөнүндө;
9. Акционердик коомдун башка баалуу кагаздарын акцияда конвертаци-
ялоо жөнүндө;
10. Кирешени бөлүштүрүүнүн жана чыгымдарды жабуунун тартибин бе-
китүү жөнүндө.
5.2.2. 5,2,1-статьяда, 4, 5, 9-пунктчаларда саналган маселелер бо-
юнча чечимдер акционерлердин чогулушуна катышкандардын же алардын ыйга-
рым укуктуу өкүлдөрүнүн санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен ка-
был алынат. Ушул пункттун 1, 2, 3, 6, 8, 10-пунктчаларында саналган ма-
селелер боюнча чечимдер акционерлердин жалпы санынын экиден кем эмес
добушу менен кабыл алынат. 6, 7-пунктчаларда саналган маселелер боюнча
чечимдер чогулушка катышкан акционерлердин же алардын өкүлдөрүнүн жөнө-
көй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Ушул Устав менен акционерлердин
жалпы чогулушунун жеке компетенциясына ыйгарылган маселелер боюнча че-
чимдерди кабыл алуу Корпорациянын Аткаруучу директоруна тапшырылышы
мүмкүн эмес.
5.2.3. Коом акционерлердин жалпы чогулушун башка чогулуштарга ка-
рабастан жылына бир жолу өткөрөт. Акционерлердин жалпы чогулушу отчет-
тук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбей өткөрүлүүгө тийиш.
Жылдык чогулуштан башка бардык чогулуштар кезексиз деп эсептелет.
5.2.4. Акционерлердин кезексиз чогулуштары Директорлор кењешинин,
Аткаруучу директордун, Текшерүү комиссиясынын демилгеси менен же талап
койгон күнгө карата Корпорациянын акцияларынын жалпысынан 20% тен кем
эмесин ээлеген акционерлердин кезексиз чогулуш өткөрүүнүн себебин жана
аны өткөрүүнүн сунушталган күн тартибин жана убактысын көрсөткөн жазуу
жүзүндөгү талабы боюнча өткөрүлөт.
Жалпы чогулуштар, атап айтканда төмөнкүдөй учурларда өткөрүлөт:
- Корпорациянын төлөө жөндөмдүүлүгүнө коркунуч келгенде же Корпо-
рациянын Уставдык капиталы орчундуу (50% тен ашык) азайганда;
- Корпорациянын ишинин укуктук жана экономикалык шарттары орчундуу
өзгөрүп, ушул Уставды өзгөртүү же башка өзгөчө чараларды колдонуу талап
кылынган учурларда;
- Корпорациянын акционерлеринин жалпы чогулушунун такай өткөрүлүү-
чү кезектеги кењешмелеринин арасындагы мезгилде уставдык капиталдын өл-
чөмүн кечиктирбестен көбөйтүү боюнча маселелерди чечүү максатында;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Корпорациянын жалпысынан
башка кызыкчылыктары талап кылган башка учурларда.
5.2.5. Жалпы чогулуш чакырылганы жатканы жөнүндө Корпорациянын ар
бир акционери Чогулуш чакырылардан 10 күндөн кем эмес мурдатан, акцио-
нерлердин реестринде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберилген заказ кат ме-
нен кабарланат. Кабар өзүнө: чогулуштун күнүн, ордун, убактысын; күн
тартибин камтыйт. Кезексиз чогулуш жөнүндө билдирүү (кабар) талкууга
коюлуучу маселенин баяндамасын камтууга тийиш.
Эгер Корпорациянын бардык акционерлери же алардын өкүлдөрү катыш-
кан жалпы чогулушта башкача чечим бир добуштан кабыл алынган болбосо,
жалпы чогулуш күн тартибине киргизилбеген маселелер боюнча чечим кабыл
алууга укуксуз.
5.2.6. Эгер каттоо аяктаган учурда Корпорациянын жайгаштырылган
добуш берүүчү акцияларынын жалпысынан 60% добушунан ашыгын ээлеген ак-
ционерлер каттоодон өткөн болсо, акционерлердин жалпы чогулушу укукка
ээ деп эсептелет. Акционер добуш берүүгө жеке өзү же мыйзамга ылайык
берилген ишеним каттын негизинде өзүнүн өкүлү аркылуу катыша алат.
Кворум жетпеген учурда Корпорациянын Аткаруучу директору бир айлык
мөөнөттө акционерлердин жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү, ал чогулуш
Корпорациянын жайгаштырылган добуш берүүчү акцияларынын жалпысынан 40 %
добушунан ашыгын ээлеген акционерлер катышса чечим кабыл алууга укуктуу
болот.
5.2.7. Акционерлердин жалпы чогулуштарынын жыйындарынын протокол-
дору иш кагаздарын жүргүзүүнүн аныкталган тартибинде, Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5.3. Директорлор кењеши.
5.3.1. Директорлор кењеши 7 адамдан турат. Директорлор кењешинин
курамына финансы Министри, Айыл жана суу чарба министри, Мамлекеттик
мүлк фондунун төрагасы, фермердик уюмдардан же агроөнөр жай ишканалары-
нан жекече сектордун үч өкүлү жана Корпорациянын Аткаруучу директору
кирет.
5.3.2. Корпорациянын Директорлор кењешинин өзгөчө компетенциясына
төмөнкүдөй маселелер таандык:
1. Корпорациянын стратегиялык максаттарын жана анын иш-аракетинин
артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
2. Корпорациянын ишинин саясатын бекитүү;
3. Корпорациянын жалпы, анын ичинде Аткаруучу директордун ишине
контролдук жүргүзүү;
4. Корпорациянын Уставына өзгөртүү киргизүү жана аны кийин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруусуна берүү, Текшерүү комиссиясынын
курамы, пайданы бөлүштүрүү жана зыянды төлөө, баалуу кагаздарды чыга-
руу, Акционерлердин чогулушунда кийинки бекитүү үчүн өзгөртүп кайра тү-
зүү боюнча сунуштарды киргизүү;
5. Белгиленген тартипте Корпорациянын акционерлеринин Жалпы чогу-
луштарын чакыруу;
6. Корпорациянын акционерлеринин жалпы чогулушунун алдын ала күн
тартибин бекитүү;
7. Корпорациянын жалпы чогулушуна катышууга укуктуу акционерлердин
тизмесин түзүү күнүн аныктоо;
8. Акциялар боюнча дивиденддин өлчөмү жана аны төлөө тартиби жө-
нүндө сунуштарды даярдоо;
9. Директорлор кењешинин компетенциясына гана кире турган маселе-
лер боюнча документтерди бекитүү;
10. Корпорациянын белгиленген тартипте башка уюмдарга, холдинг
компанияларына, финансы-өнөр жай топторуна, коммерциялык уюмдардын баш-
ка бирикмелерине катышуусу жөнүндө чечим кабыл алуу.
5.3.3. Директорлор кењеши Корпорациянын Аткаруучу директорунун
оперативдүү (учурдагы) иштерине кийлигишүүгө акысы жок. Директорлор ке-
њешинин мүчөлөрү Корпорациянын атынан чыгууга укугу жок.
5.3.4. Директорлор кењеши төмөнкүлөргө укуктуу:
- Корпорациянын ар кандай маселелери боюнча отчет талап кылууга;
- финансылык отчетторду, Текшерүү комиссиясынын корутундусу, док-
ладды жана жылдык отчетту Корпорациянын акционерлеринин жалпы чогулушу-
на берилгенге чейин карап чыгууга;
- өзгөчө мааниси бар долбоорлорду, программаларды жана стратегия-
лык жактан маанилүү чечимдерди көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн
эксперттик топ түзүүгө;
- келип чыккан проблемаларды чечүү үчүн Директорлор кењеши анын
мүчөлөрүнөн жана чакырылган адамдардан турган жумушчу комиссиясын түзү-
шү мүмкүн.
5.3.5. Корпорациянын Директорлор кењешинин мүчөлөрү Корпорацияга
карата мамиле боюнча баш ийүүчүлүктү сактоого милдетүү. Алар өзүлөрүнө
берилген мүмкүнчүлүктү ушул Уставга карама-каршы максаттарда же Корпо-
рациянын мүлктүк жана/же мүлктүк эмес таламдарына зыян келтирүү үчүн
пайдаланууга укугу жок.
5.3.6. Директорлор кењешинин мүчөсү материалдык кызыкчылыгы же
милдети Корпорация таламдары менен түз же кыйыр конфликтиге баруучу же
барышы мүмкүн болгон маселелер боюнча добуш берүүгө катыша албайт.
5.3.7. Директорлор кењешинин мүчөлөрү өзүнүн иштеп жаткан мезги-
линде башка атаандаш кредиттик-финансы уюмдарында жетекчи кызмат адамы
катарында аны уюштурууга же ага катышууга акысы жок.
5.3.8. Корпорациянын Директорлор кењешинин ишине Корпорациянын ак-
ционерлеринин жалпы чогулушунда шайланган Кењештин төрагасы жетекчилик
кылат. Корпорациянын Директорлор кењешинин төрагасы төмөнкүлөргө укук-
туу:
- Директорлор кењеши кабыл алган чечимдерге кол коюуга;
- Директорлор кењешинин иштерине тиешелүү буйруктарга, токтомдор-
го, протоколдорго кол коюуга;
- Директорлор кењешинин заседаниесин чакырууга.
5.3.9. Директорлор кењешинин заседаниеси эки айда бир жолудан кем
эмес өткөрүлөт жана ага Кењештин курамынын кеминде үчтөн экиси катыш-
канда анык деп эсептелет. Корпорациянын Директорлор кењешинин заседани-
еси анын төрагасынын жеке демилгеси, Корпорациянын Директорлор кењеши-
нин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин, Текшерүү комиссиясынын (ревизор)
же ички аудитордун талабы, ошондой эле Корпорациянын Аткаруучу директо-
рунун өтүнүчү боюнча чакырылат. Жылдык заседание балансты аудитордук
текшерүү жүргүзгөндөн жана тапкан пайда, тарткан зыян тууралу отчет да-
ярдалгандан кийин өткөрүлөт.
5.3.10. Директорлор кењешинин чечими анын заседаниесине Директор-
лор кењешинин курамынын кеминде үчтөн экиси катышканда жарактуу деп
эсептелет. Директорлор кењешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ жана
Кењештин заседаниелериндеги бардык чечимдер добуштардын жөнөкөй көпчү-
лүгү менен кабыл алынат. 5.3.2 -статьянын 4, 8, 10-пунктчаларына боюнча
чечим Директорлор кењешинин толук курамынын 2/3 добушу менен кабыл алы-
нат.
5.3.11. Директорлор кењешинин бардык мүчөлөрү Кењештин ар кандай
заседаниеси өткөнгө чейин кеминде үч күн мурда жазуу жүзүндө кабарлан-
дырууга тийиш. Кабарлоодо алдыдагы заседаниенин күн тартиби камтылып
жана ага күн тартибине байланышкан бардык зарыл документтер тиркелүүгө
тийиш.
5.3.12. Директорлор кењешинин заседаниелеринин протоколдору белги-
ленген тартипке ылайык толтурулат. Протоколдорго Директорлор кењешинин
төрагасы жана катчысы же заседаниеде аларды алмаштыруучу адамдар кол
коюуга тийиш.
5.4. Аткаруучу директор
5.4.1. Корпорациянын Аткаруучу органы Аткаруучу директор болуп са-
налат, ал Уставда берилген компетенциянын чегинде Корпорациянын бардык
ишине жетекчилик кылат. Аткаруучу директордун компетенциясына Уставда
аныкталган, Корпорациянын башка башкаруу органдарынын компетенциясына
таандык болбогон бардык маселелерди чечүү кирет.
5.4.2. Аткаруучу директор конкурстук негизде үч жылдык мөөнөткө
Директорлор кењеши тарабынан дайындалат.
5.4.3. Аткаруучу директордун коммерциялык негизде заемчуларга фи-
нансылык кызмат көрсөтүү боюнча банк же кредиттик мекемеде жакшы иш
тажрыйбасы болууга тийиш.
5.4.4. Аткаруучу директор бир эле мезгилде Корпорациянын Директор-
лор кењешинин мүчөсү болуп саналат, бирок Директорлор кењешинин төрага-
сы болушу мүмкүн эмес.
5.4.5. Аткаруучу директор Корпорацияга жалпы жетекчилик жана анын
операцияларын башкаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
5.4.6. Аткаруучу директор иш-аракеттин стратегиясы маселесинде Ди-
ректорлор кењешине жооп берет жана башкаруунун сапаты үчүн жооптуу бо-
луп саналат. Аткаруучу директор Корпорациянын оперативдик иш -аракетине
тиешелүү маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат. Аткаруучу дирек-
тордун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
а) Корпорациянын таламын Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет
өлкөлөрдө бардык юридикалык жактарга жана адамдарга көрсөтүү. Корпора-
циянын атынан келишимдерге, протоколдорго, макулдашууларга жана башка
документтерге кол коюу.
б) Корпорациянын ишине жетекчиликти камсыз кылуу, курамына чет өл-
көлүк жана жергиликтүү кесиптик адистер кирген жетекчи звеносунун иште-
рине стандарттарды белгилөө.
в) Жеке фермерлерди, агроөнөр жай ишканаларын жана айыл чарба про-
дукциясын сатууга байланышкан башка ишканаларды кыска мөөнөттүү жүгүр-
түү капиталы жана орто/узак мөөнөттүү инвестициялык кредиттер менен
камсыз кылууну караган кредит берүүнүн натыйжалуу программасын иштеп
чыгууну камсыздоо;
г) административдик жана башкаруу аппаратынын башка мүчөлөрүнүн
милдеттерин бөлүштүрүү, кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана андан бошо-
тууга, колдоо көрсөтүүгө жана жаза берүүгө карата биротоло чечим кабыл
алуу;
д) Корпорациянын структурасын аныктоо жана кызмат орундарынын тиз-
месин, иштин сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнүн негизинде эмгекке
акы төлөө системасын бекитүү.
е) Корпорациянын карамагындагы мүлктү жана фондуну пайдаланууга
контролдук жана жетекчилик кылуу.
ж) Корпорациянын иш-аракетин жөнгө салуучу жоболорду, процедура-
ларды жана башка ички документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү.
з) Директорлор кењешинин жана Жалпы чогулуштун кароосуна өзүлөрү-
нүн компетенциясына таандык сунуштарды киргизүү.
к) Директорлор кењешинин көрсөтүүсү боюнча башка милдеттерди атка-
руу.
5.4.7. Аткаруучу директор Директорлор кењешинин чечими менен өз
милдетин аткаруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн, эгерде:
а) ал Уставда баяндалган өз милдетин аткарбаса же болбосо аларды
олуттуу бузууга жол берип же аны толугу менен аткарбаса;
б) өз милдетин аткарууда берилген кредиттен улам кредиттик порт-
фелдин абалынын начарлашына алып келүүчү чечим кабыл алса;
в) Корпорация активдерин мекеменин финансылык туруктуулугуна кор-
кунуч келтиргидей кырдаалда пайдаланса.
5.5. Текшерүү комиссиясы
5.5.1. Корпорациянын финансылык-чарбалык ишаракетине контролдукту
Корпорациянын акционерлеринин жалпы чогулушу тарабынан шайланган, саны
кеминде үч адамдан турган Текшерүү комиссиясы жүргүзөт.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү бир эле учурда Директорлор кењеши-
нин мүчөлөрү боло алышпайт жана Корпорациянын башкаруу органдарында
башка кызматтарды ээлей алышпайт. Текшерүү комиссиясына жүктөлгөн мил-
деттерди аткарууда ал Корпорацияда кандайдыр бир кызмат ээлебеген адам-
дардан эксперттерди ишке тарта алат. Ишке тартылган адистердин аракет-
тери үчүн Текшерүү комиссиясынын төрагасы жоопкерчилик тартат.
5.5.2. Текшерүү комиссиясы корпорация тарабынан анын ишин жөнгө
салуучу мыйзамдардын жана башка актылардын сакталышын, ички эсеп жана
контролдун жолго коюлушун, тарабынан жасалуучу операциялардын мыйзам-
дуулугун (жалпы же арасынан тандап текшерүү), кассанын жана мүлктүн
абалын текшерет.
5.5.3. Текшерүү комиссиясы жүргүзүлгөн текшерүү тууралу Акционер-
лердин жалпы чогулушуна отчет берет, ошондой эле бекитүүгө берилген
бухгалтердик баланска жана көргөн пайда, тарткан зыян жөнүндө отчетко,
аныкталган кемчиликтерди четтетүү сунушу менен Корпорациядагы иштин чы-
ныгы абалына ылайык корутунду берет.
5.5.4. Корпорациянын финансылык-чарбалык иш-аракетин текшерүү жыл
ичиндеги иштин натыйжасы, ошондой эле ар кандай учурда Корпорациянын
текшерүү комиссиясынын демилгеси, Акционерлердин жалпы чогулушун, Ди-
ректорлор кењешинин чечими же Корпорациянын добуш берүүчү акцияларынын
жалпы 10 проценттен ашыгына ээ болгон акционерлердин талабы боюнча жүр-
гүзүлөт.
5.5.5. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Корпорациянын таламдарына же
анын аманатчыларына коркунуч келтирилсе же кызмат адамдарынын кыянатта-
ры аныкталса Текшерүү комиссиясы кезектен тышкаркы Акционерлердин жалпы
чогулушун чакырууну талап кылат.
5.5.6. Текшерүүлөрдүн документалдык жактан оформить этилген жыйын-
тыктарын Текшерүү комиссиясы Акционерлердин жалпы чогулушунун бекитүү-
сүнө жана Корпорациянын Директорлор кењешинин кароосуна берет.
6.6. Корпорациянын кызмат адамдарынын милдеттери
6.6.1. Корпорациянын кызмат адамдары Аткаруучу директор, Текшерүү
комиссиясынын мүчөлөрү жана Директорлор кењешинин мүчөлөрү болуп сана-
лат.
6.6.2. Корпорациянын кызмат адамы Корпорациянын таламдарында өз