Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №
153 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө ЖОБО 1. Негизги жоболор Областтык баш ийүүдөгү шаарларда өз алдынча башкаруу деп шаардыкжергиликтүү жамаат өзү жоопкерчилигин алуу менен жана мыйзамдынчегинде шаардын калкынын жыргалчылыгы үчүн шаардык маанидеги иштердибашкаруу укугу жана чыныгы жөндөмү таанылат. Шаардын жамааты өз алдынча башкарууну өз алдынча башкарууоргандарынын системасы аркылуу, ошондой эле түздөн-түз –референдумдар, жыйындар жана жарандардын жамааттын иштерине башкаформада катышуусу аркылуу жүзөгө ашырат. 2. Областтык баш ийүүдөгү шаарларда өз алдынча башкарууоргандарынын системасы: а) өкүлчүлүктүү органдардан – шаардык кењеш жана шаардык жамааттынөкүлдөрүнүн элдик курултайынан (мындан ары – шаардык элдик курултай); б) шаардык өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы –коллегиялуу органдан – аткаруу комитетинен (мындан ары – атком) жанамэриянын аппаратынан турган, шаардык өз алдынча башкаруунун башчысы –башкы кызмат адамы (мындан ары – шаардын мэри) болуп саналган шаардынмэри башчылык кылган – мэриядан; в) аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынан турат. 3. Шаардык өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүргүзүлөт: - шаар калкынын шаардык кењеш, элдик курултай жана референдумаркылуу өз оюн билдиришинин; - мыйзамдуулукту жана шаардын Уставынын талаптарын сактоонун; - шаардык жамааттын коммуналдык менчикке ээлик кылуу, пайдалануужана тескөө укугунун; - өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү финансылоо, өз алдынча жөнгөсалуу, өзүн-өзү тарбиялоонун; - шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын шаардык жамааттынконтролу астында болушу жана отчет беришинин; - шаардык кењештин депутаттарынын жана шаардык курултайдынделегаттарынын шайлануучулугунун; - шаардык өз алдынча башкаруунун башчысынын – шаардын мэрининКыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкерлердин арасынаншаардык кењештин депутаттары тарабынан шайлануусунун; - шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жанааткаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөбиргелешип аракеттенүүсү, өз ара түшүнүүсү жана өз ара колдошуусунун; - шаардык кењеш менен шаардык элдик курултайдын ортосунда, ошондойэле шаардык өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескөөчү органдарынын ортосунда функциялардын жана ыйгарым укуктардынбөлүштүрүлүшүнүн; - жергиликтүү жана мамлекеттик кызыкчылыктардын айкалышуусунун; - шаардык өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттикыйгарым укуктарды жана функцияларды тапшыруунун; - социалдык адилеттүүлүктүн; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндегимаалымдуулуктун жана ачыктыктын; - шаардык жамааттын шаардык кењештин жыйналышында,референдумдарда, элдик курултайларда, жарандардын жыйындарында жаначогулуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого эркинкатышуусунун. II. Шаардык кењеш 4. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жогорку шайлануучуөкүлчүлүктүү органы болуп шаардык кењеш саналат. Шаардык кењештиништешинин жана анын депутаттарын шайлоонун тартиби КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен аныкталат. 5. Шаардык кењеш: - шаардын бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет; - аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн жана шаардынкалкын социалдык жактан коргоо планын жана программаларын бекитет,алардын аткарылышына контролдук кылат. - Кыргыз Республикасынын Президенти сунуш кылган талапкерлерденшаардын мэрин шайлайт; - шаардык өз алдынча башкаруунун аткомунун жеке курамын, ошондойэле шаардын мэринин орун басарларын бекитет; - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен ашык добушу мененшаардын мэрине ишеним көрсөтпөйт; - республиканын мыйзамдарын ылайык шаардын чегинде жергиликтүүсалыктарды ажна жыйымдарды киргизет, жерди, башка жаратылышресурстарын пайдалануунун тартибин жана шартын аныктайт; - шаардын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарыныништешинин аймагынын чек араларын белгилейт жана шаар башкармасындааларды каттоого макулдук берет; - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана шаардынУставына карама-каршы келбеген башка чечимдерди кабыл алат. 6. Шаардык кенеш өз компетенциясынын чегинде менчигинин түрүнөкарабастан шаардын бардык уюмдары, мекемелери, чарба жүргүзүүчүсубъекттери, кызмат адамдары жана жарандары милдеттүү аткара тургачечимдерди кабыл алат. II. Аткаруу комитети 7. Аткаруу комитети (атком) шаардык өз алдынча башкаруунунколлегиялуу аткаруучу-тескөөчү органы болуп саналат. 8. Атком өз функциясын мыйзамдардын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле тийиштүү кењешжана курултай өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган алардынчечимдеринин негизинде жана аларды аткаруу иретинде жүзөгө ашырат. 9. Аткомдун курамы шаардын мэри тарабынан 7-9 кишиден түзүлөт жанатийиштүү кењештин жыйналышында бекитилет. Аткомдун курамына анынжыйналышында төрагалык кылуучу мэрден тышкары шаардык кењештинтөрагасы, мэрдин орун басарлары, шаардын башкаруу органдарынын жанакызматтарынын жетекчилери кириши мүмкүн. 10. Атком шаардын мэри, ал жүйөлүү себептер боюнча жок болгонучурда анын орун басары тарабынан чакырылат жана зарылчылыгынажараша, бирок айына кеминде бир жолу жыйналыш өткөрөт. Атком шаардыккенештин жана мэрдин жеке компетенциясына таандык маселелерден тышкарыжергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги бардык маселелерди кароогоукуктуу. Аткомдун жыйналышынын чечими анын мүчөлөрүнүн жөнөкөйкөпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ чыгып калган учурда,төраганын добушу чечүүчү деп эсептелет. 11. Ыйгарып берилген мамлекеттик укуктарды, мамлекеттикпрограммаларды жана тапшырмаларды аткарууда атком жогору турганмамлекеттик бийлик органына, ал эми жергиликтүү маанидеги маселелербоюнча - тийиштүү аймактын калкына жана кенешке отчет берет. 12. Атком мэриянын тийиштүү кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн жанабашкармаларынын жетекчилери, ошондой эле мэриянын аппаратынын жооптуукызматкерлерин дайындоого макулдук берет, аппараттын кызматорундарынын санын жана эмгек акы фондун кийин шаардык кењеште бекитүүменен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен норманын чегиндебелгилейт. Республиканын мыйзамдарына жана шаардын Уставына ылайык кабылалынган аткомдун чечими шаардын бүткүл аймагында милдеттүү түрдөаткарылат: 13. Аткомдун карамагына таандык негизги маселелерге булар кирет: - аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн жана калктысоциалдык жактан коргоо программасынын долбоорун, жергиликтүү бюджеттииштеп чыгуу, аларды шаардык кенештин бекитүүсүнө сунуш кылуу жанакењеш кабыл алган чечимдерди аткарууну уюштуруу; - коммуналдык менчикти башкаруу, коммуналдык менчикте турганшаардык жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди күтүү жанаремонттоо; - зарыл болгон учурда коммуналдык менчиктеги объекттерди жана шаарүчүн турмуштук зор мааниси бар башка объекттерди ремонттоо-калыбынакелтирүү үчүн шаардык жамааттын мүчөлөрүн ашарга чакыруу; - шаардын санитардык абалына контролдук кылуу, аймакты санитардыктазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу; - турак жай фондун түзүү жана өнүктүрүү; - шаар куруунун башкы планын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,курулуш нормаларынын сакталышына контролдук кылуу; - шаардык транспортту жана транспорттук коммуникациялардыөнүктүрүү; - инвестицияларды тартуу жана аларды максатка ылайык пайдалануу; - саламаттыкты сактоонун, мектепке чейинки, мектеп жана кесиптикбилим берүүнүн материалдык-техникалык базасын мамлекеттик билим берүүстандарттарына ылайык чыњдоо жана өнүктүрүү, калкты социалдык жактандаректүү коргоо; - дене тарбиясын, спорт жана туризмди өнүктүрүү, калктын эсалуусун уюштуруу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү; - тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чаралардыөткөрүү; - бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, чыњдоо жана сарамжалдуупайдалануу; - жањы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди жүргүзүү; - шаар жерлерин сарамжалдуу пайдалануу; - жоюлуп жаткан ишканаларды менчиктештирүүгө жана социалдык-маданий, коммуналдык-турмуш-тиричилик жана чарбалык багыттагыобъекттерди, атайын техниканы жана шаардык жамааттын турмушун камсызкылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктү тиешелүү органдар мененмакулдашуу боюнча баланска кабыл алууга катышуу; - мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдардыкиргизүү боюнча сунуштарды шаардык кењешке киргизүү; - гуманитардык жардамдын материалдык, акчалай жана башка түрлөрүнбөлүштүрүүнү уюштуруу; - мыйзамдардын нормаларын жана курчап турган чөйрөнү коргоо,шаардын чегинде жерди жана башка жаратылыш ресурстарын пайдаланууэрежелерин жөнгө салган шаардын Уставынын талаптарын сактоо боюнчаменчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын,башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине контролдук кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана шаардын аймагындакоомдук тартипти сактоо боюнча шаардын Уставын сактоону камсыз кылуу,коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү жанааксакалдар сотторун уюштуруу жана камсыз кылуу; - коомдук пикирди сурап-билүүнү жүргүзүү; - жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдарды четтетүү,кесепеттерди жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалыкчараларды жүзөгө ашыруу; - камкордук көрүүчүлөрдү жана көз салуучуларды дайындоо, алар өзмилдеттерин аткарышына контролдук кылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарымукуктарды жүзөгө ашыруу. IV. Шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы – мэри 14. Шаардын мэри шаардын аймагында башкы кызмат адамы болупсаналат, аткомго жана мэриянын аппаратына жетекчилик кылат,мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары, коомдук уюмдар, партиялар жана кыймылдар, ошондой эле эларалык уюмдар менен мамилелерде шаардын атынан иш алып барат. 15. Шаардын мэри шаардык өз алдынча башкаруунун башчысынынфункцияларын аткаруу менен бир эле учурда шаардык мамлекеттикадминистрациянын башчысына берилген ыйгарым укуктарды да аткарат. 16. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаганталапкерлердин ичинен шаардык кењештин депутаттары тарабынан 4 жылдыкмөөнөткө шайланат. 17. Шаардын мэри өзү шайланган күндөн тартып төрт айданкечиктирбестен аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жанашаардын калкын социалдык жактан коргоонун 4 жылдык программасын иштепчыгат же жеткире иштеп чыгат, аны шаардык кењештин жактыруусу мененжергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн шаардык элдик курултайынын кароосунакоет. Отчеттук жылдын ичинде бул программаны аткаруунун мөөнөтү жанасапаты шаар башчысынын ишин баалоонун критерийи жана экинчи мөөнөткөшайлоо үчүн анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президентинесунуш кылуу үчүн негиз болот. Шаардын мэри аткаруу комитетинин атына жылына кеминде бир жолукурултайда отчет берет. 18. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча шаардын мэри– шаардык кењешке жана шаардык элдик курултайына, ал эми берилгенмамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча областтык мамлекеттик администрациябашчысына жана башка жогору турган мамлекеттик бийлик органдарынаотчет берет. 19. Шаардын мэри шаарыдк кењештин бардык жыйналыштарына кењешберүү добуш укугу менен катышууга, шаарыдн карамагына кирген жемамлекеттин таламдарын козгогон ар кандай маселелерди кењештинкароосуна коюуга укуктуу. Шаардык кењеш өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулаткан же колдонулупжаткан мыйзамдарга карама-каршы келген, ошондой эле улуттар аралыкынтымакка, биримдикке жана Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө коркунучкелтирген чечимдерди кабыл алган учурда шаардын мэри мындаймаселелерди алып салуу жагынан кењештин кайталап кароосуна коет.Эгерде кењеш макул болбосо жана мурда кабыл алган чечимдидепутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен бекемдесе, мэрөзүнун макул эместиги жөнүндө жарыялайт жана бул жөнүндө тиешелүүмамлекеттик бийлик органдарына, дээрлик Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине чейин билдирет жана ишти үч күндүк мөөнөттө тиешелүү соторганына берет. Мэрдин макул эместиги билдирилген шаардык кењештинчечими сот органынын чечимине чейин күчүнө кирбейт. 20. Шаардын мэри: - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын,Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын,берилген ыйгарым укуктардын, ушул Жобонун, шаардын Уставынын, шаардыкреферендумдун, шаардык курултайдын жана кењештин чечимдерининсакталышын жана аткарылышын уюштурат. - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын негизинде тиешелүүаймактык органдардын жана мамлекеттик башкаруу кызматтарынын ишинуюштурат жана контролдойт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидегимаселелерди чечиши жагынан өз ыйгарым укуктарын толук көлөмдөаткарышын камсыз кылат; - мамлекеттик сырды түзгөн маселелер, ошондой эле аткомдункомпетенциясына кирбеген бардык башка маселелер боюнча жогору турганмамлекеттик органдардын тапшырмаларын аткаруу үчүн буйруктардычыгарат; - өз компетенциясынын чектеринде кабыл алган өз буйруктарынынаткарылышын уюштурат жана контролдойт; - жылдык бюджеттин долбоорун шаардык кењештин бекитүүсүнө сунушкылат, анын аткарылышы жөнүндө отчет жасайт; - мэриянын аппаратынын структурасын жана кызмат орундарынынтизмесин иштеп чыгат жана аны шаардык кењештин бекитүүсүнө сунушкылат; - жарандарды кабыл алууну жана алардын даттанууларын, сынпикирлерин жана сунуштарын карап чыгууну жүзөгө ашырат, кабыл алынганчечимдер жөнүндө арыз ээлерине маалымдайт; - Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын, ушулЖобонун, шаардын Уставынын жана өзүнө берилген мамлекеттик ыйгарымукуктардын чектеринде башка маселелерди чечет. 21. Шаардын мэри кызматтык милдеттерин ойдогудай аткарбагандыгыүчүн шаардык кењештин депутаттарынын макулдугу менен КыргызРеспубликасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан бошотулушумүмкүн. V. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери 22. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынмамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери мамлекеттикбийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын так чектөөнүнконституциялык принциптеринин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынынмыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүнактыларынын негизинде түзүлөт. 23. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шаардын мэринеайрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн, алардын тизмесинжана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. 24. Шаар жерлерин жана коммуналдык менчикти пайдалануугабайланыштуу мамлекет менен мамилелер Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык түзүлөт. 25. Шаардык өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликоргандарынын ортосундагы талаштар өз ара макулдук боюнча түзүлүүчүкомиссиялардынаркасында же сотто чечилиши мүмкүн. VI. Шаардык өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негизи 26. Шаардык өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин жаратылышресурстары (жер, кен байлыктар, суу, жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүйнөсү), коммуналдык жана шаардын аймагында жайгашкан жана кирешеалуунун булагы болуп саналган башка менчик түзөт. 27. Шаардык өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдаргаылайык шаардык жамаатка бекитилген, шаардык бюджетке келип түшкөнкиреше булактары, ошондой эле төмөнкүлөр түзөт: - кредиттик ресурстар, дотациялар, субвенциялар; - улуттук программаларды аткарууга байланыштуу республикалыкбюджеттен субсидиялар; - чет мамлекеттердин, жеке банктардын жана башка уюмдардынинвестициялары; - менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жанажарандардын ыктыярдуу взностору жана кайрымдуулуктары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык менчикти,шаардык баалуу кагаздарды жана жергиликтүү заемдорду пайдаланууданалынган кирешелер; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн иш-чараларданалынган башка кирешелер. VII. Коммуналдык менчикти тескөөгө жана финансы каражаттарын чыгымдоого контролдук кылуу 28. Областтык баш ийүүдөгү шаарларда коммуналдык менчиктибашкарууну шаардык жамааттын атынан шаардын мэриясы жүзөгө ашырат. 29. Шаардын мэриясы финансы каражаттарын чыгымдоосунунмыйзамдуулугуна жана максаттуу чыгымдоосуна, ошондой эле коммуналдыкменчикти башкарууда шаардык жамааттын таламдарынын сакталышына шаардыккењеш контролдук кылат. VII. Эл аралык байланыштар 30. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде эл аралык жанатышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашырууга укуктуу. 31. Имарат-жайларды арендалоо учурларын кошпогондо, жамааттынкоммуналдык менчигин пайдалануу, шаардык жерлерди бөлүү мененбайланышкан тышкы экономикалык келишимдер шаардык кењеш тарабынанбекемделүүгө тийиш.