Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын «2»-майындагы №
153 Указы менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын – областка баш ийген шаардын мэрин шайлоо жөнүндө ЖОБО 1. Негизги жоболор 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын – областка башийген шаардын мэрин (мындан ары – шаардын мэри) шайлоо тийиштүүшаардык кењештердин депутаттары тарабынан жашырын добуш берүү жолуменен ишке ашырылат. 2. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан дайындалат. Шаардын мэри төрт жылдык мөөнөткө шайланат. 3. Шаардын мэринин кызматына шайлоо үчун талапкерлер КыргызРеспубликасынын Президенти тарабынан аныкталат жана анын өкүлү шаардыккењешке сунуш кылышы мүмкүн. 4. Шаардын мэрин шайлоо, аларга шаардык кенештин депутаттарынынжалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда, болду депэсептелет. 5. Бул Жобонун бузулушу шайлоону анык эмес деп табууга алып келет II. Шайлоону уюштуруу 6. Шаардын мэрин шайлоону уюштуруу үчүн Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары– Боршайком) үч кишиден турган комиссия түзөт, ал тийиштүү шаардыккењеш менен бирдикте мэрди шайлоо боюнча өз иш-аракеттерин жүргүзөт. 7. Боршайкомдун комиссиясы шаардык кенештер менен бирдикте шайлообюллетенинин формасын жана текстин белгилейт, алардын сакталышынкамсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорунун жазылышын уюштурат,ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 8. Шайлоо бюллетендери кыргыз жана орус тилдеринде басыпчыгарылат. 9. Бюллетенге мэрдин кызматына Кыргыз Республикасынын Президентитарабынан сунуш кылынган талапкерлер гана киргизилет. III. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүү тартиби 10. Шаардын мэрин шайлоо атайын бөлүнгөн жайда өткөрүлөт. Депутаттардын келиши, добуш берүүнү уюштуруу, жайды жасалгалоожана анда зарыл болгон тартипти сактап туруу үчүн жоопкерчиликтитийиштүү шаардык кењеш көтөрөт. Добуш берүү жол-жоболорун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтиБоршайком көтөрөт. 11. Добуш берүү алдында шайлоо кутусу текшерилет, Боршайкомдункомиссиясы тарабынан ага пломба коюлуп, мөөр басылат. Ар бир депутатжеке өзү добуш берет. Башка кишилер үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. 12. Шайлоо бюллетендери добуш берүүчү тарабынан кабинада жежашыруун добуш берүү бөлмөсүндө толтурулат. Бюллетендери толтурууда аркандай башка адамдардын болуусуна тыюу салынат. 13. Шайлоо кутусун ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендеркомиссия тарабынан саналат жана жокко чыгарылат. Добуш берүүнүнаяктагандыгы Боршайком тарабынан жарыяланат. 14. Добуш берүү аяктаганга чейин шайлоо кутусун ачууга тыюусалынат. 15. Шайлоо кутусунда болгон бюллетендердин негизинде Боршайкомдункомиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, шаардынмэринин кызмат орунуна талапкерлерди жактап же аларга каршы берилгендобуштардын санын аныктайт. IV. Шаардын мэрин шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана жарыялоо 16. Боршайкомдун комиссиясынын протоколунун негизинде тийиштүүшаардык кењештин сессиясы шаардын мэринин кызмат орунуна талапкерлердижактап же аларга каршы берилген добуштардын санын аныктайт. 17. Шаардын мэринин кызмат орунуна талапкер, эгерде ага шаардыккењештин шайлоого катышкан депутаттарынын жарымынан көбү добушунберсе, шайланды деп эсептелет. 18. Шаардын мэрининин кызмат орунуна сунуш кылынга талапкерлер экижолу четке кагылган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти шаардынмэринин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындайт жана шаардыккенешти таркатат. 19. Шаардын мэрин шайлоонун натыйжалары жөнүндө билдирүү шаардыкжана республикалык басма сөзгө жарыяланат