Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-январындагы № 28
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын пилоттук шайлоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО 1. Негизги жоболор 1. «Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана райондук баш ийүүдөгүшаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын пилоттукшайлоо жөнүндө» ушул Убактылуу жобо (мындан ары – Жобо) КыргызРеспубликасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынынжарандарынын шайлоо укуктарын аныктайт, Кыргыз Республикасынынжергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоого даярдоо жанаөткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. 2. Айылдын же райондук баш ийүүдөгү шаардын жергиликтүү өз алдынчабашкаруусунун башчысы – бул айылдык (поселкалык) кењештин жанарайондук баш ийүүдөгү шаардын аймагында өз алдынча башкарууоргандарынын системасында жогорку кызмат адамы, ал жарандар тарабынанжашыруун добуш берүү менен жалпы, тењ жана тике шайлоо укугунуннегизинде шайланат. 25 жашка толгон жана 60 жаштан ашпаган, жогорку же атайын ортобилими, мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандарындагы кеминде 2 жылдык стажы бар Кыргыз Республикасынынжараны айылдын же райондук баш ийүүдөгү шаардын жергиликтүү өз алдынчабашкаруусунун башчысы (мындан ары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунунбашчысы) болуп шайлана алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы 4 жылга шайланат.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы кандайдыр-бир башка акытөлөнүүчү кызматтарды ээлей албайт, ишкердик кыла албайт. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын шайлоону областтыкмамлекеттик администрациянын башчысы-губернатору, Бишкек шаарынын мэриКыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жанарегионалдык өнүктүрүү маселелери боюнча министри менен макулдашуубоюнча шайлоо күнүнө чейин кеминде 45 күн мурда дайындайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын шайлоо республиканынжарандары өздөрүнүн шайлоо укугун эркин жана ыктыярдуу жүзөгөашырышына негизделет. Жаранды шайлоого катышууга же катышпоогомажбурлоо максатында ага, ошондой эле анын оюн эркин билдирүүсүнөтаасир этүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жараны жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысын шайлоого укуктуу. Сот тарабынан эмгекке жараксыз деп табылган же соттун өкүмү боюнчаэркинен ажыратуу жерлеринде жүргөн жарандар шайлоого, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун башчысы болуп шайланууга укуксуз. Соттолушу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартиптетындырылбаган адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы болупшайланууга укуксуз. II. Шайлоо комиссиялары 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоонудаярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлооукуктарын турмушка ашырууну жана коргоону шайлоо комиссиялары камсызкылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону өткөрүүбоюнча шайлоо комиссияларынын бирдиктүү системасын төмөнкүлөр түзөт: - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы); - областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары; - райондук, шаардык шайлоо комиссиялары; - участкалык шайлоо комиссиялары; Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекс, ушулЖобо менен белгиленет. 2. Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары шайлоо дайындалганданкийин 10 календардык күндөн кечикпестен төраганын, катчынын жана 5мүчөнүн курамында областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссияларытарабынан түзүлөт. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын курамынжана дарегин алар түзүлгөндөн кийин 3 календардык күндөнкечиктирбестен областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары жалпыгамаалымдоо каражаттарына жарыялайт. 3. Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо күнүнө чейин 30календарлык күн мурда төраганын, катчынын жана 7ден 13кө чейинкимүчөнүн курамында райондук, шаардык шайлоо комиссиялары түзөт.Участкалык шайлоо комиссияларын алар түзүлгөндөн кийин 3 календарлыккүндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоокаражаттарына жарыялайт 4. Шайлоо комиссияларын түзүү шайлоо жөнүндө Кодексте белгиленгентартипте жүргүзүлөт. Шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарыншайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийинтоктотот. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары 1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы: - республиканын аймагында жарандардын шайлоо укуктарынынсакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, шайлоо жөнүндөКодекстин жоболору, ушул жобо аткарылышына контролдук кылат, алардынбир түрдүү колдонулушун камсыз кылат; - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускоолорду,жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышынаконтролдук кылат; - шайлоо комиссияларынын ишине жетекчилик кылат, төмөн турганшайлоо комиссияларына уюштуруу-методикалык жетекчилик кылат; - шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын келиптүшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын финансылыкотчетунун, талапкерлердин финансылык отчетунун формаларын белгилейт; - талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуштардын, шайлоокомиссияларынын жыйналыштарынын протоколдорунун, шайлоочулардынтизмелеринин, башка шайлоо документтеринин формаларын, добуш берүүүчүн кутулардын жана шайлоо комиссияларынын мөөрүнүн үлгүлөрүн, шайлоодокументтерин сактоо мөөнөтүн жана тартибин белгилейт; - байкоочулардын, чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочулардын, четөлкөлүк жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүншайлоого катышуусунун тартибин белгилейт, аларды тиешелүү документтерменен камсыз кылат; - Шайлоо жөнүндө Кодекстин 46-статьясындагы 4-пунктта белгиленгентартипте шайлоонун жыйынтыгын же натыйжасын жараксыз деп таба алат; - шайлоо комиссияларынын чечимине жана иш-аракетине арыздарды жанадаттанууларды карайт, алра боюнча чечим чыгарат; - Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоожөнүндө Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктардыжүзөгө ашырат. Областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Областтык Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары: - областтын, Бишкек шаарынын аймагында ушул Жобонун, КыргызРеспубликасындагы шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптары аткарылышынаконтролдук кылат жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат; - төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишине багыт берет, шайлоонуөткөрүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын алардын ортосунда бөлүштүрөт,бул каражаттардын максатка ылайык пайдаланылышына контролдукту камсызкылат; - тиешелүү аймакта шайлоо өткөрүүнү уюштурат; - төмөн турган шайлоо комиссияларынын иши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүүнү контролдойт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызматынаталапкерлерди каттайт; - шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин белгилейт, алардыдаярдоону камсыз кылат жана тиешелүү шайлоо комиссияларын алар мененжабдыйт; - шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнчатөмөн турган шайлоо комиссияларынын, ишканалардын, мекемелердин,уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрүн угат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоонунжыйынтыгын жана натыйжасын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоокаражаттарына жарыялайт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын кайталап шайлоонуөткөрүү менен байланышкан маселелерди карайт; - төмөн турган шайлоо комиссияларынын чечимине жана аракетинеарыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча чечим чыгарат; - ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Райондук, шаардык шайлоо комиссиялары: - тиешелүү аймакта шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө контролдуккылат; - участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефонномерлери жөнүндө калкка маалымдайт; - тиешелүү аймакта участкалык шайлоо комиссияларынын ишинкоординациялайт, участкалык шайлоо комиссияларынын чечимине жанааракетине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларбоюнча чечим кабыл алат; - шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынтескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосундабөлүштүрөт; - бардык талапкерлер үчүн шайлоо алдындагы иштин тењ укуктукшарттарынын сакталышын камсыз кылат; - шайлоо бюллетендерин жана башка документтерди участкалык шайлоокомиссияларына жеткирүүнү уюштурат; - шайлоо участкаларында добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоокомиссияларына уюштуруу-техникалык жардам көрсөтөт; - тиешелүү аймакта шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарынаныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет жана добушберүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду областтык, Бишкек шаардыкшайлоо комиссияларына берет; - шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтердиархивге же жогору турган шайлоо комиссиясына берүүнү камсыз кылат; - ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат Участкалык, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Участкалык комиссиялар: - добуш берүү күнү жана орду, участкалык шайлоо комиссиясынындареги жана телефон номери жөнүндө, анын иштөө убактысы жөнүндө калккакабарлайт; - участка боюнча шайлоочулардын тизмесин түзөт; - шайлоочуларды шайлоочулардын тизмелери менен таныштырат,шайлоочулардын тизмелериндеги каталар жана так эместиктер жөнүндөарыздарды кабыл алат жана карайт, аларга тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүњдө маселени чечет; - шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын жайгаштырууэрежелеринин сакталышына контролдук кылат; - добуш берүү үчун имарат-жайды, шайлоо кутуларын жана башкажабдууну даярдоону камсыз кылат; - шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүнү уюштурат; - шайлоо участкасы боюнча добуштарды эсептейт; - ушул жобону бузууларга арыздарды жана даттануулары карайт, аларбоюнча чечимдерди кабыл алат; - шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтердижогору турган шайлоо комиссиясына же архивге берүүнү камсыз кылат. - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык башкаыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. III. Талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана алардын статусу 1. Талапкерлерди көрсөтүү укугу тиешелүү жергиликтүү жамааттыншайлоочуларынын чогулуштарына, саясий партияларга, жергиликтүү коомдукбирикмелерге, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандаргатаандык. Саясий партиянын мүчөсү болуп саналбаган адамдарды саясийпартиялар талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлүүчүталапкерлердин саны чектелбейт. Талапкерлерди көрсөтүү иштеген, кызмал кылган, окуган же жашаганжери боюнча шайлоочулар тарабынан эгерде шайлоочулардын чогулушунакеминде 25 адам катышса, ал чогулуш көрсөтүүгө укуктуу. Шайлоочулардынчогулушун өткөрүүнүн жол-жоболорун чогулуштун өзү аныктайт. Эгердечогулуштун катышуучуларынын жарымынан көбү талапкерлерди жактап добушберсе, ал көрсөтүлдү деп эсептелет. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү анын регионалдыкбөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) саясий партиянын уставынаылайык жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызматынаталапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган учурдан тартып башталат жанашайлоо күнүнө чейин 35 календарлык күн калганда аяктайт. 2. Талапкерлерди каттоо үчүн райондук, шаардык шайлоокомиссияларына төмөнкүдөй документтер сунуш кылынат: 1) саясий партиянын региондук бөлүмүнүн чогулушунун(конференциясынын), шайлоочулардын чогулушунун талапкерди көрсөтүүжөнүндөгү чечими жазылган протокол; 2) талапкердин добушка коюлууга макулдугу жөнүндөгү арызы,талапкердин арызында шайланып калган учурда жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун башчысынын статусуна ылайык келбеген ишин токтотуужөнүндөгү милдеттенмеси камтылууга тийиш; 3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери,ээлеген кызматы (кылган иши) жана жашаган жерин көрсөтүү менен өмүрбаянынын маалыматтары; 4) өзүнүн менчигинде жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигиндетурган кыймылсыз мүлкү, автотранспорту, акциясы же чарба жүргүзүүчүсубъекттин уставдык капиталындагы үлүшү, ошодндой эле шайлоодайындалгандан мурдагы жылдагы кирешесинин өлчөмү жөнүндөгүмаалыматтар; 5) ушул Жобо жана жергиликтүү кењештер тарабынан белгиленгенталаптарга ылайык башка документтер; Талапкер өзүн-өзү көрсөткөн учурда каттоо үчүн талапкердин добушкакоюлууга ниеттенгендиги жөнүндөгү арыз, ошондой эле ушул бөлүмдүн 2-пунктунун 3,4,5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер сунуш кылынат. 3. Шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөтүү тартибинин ушул Жобонунталаптарына ылайык келгендигин текшерүүгө жана документтерди райондук,шаардык мамлекеттик администрациясынын коллегиясында эки күндүн ичиндерайондук, шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн катышуусу мененжергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызматына талапкерлергекоюлган талаптарга ылайык келиши каралат. Зарыл болгон учурда коллегиясунуш кылынган документтери кошумча текшерүүнү талап кылганталапкерлерди ањгемелешүүгө чакырууга укуктуу. Эгерде талапкерлердин саны 5 кишиден ашпаса, райондук, шаардыкадминистрацинын коллегиясы талапкерлердин сунуш кылынган талаптаргаылайык келгендиги жөнүндө корутунду берет жана документтерди областтыкмамлекеттик администрация башчысына – губернаторго, Бишкек шаарынынжергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысына – мэрине жанаобласттык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн жиберет.Эгерде талапкерлер ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе, райондук,шаардык администрациянын коллегиясы талапкердин коюлган талаптаргаылайык келбегендиги жөнүндө чечим кабыл алат жана кабыл алынган чечимжөнүндө ага (аларга) билдирет. Райондук шаардык, мамлекеттикадминистрациянын коллегиясынын чечими областтык мамлекеттикадминистрация башчысына – губернаторго (Бишкек шаарынын мэрине)даттанылышы мүмкүн. Эгерде каттоо үчүн сунуш кылынган талапкерлердин саны 5 кишиденашып кетсе, райондук, шаардык мамлекеттик администрациянын коллегиясысунуш кылынган талапкерлердин материалдарын талапкерлердин рейтингинаныктоо үчүн айылдык (поселкалык), райондук баш ийүүдөгү шаардыккењештин кароосуна жиберет. Айылдык (поселкалык), шаардык кењештиндепутаттары жашыруун добуш берүү жолу менен добуштардын кыйла көрсанын алган 5тен ашпаган талапкерлердин тизмесин аныктайт. Рейтингдикдобуш берүү жыйынтыгы менен кењештин чечими талапкерлердин тизмесинбекитүү үчүн областтык мамлекеттик администрация башчысына –губернаторго (Бишкек шаарынын мэрине) жөнөтүлөт. Областтык мамлекеттик администрациянын башчысы – губернатор(Бишкек шаарынын мэри) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынынкызмат ордуна сунуш кылынган талапкерлерди курамына областтык кењештинначальниги, ошондой эле областтык (Бишкек шаардык) шайлоокомиссияларынын төрагалары кирген комиссияда карайт. Областтык комиссия кароонун жыйынтыгы боюнча айрым талапкерлердинкоюлган талаптарга ылайык келбегендиги жана аларды талапкерлердинтизмесинен чыгарып салуу жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарууга укуктуу.Областтык комиссиянын корутундусунун негизинде мамлекеттикадминистрация башчысы – губернатор (Бишкек шаарынын мэриталапкерлердин биротоло тизмесин бекитет жана аларды каттоо үчүнобласттык (Бишкек шаардык) шайлоо комиссиясына берет. Областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттайт.Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 күн калганда аяктайт.Талапкерлерди каттоодон баш тартылган учурда ал жөнүндө жүйөлүү чечимчыгарылат. Каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечим Кыргыз РеспубликасынынБорбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. Ушул Жобо менен белгиленген көрсөтүү тартибин бузуу, ушулбөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардын так эместиги, эгердеал маалыматтардын так эместиги кеминде 200 минималдуу эмгек акынытүзсө, шайлоо фондун түзүүнүн жана анын каражаттарын чыгымдоонунтартибин бузуу, ошондой эле ушул Жобо менен каралган башка негиздербаш тартууга негиз болот. 4. Талапкер бир гана шайлоо округу боюнча каттала алат. Талапкерөз талапкерлигин каалаган убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15календарлык күндөн кечиктирбестен алып коюуга укуктуу. 5. Областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары талапкерлеркатталгандан кийин жетинчи күндөн кечиктирбестен каттоо жөнүндөмаалыматты ар бир талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын,ээлеген кызматын (кылган ишин) иштеген жана жашаган жерин, ошондой элеталапкердин каалоосуна жараша анын партияга таандык экендиги жөнүндөгүмаалыматты басма сөзгө жарыялайт. Бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана шайлоо жөнүндөгүКодекс жана ушул Жобо менен белгиленген бирдей милдеттенмелердитартат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат ордунаталапкер ишенимдүү адамдарды дайындай алат. Ишенимдүү адамдар шайлоожөнүндөгү мыйзамга ылайык укуктарга ээ жана милдеттенмелерди тартат.Ишенимдүү адамдардын саны 20 кишиден ашпайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат ордунаталапкерлер шайлоо алдындагы кампанияны финансылоо үчүн шайлоожөнүндөгү Кодекс менен белгиленген тартипте областтык, Бишкек шаардыккењештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүү үчүн белгиленген өлчөмдөөздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүшөт. Талапкерлер эгерде үгүт ишин жүргүзүүдө акы төлөө негизиндетелекөрсөтүүнү, радиону, мезгилдүү басма материалдарын пайдаланбасажана басылма үгүт материалдарын чыгарбаса шайлоо фондун түзбөй коюугаакылуу. Мындай учурда талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт ишин массалыкиш-чараларды өткөрүү жолу менен гана жүргүзөт. IV. Шайлоо өткөрүүдө үгүт ишин жүргүзүү 1. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясийпартияларга, коомдук бирикмелерге шайлоо өткөрүүдө шайлоо жөнүндөгүКодекс, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипкеылайык үгүт ишин эркин жүргүзүү камсыз кылынат. 2. Шайлоо алдындагы үгүт иши талапкерлер катталган күндөн тартыпбашталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калгандатоктотулат. 3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары талапкерлерге чогулуштарды жана шайлоочулардыжолугушууларды, башка массалык иш-чараларды уюштурууга көмөккөрсөтүүгө, аларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү. 4. Талапкерлер шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежесин бузганучурда шайлоо комиссиясы, ошондой эле башка органдар, уюмдар жанажарандар областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына талапкердикаттоону алып салуу жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруужөнүндө сунуш менен кайрылууга укуктуу. V. Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби 1. Шайлоодо добуш берүү шайлоо жөнүндө Кодекс менен белгиленгентартипте календарь боюнча дем алыш күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат7ден 20га чейин жүргүзүлөт. 2. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөүчүн шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыњгайлуулуктарды түзүүмаксатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоучасткалары түзүлөт. Шайлоо участкалары тийиштүү жогору турган шайлоокомиссиялары тарабынан шайлоо күнүнө чейин 35 каледарлык күндөнкечиктирбестен ар бир участкада 3000 шайлоочудан ашпаган эсеп боюнчатүзүлөт. Шайлоо участкаларынын тизмелери алардын чек араларын жанаучасткалык шайлоо комиссияларынын даректерин көрсөтүү менен тийиштүүшайлоо комисиялары тарабынан шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күндөнкечиктирбестен жергиликтүү басма сөзгө жарыяланууга тийиш. 3. Шайлоо өткөрүүдө шайлоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу,шайлоочуларды өзү жөнүндөгү маалыматтар менен тааныштыруу максатында,ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында тийиштүү участкалыкшайлоо комиссиялары шайлоо жөнүндөгү Кодексте белгиленген тартиптешайлоочулардын тизмесин түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунунбашчысын шайлоодо тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктинаймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, аскердик уюмдарда жанамекемелерде чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскеркызматчылары шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана эгерде аласкер кызматчылары аскердик кызматка чакырылганга чейин ошол аймактатуруктуу же көпчүлүк учурда жашабаган болсо шайлоочулардын санынаныктоодо эсепке алынбайт. 4. Шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн аткаруу бийликоргандары участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү үчүн жайлардыакысыз беришет, ал жайлар шайлоо жөнүндөгү Кодексте белгиленгенталаптарга ылайык жабдылат. 5. Добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссияларынын ишибашталган учурдан тартып райондук, шаардык шайлоо комиссиялары добушберүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдор алынгандыгы жөнүндө билдирүүалынганга чейин талапкерлер, алардын ишенимдүү адамдары, байкоочулар,жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо участкаларындаболууга укуктуу. 6. Шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулар шайлоо бюллетендерин алышат, алкатуу отчеттогу документ болуп саналат, анын коргоо даражасыобласттык, Бшикек шаарыдк шайлоо комиссиялары тарабынан аныкталат.Шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти тийиштүү областтык, Бишкекшаардык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 15календарлык күндөн кечиктирбестен бекитилет. Шайлоо бюллетендериндаярдоонун жана төмөн турган комиссияларга берүүнүн тартиби шайлоожөнүндө Кодекс менен белгиленген. 7. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн, добуш берүүчү жайдан тышкарыжерде добуш берүүнүн тартиби шайлоо жөнүндө Кодексте белгиленгентартипте жүргүзүлөт. VI. Шайлоонун натыйжасын аныктоо жана аларды жарыялоо 1. Участкалык шайлоо комиссиясы тийиштүү шайлоо участкасындагыдобуш берүүнүн натыйжасы жөнүндө шайлоо жөнүндө Кодекстин талаптарынаылайык протокол түзөт. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоожөнүндөгү Кодекс менен белгиленген тартипте участкалык шайлоокомиссиясынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан ачык жана маалымдуужүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол үч нускадатолтурулат жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышканмүчөлөрү кол коет, кол коюунун датасы жана убактысы (сааты, минутасыжазылат). Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун биринчи нускаларыучасткалык шайлоо комиссиялары тарабынан аларга шайлоо комиссиясынынмүчөлөрү кол койгондон кийин дароо эле райондук, шаардык шайлоокомиссияларына келип түшөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгүпротоколдун түзүлгөндүгүнүн тууралыгы алдын ала текшерилгенден кийинрайондук, шаардык шайлоо комиссиясы маалыматтарды кошуу жолу мененжергиликтү кењештин тийиштүү аймагында добуш берүүнүн натыйжасынаныктайт. Шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдор үч нускада түзүлөтжана ага шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү кол коет. Райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизиндеобласттык, Бишкек шаарыдк шайлоо комиссиялары область, Бишкек шаарыбоюнча шайлоонун натыйжасын аныктайт. 2. Тийиштүү шайлоо комиссиясы шайлоо жөнүндө Кодекстин 46-статьясынын 4-пунктунда каралган учурларда добуш берүүнүн жыйынтыгын,шайлоонун натыйжасын жараксыз деп тааныйт. Эгерде добуш берүү учурундаайрым шайлоо участкаларында шайлоочулардын оюн билдирүүнүн натыйжасынтолук аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген ушул билдирүүнүн натыйжасын толуканыктоого мүмкүндүк бербеген ушул Жобону бузууга жол берилген болсо,анда шайлоо күнүнөн баштап эки жуманын ичинде кайра добуш берүүжүргүзүлөт. 3. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла сандагы добушуналган талапкер шайланды деп таанылат. 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын шайлоонун натыйжасыобласттык, Бишкек шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо күнүнөнтартып жети күндүк мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарынажарыяланат. 5. Областтык, Бишкек шаарыдк шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжасыаныкталгандан кийин 3 календарлык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынчабашкаруусунун башчылыгына шайлангандарды каттайт жана аларгашайлангандыгы жөнүндө күбөлүк берет 6. Эгерде шайлоолор анык эмес деп таанылган учурда кайталап шайлоодайындалат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысынын кызматордуна талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо боюнча башкааракеттер ушул Жободо каралган тартипте жүргүзүлөт. Кайталап шайлоодоушул Жобо менен белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн биргекыскартылат. Кайталап шайлоо өткөрүү жөнүндөгү билдирүү жалпыгамаалымдоо каражаттарына жарыяланат. Кайталап шайлоо өткөрүүдө аракети(аракетсиздиги) шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгонталапкерлер шайлоочу кызмат орундарына кайрадан көрсөтүлбөйт.Талапкерлердин аракети же аракетсиздиги шайлоону жараксыз деп табууүчүн негиз болгон фактыларды аныктоо сот тартибине жүргүзүлөт. VII. Шайлоо эркиндигинин гарантиялары 1. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө прокуратура жана ички иштероргандары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, ушулЖобонун талаптарынын кыйшаюусуз сакталышын камсыз кылышат. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоо боюнчашайлоо комиссияларынын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги)төмөнкүлөргө даттанылышы мүмкүн. - участкалык шайлоо комиссияларыныкы – райондук, шаардык шайлоокомиссияларына; - райондук, шаардык шайлоо комиссияларыныкы – областтык, Бишкекшаардык шайлоо комиссиясына; - областтык, Бишкек шаардык шайлоо комиссияларыныкы – борбордукшайлоо комиссиясына. 3. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан шайлоокомиссияларынын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) соткодаттанылышы мүмкүн. 4. Талакерлерди каттоо төмөнкү учурларда алып салынышы мүмкүн: - көрсөтүү эрежелери бузулганда: - шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү жана шайлоону финансылооэрежелери бузулганда: - талапкерлердин шайлоочуларды сатып алуу фактылары аныкталганда; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобо менен белгиленгенбашка эреже бузууларда. 5. Эгерде Тийиштүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүнжыйынтыгы же шайлоонун натыйжасы аныкталгандан кийин сот ушул бөлүмдүн4-пунктунда саналып өткөн эреже бузуулар орун алгандыгын жанашайлоочулардын пикирин билдирүү натыйжасын так аныктоого мүмкүндүкбербей тургандыгы аныкталган болсо, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы,шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү шайлоо комиссиясынын чечимин алып салаалат. 6. Сот шайлоо жөнүндөгү мыйзамда каралган башка учурларда шайлооучасткасында добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоонун натыйжасы жөнүндөшайлоо комиссиясынын чечимин алып сала алат. 7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын бузуугажол берген адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш,администрациялык же башка жоопкерчилик тартышат.