Загрузка документа…
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 239 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2000-жылдын 20-январы № 31
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Жарандык коргонуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2000-жылдын 14-февралындагы № 39,
2008-жылдын 6-октябрындагы № 204
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары-
нын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюштуруу - укуктук
формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын (мындан ары -
жарандык коргоонуунун күчтөрү жана каражаттары) жарандык коргонуу тар-
магындагы милдеттерди жана аларды ишке ашыруунун укуктук негиздерин
аныктайт.
I Глава
Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
жарандык коргонуу - тынчтык жана согуш мезгилинде калкты коргоону
ишке ашырган жалпы мамлекеттик, социалдык жана коргонуу иш - чараларын,
бүткүл аймакты жана ага тиешелүү чарба объектилерин табигый кырсыктар-
дан, авариядан, алааматтардан, ошондой эле азыркы учурдагы согуштук
аракеттерден келип чыгуучу коркунучтардан коргоо тутумунун бир бөлүгү;
жарандык коргонуу кызматы - негизги күчтөр менен каражаттарды да-
ярдоону жана жарандык уюмдардын иш аракеттерин согуш жана тынчтык мез-
гилинде авариялык - сактоо жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө
жарандык коргонуу боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн багытталган кызмат;
жарандык коргонуунун жарандык уюмдары - Кыргыз Республикасынын ку-
ралдуу күчтөрүнүн курамына кирбеген, тынчтык жана согуш мезгилдеринде
согуштук аракеттердин же ал аракеттердин кесепеттеринин учурунда келип
чыгуучу коркунучтардан калкты жана уюмдарды коргоо үчүн атайын техника-
га жана мүлккө ээ болуп жана даярдалган территориалдык - өндүрүштүк
принцип боюнча уюмдардын базасында уюштурулган түзүлүш;
жарандык коргонуу боюнча топко тиешелүү аймак - шаар же башка
калктуу пунктар жайгашкан, коргонуу жана экономикалык жактан мааниге
ээ болгон, тынчтык жана согуштук мезгилде өзгөчө кырдаалдардын өтө жо-
горку коркунучун пайда кылган объектер жайгашкан аймак.
2-статья. Жарандык коргонуу тармагындагы милдеттер
Жарандык коргонуу тармагындагы негизги милдеттер:
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан калк-
ты коргоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан кор-
гонуунун ыкмаларын калкка үйрөтүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар жөнүндө
калкка кабарлоо белгилерин, өз учурунда жеткирүү үчүн кошумча башкаруу
пункттарын, байланыш тутумдарын түзүү жана даярдыкта кармоо;
- калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз райондорго
көчүрүү;
- калкка баш калкалоочу жайларды түзүү жана жекече коргонуу кара-
жаттарын берүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан айыл
чарба жандыктарын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүк жана тамак-аш сырьелорун,
жемди, суу берүү булактарын, суу менен жабдуучу тутумдарды коргоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-сактоо иштерин жүргүзүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдан жапа чеккен калкты, биринчи кезекте медициналык тейлөө, ал-
гачкы медициналык жардам көрсөтүү, шашылыш жай менен камсыз кылуу жана
башка зарыл чараларды көрүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдан келип чыккан өрткө каршы күрөшүү;
- радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка ууланууга дуушар
болгон райондорду аныктоо жана белгилөө;
- уулануудан калкты, техникаларды, имараттарды, аймактарды зыян-
сыздандыруу жана башка зарыл чараларды көрүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдын кесепетинен жапа чеккен райондордо тартипти калыбына кел-
тирүү жана кармап туруу;
- зарыл коммуналдык - техникалык кызматтардын иштешин тез арада
калыбына келтирүү;
- өлгөндөрдү тез арада көмүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштеши жана
калктын жашоосу үчүн өтө зарыл объекттерди сактоого багыталган иш чара-
ларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- жарандык коргонуунун күчтөрү менен каражаттарынын дайыма даяр-
дыкта турушун камсыз кылуу;
- жарыкты чүмбөттөө жана маскировкалоонун башка түрлөрү боюнча иш
чараларды жүргүзүү.
3-статья. Жарандык коргонуу тармагында укукту жөнгө салуу
Жарандык коргонуу тармагында укукту жөнгө салуу ушул Мыйзамга жана
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык ишке
ашырылат.
4-статья. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү принциптери
1. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин коопсуз-
дугун камсыз кылуунун, коргонуу курулушунун составдык бөлүгү, мамлекет-
тин маанилүү функцияларынын бири болуп саналат.
Жарандык коргонуу территориалдык - өндүрүштүк принцип боюнча Кыр-
гыз Республикасынын аймагында уюштурулат.
2. Мамлекетти жарандык коргонууну жүргүзүүгө даярдоо куралданууну,
аскердик техникаларды жана согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же ошол
аракеттердин кесепетинен келип чыгуучу коркунучтардан калкты коргоо ка-
ражаттарын өнүктүрүүнү эске алуу менен тынчтык мезгилде ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде жа-
рандык коргонууну жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
согуш башталган же анын айрым жерлеринде согуштук абал жарыяланган
учурдан тартып башталат жана бул маселе Президент тарабынан Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген негиздер болгондо өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө
эскертет, ал эми табигый кырсыктын чыгышына байланыштуу зарыл түрдө аны
Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде алдын ала жарыялоосуз киргизет
жана ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынына дароо кабарлайт.
(КР 2008-жылдын 6-октябрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
II Глава
Жарандык коргонуу тармагында Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары
5-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укугу
Кыргыз Республикасынын Президенти:
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу Планын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуунун Планын Кыргыз Рес-
публикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде толук же жарым
-жартылай колдонулушун киргизет;
- жарандык коргонуунун структурасын, аскерлердин курамын жана жа-
рандык коргонуунун аскер кызматчыларынын штаттык санын, жарандык корго-
нуунун аскерлери жөнүндө Жобону бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу
тармагындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
6-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жарандык коргонуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат
жүргүзүүнү камсыз кылат;
- жарандык коргонууну уюштурууну жана жүргүзүүнү жетектейт;
- жарандык коргонуу тармагында нормативдик - укуктук актыларды ба-
сып чыгарат жана жарандык коргонуу тармагында Кыргыз Республикасынын
мыйзам долброрлорун иштеп чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине кабыл алууга сунуш кылат;
- жашаган калктын санына жана мамлекеттин экономикасында олуттуу
роль ойногон же калктын коопсуздугуна таасир тийгизүүчү уюмдарга жараша
жарандык коргонуу боюнча топторго, ошондой эле мамлекеттин экономика-
сындагы ролуна же калктын коопсуздугуна болгон таасирине жараша жаран-
дык коргонуу боюнча категорияларга уюмдардын таандуулук тартибин анык-
тайт;
- жарандык коргонуунун баш калкалоочу жайларын жаяа башка объекти-
лерин түзүү, ошондой эле жарандык коргонуу максатында материалдык -
техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттарды топтоо,
сактоо жана пайдалануу тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргоо тар-
магында башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7-статья. Жарандык коргонуу тармагында министрликтер, мамлекеттик
комитеттер жана административдик ведомстволордун ыйгарым
укуктары
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ве-
домстволор өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында жана башка нормативдик укуктук актыларында белгилен-
ген тартипте:
- жарандык коргонуу тармагында нормативдик укуктук актыларды кабыл
алат, алардын талаптарын уюмдарга жеткирет жана аткарылышын контрол-
дойт;
- жарандык коргонуу тармагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйга-
рым укуктуу, аткаруучу бийликтин борбордук органдары менен макулдашыл-
ган жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, зарыл
күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону кошо алганда жарандык коргонуу бо-
юнча иш чараларды уюштурат;
- тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштешине жа-
на калктын жашоосу үчүн зарыл керектүү объекттерди сактоого багытталган
чараларды көрөт;
- жарандык коргонууну башкаруунун техникалык тутумун тынчтык мез-
гилинде дайыма даяр абалда болушун камсыз кылат;
- жарандык коргонуу максатында тынчтык мезгилинде материалдык -
техникалык, азык-түлүк, медициналык жана башка каражаттардын корлорун
түзөт жана кармап турат.
III Глава
Жарандык коргонуу тармагында жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын ыйгарым
укуктары, Кыргыз Республикасынын жарандарынын
укуктары жана милдеттери
8-статья. Жарандык коргонуу тармагында жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын
чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка норма-
тивдик укуктук актыларында белгиленген тартипте тиешелүү аймактарда:
- жарандык коргонуу боюнча иш чараларды уюштурат, жарандык корго-
нуу пландарын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- жарандык коргонуу күчтөрүн, жарандык коргонуунун башкаруу орган-
дарынын дайыма даярдык абалында турушу боюнча чараларды көрөт;
- жарандык коргонуунун жарандык уюмдарынын даярдыгын жана согуштук
аракеттерди жүргүзүүдөн же ошол аракеттердин кесепетинен келип чыгуучу
коркунучтардан коргонуунун ыкмаларын калкка үйрөтүүнү уюштурат;
- жарандык коргонуу башкармалыгынын техникалык тутумун жана жаран-
дык коргонуу объекттеринин пайдаланууга дайыма даярдыкта турушун камсыз
кылат;
- калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз райондорго
көчүрүүгө, жапа чеккен калкты биринчи кезекте дарылоо жана башка меке-
мелерге жайгаштырууга даярдык боюнча иш чараларды жүргүзөт;
- тынчтык жана согуш мезгилинде мекемелердин, уюмдардын туруктуу
иштешин камсыз кылуу чараларын жүргүзөт;
- жарандык коргонуу максатында материалдык - техникалык, азык -
түлүк, медициналык жана башка каражаттардын корлорун түзөт жана кармап
турат;
- тиешелүү аймактарда жарандык коргонуунун абалына контролдук кы-
лат.
9-статья. Жарандык коргонуу тармагында уюмдардын ыйгарым укуктары
1. Уюмдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жана Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарында жана башка нормативдик укуктук актыларында белги-
ленген тартипте:
- жарандык коргонуу боюнча иш чараларды пландаштырат жана анын
жүргүзүлүшүн уюштурат;
- тынчтык жана согуш мезгилинде өзүлөрүнүн туруктуу иштөөсүн кам-
сыз кылуу боюнча иш чараларды жүргүзөт;
- өзүлөрүнүн кызматкерлерине согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же
тынчтык мезгилинде өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келип чыгуучу корку-
нучтардан коргонуунун ыкмаларын үйрөтөт.
- кабар берүүнүн локалдык тутумдарын пайдаланууга дайыма даяр ту-
рушун камсыз кылат;
- жарандык коргонуу максатында материалдык - техникалык, азык -
түлүк, медициналык жана башка каражаттардын корлорун түзөт жана кармап
турат.
2. Потенциалдуу өндүрүштүк коркунучу бар объектилери жана эксплуа-
тациялоочу объекттери бар, ошондой эле коргонуу жана экономикалык жак-
тан мааниси чоњ же согуш жана тынчтык мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдардан
улам коркунуч келтирүүчү объекттери бар уюмдар жарандык коргонуунун жа-
рандык уюмдарын түзөт жана алардын дайыма даярдыкта турушун камсыз кы-
лат. Мындай уюмдарды түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-
рабынан белгиленет.
10-статья. Жарандык коргонуу тармагында Кыргыз Республикасынын
жарандарынын укуктары жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык:
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдан келип чыгуучу коркунучтардан коргонуу ыкмаларын үйрөнүүчү
окуудан өтөт;
- жарандык коргонуу боюнча башка иш чараларга катышат;
- жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүдө мамлекеттик бий-
лик органдарына жана уюмдарына көмөк көрсөтөт.
IV Глава
Жарандык коргонууга жетекчилик
11-статья. Жарандык коргонууга жетекчиликтин тартиби
1. Кыргыз Республикасында жарандык коргонууга жетекчиликти Кыргыз
Реепубликасынын Өкмөтү ишке ашырат.
2. Аткаруу бийлик органдарында жана уюмдарда жарандык коргонуунун
начальниги болуп саналган алардын башчылары жетекчилик кылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык коргонууга жетекчи-
ликти Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары-
нын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматы боюнча
жарандык коргонуунун начальниктери болуп саналган башчылары ишке ашы-
рат.
4. Жарандык коргонуунун началъниктери тиешелүү аймактарда жана
уюмдарда, аткаруу бийлик органдарында жарандык коргонуу боюнча иш чара-
ларды уюштурууга жана жүргүзүүгө жекече жоопкерчилик тартат.
5. Жарандык коргонуунун начальниктери өз ыйгарым укуктарынын че-
гинде жана белгиленген тартипте:
- жарандык коргонуунун тиешелүү пландарын колдонууга киргизүүгө;
- калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз райондорго
көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- жарандык коргонуу маселелери боюнча буйруктарды чыгарууга укук-
туу.
12-статья. Жарандык коргонууну башкарууну ишке ашыруучу органдар
1. Жарандык коргонууну башкарууну ишке ашыруучу органдар:
- жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым
укуктуу борбордук аткаруу бийлигинин органдары жана анын белгиленген
тартипте түзгөн аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте
түзүлгөн, жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйга-
рым укугу бар аткаруучу бийликтин башка органдарынын структуралык
бөлүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте
түзүлгөн (дайындалган), жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө
атайын ыйгарым укуктуу уюмдардын структуралык бөлүмдөрү (кызматкерлери)
болуп саналат.
2. Аймактык органдар аскер кызматчыларынан, жөнөкөй жарандардан
түзүлөт, аларды күтүүгө каражат Кыргыз Республикасынын бюджетинен
бөлүнөт.
Көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери аткаруу бийлик органдарынын
жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу
жетекчиси тарабынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси
менен макулдашуу аркылуу жарандык коргонуунун аскер кызатчыларынын ара-
сынан дайындалат.
13-статья. Жарандык коргонуу тармагында милдеттерди чечүүгө атайын
ыйгарым укуктуу борбордук аткаруу бийлигинин органы
Жарандык коргонуу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Президенти же анын тапшыруусу боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандык коргонуу жагындагы милдеттерди
чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу борбордук аткаруу бийлигинин органын
аныктайт жана ага тиешелүү нормативдик жөнгө салууну, ошондой эле жа-
рандык коргонуу тармагында атайын көзөмөлдөөчү жана контролдоочу функ-
цияларды ишке ашырууну жүктөйт.
Борбордук аткаруу бийлигинин органынын белгиленген тартипте
түзүлгөн өзүнүн аймактык органдары болот.
Борбордук аткаруу бийлигинин органы жана аймактык органдарынын ый-
гарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Премьер - министрдин -
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун Начальнигинин директивдүү
документтери тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 14-февралындагы N 39 Мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)
14-статья. Жарандык коргонуу кызматтары
1. Тынчтык жана согуш мезгилинде жарандык коргонуу боюнча иш чара-
ларды аткаруу үчүн жарандык коргонуунун республикалык, областтык, ра-
йондук жана шаардык, ошондой эле уюмдардын жарандык коргонуу кызматтары
түзүлөт.
2. Жарандык коргонуу кызматтарын тузүү жөнүндө чечим ыйгарым укук-
тарына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын ат-
каруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана
уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.
Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө Жобо жарандык коргонуунун ти-
ешелүү начальниктери тарабынан бекитилет.
V Глава
Жарандык коргонуу күчтөрү
15-статья. Жарандык коргонуу күчтөрү
1. Жарандык коргонуу күчтөрү - жарандык коргонуу тармагында мил-
деттерди чечүү үчүн атайын багыттагы аскердик түзүлүш, ошондой эле жа-
рандык коргонуунун жарандык уюмдары.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскерлер жана
аскердик түзүлүштөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык
коргонуу жагындагы милдеттерди аткарат.
Жарандык коргонуу тармагында милдеттерди чечүү үчүн Кыргыз Респуб-
ликасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскерлер жана аскердик түзүлүштөр
Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан аныкталган тартипте ишке
тартылат.
3. Авариялык - сактоочу кызматтар менен авариялык - сактоочу кошу-
ундар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу тар-
магында милдеттерди чечүү үчүн ишке тартылат.
16-статья. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракеттеринин
негиздери
1. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракети согуш абалы жарыялан-
ган, иш жүзүндө согуштук аракеттер башталган же Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын
айрым жерлеринде согуштук абал жарыяланган учурдан тартып, ошондой эле
тынчтык мезгилинде калктын ден соолугуна коркунуч келтирилген жана ава-
риялык - сактоочу жана кечиктирилгис башка иштерди жүргүзүүнү талап
кылган бөөдө кырсыктар, эпидемия, эпизотия, ири авариялар, кыйроолордун
учурунда ишке киришет.
2. Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчылары жарандык кор-
гонуу тармагында милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укугу бар борбордук
аткаруу бийлик органдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте жарандык коргонууну башкаруучу башка органдарга
кызмат өтөй алат.
3. Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларына алардын
статусун ырастоочу, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана жарандык коргону-
унун эл аралык айырмалоо белгиси берилет.
4. Жарандык коргонуу аскерлеринин куралдануусунда атайын техника,
ошондой эле согуштук атылуучу кол курал, жана атылбас куралдар болот.
5. Жарандык коргонуу аскерлеринин иш аракети, аларды жарандык кор-
гонуу аскерлеринин аскер кызматчылары жана жөнөкөй жарандар менен то-
луктоо, жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын жана алар-
дын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо, ошондой эле жарандык
коргонуу аскерлеринин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жүргүзүлөт.
17-статья. Жарандык коргонуунун жарандык уюмдары
1. Жарандык коргонуунун жарандык уюмдары ушул Мыйзамдын 9-стать-
ясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдарда түзүлөт. Жарандык коргонуунун
жарандык уюмдарын түзүүнүн жана алардын иш аракетинин тартиби Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Жарандык коргонуунун жарандык уюмдарына Кыргыз Республикасынын
төмөнкү жарандары кириши мүмкүн:
- 18 - 60 жаш курагындагы эркектер,
- 18 - 55 жаш курагындагы аялдар, буга мобилизациялык көрсөтмөсү
бар аскерге милдеттүүлөр, 1, 2 же 3 - топтогу майыптар, боюнда бар аял-
дар, 8 жашка чейинки балдары бар аялдар, 3 жашка чейинки балдары бар,
орто же жогорку медициналык билими бар аялдар кирбейт.
VI Глава
Корутунду жоболор
18-статья. Жарандык коргонуу боюнча иш чараларды каржылоо
1. Жарандык коргонуу боюнча иш чаралар Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына жана башка нормативдик - укуктук актыларына ылайык каржыла-
нат.
2. Жарандык коргонуу боюнча иш чараларды даярдоого жана өткөрүүгө,
анын - ичинде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык жана баш-
ка каражаттардын корлорун түзүүгө жана күтүүгэ Кыргыз Республикасынын
аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү бийлик органдары жана уюмдары та-
рабынан кеткен чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган
тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен толтуру-
лат.
19-статья. Жарандык коргонуу тармагында Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын бузулушуна жоопкерчилик
Жарандык коргонуу тармагында милдеттерди Кыргыз Республикасынын
кызмат адамдары жана жарандары тарабынан аткарылбаса Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдрына ылайык жоопкерчилик тартат.
20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга
ылайык келтирилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
1999-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган