Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек ш., Өкмөт Үйү

2001-жылдын 18-майы ПУ N 166

                                  

              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ                                  

                                  

       Сотторду каржылоону жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын

           судьяларын социалдык жактан колдоо боюнча кошумча

                            чаралар жөнүндө

 

    Кыргыз  Республикасынын сотторун каржылоо  сот  адилеттигин  толук

жана  көз карандысыз ишке ашыруунун кепили катары соттордун кадимкидей

иштөө  мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш экендигин эске  алуу  менен,

ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын сотторунун судьяларын  социалдык

жактан колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  42-

статьясына ылайык токтом кылам:

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

   

    - 2002-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын сотторунун

судьяларынын  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2000-жылдын   1-

августундагы  «Мамлекеттик кызматкерлерге  эмгек  акы  төлөө  шарттары

жөнүндөгү»  №  196  Указында  белгиленген  кызматтык  айлык   акыларын

жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн издештирсин:

    -  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 1-августундагы

«Мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү» №  196

Указынын  4-пунктунда  белгиленген Кыргыз  Республикасынын  сотторунун

судьяларына  ишинин  татаалдыгы үчүн төлөнүүчү сыйлык  акылардын  жана

кызматтык айлык акыларына үстөк акылардын толук көлөмүндө каржыланышын

камсыз кылсын;

    - 2002-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын сотторунун

бардык  бюджеттен  тышкаркы өнүктүрүү фонддорун жойсун  жана  сотторду

толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоого өткөрсүн:

    -  эки  айлык мөөнөт ичинде 2002-жылдын 1-январынан тартып  Кыргыз

Республикасынын  сот  органдары тарабынан  алынып  жаткан  мамлекеттик

жыйымдардын  толугу менен республикалык бюджетке которулушун  белгилөө

менен  «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери

жөнүндөгү  жана «Мамлекетик жыйымдар жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына   өзгөртүү  жана  толуктоо  киргизүү   тууралуу»   Кыргыз

Республикасынын    Мыйзамынын   долбоорун    иштеп    чыгып,    Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизсин:

    - жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө «Кыргыз Республикасынын

судьяларынын  статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык

Мыйзамынын   12-статьясынын  4-бөлүгүндө,  14  жана   16-статьяларында

каралган  судьяларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн  социалдык  жактан

коргоо  чараларына жана судьяларды материалдык жактан  камсыз  кылууга

байланыштуу иш-чараларды каржылоо үчүн каражаттарды белгилесин;

    -   өзүнүн  нормативдик  укуктук  актыларын  ушул  Указга   ылайык

келтирсин.

    2.    Бул    Указдын   аткарылышына   контролдук   кылуу    Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

    3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

    Кыргыз Республикасынын Президенти                А. Акаев