Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-апрелиндеги N 116 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынын, 2002-жылдын 31-октябрындагы N 299 Жарлыгынын, 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын редакциясынап ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары-Социалдыкфонд) Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жанапенсия менен камсыз кылуу системасынын өз алдынча башкаруу принципте-ринде иштеген аткаруучу органы болуп саналат. Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына,"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул Жо-бого, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочукењештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 2. Социалдык фонд, анын мүлкү жана акча каражаттары мамлекеттинменчигинде турат. Социалдык фонддун акча каражаттары республикалык бюд-жеттик курамына кирбейт, алып коюлбайт жана андан салык-комиссиялык жы-йымдар алынбайт. Социалдык фонд өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттар-га, курулуштарга, башка материалдык баалуулуктарга жана мүлккө өзалдын-ча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 3. Социалдык фонд юридикалык жак болуп саналат, өз аталышы жазыл-ган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү бо-лот. Социалдык фонду Бишкек шаарында жайгашат. Социалдык фонддун КыргызРеспубликасынын аймагында региондук органдары болот. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) II. Социалдык фонддун милдеттери жана функциялары 4. Социалдык фонддун милдеттерине төмөнкүлөр кирет: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуужагынан макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу; - камсыздандырылган адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укуктарын камсызкылуу; - Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 5. Социалдык фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүгөн юридикалык жанажеке жактарды каттоо жана эсепке алуу, камсыздандыруу взносторунтөлөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча маалыматтар банкын алып ба-руу; - камсыздандыруу взносторун чогултуу, толуктоо жана өз учурундажана толук көлөмдө Пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсызданды-руу фондуна өткөрүп берүү; - пенсияларды, камсыздандыруу жөлөкпулдарын жана компенсациялардыдайындоо жана аларды төлөп берүүнү уюштуруу; - камсыздандырылган жактардын "Мамлекеттик милдеттүү социалдыккамсыздандыруу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече(индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүү; - пенсиялык фонддун, медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунунчыгымдарын финансылоо; - кызматкердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү-гө күнөөлүү иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүдөн, ке-сиптик оорулардан улам алган майыптыгы боюнча же багар адамынан айрыл-гандыгы боюнча мамлекеттик пенсиянын суммасын өндүрүп алуу; - камсыздандыруу взностору Социалдык фондго өз учурунда жана толуккелип түшүшүнө, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу кара-жаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура чыгымдалышынаконтролдук кылуу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуутартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнчасунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү; - Социалдык фондунун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнчаКыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-њешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды даярдоо; - Социалдык фонддун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча калкжана юридикалык жактардан арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; - жарандарды пенсиялык камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттикэмес пенсиялык фонддор менен өзара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функциялардыаткаруу. (КР Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынын,2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын редакцияларына ылайык) III. Социалдык фонддун укуктары 6. Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн Социалдык фонд төмөнкү-лөргө укуктуу: - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабас-тан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердик кылган юридикалык жанажеке (анын ичинде четөлкөлүк) жактардын ишин белгиленген тартипте илик-төөгө, камсыздандыруу взносторун төлөө жана мамлекеттик социалдык кам-сыздандыруу каражаттарын чыгымдоо маселелери боюнча зарыл документтердижана маалыматтарды алууга; - мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууну жүзөгөашыруу үчүн зарыл болгон камсыздандыруучулар жана камсыздандырылганжактар жөнүндө маалыматты, анын ичинде салык декларациясын жана башкамаалыматтарды салык кызматынын органдарынан Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте алууга; - камсыздандыруу взносторун төлөө жана пенсияларды, жөлөкпулдарды,компенсацияларды төлөөгө каралган каражаттарды чыгымдоо боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдарын бузууларды жоюуну юридикалык жактын кызматадамдарынан, жеке жактардан талап кылууга; - контролдоочу органдардын, башка уюмдардын, мекемелердин жана иш-каналардын квалификациялуу адистерин экспертизаны жүргүзүүгө тартууга; - камсыздандыруу взносторун төлөө боюнча табылган укук бузуулардыжоюу жөнүндө талаптар аткарылбаган, камсыздандыруу взносторун эсептөөжана төлөө, социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр менен байланышкандокументтерди камсыздандыруучунун кызмат адамдарына бербеген учурлардабанк мекемелериндеги жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептербоюнча камсыздандыруучунун операцияларын мыйзамдарда белгиленген тар-типте убактылуу токтотууга; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуучөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн мыйзамдар-да белгиленген тартипте администрациялык айып салууга; - милдеттүү камсыздандыруу взносторун төлөөдөн качкан жана Социал-дык фонддун талаптарын аткарбаган адамдарга материалдарды укук коргоооргандарына берүүгө; - төлөм талаптарын коюу жолу менен мамлекеттик социалдык камсыз-дандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыз-дандыруу взностору, финансылык санкциялар боюнча белгиленген мөөнөттөтөлөнбөгөн суммаларды Социалдык фонддун бюджетине өндүрүп алууга, ошон-дой эле мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардынмүлкүн өндүрүүгө; - банктарда эсептерди ачууга; - банктардагы кыска мөөнөттүү депозиттерге эркин каражаттардыубактылуу жайгаштырууга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу ка-газдары жагынан операцияларды жүзөгө ашырууга; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздардысатып алууга жана сатууга; - Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ре-зервдик фондду, ошондой эле Социалдык фондду өнүктүрүү фондун түзүүгө; - карыз каражаттарды тартууга; - доо коюу же Социалдык фонддун таламдарын коргоо үчүн зарыл бол-гон башка укуктук аракеттерди жасоого; - камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар, бирокоор финансылык абалга байланыштуу аны тындыруу мүмкүнчүлүгү болбогонкамсыздандыруучуларга, эгерде мажбурлап өндүрүп алуу камсыздандыруучунужоюуга же анын банкроттугуна алып келиши мүмкүн болсо, камсыздандыруувзностору, туум, айып же башка финансылык санкциялар боюнча карыздытындырууну кийинкиге калтыруу мөөнөтүн (бөлүп-бөлүп төлөөнү) берүүгө; - Социалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат-тарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алууга; - пенсия жана жөлөкпул маселелери боюнча белгиленген тартипте эла-ралык кызматташтыкка, мамлекеттер аралык жана эларалык келишимдер мененмакулдашууларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 7. Социалдык фонд өз компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыр-гыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары милдеттүү түрдө аткаратурган нускоолорду жана башка нормативдик актыларды чыгарат. Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин коз-гогон, ошондой эле ведомстволор аралык мүнөздөгү Социалдык фонддун нор-мативдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленгентартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. (КР Президентинин 2002-жылдын 26-сентябрындагы N 255 Жарлыгынынредакциясына ылайык) IV. Социалдык фонддун каражаттары 8. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөрдүн, иш-теп жаткан жарандардын жана башка жактардын камсыздандыруу взностору-нан; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджет-тен бөлүнгөн каражаттардан; - камсыздандыруу взносторун өз убагында жана толук эмес которгон-дугу үчүн алынуучу туум жана айып акылардан; - регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жанажарандардан өндүрүлгөн каражаттардан; - эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөркоторуучу каражаттардан; - жоюулуп жаткан ишканалардын кызматкерлерине пенсия жанажөлөкпулдарды төлөп берүү үчүн капиталдашкан суммалардан; - ишканалардын Социалдык фондго таандык акциялары боюнча дивиденд-дерден; - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана четөлкөлүк жарандардын ыктыярдуу взносторунан; - Социалдык фонддун эркин каражаттарын жайгаштыруудан алынган ки-решелерден. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 9. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияны төлөпберүүгө; - расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык милдеттүүкамсыздандырууну финансылоого; - Социалдык фонддун учурдагы ишин келип түшкөн камсыздандыруувзностоурун суммасынан үч проценттен ашпаган өлчөмдө финансылык жанаматериалдык-техникалык камсыз кылууга; - Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ре-зервдик фондду түзүүгө. Резервдик фондду түзүүнүн жана пайдалануунунтартиби мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочукењеш тарабынан аныкталат; - Социалдык фондду өнүктүрүү фондун (туум акылардын, айып акылар-дын жана башка финансылык санкциялардын суммасынан алынган каражаттар-дын 30 процентин чегерүүнүн эсебинен) түзүүгө. Өнүктүрүү фондун пайда-лануу тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнчабайкоочу кењеш тарабынан аныкталат. - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгектик майыптык жекесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөгө. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 10. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруувзносторунун тарифи Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бе-китилет. V. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулук 11. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин долбооружыл сайын Социалдык фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлигинин катышуусу менен иштелип чыгат, мамлекеттик соци-алдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш менен макулдашы-лат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилет. Социалдык фонддун бюджетин кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасы-нын мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 12. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет мамле-кеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш, Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралат жана Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 13. Өз ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фондквартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына финансылык отчетторду жа-рыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчетторунун структурасы,даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынанбелгиленет. VI. Социалдык фонддун аудити 14. Cоциалдык фонддун ишинин аудитин Кыргыз Республикасынын Эсеп-төө палатасы жүргүзөт. Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочукењеш Социалдык фонддун көзкарандысыз финансылык аудитин жүргүзүүгөукуктуу. Социалдык фондго аудит жүргүзүү жөнүндө чечим мамлекеттик социал-дык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кењеш тарабынан аудиткеалынуучу финансы жыл аяктаганга чейин кабыл алынат. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 15. Аудитордук фирманы Социалдык фонд тендер жүргүзүү жолу мененаныктайт жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнчаБайкоочу кењеш бекитет. Аудитордук уюмдун Социалдык фонддун аудити бо-юнча кызматтары Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен төлөнөт. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) VII. Социалдык фонддун ишин уюштуруу 16. Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жанажүргүзөт. 17. Социалдык фонд ага жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруунубашкаруу боюнча Байкоочу кењештин чечимдерин жана сунуштарын жетекчи-ликке алуу менен чечет. 18. Социалдык фонддун аткаруучу органы болуп Социалдык фонддунбашкармасы-Социалдык фонддун ишине жетекчилик кылган коллегиалдуу органсаналат. 19. Социалдык фонддун башкармасынын компетенциясына төмөнкүлөр ки-рет: - Социалдык фонддун келечектүү жана учурдагы милдеттерин аныктоо; - Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлорун жана бюджетти аткаруужөнүндө отчетторду жактыруу; - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруувзносторунун тарифтеринин долбоорун жактыруу; - пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу саясатына ылайык иштелипчыккан мыйзамдардын долбоорлорун жактыруу; - Социалдык фонддун түзүмүн бекитүү; - Социалдык фонддун кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин,эмгек акы төлөө формаларын, системасын жана өлчөмдөрүн бекитүү; - Социалдык фонддун эсептеринин планын бекитүү; - финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоотартибин аныктоо; - Социалдык фонддун компетенциясына кирген ченемдик актыларды бе-китүү; - Социалдык фонддун жана анын башкармасынын регламентин, ошондойэле Социалдык фонддун ички жол-жоболорун бекитүү; - Социалдык фонддун региондук органдарын жана башка өзалдынчатүзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү жана жоюу; - эларалык кызматташтыкка катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; - Социалдык фонддун ишин камсыздандыруу үчүн негизги каражаттардысатып алуу жана сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу. Мында негизги ка-ражаттарды сатып алуу жана сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте жүргүзүлөт. Социалдык фонддун башкармасы Социалдык фонддун ишине тиешелүү аркандай башка маселени кароого укуктуу. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 20. Социалдык фонддун башкармасынын чечими токтом түрүндө кабылалынат жана Социалдык фонддун бардык органдары менен кызматкерлерининаткарышы үчүн милдеттүү болуп саналат. 21. Социалдык фонддун башкармасы жети кишиден турат. Анын курамынакызматы боюнча Социалдык фонддун төрагасы, анын орун басарлары кирет.Башкарманын башка мүчөлөрү Социалдык фонддун жооптуу кызматкерлерининичинен дайындалат. 22. Социалдык фонддун башкармасы өз жыйналышын зарылчылыгына жара-ша, бирок бир айда кеминде бир жолу өткөрөрт. 23. Башкарманын жыйналышынын кворуму башкарманын беш мүчөсүнөн ту-рат. Эгерде анын мүчөлөрүнүн кеминде төртөө чечимди жактап добуш берсе,башкарманын чечими кабыл алынат. 24. Социалдык фонддун башкармасынын ишине Социалдык фонддун төра-гасы, ал жок болгон учурда аны алмаштырган адам жетекчилик кылат жанаанын жыйналышын алып барат. 25. Социалдык фонддун төрагасын жана анын орунбасарларын (аныничинде биринчи орунбасарын) Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайтжана бошотот. Социалдык фонддун Башкармасынын мүчөлөрүн Социалдык фонд-дун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайын-дайт жана бошотот. (КР Президентинин 2002-жылдын 31-октябрындагы N 299 Жарлыгынын,2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынын редакцияларына ылайык) 26. Социалдык фонддун төрагасы: - Социалдык фондго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекечежоопкерчилик тартат; - Социалдык фондду башкарат жана анын ишин уюштурат; - Социалдык фонддун атынан аракеттенет; - Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик органдар,банктар, кредиттик, эл аралык жана башка мекемелер менен уюмдар мененмамилелерде Социалдык фонддун кызыкчылыгын көздөйт; - ушул Жобо менен башкарманын компетенциясына киргизилген маселе-лерден тышкары Социалдык фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечимкабыл алат; - башкарманын жыйналышынын чечимдерине, протоколдоруна, ошондойэле Социалдык фонд түзгөн макулдашуулар менен келишимдерге кол коет; - өз орун басарларынын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин анык-тайт; - борбордук аппараттын кызматкерлерин, региондук органдардын (об-ласттык мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруулардын башчылары менен макулдашуу боюнча) жана өз алдынчаструктуралык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот,аталган адамдарга тартип жазасын колдонот жана аларды сыйлайт; - Социалдык фонддун бардык органдары менен кызматкерлери милдеттүүтүрдө аткара турган приказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө бе-рет. (КР Президентинин 2006-жылдын 7-августундагы ПЖ N 419 Жарлыгынынредакциясына ылайык) 27. Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн ишке кабыл алуунун шарты,кызматтык милдеттери жана укуктары, сыйлоо жана тартип жазасын колдонуусистемасы республиканын мыйзамдарына ылайык Социалдык фонддун башкарма-сы тарабынан аныкталат.