Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2001-жылдын 10-июну ПУ № 194
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 297 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422,
2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ), 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын, ошондой эле президенттик институттун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн процесстерин чагылдырган тарыхый документтердин сакталышын камсыз кылуу жана аларды ойдогудай пайдалануу максатында жана архив ишинин дүйнөлүк тажрыйбасына таянып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, анын Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы уюмдар менен мекемелердин ишинин процессинде топтолгон документтердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырган жана тарыхый, саясий, илимий жана практикалык мааниси болгон башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке адамдардын документтеринин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архивинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви түзүлсүн, ага мамлекеттик архивдин статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жана Архиви жөнүндө жоболор бекитилсин (1 жана 2 тиркемелер).
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигине Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин түзүү, комплекттөө жана сакталышын камсыз кылуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин түзүү, анын ичинде Архивдин кадрларын тандоо жана жайгаштыруу боюнча зарыл уюштуруу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 297 Жарлыгынын, 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422 Жарлыгынын, 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин жооптуу кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 12 киши деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422, 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. (КР Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ) Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-январындагы № 44 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
10. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Акаев
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2001-жылдын 10-июну ПУ № 194
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2003-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 297 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422,
2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ), 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243, 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын, ошондой эле президенттик институттун калыптанышынын жана өнүгүшүнүн процесстерин чагылдырган тарыхый документтердин сакталышын камсыз кылуу жана аларды ойдогудай пайдалануу максатында жана архив ишинин дүйнөлүк тажрыйбасына таянып токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, анын Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы уюмдар менен мекемелердин ишинин процессинде топтолгон документтердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырган жана тарыхый, саясий, илимий жана практикалык мааниси болгон башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке адамдардын документтеринин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду түзүлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архивинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви түзүлсүн, ага мамлекеттик архивдин статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жана Архиви жөнүндө жоболор бекитилсин (1 жана 2 тиркемелер).
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматына Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин түзүү, комплекттөө жана сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин түзүү боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин жооптуу кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 12 киши деп белгиленсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы ПЖ № 422, 2017-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 243 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. (КР Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы ПЖ № 19 (КПҮ) Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 18-январындагы № 44 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
9. (КР Президентинин 2023-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 296 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
10. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |