№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын «9» январындагы № 11
Указы менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө жобо 1. Жалпы маселелер 1. Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү булЖобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Мамлекеттик кызматжөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыкканжана мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун нормаларын жанаэтикалык нормаларды бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызматчыларга карататаасир этүү чараларын белгилейт. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттиккызматчыларына жайылтылат. 2. Мамлекеттик орган бул жобонун негизинде өз иш-аракеттерининөзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзүнүн Кесиптик этикасынын кодексинкабыл алат. II. Мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негизги принциптери 3. Мамлекеттик кызматчынын этикасы – бул мамлекеттик кызматчынынжүрүш-туруш эрежелерин белгилеген жана жөнгө салган нормаларсистемасы. 4. Мамлекеттик кызматчы этиканын төмөнкүдөй негизги принциптеринсактоого тийиш: - өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик дењгээлдеаткарууга, өзүнүн жалпы билиминин жана кесиптик дењгээлин жогорулатыптурууга; - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жана жетекчилер,кесиптештери, кол алдындагылар жана жарандар менен болгон кызматтантышкаркы мамилелеринде мамлекеттик кызматчы жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш эрежелерин тутууга, өзүн татыктуу алып жүрүүгө милдеттүү; - сылык-сыпаа, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин түпкүөзөгүн терењ билүүгө умтулууга, сүйлөшүп жаткан адамды уга жана анынпозициясын кабыл ала билүүгө, ошондой эле чечимдерди калыс жанажүйөөлүү кабыл алууга; - башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика нормаларынынбузулушунун фактыларын көњүл буруусуз калтырбоого; - кол алдында иштегендерди укукка жат чечимдерди кабыл алууга жанамыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлоого; - мамлекеттик жашырын сыр болгон кызматтык маалыматты таркатпоого; – жарандар жана башка адамдар менен өзүнүн жетекчисинин,кесиптештеринин жана кол алдындагылардын, ошондой эле өзүнүнмамлекеттик кызматты аткаруудагы аракеттерин талкуулабоого; - өз кызмат абалын мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз өзүнүн же үй-бүлө мүчөлөрүнүн, өзүнүн жакын туугандары болгон адамдардынкызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүү максатында пайдалануугатыюу салынат; 5. Этиканы сактоо ар бир мамлекеттик кызматчынын кызматтык милдетиболуп эсептелет жана анын аткаруучу милдеттеринде бекемделет. 6. Мамлекеттик кызматчынын этикасына байланыштуу чектөөлөр. Мамлекеттик кызматчынын төмөнкүлөргө укугу жок: – педагогикалык илимий жана чыгармачыл иштен башка иштер мененалектенүүгө; - жеке ишкердик кылууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын аркандай түрдөгү сыйлык акы алуу менен адамдарга же юридикалык жактаргаалардын ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүнпайдаланууга; - өзү иштеген же түздөн-түз өзүнө баш ийген же контролдугундаболгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын ишине өкүлчүлүк кылууга; - материалдык-техникалык, финансылык же маалыматтык камсыз кылуукаражаттардын, кызматтык транспорт каражаттарын, башка мамлекеттикмүлктү же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта пайдаланууга; - адамдардан же юридикалык жактардан өзүнүн кызматтык ыйгарымукуктарын аткарууга байланыштуу иш-аракеттерди жасагандыгы жежасабагандыгы үчүн тартуу, акча же кызмат түрүндө сыйлык акы алууга; - забастовкаларга, манифестацияларга катышууга же башкача иш-аракеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттиккызматчынын өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга; - өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардынжана диний уюмдардын иш-аракеттерине катышууга; - мамлекеттик органдарда өзүнө жакын туугандыгы бар адамдардын(ата-энесинин, жубайынын, ага-инисинин, эже-карындаштарынын,балдарынын) кол алдында же контролдугу астында болгон мамлекеттиккызматтарда иштөөгө; - кызматтык маалыматты жана кызмат абалын өзүнүн жекекызыкчылыгында пайдаланууга; - макулдашылбаган же ыйгарым укук берилбеген милдеттенмелердиалууга жана убадаларды берүүгө. Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматын токтоткондон кийин биржыл ичинде мурдагы иштеген жерине өзүнүн компетенциясына кирүүчүмаселе боюнча кайрыла албайт. 7. Ушул Жобого ылайык мамлекеттик кызматчы өзүнүн кызматтыкмилдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү: - өз иш-аракетинде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөөгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун, мамлекеттиккаражаттардын максатына ылайыксыз пайдаланышынын өзүнө белгилүү болгонфактылары жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө; - жалпы кабыл алынган адептик-этикалык нормаларды сактоого,элдердин каада-салттарына сый мамиле жасоого; - ким тарабынан болбосун, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна жекызмат абалына карабастан башка кызмат адамдарынын өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине мыйзамсыз таасир этүүсүнө жол бербөөгө; - мамлекеттик органда кабыл алынган Кесиптик этика кодексинсактоого. Кызматтан тышкаркы мезгилде мамлекеттик кызматчы ушул Жободо жанамамлекеттик органда кабыл алынган Кесиптик этика кодексиндебелгиленген нормаларды жана эрежелерди сактоого милдеттүү. 8. Мамлекеттик кызматчынын өзүнүн мамлекеттик кызматтагы иш-аракетинин натыйжасында жеке кызыкчылыгы болгон жана андай кызыкчылыкмамлекеттик органдын, айрым жарандын же бүтүндөй коомдункызыкчылыктарына карама-каршы келген кырдаал кызыкчылыктардын кагылышыдеп табылат. Эгерде мамлекеттик кызматчы өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жеүчүнчү адамдардын мыйзамсыз чечим кабыл алдырууга багытталган жанакызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү кысымы астында калса булжөнүндө ал токтоосуз түрдө мамлекеттик органдын жетекчисине же жогорутурган органга билдирүүгө милдеттүү. III. Мамлекеттик кызматчынын этикасын жөнгө салуучу органдар 9. Мамлекеттик кызматчылардын этикалык нормаларды сактоосунаконтролду ар бир мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчылардын ичинентүзүлүүчү этика боюнча комиссиялар, ал эми мамлекеттик органдардынжетекчилерине карата контролду Кыргыз Республикасынын Президентинекараштуу Мамлекеттик кызматчылардын этика маселелери боюнча комиссия(мындан ары – Президентке караштуу Комиссия тарабынан ишке ашырылат). 10. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү мамлекеттик органдынкызматкерлери тарабынан мамлекеттик кызматчылардын ичине шайланат. Төрага этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат.Мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басары комиссиянын курамынакызматы боюнча киришет, бирок бул комиссиянын төрагасы болуп шайланаалышпайт. Этика боюнча комиссиянын төрагасы бул комиссияда иштегенишине байланыштуу, өз каалоосу, соттун чечими менен, башка ишкеөткөндүгүнө, шайлануучу кызмат ордуна шайлангандыгына байланыштууиштен бошонгон учурлардан тышкары, этика боюнча комиссиянын тиешелүүмакулдугу болмоюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн эмес. Этика боюнча комиссиянын төрагасы Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2000-жылдын 25-июлундагы «Кыргыз Республикасындамамлекеттик кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизгимаселелери жөнүндөгү» № 191 Указы менен бекитилген «КыргызРеспубликасында мамлекеттик кызматчыларды аттестациядан өткөрүүтартиби жөнүндөгү жобого» ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдынаттестациялык-конкурстук комиссиясынын мүчөсү болуп эсептелет. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүнжарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Этика боюнчакомиссиянын добуштары бирдей болуп калган учурда төраганын пикиричечүүчү болуп эсептелет. 11. Мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясы төмөнкүлөргөукуктуу: - кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик кызматчыдананын тартип бузуусунун кырдаалы жөнүндө түшүнүк кат берүүнү талапкылууга; - мамлекеттик кызматчы тарабынан жасалган тартип бузуунункырдаалын объективдүү, толукна ар тараптан териштирүүгө багытталгаништерди аткарууга; - мамлекеттик органдын жетекчисине этика маселелери боюнча жанамамлекеттик кызматчыга карата тийиштүү чара көрүү жөнүндө сунуштардыберүүгө; - мамлекеттик кызматчынын кесиптик этикасынын кодексин иштепчыгууга жана аны бекитүү үчүн мамлекеттик органдын жетекчисинеберүүгө. 12. Комиссия аткарган иштери жөнүндө жыл сайын Президенткекараштуу Комиссияга отчет берет Комиссиянын болушу мамлекеттик органдын жетекчисине агатапшырылган органда этикалык жүрүш-турушту камсыз кылуужоопкерчилигинен өзүнөн-өзү четтеп калууга жол бербейт. Этикалыкталаптарды сактоо – бардыгынын жана ар биринин милдети. IV. Мамлекеттик кызматчылардын тартиптик жоопкерчилиги. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү 13. Мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык тартиптик, администрациялык, материалдык жана кылмыштыкжоопкерчиликти көтөрөт. Мамлекеттик кызматчынын тартиптик жоопкерчилиги деп мамлекеттикоргандын жетекчисинин (жалдоочунун) мамлекеттик кызматчыга карата анынөзүнүн кызматтык милдеттерин укукка каршы аткаргандыгы, аткарбагандыгыже тийиштүү түрдө аткарбагандыгы (кызматтык тартипти бузгандыгы) үчүнтартиптик таасир этүү (жазалоо) чараларын колдонушу түшүнүлөт. 14. Мамлекеттик кызматчыга карата эскертүү, сөгүш, катуу сөгүшжарыялоо, кызматына толук ылайык келбөө жөнүндө эскертүү, класстыкченинде төмөндөтүү, кызматынан төмөндөтүү, бошотуу түрүндөгү жазалоожалдоочу тарабынан кызматчынын эмгек тартибин бузгандыгы, башкачаайтканда ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагындыгы жетийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле ушул Жобонун 4-8-пункттарынын талаптарын бузгандыгы үчүн колдонулушу мүмкүн. 15. Мамлекеттик кызматчыга карата тартиптик жаза мамлекеттикоргандын жетекчиси (жалдоочу) тарабынан кызматтык кылмыш жасалганфакты аныкталган же ырасталган учурда (анын ичинде мамлекеттиккызматчы жүрүш-туруш эрежелерин сактабаган) учурда гана колдонулушумүмкүн. 16. Мамлекеттик кызматчы тарабынан жасалган кызматтык кылмышфактысын аныктоо же ырастоо үчүн мамлекеттик органдын жетекчиси(жалдоочу) тарабынан анын өз демилгеси менен, этика боюнча комиссиянынже кызматчынын өзүнүн сунушу боюнча дайындалган кызматтык териштирүүжүргүзүлүшү мүмкүн. Кызматтык териштирүү жарандардын жана юридикалык жактардынкайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарындамамлекеттик кызматчынын кызматтык (тартиптик) кылмыш жасагандыгыжөнүндө маалымат жарыяланган учурда да жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызматтык териштирүү мамлекетик органдын этика боюнча комиссиясытарабынан жүргүзүлөт. 17. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде мамлекеттиккызматчы эмгек акысын сактоо менен тергөө жүргүзүлгөн бардык убакыткакызматынан четтелиши мүмкүн. 18. Мамлекеттик кызматчынын түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусукызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт. Түшүнүк берүүдөнбаш тартуу жөнүндө этика боюнча комиссия акт түзөт. 19. Кызматтык териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. 20. Кызматтык териштирүү бүткөндөн кийин маалымдама жазылып, алкызматтык териштирүүнүн материалдары менен бирге мамлекеттик органдынжетекчисине (жалдоочуга) биротоло чечим кабыл алуу үчүн берилет. 21. Кызматтык териштирүү жөнүндөгү маалымдамада төмөнкүлөркамтылууга тийиш: - кимге карата, качан жана ким тарабынан кызматтык териштирүүжүргүзүлдү; - кызматтык териштирүүнү дайындоо үчүн негиздер; - мамлекеттик кызматчынын укук тартибин бузгандыгынын фактысынаныктоонун кырдаалы; - жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн зарыл болгон материалдарменен ырасталган жыйынтыктары. 22. Төмөнкү учурларда кызматтык териштирүү токтотулат жежүргүзүлбөйт: - мамлекеттик кызматчы өзүнүн кылмыш жасагандыгын чын дилденмойнуна алса; - тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткен учурда; - жасалган тартип бузууда уголовный кылмыш ишинин белгилеритабылса. - 23. Президентке караштуу Комиссия ар кандай мамлекеттиккызматчыга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой элемамлекеттик органдарда жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүү боюнчаматериалдарды талап кылууга укуктуу. 24. Кызматтык териштирүүдө мамлекеттик кызматчынын тартипбузгандыгы ырасталган учурда мамлекеттик органдын жетекчиси (жалдоочу)ага карата тартиптик жаза колдонот. Мамлекеттик органдын жетекчисинин (жалдоочунун) чечиминдежүргүзүлгөн кызматтык териштирүүдө аныкталган жана тартиптик жазаколдонуу үчүн негиз болгон кырдаалдар көрсөтүлөт. 25. Тартиптик жаза мамлекеттик кызматчынын түздөн-түз жетекчисининөтүнүчү же андай жазаны колдонгон кызмат адамынын өз демилгеси мененмөөнөтүнөн мурда алып салынышы мүмкүн. Тартиптик жазанын мөөнөтүнөн мурда алып салынышы жөнүндө тийиштүүчечим чыгарылат. V. Корутунду жобо 26. Мамлекеттик кызматчы өзүнө колдонулган жазага макул болбогонучурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптетартиптик жаза колдонуу жөнүндөгү чечимге карата даттанууга укуктуу. №2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын «9» январындагы № 11
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызматчылардын этика маселелери боюнча комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин – төрага Администрациясынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин – төраганын орун басары Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин – аткаруучу катчы,комиссиянын Администрациясынын уюштуруу иштери секретариатынын жана мамлекеттик башкаруу саясаты жетекчиси бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат секторунун башчысы Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү боюнча министри Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча) Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоцияациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча)