Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                    КР Президентинин

2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык

                     КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 29-июну ПЖ № 207

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

Кыргыз Республикасынын областтык баш

ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча

башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2001-жылдын

2-майындагы Указына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралу

 

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 40-статьясынын 6-пунктуна 43-статьясынын 2-пунктунун 11, 12-пунктуна жана 44-статьясынын 17, 18-пункттарына ылайык токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 153 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- III бөлүмдүн 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

- "Шайлоо кутусунда болгон бюллетендердин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын шаардын мэринин кызматына талапкерди жактап берилген добуштардын санын жана бардык талапкерлерге каршы берилген добуштардын санын белгилейт.

- IV бөлүмдүн 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Протоколго кол коюлгандан кийин дароо эле Борбордук шайлоо комиссиясынын комиссиясы шаардык кеңештин депутаттарынын жана катышкан адамдардын алдында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялайт".

2. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти                                А.Акаев