Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү1999-жылдын 31-майы № 301 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын 2000-жылдагы бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары тууралуу "Кыргыз Республикасындагы бюджет укугунун негизги принциптерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджет комиссиясы экономикасекторлору боюнча 2000-2002-жылдарга орто мөөнөттүк финансы болжоолору-нун натыйжаларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу минист-рликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамле-кеттик комиссиялар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары,мамлекеттик уюмдар үчүн 2000-жылга көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын5-июнуна чейин бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунаберсин. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баалардын 1999-жыл-дын 1-майындагы абалында иштелип чыккан болжолдуу индексин жана2000-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка индикативдиккөрсөткүчтөрүн эске алуу менен 2000-жылдын бюджетин түзүү боюнча зарылсунуштарды, ошондой эле 2000-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекит-кен көзөмөлдүк сандарды 1999-жылдын 10-июнуна чейин даярдасын жана Кыр-гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерге, мамлекеттик ко-митеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга,фонддорго жана башка борбордук аткаруу органдарына, мамлекеттик уюмдар-га жеткирсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтер, мамле-кеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссия-лар, фонддор жана башка борбордук аткаруу органдары, мамлекеттик уюмдарКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү киргизсин: - токтомго кол коюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө2000-жылга бюджет ссудаларын кайтарып алуунун болжолун; 1999-жылдын 10-июлуна чейин: - областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен 2000-жылгабюджет чыгымдарынын сметаларынын жана атайын каражаттар боюнча кирешежана чыгымдар сметаларынын долбоорлорун зарыл эсептөөлөр, негиздемелерменен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөткөн сунуш-тарга жана сметаларга ылайык; - областтар жана Бишкек шаары боюнча бөлүштүрүү менен бюджеттикуюмдарга карата тармак, кызмат орундары жана контингенттер боюнча. 4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик мен-чикти 2000-2002-жылдарга менчиктештирүүдөн алынган кирешелердин болжо-лун, анын ичинде 2000-жылга карата областтарга бөлүштүрүп, токтомго колкоюлган күндөн кийинки бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине киргизсин. 5. Областтардын мамлекеттик администрацияларынын жана Бишкек шаа-рынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчылары областтардын жа-на Бишкек шаарынын алар менен макулдашылган бюджеттеринин долбоорлорунКыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 1999-жылдын 1-июлуна чейинкиргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Кыргызэнерго" акционердик коому менен бирге 2000-жылга электрэнергиясын керектөө лимитин 1999-жылдын 1-августуна чейин иштеп чыксынжана бюджеттеги уюмдар менен мекемелерге жеткирсин; - областтар менен Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттеринин дол-боорлорун кароо графиктерин иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин; - Кыргыз Республикасынын 2000-жылга республикалык бюджетинин дол-боорун администрациялык жана экономикалык классталышы боюнча КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн кароосуна 1999-жылдын 10-августуна чейин кир-гизсин. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев