Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-июнундагы № 377 токтому менен бекитилген Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык) 1. Бул Жобо согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызмат-тарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге мил-деттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же алардыКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын,атайын түзүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү (мындан ары -иштөөгө жиберүү) тартибин аныктайт. Анык аскердик кызматка чакыруу жана иштөөгө жиберүү деп төмөнкүдөйиш-чаралар түшүнүлөт: а) жалпы же айрым мобилизация жарыялоо; б) жалпы же айрым мобилизация жүргүзүү жөнүндө аскерге мил-деттүүлөргө кабарлоо; в) аскерге милдеттүүлөрдүн райондордун, районго бөлүнбөгөн шаар-лардын, башка административдик-аймактык түзүлүштөрдүн аскер комиссари-аттарынын алдын ала жыйым пункттарына, Кыргыз Республикасынын атайынтүзүлүштөрүн уюштурууда түздөн-түз аскер бөлүгүнө, мекемеге, аскердикокуу жайга, ишканага (мындан ары - бөлүктөр жана атайын түзүлүштөр) ке-лиши (жеткирилиши); г) аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарынын алдын ала жыйымпункттарынан (жыйым пункттары) аскер бөлүктөрүнө жана атайынтүзүлүштөргө жеткирүү; д) аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү)фактысын документтик тастыктоо. 2. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын, "Коргонуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын граждан-дарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүдө", "Кыргыз Республика-сында мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамдарынын жана мамлекеттин коргонуу жана коопсуздугункамсыз кылуу тармагындагы башка нормативдик-укуктук актылардын негизин-де жүргүзүлөт. 3. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) жалпы же айрым мобили-зациялоону - жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ука-зынын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын, райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын, баш-ка административдик-аймактык түзүлүштүн аймагында жалпы же айрым моби-лизациялоону жарыялоо жөнүндө буйруктар жалпы же айрым мобилизациялоонужарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Указын аткаруумаксатында жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин тийиштүү буй-ругун, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын на-чальнигинин директиваларынын негизинде аскер комиссарлары чыгарылат. 4. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) аскердик бөлүктөрдүнжана атайын түзүлүштөрдүн аларды уюмдарга жана аскердик мезгилдеги ку-рамга которууну караган мобилизациялык планында белгиленген көлөмдөжүргүзүлөт. 5. Аскердик кызматка чакырууга (ишке жиберүүгө) тийиш болгон ас-керге милдеттүүлөрдүн келиш мөөнөтү жана орду аскердик бөлүктөрдүн,атайын түзүлүштөрдүн мобилизациялык пландарында аныкталат жана аскергемилдеттүүлөргө берилүүчү мобилизациялык көрсөтмөлөрдө жана жекече чакы-руу кагаздарында көрсөтүлөт. 6. Аскердик кызматка чакырылууга (ишке жиберүү) тийиш болгон,ошондой эле аскердик кызматка чакыруудан (ишке жиберүү) кийинкиге кал-тыруу мөөнөтү бар же чакырылууга тийиш болбогон аскерге милдеттүүлөрдүнкатегорияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 6-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер аскердиккызматка же аскердик жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы №429 токтомунун редакциясына ылайык) 7. Аскерге милдеттүүлөрдү аскерди бөлүктөргө каттоо (атайынтүзүлүштөргө дайындоо) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкыштабы жана аткаруу бийлик органдары аныктаган тартипте аскербөлүктөрүнүн жана атайын түзүлүштөрүнүн командирлери менен өз ара бир-дикте райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын, башка административдик-ай-мактык түзүлүштүн аскер комиссарлары жана аткаруу бийлик органдары та-рабынан уюштурулат. Тынчтык мезгилинде аскердик бөлүктөрдө жана атайын түзүлүштөрдөграждандык персонал кызматтарында иштегендер бул министрликтердин жанаадминистративдик ведомстволордун аскердик бөлүктөрүнө, түзүлүштөрүнөбиринчи кезекте катталууга тийиш. 8. Аскердик кызматка пландаштырылган чакыруу (ишке жиберүү)жөнүндө чечим аскердик билеттерине тийиштүү белги коюу жана мобилизаци-ялык көрсөтмөлөрдү тапшыруу аркылуу аскерге милдеттүүлөргө чейин аскеркоыиссарларына берилет. Мындан тышкары министрликтердин жана ведомство-лордун аскер бөлүктөрүнө катталган (түзүлүштөргө дайындалган) бардыкаскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле аскер комиссариаттарын чыњдоо аппа-раттарына дайындалган аскерге милдеттүүлөргө тийиштүү аскер комиссариа-ты тарабынан жекече чакыруу кагазы жазылат. Мобилизациялык көрсөтмөгөжана жеке чакыруу кагазына аскер комиссарынын колу коюлуп, гербдүү мөөрменен күбөлөндүрүлөт. Мобилизациялык көрсөтмөнүн жана жеке чакыруу кагазынын формасыКыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан белги-ленет. 9. Аскердик кызматка чакыруу үчүн (ишке жиберүү) ар бир райондо,районго бөлүнбөгөн шаарда, башка административдик-аймактык түзүлүштөжергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын токтому (буйругу) ме-нен граждандарды мобилизациялоо боюнча чакыруу комиссиясы түзүлөт (мын-дан ары - чакыруу комиссиясы). 10. Чакыруу комиссиясынын курамы, милдети жана иш тартиби жерги-ликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын токтому (буйругу) мененбекитилет. Чакыруу комиссиясынын төрагасы эреже катарында жергиликтүүмамлекеттик администрация башчысы тарабынан, ал эми комиссиянын төрага-сынын орун басарлары - аскер комиссары тарабынан дайындалат. Чакыруу комиссиясынын өкүлдөрү алдын ала жыйым пункттарынын (жыйымпункттары) администрациясынын курамына кирет. Чакыруу комиссиясынын мүчөлөрүнөн кимдир бирөө жок болуп калганучурда анын резервдик курамы белгиленген тартипте бекитилет. 11. Аскерге милдеттүүлөрдү жалпы же айрым мобилизация жүргүзүү жа-на алардын баштапкы жыйын пункттарына (жыйын пункттарына) келүү зарыл-дыгы жөнүндө аскер комиссариаты аткаруу бийлигинин тийиштүү органы ме-нен бирдикте кабарлайт жана уюштурат. Кабарлоого мекемелердин кызматадамдары жана аскер комиссариаттарынын күчтөндүрүү аппараттарына дайын-далган адамдар тартылышат жана байланыштын техникалык каражаттары жаначабармандар пайдаланылат. Аскерге милдеттүүлөрдү иштеген жеринде кабарландыруу үчүн мекеме-лерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында кабар берүүштабдары түзүлөт. Ал штабдарды уюштуруу үчүн жоопкерчилик мекеме жетек-чилерине жана аскер комиссарларына тапшырылат. Жергиликтүү радио уктуруу, теле көрсөтүү тармактарын, анын ичиндежалпыга маалымдоонун электрондук жана башка каражаттарын аскер комисса-рынын жалпы же айрым-айрым мобилизация жүргүзүү жөнүндө буйругун жет-кирүү үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациябашчысынын токтому (буйругу) менен белгиленет. Аскерге милдеттүүлөрдүн баштапкы жыйын пункттарына (жыйын пунктта-рына) же түз эле аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга келиши (жет-кирүү) мобилизациялык тапшырмалардын жана жекече чакыруулардын негизин-де жүргүзүлөт. 12. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскергемилдеттүүлөрдү ташуу үчүн баарыдан мурда коомдук жүргүнчүлүк транспортпайдаланылат. Зарыл учурларда уюмдардын жана граждандардан аскердикбөлүктөрдү жана атайын кошуундарды түзүү үчүн алынган, ошол багытка ка-рай өз жүрүшү менен бараткан транспорт аныкталган тартипте пайдаланы-лат. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге мил-деттүүлөр аскердик бөлүктөрдү жана атайын кошуундарды толуктоочу тосупалуу пункттарына же жыйын пункттарына Кыргыз Республикасынын КуралдууКүчтөрүнүн Башкы штабы аныктачу тартапте жөнөтүлүшөт. Аскерге милдеттүүлөрдү баштапкы жыйын пункттарынан аскербөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга өткөрүп берүү үчүн коштоодо ар биркомандага аскерге чакырылбачу (жумушка жиберилбечү) аскерге мил-деттүүлөрдүн ичинен аскердин запастагы офицердик, прапорщиктик жанасержанттык наамы барлардан команданын начальниги дайындалат. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге мил-деттүүлөр аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга аскер бөлүктөрүнүнжана атайын кошуундардын өздүк курамды кабыл алуу пункттарында же баш-тапкы жыйын пункттарынын (жыйын пункттарынын) өзүндө Кыргыз Республика-сынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аныктачу тартипте өткөрүп бери-лет. Аскердик бөлүктөргө катталган (атайын кошуундарга дайындалган) ас-керге милдеттүүлөрдү жөнөтүү адатта жыйын пункттары аркылуу жүргүзүлөт. 13. Аскердик бөлүктөрдүн жана атайын кошуундардын өзүнө түздөн-түзжиберилиши мүмкүн болгон аскердик кызматка чакырылган (жумушка жибе-рилүүчү) аскерге милдеттүүлөр: а) аскердик бөлүктөрдө жана атайын кошуундарда согуштук мезгилдиуюштурууга жана анын курамына которууда биринчи кезектеги жумуштардыаткарууга тартылуучулар; б) тынчтык мезгилде аскердик бөлүктөрдө жана атайын кошуундардаштаттык расписаниеге ылайык граждандык кызматкерлердин кызмат ордундаиштегендер жана аларга катталгандар (дайындалгандар). 14. Баштапкы жыйын пункттарынын (жыйын пункттарынын) пландууиштөөсүн, командаларды топтоонун жана жөнөтүүнүн ыргактуулугун камсыз-доо максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарымамлекеттик администрация башчыларынын токтомдорунда белгиленген тар-типте андай пункттарды жайгаштыруу үчүн имараттарды (жайларды) бөлүпберишет. Андай имараттар (жайлар) аскердик кызматка чакырылган (жумушкажиберилүүчү) аскерге милдеттүүлөргө жакшы белгилүү болууга жана алардынжолунун негизги маршрутунда жайгашууга тийиш. 15. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү), айыл же-ринде жашаган аскерге милдеттүүлөрдү чогултуу жана баштапкы жыйын пунк-ттарына (жыйын пункттарына) жеткирүү жергиликтүү мамлекеттик админист-рациянын органдары тарабынан жүргүзүлөт. Бул аскерге милдеттүүлөр баш-тапкы жыйын пункттарында (жыйын пункттарында) жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын органынын жетекчиси күбөлөндүргөн тизме боюнча өткөрүпберилет. Ал тизмелер менен кошо чакырууну албай калган граждандардынчакыруулары кабарланбай калгандыгынын себебин көрсөтүү менен берилет.Тизменин формасын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта-бы белгилейт. 16. Аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарысыз аскердик кыз-матка чакырууга жана жумушка жиберүүгө тыюу салынат (анын ичинде ыкты-ярдуу негизде да). 17. Аскер бөлүктөрүнө катталган (атайын кошуундарга дайындалган)аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка чакырууга (жумушка жиберүүтө)мүмкүндүк жок болгон учурларда, мобилизациялык тапшырмасы жок аскергемилдеттүүлөр аскерге чакырылат (жумушка жиберилет). Бул аталган аскергемилдеттүүлөр аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга аларды толук жа-на сапаттуу комплектилөө үчүн жиберилет. 18. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскергемилдеттүүлөрдүн паспорту жана башка документтери алып коюлбайт. 19. Аскерге милдеттүү анын аскердик эсеп-каттоо документтерине ча-кыруу (жумушка алуу) фактысы жөнүндө жазылып жана аскердик бөлүктүн жеатайын кошуундун командири аскерге милдеттүүнү аскердик бөлүктүн жеатайын кошуундун тизмесине киргизүү жана аскердик кызматка (граждандыккызматкердин кызматына) дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгондон кийинаскерге чакырылды деп эсептелет. 20. Мекемелердин жетекчилери аскердик кызматка чакырылган (жумушкажиберилген) аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарынын бил-дирүүлөрүнүн негизинде аныкталган тартипте бошотушат.