|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы N 271 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасындагы башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан, дайра, көл, көлмө, суу сактагыч, каналдардын суу сактоочу зоналары (мындан ары - суу объектилери) үчүн колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар, суу объект тилкелери, сууну коргоочу зоналар менен тилкелерге кирген жерлерди чарба иши үчүн колдонуу режими, ошондой эле аларды тиешелүү абалда күтүү үчүн кандай жоопкерчилик талап кылынары белгиленет.
3. Сууну коргоочу зоналарда жана тилкелерди белгилөө канал бойлорунда суу бургуч тилкелерди, чарба иши жана ичүү үчүн колдонулуучу суу башаттарын санитардык коргоо зоналарын, балык чарба көлмөлөрү үчүн санитардык зоналарды, ошондой эле калкты дарылоо, дагы башка дартка даба болчу максаттар үчүн суу объектилери жайгашкан курортторду санитардык жактан коргоочу округдарды (алардын чеги жана колдонулуш режими күчүндө турган мыйзамдарга ылайык белгиленет) курууну кошо камтыйт.
4. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин чеги физика-географиялык, топурак-гидрогеологиялык шарттарга, суу объектисинин же айрым участкасынын кайсы ишке колдонула турганына, рельефке, ошондой эле жалпы эле сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына жараша аныкталып белгиленет.
5. Сууну коргоочу зоналар менен суу бойлорундагы тилкелер чарбалардын жерди пайдалануу боюнча картографиялык материал-пландарында, курулуш жана башкалардын генпландарында көрсөтүлөт.
Суу бойлорундагы тилкелердин чеги даана көрүнгөн белгилер менен шаарлардын, өнөр жай борборлорунун аймактарында, көпчүлүк калк эс алган жерлерде, тындырбай айыл чарбасы үчүн колдонулган участкаларда гана белгиленет.
6. Сууну коргоочу зоналардын, тилкелердин өлчөмүн, ал жерлердеги режимди тактап-белгилегенде ушул Жобонун талаптары сөзсүз сакталыш керек.
II. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
7. Сууну коргоочу зоналар менен суу объект тилкелерин тактап-белгилөө жумушу айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга жүктөлөт. Алар бардык кызыкдар бирикме, ишкана, мекеме, уюм, чарбаларга жана граждандарга суу сактоочу зона, суу объект тилкелери, ошондой эле алардын территориясындагы суу сактоо тууралуу маалыматтарды жеткирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сууну коргоочу зоналар менен суу өндүрлөрүн уюштуруу боюнча сунуштарды даярдап, кийирүүнү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объекттеринин тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына кирген жерлерди пайдалануунун тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Негизги талаптар
10. Сууну коргоочу зоналарда жана суу объект өндүрлөрүндө буларга тыюу салынат:
- мал чарба комплекстерин, фермаларды, куш фабрикаларын, мал чарба комплекстеринен агып чыккан саркынды буулар топтолчу көлмөлөрдү, составында кыгы бар агындарды пайдаланган сугат системаларын, өлгөн мал сакталчу жайларды, мүрзөлөрдү жайгаштырууга, кык жыйноого, акыр-чикир, өндүрүш таштандыларын төгүүгө, механикалык устаканаларды, техникалык тейлөө, май куюу, автотранспортту, айыл чарба техникасын жуучу пункттарды салууга;
- өнөр жай ишканаларын кеңейтип, реконструкциялоого, жаңыларын курууга;
- авиациялык-химиялык ишти жүргүзүш үчүн учуу-конуу тилкелерин курууга;
- күйүүчү-майлоочу материалды сактоочу идиштерди коюуга, уу химикаттарды, минералдык семирткичтерди сакташ үчүн кампаларды, аппаратурага уу химикат куюу үчүн аянтчаларды курууга;
- суунун сапатына терс таасир тийгизе турган канализациялык-тазалоочу курулмаларды, дагы башка объектилерди жайгаштырууга;
- сууну коргоочу зонанын ички зонасынан 2000 метрден жакын аралыкта туруп, айыл чарба жана токой талаасына авиация жолу менен уу химикат чачууга, минералдык семирткич берүүгө;
- пайдаланылбаган пестициддерди, калдыктарын, таштандыларын, ошондой эле пестицид менен булганган өз-өзүнчө бөлүп жыйнама материалдарды жайгаштырууга;
- дарак-бадал өсүмдүктөрүн кыюуга (санитардык жана багып-кароого байланышкан кыюудан башка);
- кардын үстүнөн семирткич берүүгө, семирткич катары составында зыяндуу кыгы бар агынды сууларды, жанбас хлор органикалык уу химикаттарды пайдалануу;
- жүн жууп, тери-булгары чылоого;
- кой күпкөлөөчү ванналарды салууга жана малды нормадан ашык жаюуга (айрыкча дренаждалган кокту-колотто);
- суу сактагыч, дайраларга, дайыма же кээде суу акчу кокту-колотторго тазаланбаган, кир агындыларды кое берүүгө;
- көлдөрдүн, нуктардын ылай, акыр-чикир чайпаган жерлерин тазалоого, жаратылышты коргоо, жаратылыш байлыктарын пайдалануу ишин контролдоочу мамлекеттик органдар менен макулдашпай туруп, карьер жасоого;
- суу объектилеринин абалына терс таасир тийгизүүчү дагы башка жумуштарды аткарууга.
Бул саналган тыюу салмайлардан тышкары дагы буларга жол берилбейт:
- жайкы мал короолорун уюштурууга;
- өргүү базаларын, чатыр айылдарды жайгаштырууга;
- автотранспортту жана айыл чарба техникасын токтотуучу жерге айлантууга жана аларды жууганга.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өргүү зоналары бар же андай зоналар жаңыдан уюшулуп жаткан участкаларда сууну коргоочу иш-чаралар жана аны пайдалануу режими тиешелүү мыйзамдар белгилеген тартип боюнча белгиленет.
IV. Сууну коргоочу зоналар
12. Сууну коргоочу зоналар катары суу объектисинин акваториясына чектеш жаткан, булгануудан, акыр-чикирден, бөксөрүүдөн, балырланып, чөп-чар басуудан сактоо үчүн атайын режимге коюлган аймак эсептелет.
Сууну коргоочу зоналарга булар кирет: дайралардын жайылмасы, жайылманын кашатындагы тектирчелер, түпкү жээктердин кырчалары, тик эңкейиштер, ошондой эле суу объектисине чектеш жаткан кокту-колоттор.
13. Суу объектисинин акваториясы жактан алганда, сууну коргоочу зонанын ички чеги катары булар эсептелет:
- көл, кудук, дайра, каналдар үчүн - алардагы суунун орточо көп жылдык келкиси.
- Суу сактагычтар үчүн - ошо суу сактагычтардагы суунун нормалдык деңгээлдеги келкиси.
14. Сууну коргоочу зонанын тышкы чеги суу объектисинен эң алыс турган чеги боюнча аныкталат. Ал мына булар менен өлчөнөт:
- жээктерди 50 жыл ичинде кайра иштетүүнүн прогноздолгон зонасы (жаңы курулуш салууга чек коюлган зона);
- суу объектисине тике келип кошулган суу агуучу кокту-колот, аң-чөнөктөрдү камтуучу эрозия көп күтүлчү зона, суу башатына чектеш жаткан эродирленген жерлер, көлмө, аңгек, кокту-колоттордун боюндагы эрозияга каршы өндүр;
- суу объектисинде суу деңгээли өтө көтөрүлүп кетип, убактылуу суу каптап калган жерлер;
- жер астындагы суулар демейкисинен дайыма көтөрүлгөн деңгээлде турган зона:
1 м - айыл чарбасына жарактуу жерлер үчүн;
2 м - айыл жерлериндеги калктуу конуштар үчүн;
3 м - шаарлар жана калаа-кыштактар үчүн;
- суу объектисинин сууну коргоочу зонасынын ички чегинен 3 км жердеги мамлекеттик токой өсүмдүктөрүнүн тышкы чеги.
15. Сууну коргоочу зоналар конкреттүү шарттарды эсепке алуу менен табигый турган абалында такталат да, табигый жана жасалма жээктерин кошо камтыйт.
16. Көл, көлмө, суу сактагычтар үчүн сууну коргоочу зонанын минималдуу кеңдиги мындайча болот:
Суу топтолгон жердин көлөмү Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м
10 млн.куб.м чейин 100
100 млн.куб.м чейин 200
1000 млн.куб.м чейин 300
1000 млн.куб.мден арбын 500
17. Дарыялардагы сууну коргоочу зонанын эң аз кеңдиги төмөнкүдөй узундуктагы дарыялар үчүн эки жээги боюнча суунун көп жылдык орточо жээгинин четинен белгиленет:
Дарыянын узундугу | Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м |
10 км аз | 50 м |
10дон 50 км чейин | 75 м |
50дөн 100 км чейин | 100 м |
100 км ашык | 150 м |
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн сууну коргоочу зонанын эң кичине кеңдиги мындайча:
Секундасына 5тен 10 куб.м чейин
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 5О м;
секундасына 10дон 20 куб.м чейин
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 75 м;
секундасына 20 куб.м ашуун
суу агыза ала турган каналдар үчүн - 100 м.
19. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде сууну коргоочу зоналарга атайын тартип боюнча бөлүнгөн суу объектилеринин өйүз-бүйүзүндөгү тыюу салынган токой тилкелери кирет. Токойлордо тыюу салынып көрсөтүлгөн тилкелердин көлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча кабыл алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Сууну коргоочу тилкелер
20. Сууну коргоочу зоналардын ичинен 3.1-пунктуна ылайык чарбалык ишке катуу чектөө коюлчу аймак катары жээк бойлой кеткен суу коргоочу тилкелер бөлүнүп каралат. Жээкки суу коргоочу тилкелер жайыт катары калтырылып, дарак-бадал ээлеш керек.
21. Көлдөр, көлмөлөр, суу сактагычтар үчүн жээкки суу коргоо тилкесинин кеңдиги мындайча:
Суу топтолгон жерлердин көлөмү Суу коргоо тилкесинин кеңдиги, м
10 млн.куб.м чейин 30
100 млн.куб.м чейин 50
1000 млн.куб.м чейин 70
1000 млн.куб.мден ашуун 100
22. Дайралардын жээкки суу коргоо тилкесинин кеңдиги өйүз-бүйүзүнөн суунун орточо көп жылдык ченемине жараша өлчөнөт.
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдардын суу коргоочу тилкесинин кеңдиги терең коңул менен өткөндө каналдын эки жаккы чегинен тартып, кырдалган көтөрүңкү жер менен өткөндө, дамбанын таманынан тартып өлчөнөт.
Жээкки суу коргоо тилкелеринин өлчөмү суу башатына чектеш жаткан жерлердин (айдоо, чөп чабык, бадалдуу аянт ж.б.) жагдайына, жантык беттердин тик-өйдөштүгүнө жараша мындайча коюлат:
Суу башатына чектеш жаткан жарактуу жерлердин түрү | Чектеш жаткан жантык беттери тик суу коргоочу тилкелердин (м) кеңдиги | ||
Терс же нөлдүк эңкейиш | 3 градуска чейин | 3 градустан жогорку | |
Айдоо | 10-12 | 20-25 | 35-50 |
Жайыт, чөп чабык | 10-15 | 15-25 | 25-50 |
Токой, бадал, бак | 20 | 20-35 | 35-50 |
Эскертүү: Максималдуу өлчөмдөр көп эродирленген катуу жерлерге тиешелүү.
23. Суу объектисине удаа жайгашкан шаар, калаа-шаар, айылдагы калктуу конуштардын аймактарына жээкки суу-коргоочу тилкелер гана калтырылат. Алардын өлчөмү планировканын конкреттүү шарттарына, тиешелүү жергиликтүү Кеңеш бекиткен генплан боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш өзгөчөлүгүнө таянуу менен белгиленет.
24. Граждандардын чарбагына, дачалык, бак отургузулган участкасына удаалаш жаткан суу объектилерине суу коргоочу тилкелер белгиленбейт. Ал үчүн алар жерди иштеткенде суу ээлеген жерлерге зыян келтирбеши керек.
Ушул Жобону катуу кармангандарга гана суу коргоочу зоналарга, суу объект тилкелерине кирген жерлерди пайдаланууга жол берилет.
VI. Сууну коргоонун схемалары
25. Гидрогелогиялык жана гидрохимиялык жагымдуу режимдин сакталышына көмөк көрсөтүү, суу ресурстарынын санитардык абалын жакшыртып, орду менен керектөө, сууларды булгануудан, акыр-чикирден, азаюудан сактоо боюнча иш-чараларды комплекстүү жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү долбоордук-сметалык документациясына ылайык суу объектилерин коргоонун схемалары иштелип чыгууда.
26. Кыргыз Республика Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясына ылайык сууну коргоочу схемаларды иштеп чыгууну, гидротехникалык курулмаларды долбоорлоп, курууну, дагы башка жумуштарды аткарууну, суу объектилерин булгануудан, акыр-чикирден, азаюудан, балырланып, чөп-чар басуудан сактоону, ошондой болуп кетсе, ал терс факторлордон арылтууну камсыз кыла турган ишкана, мекеме, уюмдар кайсылар болорун аныктайт. Аталган бийлик органдары ошондой эле ушул сууну коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрүн белгилейт.
27. Дайра, көл, көлмөлөрдүн, мурдатан бар суу сактагычтардын, каналдардын долбоорлору суу коргоочу зоналардагы жарактуу жерлерди пайдаланган министрлик, ведомство, бирикме, ишкана, мекеме, уюмдардын адистешкен долбоорчул уюмдары тарабынан бир стадияда иштелип чыгат.
28. Долбоорлонуп жаткан суу сактагычтар менен каналдардан суу коргоо схемаларынын долбоорлору көрсөтүлгөн суу объектилеринин долбоорлорунун тутумунда иштелип чыгат. Бул иштерге бөлүнчү каражат ошол объектилердин өзүн долбоорлоо боюнча сметаларда каралат.
29. Жаңы суу сактагычтар менен каналдардын долбоорлору, суу коргоо зоналарын белгилөө боюнча бөлүмдөрү жок болсо, бекитилет.
Курулуп жаткан суу сактагычтар менен каналдар үчүн суу коргоо зоналарын жана сууну керектөө режими коюу объекти пайдаланууга берилген учурга карата бүткөрүлүш керек.
Суу коргоочу схемалардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин органдары, санитардык көзөмөл, жерге орноштуруу кызматы, дагы башка кызыкдар органдар менен макулдашылып бүткөрүлөт.
30. Сууну коргоо зонасынын ичинде иштеп жаткан өнөр жай, айыл чарба объектилери чарбалык ишин сууну коргоочу схеманын долбоорундагы буйрук, талаптарды кармануу менен жүргүзүлөт.
VII. Жоопкерчилик жана контролдоо иши
31. Территориясын пайдалануу режимин кармануу менен суу коргоочу зоналардын жана суу тилкелеринин тиешелүү абалда турушун колдоо жоопкерчилиги кайсы ведомствого баш иерине, менчигинин формасына карабастан бардык бирикме, ишкана, мекеме, уюм, чарба жетекчилерине, ошондой эле сууну коргоо зоналары жана тилкелеринин ичинде пайдаланууга алган жери бар граждандарга жүктөлөт.
32. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердеги режимди бузгандар Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин территориясын пайдалануу режимин белгилөөгө жана аны сактоого контролдукту айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307 токтомдорунун редакцияларына ылайык)