Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2002-жылдын 23-апрели ПУ № 97
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 29-сентябрындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыйзам чыгаруу ишин координациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен түзүлгөн Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңештин жетекчи курамы төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Указы менен түзүлгөн Мамлекеттик органдардын мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Консультациялык кеңеш жөнүндө Жобонун 6-пунктундагы "айына кеминде бир жолу" деген сөздөр "үч айда кеминде бир жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |