Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2002-жылдын 31-майы ПУ N 138
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Өлкөдө этностор аралык ынтымак-ырашкерликти жана туруктуулукту камсыз кылуудагы Кыргызстан калкы Ассамблеясынын маанисин эске алып, ошондой эле өлкөнүн элдеринин биримдигин чыңдоодогу, коомдо конструктивдүү диалог маданиятын калыптандыруудагы анын ролун андан ары жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңеши жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2002-жылдын 31-майындагы
№ 138 Указы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
консультациялык-кеңеш берүүчү орган катары
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңеши жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кеңештин ишинин негизги максаттары жана багыттары
III. Кеңештин ишинин укуктук базасы
IV. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
V. Кеңештин ишинин регламенти
I. Жалпы жоболор
1. Кыргызстан калкы Ассамблеясы (мындан ары - Ассамблея) этностор
аралык ынтымак-ырашкерликти, жарандык бейкуттукту жана Кыргызстандын
калкынын биримдигин чыңдоого бардык чаралар менен көмөк көрсөтүү макса-
тын көздөгөн массалуу коомдук бирикме катары өз ишин Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарынын жана Кыргызстан калкынын Курултайында бекитилген өз
Уставынын негизинде жүргүзөт.
Ассамблеянын жетекчи органдарынын курамы (кеңеш, кеңештин президи-
уму жана текшерүү комиссиясы) Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Уставына
ылайык түзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультация-
лык-кеңеш берүүчү орган катары Ассамблеянын кеңеши (мындан ары - кеңеш)
өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка
нормативдик актыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары
менен буйруктарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Кеңеш өз ишин төмөнкү принциптерде түзөт.
- Кыргызстан калкынын таламдарынын артыкчылыгы;
- кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу жана анын курамынын иши
үчүн жоопкерчилиги;
- кеңештин ар бир мүчөсүнүн коомдогу туруктуулукту жана ынты-
мак-ырашкерликти сактоо, өлкөнүн калкынын биримдигин чыңдоо үчүн соци-
алдык жоопкерчиликти кабыл алышы;
- мыйзамдардын үстөмдүгү, адамдын укугун, эркиндигин жана ар - на-
мысын урматтоо.
4. Кеңеш өз ишин Президенттин Администрациясы, Жогорку Кеңештин
Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынынын комиссиялары жана ко-
митеттери, Премьер-министрдин Аппараты, Кыргыз Республикасынын министр-
ликтери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ты-
гыз карым-катнашта жүргүзөт.
5. Кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылууну Кыргыз Республи-
касынын Президентинин Администрациясынын көмөктөшүүсү менен Кыргызстан
калкы Ассамблеясынын кеңешинин аппараты жүзөгө ашырат.
II. Кеңештин ишинин негизги максаттары жана багыттары
1. Кеңештин ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат.
- кайрадан жаралган кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо, өз өлкөсү үчүн
атуулдук жана сыймыктануу сезимин калыптандыруу;
- коомдун өнүгүшүнүн негизи катары өлкөнүн элдеринин биримдигин,
коомдогу тынчтыкты жана ынтымак-ырашкерликти чыңдоо;
- кыргыздар менен бирге Кыргызстандын калкын түзгөн этностордун
тарыхый тагдырынын жана таламдарынын жалпылыгын түшүнүүнү калыптанды-
руу, алардын маданияттарынын өз ара байышына жана биргелешип аракетте-
нишине көмөктөшүү;
- этностук азчылыктардын коомдук жана мамлекеттик турмушка каты-
шууга болгон укуктарын жүзөгө ашырышына, алардын тилин, адат-салттарын
сактоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жарандык коомду өнүктүрүү, жарандардын саясий маданиятын жана
коомдо тынчтык диалог маданиятын калыптандыруу;
- өлкөнүн коопсуздугун бүлүндүрүүгө, социалдык оорчулукту, этнос-
тор аралык, диндер ортосунда, региондор аралык жана туугандар ортосунда
араздашууну чыгарууга багытталган аракеттерди, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын эл аралык кадыр-баркын кетирүүчү жана өлкөнүн улуттук та-
ламдарына зыян келтирүүчү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу.
2. Кеңештин ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- 1-пунктта көрсөтүлгөн негизги максаттарды жүзөгө ашырууга багыт-
талган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- бардык бийлик бутактары, мамлекеттик башкаруу органдары, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары, жарандык коомдун структуралары менен алдыга коюлган мак-
саттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууда биргелешип аракеттенүү;
- ушул Жобо менен аныкталган кеңештин ишинин негизги максаттарына
негизденүү менен республикадагы жана анын региондорундагы иштин абалын
талдоо жана баа берүү, анын негизинде иштиктүү сунуштарды иштеп чыгуу;
- этностук туруктуу өнүгүүнү, этностор аралык жана диндер ортосун-
дагы мамилелерди камсыз кылуу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди жөнгө
салуучу мыйзам долбоорлорун даярдоону жана коомдук экспертизадан өткө-
рүүнү уюштуруу;
- бийликтин бардык бутактарында жана деңгээлдеринде этностук азчы-
лыктын адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылууга, алардын кесиптик жактан
өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган атайын чараларды иштеп чыгуу жана
ишке ашыруу;
- өлкөнүн жана региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн
программалары менен долбоорлорун иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга ка-
тышуу, аларды калк арасында, жарандык коомдун структураларында кеңири
талкуулоону уюштуруу;
- улуттук саясат маселесине тиешелүү нормативдик актылардын дол-
боорлорун коомдук экспертизадан өткөрүү;
- коомдо жаңжалдуу жагдайлардын алдын алуу жана чечүү боюнча су-
нуштарды иштеп чыгуу, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча иштик-
түү чараларды жүзөгө ашыруу;
- эл аралык уюмдар, фонддор жана билим берүү мекемелери, чет мам-
лекеттердин жарандык коомдорунун структуралары менен кызматташтыкты ке-
ңейтүү жана тереңдетүү
III. Кеңештин ишинин укуктук базасы
1. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана
коомдук уюмдардан толук маалымат алууга;
- ар бир этностун руханий, адеп-ахлактык жана кара күч ден соолу-
гун, улуттук азчылыктардын этностук, маданий, тилдик жана диний өзгөчө-
лүгүн, алардын тилин, үрп-адаттарын жана салттарын сактоого жана өнүк-
түрүүгө, ошондой эле маданий мурасты сактоо, титулдук улуттун эне тилин
өнүктүрүү жагынан өзгөчө маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган, ушул
Жобо тарабынан кеңештин компетенциясына берилген сунуштарды иштеп чы-
гууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Өк-
мөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна коюуга;
- коомдун социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өнүгүшүнүн
бардык аспектилерин талкуулоого, кеңештин компетенциясына кирген масе-
лелер боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн отчетун, бийликтин аткаруу тармагынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалы-
матын талкуулоого;
- ушул Жобо тарабынан кеңештин компетенциясына берилген, мамлекет
башчысынын катышуусу менен талкуулоо үчүн сунуш кылынган маселелер бо-
юнча артыкчылыктуу милдеттердин жана проблемалардын планын түзүүгө;
- кеңештин сунушу боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышына
мониторингди турмушка ашырууга;
- коомдо жарандык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо ишинде өзгөчө
айырмаланган адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды берүү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүүгө;
- негизги максаттарды жана милдеттерди турмушка ашырууга тиешелүү
башка маселелерди кароого жана чечүүгө.
2. Кеңештин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан
камсыз кылуу ыктыярдуу каражаттардын, гранттардын, Ассамблеянын өзүнүн
экономикалык ишинен түшкөн каражаттардын, мамлекеттик, өкмөттүк эмес
уюмдар менен фонддордун, коммерциялык эмес структуралардын ыктыярдуу
кайрымдуулук взносторунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ка-
рама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
IV. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
1. Кеңештин мүчөлөрү коомдогу туруктуулуктун жана ынтымак-ырашкер-
ликтин сакталышы, Кыргызстан калкынын биримдигин чыңдоо үчүн өзгөчө со-
циалдык жоопкерчиликти өзүнө алат.
2. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу;
- кеңештин кароосуна коюлган бардык маселелерди талкуулоого каты-
шууга, өз пикирин ачык билдирүүгө, аны чечим кабыл алынгандан кийин да
жактоого;
- кеңештин компетенциясына кирген ар кандай маселелерди кеңештин
кароосуна коюуга;
- кеңеште талкууланган маселелер боюнча маалымат алууга.
3. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү;
- өз ишин ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн прин-
циптерде жүргүзүүгө;
- Ассамблеянын кеңешинин тапшырмаларын ак ниеттүү аткарууга, анын
материалдык-техникалык базасын чыңдоо жөнүндө камкордук көрүүгө.
V. Кеңештин ишинин регламенти
1. Кеңештин жыйналыштары, Кыргыз Республикасынын Президентинин ал-
дындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган катары, өлкөнүн Президенти
тарабынан жылына кеминде эки жолу чакырылат.
Кеңештин кезексиз жыйналышы өлкөнүн Президенти тарабынан өз демил-
геси боюнча же Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин демилгеси бо-
юнча чакырылат.
Эгерде кеңештин жыйналышынын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы са-
нынын кеминде үчтөн эки бөлүгү катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу
болуп эсептелет. Эгерде чечим үчүн кеңештин катышып отурган мүчөлөрүнүн
жарымынан көбү жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
Кеңештин жыйналыштарына Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин
төрагасы же анын орун басары төрагалык кылат.
Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин пленардык жыйналыштары
коомдук уюм катары Ассамблеянын Уставына ылайык чакырылат.
2. Кеңештин жыйналыштарына маселелерди даярдоо Кыргызстан калкы
Ассамблеясынын кеңешинин президиуму тарабынан Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү менен тыгыз карым
катышта жүзөгө ашырылат.
Кеңештин жыйналышынын күн тартибин Кыргыз Республикасынын Прези-
денти бекитет.
3. Кеңештин чечимдери протокол түрүндө таризделет жана ага Кыргыз-
стан калкы Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы же анын орун басары кол
коет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бери-
лет. Кеңештин чечимдерине көчүрмөлөр зарыл чараларды турмушка ашыруу
жана көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарына,
Премьер - министринин Аппаратына, жергиликтүү мамлекеттик администраци-
яларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлүшү
мүмкүн.
4. Кеңештин чечимдери сунуш мүнөзүндө болот жана мамлекет башчысы-
нын тийиштүү указдары, буйруктары жана тапшырмалары, Өкмөттүн токтомдо-
ру жана буйруктары, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мам-
лекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын чечимдери аркылуу турмушка ашырылышы мүмкүн, ошондой эле
мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзам чыгаруу демилгеси катарында та-
ризделиши мүмкүн.
5. Кыргызстан калкы Ассамблеясынын жетектөөчү органдары Кыргызстан
калкынын курултайынын чечими менен, өзгөчө учурларда гана Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин чечими боюнча таркатылышы мүмкүн.