Сравнение редакций…
3-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтому менен бекитилди |
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун ушул уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борборунун (мындан ары - ОУБ) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин, анын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансылык чалгындоо) менен өз ара мамиленин тартибин аныктайт.
2. ОУБ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Финансылык чалгындоонун буйруктарын, ушул Уставды, ошондой эле билим берүү программалары жаатында кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана мекемелер менен макулдашууларды жана келишимдерди жетекчиликке алат.
3. ОУБ ишин өзүн өзү каржылоо шарттарында жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген тийиштүү лицензиянын негизинде жүргүзөт.
4. ОУБ өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен эриш-аркак, ошондой эле Финансылык чалгындоонун төрагасынын жалпы жетекчилиги жана ОУБдун директорунун түздөн-түз жетекчилиги астында уюштурат.
2. ОУБдун укуктук статусу
5. ОУБ өз алдынча юридикалык жак болот, өзгөчөлөнгөн мүлкү, өзүнүн балансы, финансылык-кредиттик мекемелерде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы эсептери, өзүнүн толук расмий аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү мөөрү, штампы жана расмий бланктары болот, алардын үлгүлөрүн Финансылык чалгындоо бекитет.
ОУБ өз милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. ОУБ мамлекеттик мекеме формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, билим берүү ишин жүргүзүү максатында мүлкү жана пайдасы оперативдүү башкаруу укугунда ОУБга бекитилип берилет.
Финансылык чалгындоо ОУБдун уюштуруучусу болуп саналат жана ага негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле ОУБдун өзүнүн балансында көрсөтүлгөн ОУБдун мүлкүн түзгөн башка материалдык баалуулуктарды оперативдүү башкаруу укугунда берет.
7. ОУБдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-усулдук борбору";
- расмий тилде: "Учебно-методический центр Государственной службы финансовой разведки при Правительстве Кыргызской Республики".
8. ОУБдун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 21 А.
3. ОУБдун негизги милдеттери жана функциялары
9. ОУБдун негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:
1) маалымат берүүчү жактардын кызматкерлерин, Финансылык чалгындоонун, көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлерин, ошондой эле терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (мындан ары - ТЭК/КЛАКА) боюнча кылмыш иштерин иликтөө жана кароо менен иштеген укук коргоо органдарынын жана соттордун кызматкерлерин, ошондой эле башка кызыкдар адамдарды (тийиштүү келишимдерди түзүүдө) (мындан ары - окуучуларды) окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
2) ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө билим берүү ишин, адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү жана андан ары өнүктүрүү.
10. Коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн ОУБ төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) ОУБдун окутуу иш-чараларын өткөрүү жана уюштуруу тартибин аныктайт;
2) ТЭК/КЛАКА маселелери боюнча окуучуларды окутат, кайра даярдайт жана квалификациясын жогорулатат;
3) ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө адистерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу курстарынын программаларын жана окуу-тематикалык пландарын иштеп чыгат;
4) семинар-кеңешмелерди, тренингдерди, конференцияларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
5) түшүндүрүү-консультация ишин жүргүзөт;
6) билим берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн ОУБдун кадрдык потенциалын, окуу-материалдык базасын түзөт;
7) Финансылык чалгындоонун кызматкерлерин, өз кесибин аркалаган юристтерди, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамын жана башка адистерди лектор катарында ишке тартууну уюштурат;
8) квалификацияны жогорулатуу жаатында алардын тажрыйбасын окуп-үйрөнүү жана колдонуу максатында чет өлкөлөрдүн укуктук, илимий жана агартуу мекемелери жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат;
9) китепкана борборун түзөт жана аны юридикалык жана башка адабияттар менен дайыма толтуруп турат;
10) ТЭК/КЛАКА чөйрөсүндө окутуу программаларына ылайык басма ишин (окуу-усулдук адабияттарды, брошюраларды жана башкаларды чыгаруу) жүзөгө ашырат;
11) билим берүү системасын өркүндөтүү, ага жаңы агартуучулук жана маалыматтык технологияларды киргизүү, ОУБдун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
12) ОУБга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
4. ОУБдун укуктары жана милдеттери
11. ОУБ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ОУБдун үзүрлүү иштеши үчүн анын өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык иштерин өз алдынча пландаштыруу;
2) ТЭК/КЛАКА маселелери боюнча (тийиштүү келишимди түзүүдө) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы чара көрүү боюнча Евразиялык топко катышкан мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүктөрүнүн кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруу;
3) окугандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү тийиштүү документти берүү;
4) Финансылык чалгындоонун макулдашуусу менен басылмаларды (бюллетендерди, буклеттерди, гезиттерди, жарнамалык проспекттерди, жыйнактарды, брошюраларды, китептерди ж.б.) белгиленген тартипте уюштуруу;
5) Финансылык чалгындоо менен биргеликте окуу-тематикалык пландарын иштеп чыгуу;
6) ОУБ же ага тартылган кызматкерлер тарабынан даярдалган окуу же башка ар кандай материалдарга болгон автордук укукту билдирүү;
7) коргоо документтерин, "ноу-хау" жана башка техникалык маалыматты алууга жана пайдаланууга укукту алуу жана билдирүү;
8) ОУБдун кызматтарына болгон тарифти мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктоо;
9) маалымат берүүчү жактарга усулдук жардам жана кызматтын башка түрлөрүн көрсөтүү;
10) ОУБдун чарбалык иши үчүн зарыл болгон келишимдерди мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүү жана жарандык укуктун субъекттери менен каалагандай операцияларды жана бүтүмдөрдү жасоо;
11) ОУБдун ишине байланыштуу сабактарды жана иш-чараларды өткөрүү үчүн консультанттарды, эксперттерди, адистерди жана окутуучуларды келишимдик негизде айкалыштыруу шарттарында тартуу;
12) өзүнүн ишин жүргүзүү максатында Финансылык чалгындоонун түзүмдүк бөлүктөрү менен эриш-аркак аракеттенүү;
13) жарандык иштерге катышууга, милдеттенме алууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каалагандай операцияларды жана бүтүмдөрдү жасоо;
14) ОУБдун ишинин уюштурулушун, жүзөгө ашырылуучу иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүүгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо;
15) ОУБдун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
16) ОУБдун кызматкерлери үчүн ОУБдун администрациясы менен эмгек жамаатынын ортосунда түзүлгөн жамааттык келишим менен аныкталуучу жана жөнгө салынуучу кошумча социалдык жана экономикалык кепилдиктерди берүү;
17) кирешелердин жана чыгымдардын сметасын бекитүү, негизги ишти өркүндөтүү үчүн, ошондой эле ОУБдун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Финансылык чалгындоонун төрагасына киргизүү;
18) банк мекемелеринде алыш-бериш эсептерди ачууга жана акчалай эмес жана накта акчалай формада эсептешүү жүргүзүү;
19) сотто доочу жана жоопкер катарында чыгуу;
20) чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана жеке адамдар менен окуу, илим жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердик, тийиштүү эки жактуу келишимдердин негизинде кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча түз байланышты жүзөгө ашыруу;
21) ТЭК/КЛАКА жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери боюнча аналитикалык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү.
12. ОУБдун милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бекем сактоо;
2) жасалган иш тууралуу Финансылык чалгындоонун алдында жыл сайын отчет берүү;
3) ОУБдун финансылык-чарбалык ишине жыл сайын аудит жүргүзүү;
4) Финансылык чалгындоонун жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу, аларга суралган маалыматты жана зарыл материалдарды белгиленген мөөнөттөрдө берүү;
5) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчет берүү тартибин сактоо.
5. ОУБдун түзүмү жана башкарылышы
13. ОУБ штаттык расписаниеси төмөнкү кызмат орундарынан турат: ОУБдун директорунан, менеджеринен, методистинен, бухгалтер-референтинен жана окутуучулардан.
ОУБдун менеджери, методисти, бухгалтер-референти жана окутуучулары алар менен ОУБдун директорунун ортосунда түзүлгөн эмгек келишимдеринин негизинде иштешет.
ОУБдун түзүмү жана штаттык тизими ОУБдун директорунун сунушу боюнча Финансылык чалгындоонун төрагасы тарабынан бекитилет.
Окутуучулар катары Финансылык чалгындоонун, бөлөк мамлекеттик органдардын кызматкерлери, өз кесибин аркалаган юристтер, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы жана башка адистер (эксперттер) сабак бере алышат.
14. ОУБду Финансылык чалгындоонун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
ОУБдун директору:
1) ОУБдун ишин жетектейт жана анын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
2) ОУБду каржылоо үчүн каралган акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздайт;
3) ОУБдун кадрдык, кесиптик жана чыгармачылык саясатын аныктайт, финансы маселелерин чечет, мамлекеттик бийликтин органдары менен ОУБдун эриш-аркак аракеттенүүсүн камсыздайт;
4) окуу процессин, окуу-усулдук иштерди жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча чара көрөт;
5) ОУБдун кызматкерлеринин ортосундагы функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде ОУБдун бардык кызматкерлери аткарууга тийиш болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
7) мамлекеттик органдар, финансылык-кредиттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен өз ара мамиледе ишеним катсыз эле ОУБдун таламын коргойт;
8) ОУБдун ишине тиешеси бар маселелер боюнча тийиштүү уюмдар жана мекемелер менен кат алышууну жүргүзөт;
9) тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, мекемелерден, уюмдардан сурайт жана алат;
10) ОУБдун атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт, ишеним кат берет;
11) акчалык, эсептик жана финансылык документтерге кол коет;
12) лекторлор менен эмгек келишимдерин түзөт, дарстарды окугандыгы жана практикалык сабактарды өткөндүгү үчүн ушул максаттарга бөлүнгөн финансылык каражаттардын чегинде акы төлөөнү ишке ашырат;
13) буйруктарды чыгарат, ишеним каттарды берет, ОУБдун атынан жарандык-укуктук, анын ичинде жарандык укуктун субъекттери менен экономикалык бүтүмдөрдү түзөт;
14) ОУБдун кызматкерлери үчүн Финансылык чалгындоо тарабынан белгиленген тартипте жана шарттарда кызматкерлерге сыйлыктарды берет, ошондой эле аларга карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
15) ОУБ же ишке тартылган окутуучулар тарабынан даярдалган ар кандай материалдарга же окуу курстарына болгон автордук укуктарды ОУБдун атынан билдирет;
16) ОУБдун чыгымдарынын жана кирешелеринин сметасын Финансылык чалгындоонун төрагасына бекитүүгө киргизет;
18) белгиленген тартипте ОУБдун кызматкерлерин кызматтык иш сапарларына жиберүү тууралуу сунуштарын Финансылык чалгындоонун төрагасына киргизет;
19) окутуу процессин даярдоону жана уюштурууну жүзөгө ашырат, ОУБдун окуу иш-чараларын өткөрүү жана уюштуруу тартибин аныктайт, угуучулардын окуу материалдары, окутуу программасы менен камсыз болушун контролдойт, окутуу курстарынын угуучуларын эсепке алууну (реестрди) жүргүзүүнү уюштурат.
15. ОУБдун директору ОУБдун иши тууралуу Финансылык чалгындоонун алдында жыл сайын отчет берет.
6. ОУБдун кызматкерлеринин укуктук абалы
16. ОУБдун кызматкерлери эмгек келишиминин, ошондой эле эмгек мамилелерин жөнгө салуучу башка формалардын негизинде ОУБдун ишине катышкан жарандар болушат.
17. ОУБдун кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары ОУБдун директорунун сунушу боюнча, эмгек акынын белгиленген фондунун чегинде Финансылык чалгындоонун төрагасы тарабынан белгиленет.
Ар бир кызматкердин эмгектик кирешеси ОУБдун ишинин түпкү натыйжасына кошкон жеке салымы менен аныкталат жана аларга салыктар салынат.
Окутуучулардын эмгек акысы белгиленген тартипте аткарылган окуу жүгүнүн көлөмүнө ылайык (саатына жараша) аныкталат.
ОУБдун кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ички тартипке ылайык аныкталат.
18. ОУБдун кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ОУБдун ички актылары, эмгек келишими, ошондой эле ушул Устав менен аныкталат.
7. ОУБдун финансылык-чарбалык иши
19. ОУБдун финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
ОУБдун мүлкүн ОУБдун өзүнүн балансында турган негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары түзөт.
20. ОУБ өзүнүн финансылык-чарбалык ишинде Финансылык чалгындоонун төрагасына отчет берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык органдарына жана Социалдык фонддун органдарына отчет берет жана алардын тууралыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
21. ОУБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жүргүзөт.
Бухгалтердик эсеп сом менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк валюталарды сомго жана сомду кайрадан чет өлкөлүк валюталарга которуулардын баары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын операция жасалган күнгө карата курсу боюнча жүргүзүлөт.
22. ОУБду күтүүгө кеткен чыгашаларды жана анын ишин каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- окуу үчүн төлөмдөр түрүндө келип түшкөн каражаттардан;
- жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет мамлекеттердики тарабынан акысыз берилген каражаттардан;
- илимий-изилдөө, басып чыгаруу, өндүрүү жана коммерциялык иштен түшкөн өздүк каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат кылынган башка булактардан.
23. ОУБдагы окуу акылуу болот, окууга болгон тарифтер Финансылык чалгындоонун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылып, ОУБ тарабынан бекитилет.
ОУБдагы окуу үчүн төлөм курстун узактыгын, окуу программасынын деңгээлин, сапатын жана көлөмүн эске алуу менен аныкталат.
Финансылык чалгындоонун кызматкерлери ОУБда акысыз негизде окушат.
24. ОУБдун директору финансылык каражаттардын сарпталышы боюнча жоопкерчилик тартат жана аларды сарпталышы жөнүндө бухгалтердик отчетту жүргүзүү тартибине ылайык отчет берет.
ОУБдун ишинен алынган кирешени Финансылык чалгындоонун төрагасы бөлүштүрөт.
25. ОУБдун кызматкерлери мамлекеттик мүлккө аяр мамиле жасоого, имараттарды, курулмаларды, техникаларды белгиленген тартипте иштетүүгө, каражаттарды максаттуу жана белгиленген ченемдерге ылайык сарптоого тийиш. Мамлекеттик мүлктүн зыянга учурашына күнөөлүү жана атайылап зыян келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. ОУБдун уюштуруучулук иши
26. ОУБга кабыл алуу тартиби Финансылык чалгындоонун буйругу менен бекитилүүчү тийиштүү жобо менен аныкталат.
Окуу жылынын графигине квота ОУБ тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери, ошондой эле маалымат берүүчү жактар бөлүнгөн квотага жараша ОУБдун дарегине тийиштүү катты берүү менен өзүнүн кызматкерлерин жөнөтүшү керек.
27. ОУБда окуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- күндүзгү окуу формасы, өндүрүштөн ажыратуу менен;
- кечки окуу формасы, өндүрүштөн ажыратылбастан.
28. ОУБдагы окутуунун тили расмий жана мамлекеттик тилдер болот.
29. ОУБдагы окуу жылы окуу планына ылайык башталат жана аяктайт.
Окутуу процессинде ОУБ тарабынан дарстар, семинарлар, практикалык сабактар өткөрүлөт, ошондой эле изилдөө ишинин элементтери жана аралыктан окутуу пайдаланылышы мүмкүн.
Аудиториялык сабактын узактыгы академиялык саат менен өлчөнөт.
30. Окуу планына ылайык окуусун аяктаган адамдар жыйынтыктоочу сынак тапшырышат. Сынакты өткөрүү тартиби жана жыйынтыктоочу сынакты алуу боюнча комиссиянын курамы Финансылык чалгындоонун буйругу менен аныкталат.
31. ОУБда окугандар өз ыктыяры менен, ден соолугу боюнча, окуу пландарын аткарбагандыгы үчүн окуудан чыгарылышы мүмкүн.
32. Бул Уставга Финансылык чалгындоонун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9. ОУБдун ишинин токтотулушу
33. ОУБдун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ал өзгөртүлүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулат. ОУБ мамлекеттик реестрге тийиштүү жазуу киргизилген кезден тартып жоюлду деп эсептелет.
34. ОУБдун иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө Мыйзамга ылайык сакталат жана пайдаланылат.