Загрузка документа…
4-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 токтому менен бекитилди |
1. Жалпы жоболор
2. Фондду ачуунун жана каражаттарын пайдалануунун тартиби
3. Корутунду жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартибин аныктайт.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Фонд) төмөнкү максаттарда түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - Финансылык чалгындоо) натыйжалуу иштеши үчүн зарыл материалдык-техникалык шарттарды түзүү;
2) Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун камсыз кылуу, алардын иштин жыйынтыгына болгон кызыкчылыгын арттыруу;
3) Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.
2. Фонддун каражаттары ыктыярдуу кошумчалардын жана төгүмдөрдүн эсебинен түзүлөт.
2. Фондду ачуунун жана каражаттарын пайдалануунун тартиби
3. Фондго каражат салуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын каражаттар боюнча күндөлүк эсеп ачылат.
4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат жана жумшалат:
1) дарылануу жана башка максаттарда Финансылык чалгындоонун кызматкерлерине, анын ичинде пенсионерлерге алар пенсияга кетип жатканда материалдык жардам көрсөтүүгө;
2) Финансылык чалгындоонун кызматкерлерине ссуда берүүгө;
3) Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин коомдук транспортко жана тамак-ашка кетирген чыгымдарынын бөлүгүн компенсациялоого;
4) курорттук-ден-соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолордун наркын жартылай компенсация кылууга (анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрү үчүн);
5) Финансылык чалгындоонун кызматкерлерин жумуштагы жакшы көрсөткүчтөрү үчүн, майрам күндөрүнө карата, Финансылык чалгындоонун төрагасы тарабынан белгиленген тартипте шыктандырууга (сыйлык акы берүүгө);
6) Финансылык чалгындоонун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
7) Финансылык чалгындоонун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого (курулушка, капиталдык оңдоп-түзөөгө, автотранспорт, компьютер жана уюштуруу техникаларын, мүлк-шайманды, байланыш каражаттарын алууга, техникалык каражаттарды тейлөөгө жана оңдоп-түзөөгө ж.б.);
8) социалдык-маданий иш-чараларды, чет өлкөлүк делегациялардын расмий жолугушууларын, семинарларды жана конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
9) табигый кырсыктардын натыйжасында жабыркаган адамдарга финансылык көмөк көрсөтүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарга.
5. Акча каражаттарын сарптоо боюнча финансылык операциялар чыгымдардын бекитилген сметасына жана кирешелердин иш жүзүндө түшүүсүнө жараша, накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Финансылык чалгындоонун төрагасы Фонддун каражаттарын тескөөчү болот.
7. Жылдын аягында топтолуп калган Фонддун каражаттарынын калдыктары Фонддун эсебине, келерки жылдын киреше бөлүгүнө которулат.
3. Корутунду жоболор
8. Финансылык чалгындоонун башкы бухгалтери каражаттардын түзүлүшүн, бөлүштүрүлүшүн эсепке алат жана Фонддун каражаттары боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык дайындоолорго ылайык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт.
9. Фонд Финансылык чалгындоонун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жоюлат.