Сравнение редакций…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-августундагы N 496 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына ылайык. Бир жолку берилүүчү пособиени чектөөнүн жана төлөп берүүнүн төмөнкү учурлардагы тартибин жөнгө салат:
- улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин (мындан ары - "кызматкер") кызмат өтөө убагында оор же жеңил жаракат алганда;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мунжу же майып болгон учурда;
- кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу кызматкердин каза болгонунда;
- кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу алган жараттын, контузиянын жээ оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин кызматкердин өлүмү.
2. Кызматкерге же анын мыйзамдуу өкүлүнө, кызматкер каза болгон (өлгөн) учурда анын мыйзамдуу мураскөрлөрүнө (мындан ары - "алуучулар") пособие төлөнүп берилет.
3. Бир жолку берилүүчү пособиени төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана анын жер-жерлердеги органдары тарабынан атайын ушул максат үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
4. 1-пунктта көрсөтүлгөн окуя болгон учурда пособиени төлөп берүү кызматкер кызмат өтөгөн жерде алуучунун каалосу боюнча, алуучунун атына тиешелүү мекемеге которуп берүү, алуучунун эсебинен почта аркылуу жөнөтүү же накталай акча берүү жолу менен жүргүзүлөт. Жашы жете элек алуучуларга пособие борбордук казыначылыктын банктарынын эсебине гана ошол эле которуу жолу менен опекундук жана попечителдик органдарга билдирүү аркылуу төлөнүп берилет.
5. Пособие төлөп берүү бардык керектүү документтерди алгандан кийин он күндүк мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Пособиени берүүдөн баш тарткан учурда бул жөнүндө он күндүк мөөнөттө кат түрүндө алуучуга баш тартуунун себебин көрсөтүү менен билдирилет.
6. Пособиени төлөп берүү тууралуу арызды, алуучу 1-пунктта көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн үч жыл өткөн чейинки мөөнөттө берүүгө тийиш.
7. Эгерде кызматкердин каза табуусу (өлүмү), мунжу, майып болушу жана жаракат алышы ал тарабынан карасанатайлык менен кылмыш жазашынын же мүчөсүнө зыян келтиришинин себебинен, алкоголдук, наркотикалык, токсикалык мас абалына тике себептик байланышта турса, пособие төлөнүп берилбейт.
II. Пособиенин өлчөмдөрү
8. Кызматкер кызмат өтөө убагында жеңил жаракат алган учурда алты айлык, оор жаракат алган учурда - бир жылдык акчалай маяна өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнүп берилет.
9. Кызматкердин кызмат өтөөсүнө байланыштуу ага майыптыгы аныкталган учурда:
- I группадагы майыпка - беш жылдык акчалай маяна;
- II группадагы майыпка - төрт жылдык акчалай маяна;
- III группадагы майыпка - үч жылдык акчалай маянасындагы бир жолку пособие төлөнүп берилет.
10. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу мунжу болгон учурда, кызматкерлерге беш жылдык акчалай маянасы өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнүп берилет.
11. Кызматтык ишин аткарууга байланыштуу каза болгон же кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу каза болгон, же кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу алган жараатын, контузиянын же оорунун кесепетинен, кызматтан бошогондон кийин кызматкер өлгөн учурда, каза болгондун (өлгөндүн) он жылдык акчалай маянасы өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнүп берилет.
III. Пособие төлөп берүүнүн документтерин түзүү
12. Пособие алуу үчүн алуучу төмөнкү документтерди берет:
а) каза болгон (өлгөн) учурда:
- арыз;
- нотариалдык ырасталган, өлгөндүгү жөнүндө справканын көчүрмөсү;
- мураска укугу жөнүндө күбөлүк;
- өздүгүн ырастоочу документ.
Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу алган жараатын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин өлгөн кызматкерге карата, андан тышкары, УККнин аскердик-медициналык кызматы тарабынан бул фактыны тастыктоочу жыйынтык берилет.
б) мунжу болгон, майыптыгын аныктоого оор же жеңил жаракат алган учурда:
- рапорт;
- жарааттын оорчулугу тууралуу УККнын аскердик-медициналык кызматынын справкасы же майыптыгын аныктоо жөнүндө ВТЭКтин справкасынын көчүрмөсү;
- өздүк күбөлүгү.
13. Алуучу алып келген документтерге кызматкердин мунжу же майып же каза болгон (өлгөн) фактылары боюнча кызматтык тергөө материалдары жана жабыр тарткандын акыркы иштеген кызматынын айлыгы тууралуу справкалар тиркелет.
IV. Компенсация төлөп берүү
14. Кызматтык милдетти аткарууга байланыштуу мунжу же майып болгон учурда, кызматкерге белгиленген пенсиянын ортосундагы айырмасы катарында жана акыркы иштеген кызматынын айлыгына карата ай сайын компенсация төлөнөт.
15. Компенсацияны белгилөө үчүн алуучу төмөндөгүлөрдү алып келет:
- рапорт;
- белгиленген пенсиясы тууралуу справка.
Акыркы иштеген жеринин айлыгы тууралуу справканы Кыргыз Республикасынын УКК борбордук аппараты же аймактык подразделениелери тарабынан берилет.
16. Компенсация төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы жана анын жер жерлериндеги органдары тарабынан мамлекеттик бюджеттен ошол максатка бөлүнгөн каражаттардан жүргүзүлөт.
V. Граждандарга пособие жана компенсация төлөп берүү
17. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларга граждандарды, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын жумушчуларын жана кызматчыларын катыштыруу учурунда, аларга бир жолку пособиелерди ошондой зле улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул Жобо менен белгиленген компенсация төлөп берүүнүн шарты жана тартиби боюнча жүргүзүлөт.
18. Граждандардын айлык маянасы акыркы иштеген жеринин кошумча акча жана төлөнүүчү кошумчасынын эсеби менен орто эмгек маянасы катары аныкталат.
VI. Кызмат адамдарынын милдети
19. Пособие алууда жаман ой менен кыянаттык кылгандар же пособиеге төлөнүүчү каражаттарды мыйзамсыз каржылагандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ