Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 21-октябрындагы № 576 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн борборлоштурулган иш-чаралар (мындан ары- борборлоштурулган иш-чаралар) республиканын билим берүүчү уюмдарын борборлоштурулган материалдык-техникалык камсыздоо жана республикалык маанидеги иш-чараларды финансылык камсыздоо максатында ишке ашырылат.
2. Республикалык маанидеги иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) өткөрүлүшүнө жооптуу болуп аныкталган ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген тизме боюнча иш чаралар кирет.
2. Борборлоштурулган иш-чараларды түзүүнүн жана колдонуунун ченемдик базасы
3. Борборлоштурулган иш-чараларга бөлүнгөн акча каражатынын көлөмү Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджети жөнүндө жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдарынын, жыл сайын балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын токтомдорунун, Министрликтин иш пландарынын жана башка документтердин негизинде түзүлөт жана колдонулат.
3. Борборлоштурулган иш-чараларды каржылоонун булактары
4. Министрликтин борборлоштурулган иш-чараларын каржылоо булагы төмөнкүлөр:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- гранттык каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген башка булактар.
4. Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын түзүүнүн жана колдонуунун тартиби
5. Борборлоштурулган иш-чараларга каражаттардын көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Министрликке каралган каражаттардын чегинде аныкталат.
Борборлоштурулган иш-чаралар боюнча чыгымдардын сметасын түзүү, бекитүү жана тактоо, ошондой эле, аларды сарптоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте иш жүзүнө ашырылат.
6. Чыгымдардын сметасын түзүү жана тактоо, ошондой эле каражаттардын чыгымдарын контролдоо Министрлик тарабынан жүргүзүлөт.
Мерчемделген иш-чараларды натыйжалуу аткаруу жана финансылык жылдагы борборлоштурулган иш-чараларга финансы каражаттарын үнөмдөө процессинде бошотулган бюджеттик каражаттар Министрлик тарабынан аныкталуучу башка артыкчылыктуу иш-чараларга кайра инвестицияланат.
7. Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
- жалпы билим берүүчү мектептер үчүн окуу китептерин, жумшак инвентарларды, мектеп үчүн эмеректерди, компьютердик техникаларды сатып алууга (басып чыгарууга);
- билим берүү уюмдарынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууга;
- «Жылдын мугалими» конкурсун, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадаларын өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн эл аралык мектеп олимпиадаларына, окуучулар менен мугалимдердин спартакиадаларына, Президенттик жаңы жылдык балатыга катышууга;
- өткөрүү жоопкерчилиги Министрликке жүктөлгөн «Билим берүү» бөлүмү боюнча башка иш-чараларга.
8. Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттары төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча жалпы билим берүүчү мектептерге мониторинг жүргүзүүнүн;
- билим берүү уюмдарына аларды мектеп эмеректери, компьютердик техникалар менен камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүүнүн;
- жоопкерчилиги Министрликке жүктөлгөн иш-чараларды өткөрүү боюнча Министрликтин табыштамасынын.
9. Борборлоштурулган иш-чараларга чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчёт «Билим берүү» бөлүмү боюнча Министрликтин бюджеттик каражаттарды пайдалануу тууралуу жыйынтыктоочу отчётуна кирет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казынасына берилет.
5. Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдоо
10. Борборлоштурулган иш-чаралар үчүн каражаттардын максаттуу пайдаланылуусун контролдоону өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрлик жүргүзөт.