ТоктомКүчүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № 44 «Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнү кызматтык авто унаа алуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

2018-жылдын 2-февралы № 44

 

“Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнү кызматтык авто унаа алуу жөнүндө”

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнү кызматтык авто унаа алуу үчүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300 000(үч жүз миң) сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнү кызматтык авто унаа алууга акча каражатын берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков