ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-январындагы № 4 «КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген жобого ылайык айыл статусу жок калктуу конушка айыл статусун берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

2018-жылдын 18-январы № 4

                             “КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген жобого ылайык айыл статусу жок калктуу конушка айыл статусун берүү жөнүндө”

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу И.Шерказиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    КР өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык айыл статусу жок Кабак-Дөң калктуу конушуна “Ынтымак” жана “Бөктөр”, “Көлмө”, “Түшө-Калыш” калктуу конуштарына “Ак-Дөбө” айыл статусун ыйгарууну тиешелүү жетекчиликтен суралсын.

2.    Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин karasuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

 Т.Малабеков