Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 5/ III-27
“Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобого ылайык
Кочкорбаев айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн комиссиянын курамы түзүлсүн жана бекитилсин:
1. Изатов Тасин -Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты
2. Карагулаков Мирлан – Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты
3. Ниязов Керим - Кочкорбаев айылдык кеңешинин депутаты
4. Керимкулов Эркинбек –Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы
5. Адиков Санжыр - жер боюнча жетектөөчү адис
6. Исаков Турат- айыл башчысы
7. Абдыракманова Атыркуль – жооптуу катчы
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү өлчөмү: жеке жактар үчүн: сугат жер- 25 га чейин, кайрак жер -50 га чейин, ал эми юридикалык жактарга сугат жер -50 га чейин, кайрак жер -100 га чейин болуп бекитилсин.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасы сугат жердин 1 гектарына -1000 (миң), кайрак жердин 1 гектарына -200 (эки жүз) сом жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 1 гектарына -300 (үч жүз) бекитилсин.
4. Ижарага берүү мөөнөтү сугат жер үчүн - 5 жыл, кайрак жерге -7 жыл, көп жылдык өсүмдүктөр үчүн -10 жылга бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |