Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 8 / III-27
“2017-жылдын башындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгын бекитүү жөнүндө”
2017-жылдын башындагы бюджеттик каражаттын 3914,0 миң.сом өлчөмүндөгү эркин калдыгын, анын ичинен негизги счет – 3065,9 миң сом, атайын счет – 848, 1 миң сомду туура колдонуу жагын карап жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кенеши
Токтом кылат:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтү 2017-жылдын башындагы бюджеттин эркин калдыгынын эсебинен негизги счеттогу акча каражатын төмөнкү иш чараларды жасоо үчүн бөлүштүрөт:
А) айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, профсоюздук уюмдун жамааттык келишиминин негизинде 3 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы баардык үстөктөрү менен “Нооруз” майрамына , “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүүгүнүн күнүнө” “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын күнүнө” карата сыйлык катары төлөнүп берилсин. Мам. кызмат бөлүмүнүн 2111 беренесинен – 491, 4 миң сом, 2121 беренесинен - 84, 8 миң сом.
Б) мозаикалык полду орнотуу үчүн- 265,0 миң сом, Клуб бөлүмүнүн 2221 беренеси
В) Жолго жарыктандыруу орнотуу үчүн -685, 4 миң сом. ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренеси боюнча
В) Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдот түзөө иштерине – 255,8 миң сом. Мам. Кызмат 2221 беренесинен.
Д) Жолдорду оңдоп түзөө иштерине 521,0 миң сом. ЖКХ 2221 беренеси
Г) Суу түтүктөрүн алмаштыруу проектисин колдоо үчүн 150,0 миң сом, ЖКХ бөлүмү 2221 беренесинен
Е) Мебель жана башка шаймандарды алууга – 612,6 миң сом, Мам кызмат, ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренеси боюнча
2. Атайын эсеп боюнча калдык акча каражаты төмөнкүлөргө жумшалуу үчүн бекитилсин:
А) тамак аш үчүн -372,9 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 2218 беренесинен.
Б) Д.Курманалиев айылына көпүрө куруу үчүн - 406,2 миң сом; ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесинен
В) Кенеш жана Д. Курманалиев айылдарына балдар ойноочу аянтчаны куруп жаткан долбоорду колдоо үчүн - 69,0 миң сом; ЖКХ бөлүмүнүн 2221беренеси боюнча
Төрага | А. Албекенов |