Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 9 / III-27
“Архивариус, айдоочу, кароолчу, айыл өкмөтүнүн шыпырып тазалоочусу (техничка), Буденовка айылындагы көрүстөндүн кароолчусу, таштандыларды чогултуу боюнча жумушчулар, аксакалдар сотунун, ветерандар кенешинин жана көчө комитетинин төрагасына, спорт инструкторуна эмгек акы төлөө жөнүндө”
Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын “Архивариус, айдоочу, кароолчу, айыл өкмөтүнүн шыпырып тазалоочусу (техничка), Буденовка айылындагы көрүстөндүн кароолчусу, таштандыларды чогултуу боюнча жумушчулар, аксакалдар сотунун, ветерандар кенешинин жана көчө комитетинин төрагасына, спорт машыктыруучусуна эмгек акы төлөө жөнүндө” айтканын угуп жана талкуулап
Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик акча каражатынын эсебинен жумушчуларга төмөнкүдөй эмгек акысы төлөнүп берилсин:
-айыл өкмөтүнүн кароолчусуна айына 2500 сом.
-айыл өкмөтүнүн шыпырып тазалоочусуна – айына 2500 сом.
- көрүстөндүн кароолчусуна айына- 500 сом
- таштандыларды тазалоочу 2 жумушчуга – 2500 сомдон айына
- айдоочу (кошумча төлөө) – 2200 сом айына.
- футбол оюну боюнча машыктыруучуга -4000 сом айына.
- аксакалдар сотунун, ветерандар Кеңешинин жана көчө комитетин төрагасына айына -3000 сом
-архивариус (0,5 ставка)- айына 2125 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |