Редакцияот 16.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 16-марты № 15 / IV-27

“Вода-это жизнь” таза суу пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин акча каражатына эксковатор сатып алуу жөнүндө”

     “Вода –это жизнь” таза суу пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы М. Карагулаковдун айыл калкынан Таза суу проектисине кирүү үчүн тургундардан чогулган 470000 (төрт жүз жетимиш миң) сом акча каражатынан калган, 244357 (эки жүз кырк төрт миң үч жүз элүү жети) сом калдык акча каражатына өздөрүнүн иш аракеттерин аткаруу үчүн эксковатор сатып алуусу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап

Кочкорбаев айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Вода – это жизнь” таза суу пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмесинин долбооруна кирүү үчүн тургундардан жыйналган акча каражатынын калдыгына эксковатор алууга уруксат берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Б. Албекенов