ТоктомКүчүндө

Кара-Коюн айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 22-январындагы № 7» Айыл аймагынын айыл чарба фондунун жерлеринин «Келечек-планын» бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 6-чакырылышынын кезектүү 7-чи сессиясы

2018-жылдын 22-январы № 7                                                  

 “ Айыл аймагынын айыл чарба фондунун жерлеринин «Келечек-планын» бекитүү жөнүндө”

 Айыл аймагынын айыл чарба фондунун жерлеринин пайдаланууга карата «Келечек-планын» бекитүү үчүн айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагынын айыл чарба фондунун жерлеринин пайдаланууга карата «Келечек-планы» 5(беш) жылдык мөөнөткө 2018-2022-жылга карата бекитилсин.

2. Айыл аймагынын айыл чарба фондунун жерлеринин пайдаланууга карата «Келечек-планына» карата иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн жер адиси Т.Улукмановго милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын. .

 

Каттоо №54

 

Төрага

Ш. Апысов