ТоктомКүчүндө

Ача-Кайынды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-октябрындагы № IY/I «Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун жетекчилиги менен айыл аймагында 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин жана канааттандыраарлык деген баа берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясынын

2017-жылдын 4-октябры № IY/I

“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун жетекчилиги менен айыл аймагында 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин жана канааттандыраарлык деген баа берүү жөнүндө”

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жетекчилиги менен айыл аймагында 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарган ишинин маалыматы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун жетекчилиги менен айыл аймагында 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин жана канааттандыраарлык деген баа берилсин.

Ача-Кайынды айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин иш аракетине мындан дагы жакшы жетишкендиктерди жаратууга көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мурзалиев