ТоктомКүчүндө

Ача-Кайынды айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 4-октябрындагы № IY/II «Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы

2017-жылдын 4-октябры № IY/II

“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө”

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн бухгалтери Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берилсин.

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган 221,8 миң  (эки жүз жыйырма бир миң  сегиз жүз) сом акча-каражаттар айыл аймагында төмөндөгү иштерди аткарууга жумшалсын.

-Түшүм майрамын өткөрүүгө сом жалпы сумма 20,0 (жыйырма миң )сом.

-Ит атууга 10,0 (он миң )сом.

-Жол белгилерин койдуруга 30,0 (отуз миң )сом.

-Д.Өмүралиев көчөсүн кырдырууга 10,0 (он миң )сом.

-Айыл өкмөттүн жылытуу системасына 80,0 (сексен миң )сом.

-Айыл өкмөттүн ички ремонтуна 20,0 (жыйырма миң )сом.

-Спорт зал,ФАП смета түзүүгө 27,8 (жыйырма жети миң  сегиз жуз)сом.

-ФАПка какырык алуучу жай салууга 6,0 (алты миң )сом.

-Мектеп ремонтуна 9,0 (тогуз миң ) сом.

-Зордук-зомбулук иш чарасын өткөрүүгө 3,0 (үч миң )сом.

-Айылдык китепканага 2018-жылдын 1-жарым жылдык газеттеринин тиркемеси үчүн 6,0 (алты миң )сом.

3.Мектептин эшик терезесин алмаштырууга каралган 44,7(кырк төрт миң  жети жүз)сом айылдык бала-бакчасынын капиталдык ремонтунун сметасын түздүртүүгө которулуп берилсин.

4.Айылдык китепканада “бирге окуйбуз” иш-чарасына бөлүнгөн 2,0 (эки миң )сом акча-каражаты китеп фондусун түзүүгө жылыштырылып берилсин.

5. Бул бөлүнгөн акча-каражаттарды өз максатында пайдаланууну аткарууга жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 А.Мурзалиев