ТоктомКүчүндө

Ача-Кайынды айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 4-октябрындагы № IY/III «Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин жана аткарууга алынуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы

2017-жылдын 4-октябры № IY/III

“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин жана аткарууга алынуу жөнүндө”

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоору алымча-кошумчасы менен бекитилсин жана аткарууга алынсын.

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-2022-жылдарга карата аймактарды туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

А.Мурзалиев.